Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИЙГИЛИКТҮҮ СЕЛФИ ТАРТУУНУ БИЛЕСИЗБИ?

№654 15-май-21-май, 2015-ж

Учурда өспүрүмдөн саясатчыга чейин селфи тартышат эмеспи. Жөн гана туруп түшкөн же мостойгон сүрөттөрдөн тажадыӊызбы? Эми колуӊуздагы чөнтөк телефон менен өзүӊүздү кандай гана ракурста сүрөткө тартам десеӊиз, мүмкүнчүлүк бар. Болгону кантип туура селфи тартууну үйрөнүп алыӊыз (Самсунг үлгүсүндөгү телефондун мисалында).

Жарыкты туура тандаӊыз. Туура тандалган жарык сиздин жүзүӊүздөгү айрым кемчиликтерди жаап кетет. Караӊгы бөлмөдө же лампанын жарыгында тартылган селфи сизди картаӊ жана чарчаӊкы көрсөтүп коёт. Жарык телефондун камерасына эмес, сиздин бетиӊизге тийиши керек.

Түптүз камераны карап сүрөткө түшүүнү документке калтырыӊыз. Сүрөткө сулуу түшүш үчүн башты 35-40 градуска буруп камераны карабай түшсөӊүз, моюн узун көрүнөт. Эгерде камераны башыӊыздан өйдө кармап тартсаӊыз, мурдуӊуздун чоӊ экени анча билинбей калат. Мындай ракурста көз дагы чоӊ көрүнөт. Эгерде жүзүӊүз тегерек болсо, чачыӊыз менен бир жак бетиӊизди жаап койсоӊуз, бет сүйрү көрүнөт.

Телефондун камерасына линза кийгизип коюу менен сүрөтүӊүздү оригиналдуу кыла аласыз. Линза сүрөттү алыс-жакын, тегерек-сүйрү формада тартуу үчүн колдонулат.

Сүрөткө өзүӊүздү эле эмес, жакындарыӊызды да батырып тартууга атайын телефон үчүн штатив ойлонуп табылган. Телефонду штативге орнотуп, камераны алыстатып тартсаӊыз, кадрга баарыӊардын батуу мүмкүнчүлүгүӊөр бар.

Аба ырайынын өзгөрүшүнө, караӊгы-жарыкка жараша камеранын «баланс белого» кызматын колдонуп, өзүӊүз каалагандай кылып өзгөртө аласыз.

Жакшы фонду тандоо да ийгиликтүү сүрөт жаратат. Өзүӊүздү тартып жатып артыӊызда мурдун чукуп турган адамды кадрга тартып алышыӊыз мүмкүн. Андыктан сүрөттүн артындагы кызыктуу фонду ойлоно жүрүӊүз.

Телефонуӊуздун камерасынын «серийная съёмка» кызматын пайдаланып, бир эле учурда бир нече сүрөт тартууга болот. Ал сүрөттөрдүн арасынан өзүӊүзгө жакканы сөзсүз чыгат.
Сүрөт сапаттуу болсун десеӊиз, смартфонуӊуздун камерасынын бетин тазалап туруп тартыӊыз. Ошондой эле кол калтырап кетпеши жана жасанып-түзөнүүгө үлгүрүү үчүн таймер колдонсоӊуз болот.

Селфи – өзүӊүзгө эксперимент жасоого жакшы жол. Фенди бирөөгө карматып, чачты үйлөтүп туруп тартсаӊыз, сүрөт оригиналдуу чыгат. Бойду узун кылам жана сымбаттуу көрүнөм десеӊиз, күзгүнү колдонуӊуз.

Сүрөттү дагы көркүнө чыгарам десеӊиз, телефонуӊуздагы же компьютердеги мүмкүнчүлүктөрдү колдонуӊуз. Сүрөттү кесип, фон коюп, фотошоп менен иштесеӊиз да болот. Даяр болгон сүрөтүӊүз сизди көпкө кубандырат деп ишенебиз.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
18.05.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Селфини жактыра бербейм. Бирок жакшы макала болуптур.
18.05.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сурот жакшы чыксын десениздер апаратыныздар
Айфон 6 болсун
19.05.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dosym, Ayfon 6jakşi tartabi
19.05.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
djamilia, оа укмуш тартат
18.05.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
макаланы окугандан кийин селфи тартпаган адам болбосо керек
18.05.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурдун чукуп турган дегени )))
Слишшшком болуп кеткен эмесби.
18.05.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
селфи созу да мода болуп калдыго дейм а. мурда колдонулбайт болчу бул соз
19.05.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо ичти кантип киргизсе болот жана белдин астындагы кошумча жырды кантип жок кылса болот ушулар туралууда кенеш берип койсонуздар алдын ала рахмат.
19.05.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika.mis,http://www.super.kg/article/?article=30047 ушул жакта сонун конугуу бар отвечаю жакшы жыйынтык аласыз. жонокой эле болгону туура аткарыш керек
19.05.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daiza, ssylkanyz achpai jatatko?
20.05.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
19.05.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika.mis, ушул суроого жооп алсак жакшы болот эле
19.05.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
men tuwunbodum vopwe
21.05.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Немис экенсин да тушунбосон. Баары тушунуктуу эле жазылган.
22.05.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chupachups-89, саламатсызбы!
Пайдалуу кеңеш рубрикасында келиндер үчүн көптөгөн кеңештер бар: http://www.super.kg/article/?theme=257
Ар бир окурман өзү каалаган маалыматты алышы үчүн шарт түзүүгө аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо