Бектемир Мамаюсупов, «2013-жылдын супер актёру»: «БИР КӨРҮП СҮЙДҮМ ДА, ҮЙЛӨНҮП АЛДЫМ»

№653 8-май-14-май, 2015-ж

«Салам, Нью-Йорк!» тасмасы жарык көрөрү менен, андагы Баатырдын образын жараткан актёр Бектемир Мамаюсуповго ашык болгон кыздардын саны арбый баштаган. Актёр «тасмада жакшы адаммын, бирок жашоодо андай эмес» деп тамашалап калат. Көптөгөн кыздардын жүрөгүн ээлеген жигит 30-апрель күнү сүйүктүүсүнө баш кошту. Кеп ошол тууралуу болсун.

– Саламатсызбы, Бектемир? Куш бооӊуз бек болсун! Жакында эле жолукканыбызда үйлөнүү бул жакта турсун, «сүйүктүүм жок» деп жаттыӊыз эле...
– Саламатчылык, анда үйлөнөрүмдүн дайыны жок болчу да (күлүп). Мен дайыма «эгерде сүйүүгө кабылбасам, 50 жашка чыккыча үйлөнбөй жүрө берем» деп айтып жүрчүмүн. Буйрук экен, ушул жылга туш келиптир, 29 жаштамын, жаш эмесмин дегендей. Келинчегимдин аты Мунара, менден 4 жаш кичүү. Кесиби боюнча финансист. Экөөбүз алыс туугандардан болуп кетебиз. Кичинесинен бери тааныйм, бирок акыркы он жылдан бери көрө элек болчумун. Мектепти аяктаган соӊ Лондонго окууга кеткен. Бир ай мурун Кыргызстанга эс алууга келген. Ошондо экөөбүз жолуктук, бир көрүп сүйүшүп калдык. Анан ошол эле күнү үйлөнөлү деп чечтик. Кайра Англияга кетмек, бирок мен алып калдым.
– Апаӊыз экөөӊүздөр турчу элеӊиздер, бүлөгө баш кошулуп сүйүнүп жатса керек?
– Ооба, анын кубанычында чек жок, айланып-кагылып «кызым» деп эле басып жүрөт.
– Үй-бүлөлүк жашоо бойдокчулук кезден эмнеси менен айырмаланат экен?
– Мурдагыдай чартаӊбай тебүү жок, болгону сүйүктүүм менен чогуу жашап калдым. Албетте, келин болдуӊ деп эле кызмат кылдырып койбойбуз. Өзүм деле тамак жасап, идиш жууп коюшум мүмкүн. Эмнеге сүйүктүүӊө жардамдашканга болбосун?
– Бир көрүп эле үйлөнгүӊүз келген кыз башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат болду экен?
– Буга чейин мага интернеттен көп эле кыздар жазып жүрүшчү. Жашырбайм, жазса жооп берип, мен деле сүйлөшүп койчумун. Ал кыздарды жаман дебейм, ар бир айым өзүнчө артыкчылыкка ээ. Мен 4 кыздын арасында чоӊойдум, кыздарды сыйлайм. Жубайым экөөбүздүн окшоштук жактарыбыз көп. Ойлогон оюбуз, жашоого болгон көз караштарыбыз дал келет. Ал да мага окшоп чет жерде окуп, иштеп, ал жактын кыйынчылыктарына кабылган. Дүйнө кезүүнү каалайт. Буюрса, чогуу жер шарын кыдырып келүүнү көздөп жатабыз. Албетте, мунун баары бир күндө боло калбайт. Акырындан тарыхта калган атактуу жайларды, табияттын табышмактуу жаратылышын көрүп, эсибизге сактап калсак дейбиз.
– Экөөӊүздөр саякаттап кетип калып, балалуу болууну артка жылдырып жибербейсиздерби?
– Кудай бергендей болот. Ал да 5 бир тууган, мен да 5 бир тууган, чоӊ эле үй-бүлөдөнбүз. Ошондуктан көп балалуу болгубуз келет.
– Сиздин актёрлук кесибиӊиз келинчегиӊизди кооптондурган жокпу? Бирде бар, бирде жок болот дегендей, такай болчу жумуш эмес...
– Тескерисинче, баарына экөөбүз жетебиз. «Кандай жумуш баштаба жардамдашам, жаныӊда болом» деп жатат. Ушунусу мен үчүн өтө маанилүү. Эми мага жардамдашып, мени менен эле чогуу иштейт го. Актёр катары мекениме пайда алып келейин деген таза тилегим бар. Бул кесиптин артынан атактуу болуп, укмуш акча таап жиберейин деген ой келген да эмес.
– Чыгармачылыкка келсек, тасма тартам деп жүрөсүз. Ал жаатта иштер кандай болууда?
– Азыр Эрмек Нурбаев, Улан Барпиев менен чогуу иштешүүнү чечтик. Буюрса, фильмдин бюджети 80 миӊ доллардан 200 миӊ долларга чейин болот деп пландалууда. Жакында Кытай тараптагы демөөрчүлөргө барып сүйлөшүп кайттым, алар азыр бизден тасманын сценарийин күтүп жатышат. Сценарий менен таанышкан соӊ акчаны бөлүп беришет. Ошондуктан биз кытай, казак жана кыргыз улуттарынын ортосундагы биримдик тууралуу, мекенибиздин кооз жаратылышын камтыган сценарий түзүшүбүз керек. Анын үстүнөн иштеп жатабыз. Негизги максат – улуттар аралык биримдикти жана Кыргызстанды чет элдиктерге даӊазалоо. Биздин тасма жарыкка чыкканда туристтердин кызыгуусу артып, балким, биз тарапка тартыла башташат деген үмүт чоӊ.
– Азыр сапатсыз тасмалар толтура, киносынчылар «мунун себеби билимсиз режиссёрлордун көбөйгөндүгүнөн» деп жатышат. Сиз андай сынга кабылуудан коркпойсузбу?
– Жок, себеби жалпы идея меники болгону менен, фильмдин үстүнөн профессионал режиссёр, сценаристтер иштейт да. Мен идеянын автору болуп калам.
– Сиз тууралуу «көп тасмаларга гонорар аз, мен көп алам» деп тартылбай коёт» деп айтышат. Ушул убакка чейин 2 эле тасмага тартылганыӊыздын себеби ушундабы?
– Колдон келсе бекер деле тартылып бере берем. Эми жаш бала эмесмин да. Убакыт деген учкан куштай, өзүмдүн ишке ашырчу пландарым бар дегендей. Татыктуу эмгек акыга тартылсам, мага деле жакшы го. Бирок буга чейин «тартылбайм, аз акча төлөйт экенсиӊ» деген учур болгон эмес.
– Анда ийгилик каалайбыз. Кармашкан колуӊуздар үзүлбөсүн!
– Рахмат.

"Адамды көрөр замат сага туура келет же келбесин билет экенсиӊ"

"Үйлөнүп жатканым тууралуу эки гана досум билди. Калганын күзүндө чоӊ той бергенде чакырам".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Бектемир Мамаюсупов үйлөндү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(51)
11.05.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо маладесс, Эми сендеда "ТАХ-ТИ-ТАХ" кундор башталат екенда...
11.05.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула !
11.05.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар,кармашкан колунар узулбосун!
11.05.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
11.05.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
11.05.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылууу бол
Медиа-портал
11.05.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
11.05.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
11.05.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
11.05.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
11.05.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын ак койногу аябай жакты. Хочу такого платья...
12.05.2015. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, takoE plat'e
11.05.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болгон турбайбы!!!! Бактылуу болгула!!!
11.05.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
11.05.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!!
11.05.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуууууууууууууу болгулаааа
11.05.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын бактылуу болгула кыргыздын патриот жигигиттери бар болсун
12.05.2015. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!оор басырыктуу мырза ушундай адамдар коп коп болсо арабызда.
12.05.2015. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бека азаматсын! Бактылуу болгула навеке!
12.05.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
Баланын кийингени жакты,жөнөкөй көрүнүптүр бирок сонун жарашыптыр
12.05.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу жашоо каалайм!
Медиа-портал
13.05.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм...мен ойлодум эле Гулнур Асанова мн башкошот деп..бактылуу болунуз
13.05.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
13.05.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лондондон окууну бутуптур кандай керемет)))
13.05.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ardaiym baktylu bolgula
14.05.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги красавица экен. Бактылуу болушсун, озу да жакшы бала го.
Медиа-портал
14.05.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
14.05.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы коргон актер го.......
14.05.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакал жарашпайт экен. Татынакай эле сакалы жок сонун корунот
15.05.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула жубайы жонокой корунот экен
18.05.2015. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакпады
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо