НАЗИРА КОНЦЕРТИНДЕ АТА-ЭНЕСИНЕ ЧАПАН ЖАПТЫ

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Концерттин аталышы – «Сага»
Өткөн орду – Улуттук филармония
Өткөн күнү – 26-апрель
Башталышы – 18:00 (36 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы
Билет баасы – 500 сом

Кудайдын жамгыры 26-апрелде чакалап куюп турду. Ага карабай милдетимди аткаруу үчүн кол чатырымды көтөрүп алып, Назиранын концертине филармонияга жөнөдүм. Жамгырда суу болгуча жылуу үйдө плед жамынып отурайын деп эл Назиранын концертине келбей коёбу деп ойлогом. Жок, жаш ырчынын талантын баалайм деп келгендер залдын 95 пайызын ээлешти. Ошентип концерт да башталды. Концерттин алып баруучулук тизгини Чыӊгыз Мырзаевге тийиптир. Ак таӊдай акындар Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучев ырчыны куттуктайбыз деп чыга келишти. Аалы өнөктөшү Азаматты мактап-жактап эле туруп алды. «Азаматтын кечесине келген окшойм» деп чочуп кетиптирмин. Бир топто барып анан Назира темасына кайрылып келген Аалы адаттагыдай залды жарып салды.
Токонованын филармониянын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин ырчысы болгонуна бир жыл болуптур. Аны концерт учурунда «биз, кесиптештер бири-бирибизди көрө албай буттан чалбайбыз, жаӊы келген ырчыларды дайыма колдоп келебиз» деген оркестрдин аттуу-баштуу ырчылары айтып өттү. Ачыгын айтайын, күндүн күнөөкөрүнүн эстрада жанрында эле ырдаганын укчумун. Бул саам анын оркестр менен жандуу ырдаганына күбө болуп абдан ыраазы болдум, вокалы да күчтүү экен. Вокалдан сабак берген устаты Улукмырза Полотов шакиртине насаат айтып, атайын ага арнап жазып келген ырын окуду.
«Р тамгасын кооз айтат. Мен тандап уккан ырлардын арасында Назиранын чыгармалары да бар» деген кесиптеш эжеси Алтынай Нарбаева да куттуктап келгендердин санын толуктады. Элдин чоӊ алкышына, кол чабуусуна татыган жигиттерди айтпай кетсем болбос. «Каганат» аттуу топтун комузчулары аспаптарын капталынан, жантыгынан, жерге коё коюп, төбөсүнө көтөрүп, айлалары кеткенде бири-бириникин чертип жатышты. Алардын өнөрүнө эл өтө ыраазы болду.
Ырчы сахнанын жасалгасына да өзгөчө көӊүл буруптур. Кандай жанрдагы ыр болсо, ошого жараша көп жолу өзгөрдү. Гитара менен сүйүү, комуз менен насаат, оркестр менен элдик ырларды аткарган Назиранын дүбүртү катуу экен, бали дедим. Ырчы өзү Чыӊгыз аттуу жигиттерге жакын окшойт. Шоу-бизнесте эки Чыӊгыз болсо, экөө менен теӊ, Турдубеков менен да, Мырзаев менен да дуэт ырдаптыр.
Ата-энесине чапан, гүл берип эл алдында ыраазычылыгын билдирди. Сахналаш жакыны Добр көрүнбөйт го деп отурсам, аны сары майдай сактап концерт соӊуна катып коюптур. Ошентип концерт Назира менен Добр экөөнүн аткаруусундагы «Жашоо бир келет» деген дуэт менен аягына чыкты.

Толик Сынчы


Назира Токонованын алгачкы концерти оркестрдин коштоосунда өттү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(49)
Медиа-портал
29.04.2015. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырдаса унун Гана угуп отура бергидейда. Аябай жагымдуу . Ийгилик
Медиа-портал
29.04.2015. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аракети чон, мага ырдаганы аяьай жагат. Чон ийигилктерди каалайм, азыркы чыгып жаткан таланттардан озгочолонуп турат.
Медиа-портал
29.04.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азаматсыз Назира эже унунузго береке мындай концерттин далайын бериниз, аман болунуз мен сиздин ырларынызды суйуп угам
SUPER.KG видео
29.04.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жандуу ун менен ырдаганы жакшы болуптур азамат!!!ар бир эле ырчы белсене бербейт.уну сонун,кийген кийимдери да озуно жарашкан жопжонокой жакшы концерт болуптур!!!ийгилик
SUPER.KG видео
29.04.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!
SUPER.KG видео
30.04.2015. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жандуу ун менен фанеранын айырмасы жок го сизде?!Азаматсыз!Ушунчалык да сонун ырдайсызбы!Менде ушунун 25% болсо оолооо суйунмокмун!
Медиа-портал
30.04.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх сонун болуптур.
Медиа-портал
30.04.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчы деп ушуну айт. Баштан аяк жандуу ырдоо азыркы учурда чанда корунуш. Таланттуу адамды биз да баалайбыз сыймыктанабыз алар менен. Анан уну жок ырчыларды(Анжелика , Асел кадырбекова) уну жок ырдай албайт десек дароо коро албастык деп ойлошот. Назиранын уну бар экен мактап жатабыз.
SUPER.KG видео
30.04.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага деген аябай жакты концерт!Назиранын голосу да тунук ар бир ырынын обонуна топ келген,Назира сага ийгилик,ден соолук, узун омур, бакыт каалайм!
Урматтуу администрация Назиранын оркестр менен ырдаган ырларынан жуктоп койуунуздарды суранат элем!
Медиа-портал
30.04.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр менен Назира баш кошсонор сонун пара болу калмаксынар
SUPER.KG видео
01.05.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертине баралбай калдымда
SUPER.KG видео
01.05.2015. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле Асел Кадырбекова менен Анжелика уну жок десек коро албай ушинтип жазып атат дейт. Мына ун деп ушуну айт бир концерте 99жолу кийим которуп эн кымбат концертик залда концерт откорсонда унун жок чайылдап койсон элге жакбайсын.мына филармонияда аркестр менен ырдаптыр Асел менен Анжеликанын аркестрда ырдаш тушуно да кирбестир.
SUPER.KG видео
01.05.2015. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага деген ырын суйуп угам. Чынгыз мырзаев менен дует ырдаган эле бир убактарда ошол маалда уйлонуп алсанар абдаан сонун тугой болмоксунар. Ар дайым ийгиликтер коштоп бактылуу айымдардын оордун толукта.
SUPER.KG видео
01.05.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт укмуш болду,ушул концерттен кийин аябай ыраазы болуп,Назираны баалап калдым.
Медиа-портал
01.05.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назиранын үнү жакшы. Комуз менен эң жакшы ырдайт турбайбы. Эстрада менен эле эмес, комуз менен ырдаса деле болмок экен.
Медиа-портал
02.05.2015. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун концерт болуптур.молодец.уну ушундай жакшы экенин байкабаптырмын.
04.05.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun konsert boluptuuur....uwunchalyk bargym kelgen bara albai kaldyyyym..azyr yilagym kelip atat...Nazira eje iigilikterdi kaalaim...dagy da kop kop janduu keremet ununuz mn konert berip juro beriniz...dagy jagymduu yrlarynyzga kubo bolo berliiii
04.05.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
помпошка го
04.05.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур азаматсыз
04.05.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai jagat uwul kyz jonokoi korunot
04.05.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун концерт болуптур иийгилик дагы да көтөгөн чыгармаларды жарата берсин эң соонун болуптур.
04.05.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болгон окшойт, а мен концерт учун эмес Толиктин сындаганына кубо болуш учун эле окуйм, укмуш сындайтда.
04.05.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бул ырчынын ырларын бвалайм ийгилик сага
06.05.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Унуу абдан жакшы , ырлары да жакшы, озуу да жашынакай, 5-6 кг вес ыргытса мынданда мыкты болчудай ийгилик сага Назика
06.05.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чапанды ар бир тойдо жабат жанылык эмес. айтмакчымын теманын кызыктуусу жок бекен эки сааттык концертте неужели??? Толикбай мокоп баратсынбы?????
Медиа-портал
07.05.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ырчымын, ой мен деги укмушмун деп кыйкырбай туруп эле, ушундай мыкты ырдап, сонун концерт берип коет, чыныгы таланты бар ырчылар. Назиранын үнүнө ашыкмын. Айрыкча комуз менен ырдаганына. Аябай жарашат, бул кызга комуз менен ырдаган. Бекеринен Нурсултан Назарбаевдин кечелерине кайра-кайра чакырылып жаткан жок да. Ал байкебиз билет, кимди угуш керегин)
07.05.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
огоо бул кызды анча байкабай журсок онору куч турбайбы
08.05.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы аябай сонун сынчы да. Созду кайдан табат билбейм. Дайыма окусам кулуп алам. Сонун сындайт. Ал эми Назирага ийгилик каалайм. Азамат кыз
09.05.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кобунчо ырчыларда, эмнегедир эмоция деген жок...
10.05.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне демекчимн ийгилик каалайм
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо