Асел Турдалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «БААРЫНАН ТАЖАГАНДА СҮЙҮКТҮҮМДҮН ЖАНЫНА КЕТИП КАЛАМ»

№653 8-май-14-май, 2015-ж

Асел Турдалиева эжекебиз мезгил да өзгөртпөгөндөй дайыма жапжаш бойдон. Анын «жаз жамгыры жаайт экилеп тахти-тахти-тах-тах» деген ыр саптары биздин балалыгыбызды эске салат. Жамгыр ырчыны өзгөчө сүйөт окшобойбу. Асел айым бизге маек берип жатканда да жамгыр себелеп жатты.

– Кандайсыз, Асел айым? Эки жумушта иштеп, аны менен кошо чыгармачылыкка кантип жетишип жатасыз?
– Кандайсыӊар, учурда Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде декан болуп иштейм. Ал эми Коргоо министрлигинин алдындагы ансамблде иштебей калганыма бир жыл болду. Анткени жетишпейт экенсиӊ, эки жумуштун жоопкерчилиги, ага чыгармачылыктын түйшүгү кошулуп чачырап кеттим. Бирөөнү эле кыйратып алайынчы дедим.
– Адатта декан десе эле тартипти катуу кармаган, студенттер корккон адамды элестетебиз, сиз кандай декансыз?
– Декандын өзүнүн сүрү бар. Көбү «Асел Алымкуловнанын иш бөлмөсүнө киргенде коркобуз» деп айтып калышат экен. Сиӊдилерим да жумушума келип калганда «декандын маскасын кийип жүрүптүрсүз» деп тамашалап калышат. Чынында, мен атайын деканмын деп каардуу болбойм. Болгону жумушум ошондой мамилени талап кылат, анын үстүнө өзүм да эркек мүнөзмүн. Анан студенттер менен да дос-тааныш катары тамашалашып сүйлөшкөнүм туура эмес. Анткени мугалим менен студенттин ортосунда
субординация деген болуш керек.
– Эркек мүнөзмүн деп калдыӊыз, сиздин көпчүлүк досторуӊуз мырзалар экенин да айткан элеӊиз, алар сизге эмнеси менен жакын?
– Мырзалар менен өзүмдү ыӊгайлуу сезем. Жан дүйнөмдөгү сырларымды айтсам, алар эч качан экинчи же үчүнчү адамга жеткиришпейт, мындайча айтканда, өтө ишенимдүү адамдар. Ошол эле нерсени аял кишиге айтсаӊ, кошумчалап отуруп башкача өӊүттө жайып жиберишет. Негизи, жакын санаалаш курбуларым саналуу эле, Гүлнара Кахарова менен жакшы сырдашам, анан өзүмдүн сиӊдилерим бар.
– Мындан эки жыл мурун 20 жылдык отчёттук концертиӊизди бергениӊизди билебиз. «Чыгармачылык оор жол» деп коюшат, сиз деле кыйынчылыктар менен ушул күнгө жетсеӊиз керек?
– Мен азыркы Асел Турдалиеванын барына кубанам. Менин жашоомдо сахнада өмүр бою каласыӊ же турмушуӊа башыӊды ийип жашайсыӊ деген эки жол бар болчу. Мен турмуштан качып, чыгармачылыкты тандап кеттим. Эгер экинчи жолду тандаганда, азыр такыр башка Асел болмокмун. Мен ошол Аселди элестеткенден корком. Депрессияга түшүп жүргөн убактарда 10-20 жылдан кийин ким болорум көз алдыма тартылчу.
Жолдошум менен бирге жашаган 5 жылдын 1 жылын бактылуу өткөрсөм керек, калган 4 жылында өзүмдү мажбурлап эле жашап жүрдүм. Ал жакшы адам, мен жаманмын дебейм, болгону эки кочкордун башы бир казанда кайнабай калды. Балким, ошондо жигиттерге болгон табитим башкача болсо керек, тандаганды билбептирмин, жашым келди, турмушка чыгышым керек деп эле кете бериптирмин. Көрсө, мен ал адамдын өзүн эмес, сахнада жараткан образдарын эле сүйүптүрмүн. Өкүнгөнүм, ошондо экинчи турмушка чыкпайм деп өзүмө чек коюп койгонум. Көрсө, кесир сүйлөбөш керек экен, кийин жакшы мырзалар бар экенин түшүндүм.
– Маектериӊизде «сүйүктүүм бар» деп эле келесиз, балким, ал адам тууралуу кененирээк маалымат берерсиз?
– Сүйүктүүм бар, пайда болгонуна бир топ жыл болуп калды. Ал азыр чет өлкөдө, ошонусу жакшы да (күлүп).
– «Күчтүү айыммын» деп айтып келесиз, күчтүү болуудан тажаган учурларыӊыз болду беле?
– Ооба, болот, баарынан тажаганда, мышыкка окшоп эркелегим келгенде чет өлкөгө сүйүктүүмдүн жанына кетип калам.
– Кайра турмушка чыгуу тууралуу ойлонуп көрдүӊүзбү?
– Бир күнү кызыма тамашалап «Кызуля, сен алыска окууга кетесиӊ, мен жалгыз калам, турмушка чыгып алсам кандай болот?» десем, «Эмне, бирөө барбы?» дейт. «Бар» десем, «Апалёк, сизге эмне жетпейт? Колуӊуздан баары келет, жыргап эле жашап жатасыз го, күйөөгө тийбей эле коюӊузчу» деп өчүрбөдүбү. Кызым быйыл 11-классты бүтөт, учурда кайсы окуу жайга тапшыртабыз деп баш катырып жүргөн убагыбыз.
– Кинодо дайыма «аркалык» айымдын ролун аткарасыз, ролдорду өзүӊүз тандайсызбы?
– «Түндүктүк келин», «Талак» деген кинолордо түштүк элин жаман көргөн «аркалык» айымдын ролун аткарып калгам. Рысбек Жабировго да «мага душман көбөйтүп эмне эле ушундай ролду бере бересиӊ?» деп айткам. Чынында, бул роль да. Жашоодо мен аткарган каармандай аялдар бар. Кинонун идеологиясында деле апасынын урушканына карабай жаштар үйлөнүп алып жатышпайбы. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл болобу, баары кыргыз деген маанини беришкен. Режиссёрдун чечими ушундай болгондуктан аткардым. Негизи, менин көпчүлүк күйөрмандарым түштүктө, өзүм да патриотмун, бөлүнүүчүлүккө жол бербейм.
– Сахнага жаӊы аттанганда кандай болсоӊуз, азыр деле ошондойсуз. Асел айым мезгилди да баш ийдирип алгандай...
– Жаш көрүнгөнүм генден болуш керек. Аял киши өзүнөн эч нерсе аябай кымбат косметикаларды, крем-маскаларды колдонуш керек экен. Айрыкча 40 жаштан өткөндөн кийин. Тамакты да кылдаттык менен жеш керек. Биз, кыргыздар, түнкү саат экиде туруп беш бармак жеп жатып алабыз го. Азыр чөп-чарларды көп колдонуп калдым, майлуу, куурулган тамактардан качам. Тойго барганда казы-карта көрүп калсам жебейм, жыттап-жыттап алам.
– Жакында Жогорку Кеӊеште бир депутат ырчылар да салык төлөшү керек деген маселени көтөрдү. Буга көз карашыӊыз кандай?
– Артисттерден салык алгысы келген адамдын билими өтө тайкы деп эсептейм. Анда мен дагы «депутаттардын эмгек акысын азайткыла, алар ансыз деле жеп жатышат» деп айтам, мына сөздүн ачыгы. Биз өз эмгегибиз менен таап жатабыз, мисалы, мен айлыгымдан мамлекетке салык төлөйм, ошол жетиштүү.
– Гастролго чыга элегиӊизге канча болду?
– Акыркы жылдары гастролдон аябай алыстап, түйшүгүн унутуп деле калыптырмын. Баягы күнү 2-3 күн гастролго чыга коём деп жүдөдүм. Мурун айлап-жылдап эле гастролдо жүрчүбүз, анан да жаныма 17 бийчини алып чыкканымчы. Кыйналбай 4 бийчини алып кетсем деле болмок да. А мен концерт көрктүү болсун деп баарын шагыратып, алардын тамак-ашын, жолун камсыздап, айлык да төлөп берчүмүн. Бирок концерттерден киреше жакшы түшчү, кээ бир айылдарда залга эл батпай, 2-3 сеанстан концерт берген күндөр болгон. Буюрса, август айында эмгек өргүүсүнө чыксам, Кыргызстанды кыдырып концерт берсемби деп турам. Жетишсем Алматы, Астанага чейин коюп келем.
– Маегиӊизге чоӊ рахмат, турнеӊиз ийгиликтүү өтсүн!

"Бир эле кыздуу болгонума өкүнөм, мүмкүнчүлүк болсо көп балалуу болсом дечүмүн. Буюрса, кызым Бегайым быжыраган неберелерди төрөп берет деп күтүп жүрөм".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Асел Турдалиева: "Турмушка чыгам десем, кызым сизге эмне жетишпейт деди"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(63)
11.05.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул эженин кинодо аткарган рольдору жагат,абдан мыкты аткарат.Ийгилик сизге
11.05.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы сулуу, жакшынакай болуп чоноюп калган го. Асель эжеге чыгармачылык ийгилик!
11.05.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел Турдалиеваны ырчы жана мыкты актриса катары жакшы тааныйбыз... Аябай таланттуу эжеке, бар болунуз иштеринизге ийгилик. Кызулясы аябай татынакай кыз экен коз тийбесин.
11.05.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур, кызы татынакай экен апасынын бактысына жолтоо болбой уруксат берсе болмок ар бир аял аялдык бакытка ээ болуш керек суйуу билинбей келет убактысыз да келет демекчи эми да кеч эмес кызы кетсе балким турмушка чыгаттыр же кызы куйоого тийсе анан тушунуп апасына да айтаттыр
11.05.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел эже бар болунуз кызыныздын жакшылыгына коп коп кубо болуп журо бериниз,унунуз келбетиниз ырларыныз актрисалык онорунуз баары жагат,бирок турмушка чыгып андан ары да мындан чоон бактылуу омур сурсонуз жакшы болмок.
11.05.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы красавица экен . Асель эже турмушка чыгыныз. Бактылуу болунуз.
11.05.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоо баланыз болуп алайынчы))
11.05.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактыгул бадыева жонундо жазкылачы супер инфо суурааныыч
12.05.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperishka87, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
12.05.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайым, мамаңды эрге бер))
12.05.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи куйоосу ким болду экен? сахнадан коруп эле суйуптурмун дейт ал да чыгармачыл адам болсо керек аты жонун толук айтсынчы дагы сурагылачы Супер инфо
12.05.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын аял экен тарсылдаган, анча мынча эркектен кучтуу
14.05.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sharipa-asia, турмуш уйротот да тарсылдаганды.
12.05.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз
12.05.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачык айрым оз жемин жедирбеген жакшы келинсин бирок салык толоодон эмнеге качасын? Салыктын эсебинен ошол эле озун сыяктуу мугалимдерге жана ден соолук учун эмгектенген медицина кызматкерлерге айлык акы толооноору белгилуу эмеспи. Закондун негизинде тапкан кирешеден толонушу керек да.
12.05.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салык толоо инициативасын кыргыздын патриотмун деген маданияттын мыкты кыз жигиттери которуп чыкса же колдосо рейтинг которулот деп ойлоймун.
12.05.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуктуусуно барып турат экен турмушка чыгып албайбы кызыкго
12.05.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель айым татынакай болуп кетиптир,дагыле жапжаш бойдон далай эркектерди артынан чуркатса керек ээ...
12.05.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асел менен ишинер эмне же силердин телегейинер тегизби ?
13.05.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Кыргыздын эн сулуу айымы ар дайым бар болунуз .мен кичинемде кандай болсонуз азырда ошол бойдон экенсиз.озгочо характериниз жагатдаааа.
14.05.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1."Сүйүктүүм" деп жымсалдап айтканы го, эгер анын башы бош болсо, үйлөнүшмөк да...
2.Мурунку заман болгондо мораль, нрава деген маселелер боюнча Асел айымды "тартипке чакырмак", анан да минтип ачык айта да алмак эмес.
3.Өзү декан болуп, жаш муунга сабак-тарбия берсе, анан ушинтип элге тартынбастан жар салганын "демократия сабактары", "демократиянын эпкини" деп түшүнсө болот го... Бирок биз кандай айтпайлы, кыргызбыз да, ал нерсе бизге осол, өөн учурайт...
14.05.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar., жалгыздыктан кудай сактасын бир боорум.суйгону болсо эмне жаман эч кандай деле оон учурабайт!Асель эжеге бактылуулук каалайм
14.05.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да асель эже жагат, тыпылыңдаган айым го, бирок кызынын куйого тийип эмне кыласыз дегени жаман экен, акылсыздыгын билдирет, анткени бала энесин/атасын 3 жолу турмуш куруңуз дегенге парз, менин деле апам мен жана иним учун 18 жылдан бери жалгыз жашап келе жатат, бизди ойлоп тйибейт, бирок биз 3 жыл эмес, 10 жылдан бери айтып, сурап жалгыздык жаман неберелериңизди баксаз да опора, жолдошу болгон жакшы тийиниз деп мен да иним да айтып келе жатабыз. Бирок жакшы адам болсо, албетте тийиш керек!
14.05.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurchelo, азаматсынар менда ата энемдин бактылуу болушун каалайм канча айттым апама негедир оз тенин табуу кыйын экен!жакшы адам жолугуп апамын бактылуу болушун каалайм.жалгыздык эн жаман нерсе
15.05.2015. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайым "Айчурок"лицейинде окуйт жакшы кыз мыкты окуйт
16.05.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел эже тур мушка чыгып алын кызыныз кийин тушунот.
Медиа-портал
16.05.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сулуу болуп кетипсиз Асел эже чыгармачылык ийгилик ушул прическа жакшы жарашыптыр ####
17.05.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
депуттарга койсон жерде толодо жургон келемиштерден деле налог ондугулору келет депутаттар бироонун мээнети менен тапкан акчасына асылбай оздору малекеттин акчасын уномдоп иштет се болмок артист менен тамадаларга асылбай
17.05.2015. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегайым Селена Гомес ке окшош экен
Медиа-портал
20.05.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге синирген эмгегинизге чон рахмат! Ийгилигиниз оркундосун.
Медиа-портал
24.05.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel eshenin turmushka kos karashtary shakty birok bir sosu shakkan shok.Emne uchun artistter nalog toloboshu kerek.Sis tolobonus tigi toloboit al toloboit oshentip mamleketibis bajybait. Misaly men Germanija emne uchun onukkon sebebin tushundum.Misaly ar bir adam kancha tappasyn kandai shol menen tappasyn nalog toloit.Shyldyn ajagynda otchet beresin kancha chygym kancha paida tapkanyndy.baary eseptelip kop toloson kaira kairyp alasyn.
Медиа-портал
29.05.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyzyda kyzyk eken emne jetiwpeit ele dep....kiyin turmuwka chykkanda tushunotda emi...
02.06.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят чоон эле эже и еще зам декан анан суйуктуумо мышыктай эркелегим келет деп. Мындайча айтканда ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-02 16:41:37
02.06.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnara2014, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз!
Медиа-портал
04.09.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы айым олло жагат мага.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо