Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРДОЛУУ ОШТО ПАНКРАТИОН МАЙРАМЫ ӨТТҮ

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын 25-26-апрель күндөрү Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо ММА жана панкратион боюнча биринчи жолу өлкө чемпиондугу болуп өттү. Ошондой эле чемпиондуктун алкагында эл аралык «Fight Nights» аталыштагы рейтингдик беттештер да орун алды.

РЕЙТИНГДИК БЕТТЕШТЕР ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛГЕН ЖОК
Жаан жаап турганына карабай мелдешке келген шаар тургундары спортчуларды кыйкырык-сүрөөнгө алып, колдоп турушту. Мелдештин жобосу боюнча беттештер Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясы (WMMAA) тарабынан бекитилген эрежелер менен өтүп, өлкөбүздүн 16 спорттук клубунан 112 спортчу 7 салмак категориясы боюнча ат салышты.
Өлкөбүздүн чемпиондугу жыйынтыкталган соӊ «Fight Nights» деген аталыштагы рейтингдик беттештерге кезек келип жетти. Анда Орусия, Казакстан жана Тажикстандан келген мушкерлер менен өлкөбүздүн мушкерлери күч сынашты. Беттеш башталар алдында төккөн нөшөр да өз таасирин тийгизди деп шылтоо айткан туура эмес болуп калса керек, бир гана мекендешибиз жеӊишке жетишип, калган төртөө конокторго жеӊилип калды.

«КЫРГЫЗСТАН ЖАКШЫ ТААСИР КАЛТЫРДЫ»
«Fight Nights» боюнча 70 килограммга чейинки салмактагы жеӊүүчү, орусиялык мушкер Ростислав Быченков:
– Мен үчүн жеӊиш оӊойго турбаса да, беттеш мага жакты. Атаандашым экөөбүздүн теӊ жеӊилгибиз келген жок. Атаандашыма караганда тажрыйбалуу болгондугумдан улам жеӊишке жетиштим деп ойлойм. Жаан куюп тургандыктан тайгаланып жыгылып кетүүдөн абайлап, ыкмаларымдын баарын көрсөтө алган жокмун. Ош шаары мага аябай жакты, өзгөчө экен, жакшы жактары менен гана таасир калтырды. Кайрадан келем деп үмүт кылам.

«КЫРГЫЗСТАН КМШда АЛДЫӉКЫ ОРУНДА»
ММА боюнча эл аралык калыс Григорий Колесников:
– Кыргызстанга ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаковдун чакыруусу менен келдик. 4 күндүк иш сапарыбыздын алкагында мелдешке калыстык кылуудан сырткары жергиликтүү калыстарга да семинар өттүк. Негизи, кыргыз жергесине Орусиянын ММА союзунан көз карандысыз калыстар биринчи жолу келип жатат. Кыргызстандын федерация жетекчилигинин мелдештин калыс өтүүсү үчүн жасаган мындай аракети мактоого татыктуу.
Мелдештин жыйынтыгында калыстыкка байланышкан эч кандай маселелер жаралган жок. Өлкө чемпиондугу биринчи жолу өткөн үчүн жогорку деӊгээлде болду деп айта алам. ММА жана панкратион силердин мамлекетте аябай популярдуу экен. Негизи, Кыргызстан ММА жана панкратион боюнча КМШда алдыӊкы орунда.

«АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНАН БАЙГЕЛҮҮ КЕЛЕБИЗ»
ММА жана Панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков:
– ММА жана Панкратион федерациясы 2013-жылы негизделип, былтыр 46 мамлекет мүчө болгон Бүткүл дүйнөлүк ММА ассоциациясына (WMMAA) мүчө болгонбуз. Атактуу мушкер Фёдор Емельяненко бул ассоциациянын ардактуу президенти. Панкратион, грэпплинг, ММА түрлөрү Эл аралык күрөш федерациясынын (FILA) курамына кирет.
Былтыр Астана шаарында өткөн Азия чемпиондугуна 6 спортчубуз катышып, 5 медаль утуп, командалык эсепте Казакстан, Орусиядан кийинки 3-орунду алганбыз. Ал эми Минск шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 2 спортчубуз 3-орунду алган. Май айынын аягында Тажикстандын Худжанд шаарында Азия чемпиондугу өтмөкчү, андан байгелүү келебиз деп үмүт кылып турабыз. Өлкөбүздүн чемпиондугу алгачкы ирет өтүп жаткандыктан каражат жагынан кыйналып калдык. Мэрияга жана демөөрчүлөргө рахмат, ошолор жардам беришти.

Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.


Мелдештин ачылыш жана сыйлоо аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМдин Ош шаары жана облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси, генерал-майор Сүйїүбек Өмүрзаков жана ФИФАнын реферисинин жардамчысы Бахадыр Кочкаров сыяктуу аттуу-баштуу адамдар катышышты.

Беттештен бир көз ирмем.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(3)
05.05.2015. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргыз Алга

05.05.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын Баатырлары алга!!!
05.05.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мухамед умар бардык месталарды женип алыптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо