БАТЫРХАН ШУКЕНОВ ООРУКАНАГА ЖЕТПЕЙ КАЗА БОЛДУ

№652 1-май-7-май, 2015-ж

«Я каждый день встречаю
На алтаре печали
И цветы целую, что любила ты.
И днями и ночами,
Часы не замечая
Снова, снова, снова жду твои шаги...»
Бул ыр саптары кимге гана тааныш эмес. Аталган ырдын аткаруучусу, казак-орус ырчысы, композитор, легендарлуу «А`Cтудио» тобунун жаратуучуларынын бири Батырхан Шукенов. 28-апрель күнү анын күйөрмандарына суук кабар жетип, ырчынын Москвадагы батиринде инфаркттан улам көз жумганы маалым болду.

САКСОФОНДУ ТАНДАГАН БАТЫР
Ырчы экономисттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. 4 бир туугандын экинчиси. Болочоктогу композитор мектепте окуп жүргөндө эле музыкага кызыкчу. Мектепти аяктаган соӊ алгач Ленинград шаарындагы Маданият институтуна тапшырган. Бирок саксофон бөлүмүнө окуйм деп 2-курстан кийин Казакстандагы консерваторияга келе берген.

«А`СТУДИОНУН» БАГЫН АЛЛА ПУГАЧЁВА АЧКАН
1982-жылы ырчы студент кезинде бир нече достору менен казакстанда «Арай» тобун түзүшкөн. Аталган топ башында Роза Рымбаева менен чогуу иштечү. Кийин топ аталышын «Алма-Ата А`Cтудио», «А`Cтудио» деп өзгөртүп, атагы казак элине тарай баштайт. Таланттуу жигиттер тууралуу Алла Пугачёва угуп, аларды өзүнүн жыл сайын өтүүчү «Рождестводогу жолугушуулар» («Рождественские встречи») концерт-фестивалына катышууга чакырат. Ошондон тартып «А`Cтудио» тобу Москвада болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Алардын бардык чыгармаларын Батырхан аткарчу. «Нелюбимая», «Жулия», «Белая река», «Стоп, ночь», «Солдат любви», «Эти тёплые летние дни» сыяктуу ырларын күйөрмандары унутушпайт. 2000-жылы Батырхан «мекениме кызмат кылуум керек» деп Алматыга кайтып, жеке ырчыга айланган. Бул аралыкта 6 ырлар жыйнагын жарыкка чыгарганга жетишкен.

ЖЕКЕ ЖАШООСУН КУЛПУЛАП КОЙГОН
Ырчынын жеке жашоосу тууралуу көп маалымат жок. Анын артынан журналисттер канча ирет кууса да жыйынтыксыз калышчу. Бирок анын эки жолу үйлөнгөнү маалым. Биринчи жубайынан Максут аттуу 13 жаштагы уулу бар жана ал апасы менен Америкада жашайт. 2008-жылы 46 жаштагы Батырхан экинчи жолу Айгерим аттуу өзүнөн 16 жашка кичүү кызга үйлөнгөн. Үлпөт той Алматы шаарында өткөрүлгөн.

ЫРЧЫНЫН СӨӨГҮ МЕКЕНИНЕ ЖЕТКИРИЛДИ
«Бир айдан кийин Казакстанда жеке концертимди берем» деп жүргөн Батырханды мезгилсиз дүйнөдөн кайтат деп эч ким күткөн эмес. Бирок бир тууган агасы Бауржан «акыркы учурда бир аз жүрөгүм сайгылашып жатат деп жаткан эле» деген. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ырчы 28-апрель күнү саат 11лер чамасында инфаркттан улам көз жумган. Ал өзүн жаман сезип, «Тез жардам» чакырган. Руслан аттуу директору: «Дарыгерлер келгенде мен да жетип келдим. Батыр тирүү болчу. Бирок алардын колунан эч нерсе келген жок. Ал акырындан эсин жоготуп, ооруканага алып кетерде бизди таштап кете берди» деген. Ырчы менен анын Москвадагы күйөрмандары 29-апрель күнү Боткин атындагы оорукананын астынан коштошушту. Андан кийин маркумду ырчынын агасы жана жакын достору самолёт менен Алматыга алып келишти. 1-май күнү Казак улуттук филармониясында Батырхан Шукенов менен коштошуу зыйнаты өткөрүлөт.

Адиль Чекилов: «ЖАКЫН ДОСУМ БОЛЧУ»
– Экөөбүз 1988-жылы таанышканбыз. Ал «А`Cтудио» тобунун курамында ырдачу. Ошол кезде Алла Пугачёванын театры менен Бишкекке концерт коюп келишкен. Жакын досум болчу. Батыр менен акыркы жолу 2 жума мурун сүйлөшкөн элем. Бул суук кабарды мага Батыр экөөбүздүн досубуз, казакстандык режиссёр, ырчы Алишер Сулейменов чалып айтты. Досумду 1-майда өз мекенинде жерге беребиз.

Ырыскелди Осмонкулов: «ИШЕНГИМ КЕЛБЕЙ ТУРАТ»
– Аябай оор жоготуу. Ишенгим келбей турат. Мен жакын мамиледе болбосом да, көп жерде жолугуп калчубуз. Кыргызстанга концерт коюп келгенде дайыма маектешип турар элек. Күтүүсүз болду.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...

  • 2013-жылы «Душа» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
  • Бишкек шаарына 2014-жылдын 6-июнунда жеке концерти менен келген.
  • 2015-жылы 10-мартта «Незнакомка» аттуу ырынын клибинин бет ачары болгон.
  • 15-мартта «Мне поможет весна» аттуу ыры жарыкка чыккан.
  • 22-апрелде Казакстандык «National Business» журналына интервью берген.
  • Орусиянын Россия-1 телеканалынын «Один в один» теле-шоусуна катышып жаткан.

ИНТЕРНЕТ АЙДЫӊЫ БАТЫРХАНДЫН ЭЛЕСИНЕ АРНАЛГАН СӨЗДӨРГӨ ЖЫК ТОЛДУ
Роза Рымбаева:
– 23-апрелде эле чогуу сахнага чыктык эле. Бир топко чейин отуруп алдыдагы жеке концертине сонун пландарды түзгөнбүз. Ал талыкпаган жан эле. Бир карасаӊ Алматыга, бирде Москвага учуп жаткан болот. Эс албагандыгынын жыйынтыгы ушул болду. Экөөбүз көп жыл чогуу иштедик. Ал мени «апа» дечү...
Валерия: – Мен бул кабарга ишенбей турам. Ак көӊүл, таланттуу, көөдөнү максаттарга толуп турган киши эле. Элеси биз менен калат.

Ырчы 2-жубайы Айгерим менен Питерде таанышкан.

"А`Cтудио" тобу жаӊыдан куралып, эмгектене баштаган кези. Топтун негизги вокалисти Батырхан болчу.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
04.05.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун
04.05.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
05.05.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жайлуу болсун.
05.05.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жери жайлуу болсун."Нелюбимая","Дождь","Твои шаги" деген ырларын суйуп угам дагы деле.
06.05.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы инсан болгон экен таланттуу, жаткан жери жайлуу болсун! Ырларын жуктоп коюнуздарчы угуп журолу элдин эсинде калат
08.05.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Мыкты ырчы мыкты инсан эле. Тарыхта алтын из калтырып кетти
08.05.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. твои шаги ырын аябай жакшы кором
08.05.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо