№653 8-май-14-май, 2015-ж
Расул Маматкуловдун мындан бир нече жыл мурун «Ош-Бишкек жолунда, айдаганым Мерседес» деп популярдуулугун арттырганын билебиз. Аны менен катар «кызды кантип Мерседеске салыштырсын?» деп сынга да кабылган. Расул акебиздин дал ушул «Мерседес» аттуу ырын жакында «Дүйнөлүк музыка» аталышындагы концертте Америкадагы атактуу Гарвард университетинин аспиранттары кыргыз тилинде ырдап чыгышты. Алардын музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен кыргыз тилинде ырдаганын угуп, сыймыктанбай койбойт экенсиӊ.
Бул тууралуу ырчыга байланышканыбызда: «Алгач интернеттен көргөндө кубандым, «Расул Маматкуловго ыраазычылык билдиребиз» деп айтып ырдашыптыр. Демек, бул ыр биздин тойлордо гана эмес, дүйнөдө популярдуу экени мени сүйүнттү»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |