
Жыл сайын Юрмала шаарында өтчү «Жаӊы толкун» эл аралык жаш таланттар сынагына бул жылы Кыргызстандын атынан эч ким катышпайт. Анткени мекенибиздин атынан барган катышуучулардын бири да сынактын тандоо турунан өткөн жок. Бул тууралуу былтыр ушул сынакка катышып келген
«Style Mix» триосунун продюсери
Миргүл Эсеналиевага кайрылганыбызда:
«Сынакка катышууну каалаган ырчылар алгач интернеттен видеолорун, резюмелерин жиберишет. Сынактын комиссиясы тарабынан жактырылган ырчылар гана чакырылып, Москвадагы тандоо турунан өтүшчү. Бул жылы Кыргызстандын атынан тандоо туруна 5-6 ырчы барып, финалга өтпөй калганын уктум»,- деди.
Өтпөй калган ырчылар тууралуу билүү үчүн Маданият министрлигине кайрылганыбызда, аталган министрликтин алдындагы улуттук маданий борборунун башкы директору
Рыскул Боронбаев: «Бул сынакка катышуучуларды жиберүү жоопкерчилигин биздин министрлик албайт. Анткени «Жаӊы толкун» сынагынын уюштуруучулары бул тууралуу бизге расмий кат менен кайрылышкан эмес. Каалоочулар катыша беришет»,- деп жооп берди.
Белгилей кетсек, аталган сынактын бул жылдагы өзгөчөлүгү – «Жаӊы толкун» быйыл Юрмала шаарында эмес, Сочи шаарында өтөт. Уюштуруучулар мунун себебин былтыр Латвия өлкөсү
Валерия, Олег Газманов, Иосиф Кобзон сыяктуу ырчыларды кара тизмеге кошуп, өлкөсүнө кирүүгө тыюу салганы менен түшүндүрүшкөн.
star@super.kg