Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда кулчулукка кабылган 17 жаштагы Жаныш: «МЕНИ КАЗАК ДЕПУТАТЫНА САТЫП ЖИБЕРИШТИ»

№653 8-май-14-май, 2015-ж

Бейтааныш адамдардын бал тилине алданып, Казакстанга иштегени барып кулчулукка дуушар болгон мекендешибиз куткарылды. Анын айтымында, Казакстандын Мангистау облусунда кулчулуктан бошоно албай жүргөн дагы бир топ кыргыздар бар.

«УУЛУМДУ КОРКУТУП КОЮШУПТУР»
Окуянын башын каарманыбыздын апасы Салима Көчөрова баяндап берди:
– Биз Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Үӊкүр айылынан болобуз. Үстүбүздөгү жылдын 9-март күнү 17 жаштагы уулум Жаныш 33 жаштагы аталаш агасы Бусурманкул экөө жумуш издеп, Бишкек шаарындагы «Ош базары» тарапка барышат. Бусурманкул Маматкерим аттуу бир тууган кайнимдин уулу. 9-классты аяктаган соӊ Жаныш окуган жок, окуядан 2 ай мурун иштегени борборго кеткен. Ал эми анын түгөйү Байыш айылда биз менен калган. «Ош базарындагы» радиотүйүндөн Бусурманкул менен Жаныш жумуш табышат. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Беш-Буркан айылынын тургундары Имамидин Шакиров жана Тилек Мамаразаков уулум менен кайниме «Казакстанга барып талаада иштейсиӊер, күзүндө айлыгыӊарды беребиз» дешет. Имамидиндин айтымында, ал өзү көп жылдан бери Казакстанда иштейт экен. Бусурманкулдун паспорту жок болгондуктан ал «1 жумадан кийин артыӊардан барып калам» деп тигилерден 7 миӊ сом алып, айылга келе бериптир. Бизге келип «Жаныш Казакстанга иштегени кетип жатат, 5 ай иштесе 100 миӊ сом беребиз дешти, жакшы адамдар экен» деди. Биз ишенбей ошол замат Жанышка телефон чалып «Тааныбаган адамдар менен барба! Сатып жиберишет!» десек, ал «макул, улуу агам мени келип алып кетсин, тигилер паспортумду алып коюшту» деп жаткан. Агасы баргыча Тилек менен Имамидинди дагы башка кыргыздарга кошуп түндөп Казакстандын Актау шаарына алып кетишиптир. Ал эми Бусурманкул болсо артынан барбаптыр. Кеткенине 8 күн болгондо уулум мага телефон чалып «Апа, мени сатып жиберишти» деп ыйлады. Аны угуп эле мен Бишкекке келип уулумду куткаруу үчүн депутаттарга, милицияга арыз жазып кайрылдым. Ал убакта мен Жаныштан Имамидиндин телефон номурун алып ага чалып, «Жаныштын Байыш деген түгөйүн да иштеткени жиберем» деп алдап турдум. Ал «макул, жибериӊиз, жол кире салып жиберейинби?» деп Кызыл-Кыяда жашаган аялын, дагы бир жигитти улам телефон чалдыртып, «балаӊызды жибериӊиз. Дагы 6 кишини алып кетебиз» деп айттырып жатты. Акыры «Замандаш» ассоциациясында иштеген Азамат деген жигит билек түрө киришип, Казакстандагы кыргыздардын жардамы менен уулумду 15 күндөн кийин алып келди. Эми уулумдун келгендеги кебетесин көрсөӊөр бир укмуш. Кийимдери айрылып кирдеген, өзү арыктап кетиптир. Сабаганын айткан жок, бирок колдору калтырап коркуп калыптыр. Имамидин уулума кетерде «жамандап барчу болсоӊ, министрлериӊди да, сени да атам» деп коркутуптур. Имамидин «Силер мага 14 миӊ сом карызсыӊар, төлөбөсөӊөр сотко берем» деп тынбай телефон чалып жатат. Бусурманкул болсо ошол бойдон дайыны жок, чалсак албайт. Бишкекте жүрөт окшойт.

«ТАМАКТЫ ЧЕНЕП БЕРИШЧҮ»
Алданып, кулчулукка кабылган Жаныш Абдуманап уулу Казакстанда өткөргөн күндөрү тууралуу айтып берди:
– Казакстанга барганда бизди 3 күн талаада иштетип, андан соӊ Сакен аттуу казакка сатып жиберишти. Канча акчага саткандарын билбейм. Ал жергиликтүү депутат экенин уктум. Мени Сакен Мангистау районундагы Жыӊгылды айылына алып барып, бир сарайга камап, жылкы бактырып койду. Үйүнүн тегереги бийик дубалдар менен курчалган. Мага чейин ал жерде дагы бир кыргыз байкени ушул Имамидиндер «трактор айдайсыӊ» деп алдап алып барып, жылкы бактыртып жүрүшкөн экен. Мен барганда аны «сен эми бошсуӊ» деп кетирип жиберишти. Үйүндөгүлөрдүн бири да мени менен сүйлөшпөйт. Унчукпай тамак алып келишет, аны да ченеп беришчү. Эч жакка чыкпай 9 жылкы, 2 тайды багып жүрдүм. Сакен телефон чалып «атка чөп сал, сугар» деп жумшап турчу. Акыры туугандарым издешкенинен Имамидин келип, мени бир поездге Алматыга чейин салып жиберди. Кетеримди уккан ал жакта иштеген 10го чукул кыргыздар «биздин да сага окшоп артыбыздан издеп келген туугандарыбыз болсо кана» деп ыйлашты. Жолдон «зайчик» болуп жашынып отуруп, араӊ Алматыга жеттим. Ал жактан кыргыздар Бишкекке жиберишти. Үйдөгүлөр мени Кордай тараптан тосуп алышты.

«САТКАН АДАМ КАЙРА ЖАНЫШТЫ КАРЫЗДАР КЫЛЫП ЖАТАТ»
Жаныштын ата-энесинин кашына аман-эсен кайтып келишине көмөк кылган «Замандаш» ассоциациясынын Орусия жана Казакстан боюнча координатору Азамат Рахманов мекендешибизге кантип жардам беришкенин айтып берди:
– Бизге Салима Көчөрова аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну арыз менен кайрылып, 17 жаштагы уулун Казакстандын Актау шаарына бейтааныш адамдар алып кетишкендиги тууралуу билдирген. Биз Актау шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен байланыштык. Ал киши Имамидинди таап, биз менен байланыштырды. Ал көп жылдан бери Казакстанда жашаган кыргыз мекендешибиз экен. Талаада дыйканчылык менен алектенип, жыйым-терим учурунда кыргыздарды бул жактан алып барып иштетерин билдик. Имамидин биз менен сүйлөшүп «Жаныш акчасын күзүндө алмак. Азыр ага акча бере албайм, берсем да карызга берем. Бирок ал Бишкекке жеткенде, силер акчаны салып жибересиӊер» деди. Биз аны апасына айтсак, «Эгерде балам карыз болсо төлөп берели, эптеп баламды алдырып бергиле» деди. Ошентип биз Имамидиндин шартына көнүп, баланы Алматыга чейин жол киресин төлөтүп салдырттык. Андан соӊ Алматыдагы биздин атайын өкүлүбүз Турат Аманбаев жигитти 16-апрель күнү тосуп алып Бишкекке салып жиберди. Баланы алып келүүгө 10 күндөй убакыт кетти. Ал келгенде бизге жолугуп Казакстанда 1 ай иштегенин, бирок эч кандай айлык албаганын, ал жакта акчасын ала албай кыйналып жүргөн дагы бир топ кыргыздар бар экенин кабарлады. Биз ал жактагы диаспора жетекчиси менен сүйлөшсөк, «Негизи жыйым-терим убагында кыргыздар келип иштеп кетишет. Бирок кыйналышып, акчасын ала албай калгандар тууралуу кабар айтып бизге эч ким кайрылган эмес. Бул иш боюнча териштиребиз» деп маалымдады. Бүгүнкү күндө Имамидин мага чалып «Жаныштын агасы менден 7 миӊ сом алган, андан тышкары 5 миӊ сомго Жанышка кийим алып бергем, кетерде төлөгөн жол кирени кошуп, баш-аягы 14 миӊ сом карыз, ошону өндүрүп бериӊиз» деп сурап жатат. Мен «сенин колуӊда 1 ай иштеген акчасын эсептеп бер, ошондон кемители» десем, «андай болбойт» дейт. «Анда күзүндө ошол акчасын бергенде аласыӊ» деп койдум.

«АГАМ КАРЫЗЫН ТӨЛӨП БЕРЕТ»
Биз жогоруда сөз болгон Бусурманкул аттуу жаран менен байланыша албай, анын карындашы Гулизага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бусурманкул байкеме Имамидин «паспорт жасат» деп 7 миӊ сом бергени чын. Байкем азыр Токмокто иштеп жатат. Бир жумадан соӊ ал карызын кайтарып берет. Чалсам телефону өчүк болуп жатат. Жаныш өз ыктыяры менен кеткен. Имамидин «дарбыз эгесиӊер» деп, мага түшүнүк кат жазып берип алып кетишкен, бирок баргандан кийин сатып жиберишиптир да. Жаныш менен кошо дагы 4-5 кыргыз жигиттерин алып кетишкен болчу.
Бул окуя боюнча кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын киши сатуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Саламат Адыловго кайрылганыбызда, ал мындай арыз түшкөндүгүн, бирок жабырлануучунун сатылып кеткендиги тууралуу далилдер жоктугуна байланыштуу кылмыш иши козголбогондугун билдирди. Негизи кулчулукка кабылган фактыларды далилдеш оор. Себеби көпчүлүк жарандар өз тагдырын тобокелге салып бейтааныш адамдар менен эмгек келишимин түзбөй, мыйзамсыз кетишип, карыз болуп ушундай жагымсыз окуяларга көп кабылышат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(28)
12.05.2015. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мындай окуяларды угуп, кайра эле кете бергендерине зээнин кейийт.
12.05.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zirek.kyz,
башын иштебесe, бутуна куч келет деген жакшы соз бар.
12.05.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын .
12.05.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калган кыргыздарды да алып келишсин батырак
12.05.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kırgız kalkı abdan ishencheek kelebiz da...
12.05.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ ХХХ кул болгондон коро ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-12 15:55:08
12.05.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allkill2,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт! Этика нормаларын сактаңыз!
12.05.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошон учун бейтааныш адамдын созуно ишенбеш керек ойлонуп кенеш сураш керек еле апасынан жаш бала алданыптырда просто
12.05.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кылмыш далилсиз дейби ??андай болсо ХХХ ХХХ ХХХ законду билбеседа мындай адам саткычтарды бироо жазалабаса бул токтобой калдыго!!!
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-13 11:02:31
13.05.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aliyar85,
Провокацияга жол жок! 3 күн банга!
13.05.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурусу куч болсо ээсин жыга чабат болуптур го бул жагы
13.05.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депутатар кыргыз жараны казакстанга кириш учун 20000 сом банка залог толоп кир дегенге окшогон закондорду жазышса адам сатуу бизнеси очот болчу.Акчасы бар бизнесмендер барып жумушун бутуруп кайра келип банктан акчасын алса .Турцияны да кошуш керек.
13.05.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам башка олкого чыгаар алдында Жети ойлонуп бир кесуу керек.
13.05.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ар бирибизге акылмандуулук берсин!журогум ооруп кетти
13.05.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээээхххх эмне дешти билбейм :(
13.05.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай окуялар сабатсыздыктан келип чыгат.
13.05.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде мьйзам аньк туура жазбьльп кьраать менен окулса да иштебейт ушул кезге чейин эгер бизде аньк мьйзам иштегенде Кьргьзтандьн учтон бир болугу жазасьн алмак ишенгиле
13.05.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akchasy koboiup kozun mai basyp kalgandar koboiup baratat bular Kudaidyda unutup kalgan Kudaiym ozu jazasyn bersin.
14.05.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам акчанын айынан ушул кунго жетикпи? Намысы жок арсыздар 5 кундук омурун да адамдай жашашпайт экен да айбандар...
14.05.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам сатып арам акча табуудан уялсанар боло. Озунордун башынарга тушсо экен.
15.05.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам сатуу кулчулук деген дагын деле барбы я Кудай сактасында андайдан
16.05.2015. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mundai okuialar kancha jolu chigip ele jurot,jalkubai ele kaira ele bara bergenderine tan kaladin
16.05.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар тентип бутмой болдуккооо
17.05.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды тентиткен дагы,саткан дагы,кыргыздын атын булгап башка элге жагынган дагы мына озубузбуз кыргыз элим!Кана? казак,озбек,уйгур,орус кулчулукка сатылганы Кыргыз жеринде. Анан бири бирибизге чонбуз кыйынсынып.
17.05.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alnaz тура айтасын .
13.06.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сатып алып иштеткен адам канкор адам эмес айбандан да бетер. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-15 12:55:07
15.06.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasminka, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
20.02.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара жакшы Бишкеке келип алыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо