№653 8-май-14-май, 2015-ж
SUPER.KG порталынын «Соӊку кабар» бөлүмүндөгү «Элдик кабар» рубрикасынын байгесине коюлган заманбап смартфондун ээси аныкталды! Апрель айы боюнча белекти Жалал-Абаддын Сузак районунан Чынберди Жанышов аттуу окурман утуп алды. Жеӊүүчү деп табылган 10-класстын окуучусу Чынберди өзү окуган Шамши Базарбаев атындагы мектептин кейиштүү абалын жарыялаган. Анда өздөрү окуп жаткан мектептин имараты эскирип, дубалы урайын деп араӊ турганын, өздөрү мектептин ашканасында окуп жатышканын билдирген эле.
21-кылымда Дүйшөндүн мектебин элестеткен билим ордолору бар экенин көрсөткөн мектеп окуучусу Чынберди Жанышовду SUPER.KG`нин редакциялык кеӊеши апрель айынын жеӊүүчүсү деп тапты. Жеӊүүчү мындай кабарды урайын деп калган мектепке өлкө жетекчилигинин көӊүлүн бурдуруу максатында жазгандыгын билдирди. «Оор жагдайга карабай мектептин ашканасында окуп жатабыз. Класстарда окуганга болбойт. Азырынча кулабай турат, бирок көпкө кармалбай бир күнү урап түшөт. Окутуу, окуучулардын билими жакшы эле. Бардык шарты бар жаӊы мектеп курулса, окуучулардын билим деӊгээли мындан да өсмөк. Билим алууга бизге шарт түзүп бергиле деп суранам»,- дейт Чынберди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Толук маалыматты шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот: http://www.super.kg/kabar/news/107551/
Бакиев маалында канчалаган мектептер,бала бакчалар курулуп озгочо тоолуу райондорго конул бурулуп,мектепке взноско китепке деп акча чогултмай тугул башталгыч класстарга бекер тамак аш берилип пенсиялар,айлык акылар которулуп элдин турмушу кыйла жакшыра тушту эле.А азыркы бийликтегилер бир нерсени кыйратканын деле корбодум.Кудай жалгап мектебинерди жанылап куруп берип калса экен ылайым...
Азамат окуучу экен,тилеги орундалсын!