КУМАР АЗАБЫ (сериал)

№654 15-май-21-май, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Адыл досунун терс бурулуп кетип калганына түшүнгөн жок. Саамда ою онго бөлүнсө да, экөө теӊ бир кызды жактырарынан күмөн санабады. Ары жактан жазгы желге ыргалган гүлдөй, саамай чачы шамалга сеӊселип келе жаткан сүйүктүүсүн көрүп ою бөлүнүп кетти. Алар бири-бири үчүн жаралган жандардай эле. Жолугушууга келген сайын сүйлөшүүчү темасы да алдыдагы жашоо тууралуу болчу.
– Окууну аякташыбызга аз эле убакыт калды, ээ?- деп сөз баштады Бермет.
– Кайсы окууга тапшырууну ойлондуӊ? Бир кесипке токтолдуӊбу?- деп биринин артынан экинчи суроосун узатты Адыл.
– Азырынча үйдөгүлөр үн катыша элек. Өзүм мугалим болууга токтолдум.
– Менин ата-энем «Бишкекке окууга жиберебиз» дешти. Ии, баса, Акыл дагы мени менен келген. Сенин үйүӊө келгенибизде кайра артка кетип калды.
– Анын аты эле Акыл болбосо, көкүрөгүндө эч нерсе жок,- деди Бермет кейип.
– Ал окубайт экен. Ата-энеси үйлөнтөбүз деп жатышат. Аял алып токтолуп калса экен.
Экөөнүн бүгүнкү темасы классташы тууралуу болду. Адыл досуна барам деп убада бербеди беле. Сөзүн эки кылбай, барууну ойлоду. Сүйүктүүсү менен жылуу коштошту да, кумарчы Кеӊештин үйүн көздөй жөнөдү. Шашыла жетип келип:
– Үйдө ким бар?- деп эшикти каккылады. Кумардын кызуусуна кирип, тамеки менен ачуу арактын демине элирген оюнчулар эшиктин такылдаганын деле эшитишпеди. Колдоруна таратылган картаны алышып:
– Мен жаптым!- десе бири:
– Мен бир кеттим!
– Мен дагы бир кеттим!
– Эй, бөлтүрүк, сен сүйлөбөйсүӊбү?! Ойлонуп отурганга убакыт жок,- деди төрдө отурган оюнчулардын бири. Анда Акыл:
– Мен дагы бир кеттим,- деди бейкапар.
– Чуу түшкөнчө жаап эле салайын,- деди дагы бири. Аягында Искен экөө калды. Ал кудум кумарга жаралган адамдай эле. Оюн үчүн эч нерседен кайра тартпайт. Коюнундагы колуктусун дагы коюп ийген учурлары болгон. Бирок уттурган эмес.
– Жигит, колуӊа ушунча ишендиӊби? Сенин атаӊ бай. Экөөбүз майдалап отурбай чоӊ-чоӊ эле басалы. Бар же жок. Мен бир кулун койдум. Акыл дагы ойлонбостон:
– Менден дагы бир тай!- деди. Отургандар таӊ боло түштү.
– Ой, булардын оюну кызык башталды. Чү дегенде эле чоӊ олжо коюшту,- деп бери жактагылар кызыгып жатышты.
– Март жигит экен.
– Жаш да. Кумарчылардын баары сөз баштап барып тим болушту.
– Ачтыӊбы, балакай? Же дагы бир жылкынын башын коёлубу?
– Мал аяган жигит эмесмин,- деди Акыл кесе сүйлөп.
– Бул өрт турбайбы!- кумарчылар калп эле аны көкүтө беришти.
– Мен дагы бир кунан койдум анда.
Ушул тапта эшикте безелене айланып жүргөн Адылды эч ким уккан жок. Ачуусу менен терезени катуу койду эле, айнектери күбүлүп түштү. Кеӊеш кара күчкө күрсүнүп:
– Ой, энеӊди урайын, сен кимсиӊ?! Терезенин баарын күбүп салбадыӊбы!- деп ызырынып эшикти көздөй жүгүрдү. Эшик ачылары менен үйгө жүткүнгөн Адылды төштөн түртүп:
– Сен соосуӊбу?- деди эриндери дирилдеп.
– Бузукулар, силер жаш баланы бузуп жатасыӊар! Акыл, чык, буларга кошулба!- деп ачуу кыйкырды.  
– Ээ, бала, көчүк бас!- деп жерди колу менен көрсөтүп:
– Жаагыӊды жаба тур. Досуӊду бир аздан кийин бошотом,- деди Искен.
– Оюнуӊарды билбейм! Токтотпосоӊор силердиби!- дегенде:
– Оюнду токтотчу сен эмес. Топон суу каптап келе жатса да бүтмөйүнчө турбайм!- деп жерди бир урду Искен. Акыл дагы кумарга кызып калгангабы, досун жаман көзү менен карап:
– Мага аралашпачы, Искен аке бир жылкы баласын коюп картаны ачтым,- деди утуп алгандай кудуӊдап.
– Кана, колуӊду көрсөтчү, бөлтүрүк?
Акыл эки туз, бир король картасын кармап отурган эле.
– Ушул колго ушунча дардаӊдайсыӊбы? Мына үч алты. Аргымагыӊды эртеӊ барып алам,- деп ортодогу акчаны жыйнап алды. 
– Эртеӊ кайра эле кайтарып алам. Эки жылкыны төрт жылкы кылып утуп албасам, атымды башка коём!- деди ачуусун тыя албай Акыл.
– Болду, токтот! Алар сени алдап жатышат.
– Ээ, сеники да кошумча болду. Кантип утуп алуунун жолун үйрөтпөй, кайра-кайра «токтот!» дейсиӊ да!
 Досун канчалык куткаруунун жолун издебесин, натыйжа чыкпады. Искен башында турган кумарчыларга барып:
– Акелер, жаш баланын келечегин талкалаган уят эмеспи. Араӊарга кошпой эле койгулачы,- деп жалбарды. Алар кыйраткан иш кылып жаткансып баланын сөзүнө күлкү менен жооп кылышты.
– Ха-ха-ха, мына акылдуу!
– Ушундай акылдуулар керек да. Болбосо күндүз деле жолубуздан адашып баратабыз,- деди бирөөсү.
– Силерге корогон кайран сөз. Акмак турбайсыӊарбы!- деп басып кетти.
Эртеси Искен таӊ атпай Акыл жашаган үйгө келди. Короодо жумуш кылып жүргөн үй ээсине:
– Ой, Садыр, жылкыларымды алып кетейин. Өзүм тандасамбы же тандап кармап бересиӊби? Ал чочуп кетип:
– Кайсы жылкы, кандай тандоо? Жайын түшүндүрчү, бай болгур,- деди шашылып.
– Балаӊ айтпадыбы?
– Жо-ок, эмнени?- деп Искенди суроолуу карады. 
– Балаӊ кечинде мага эки жылкы уттурган.
– Куруган кумарпоз! Иттин баласы! Баланы бузбай жөн деле сурабайт белеӊ?!
– Жөн эле чычкак улак бербейсиӊ, акеси! Сенден кессе кан чыкпайт.
– Бас жаагыӊды!- деп ачуусу менен колундагы күрөк менен Искенди кара куш тушка чаап-чаап жиберди. Анын оозунан ак көбүк агып, көзү аӊтарылып жатып калды. Күрөктүн кыры талылуу жерине тийгендиктен, өзүнө келе албай оо дүйнө кете берди. Садырды милиция кармап кетти...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 644-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 645-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 646-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 647-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 648-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 649-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 650-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 651-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 652-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 653-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 655-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 656-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 657-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 658-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 659-сан
КУМАР АЗАБЫ (сериал) 660-сан
КУМАР АЗАБЫ 661-сан
КУМАР АЗАБЫ 662-сан
КУМАР АЗАБЫ 663-сан
Комментарийлер(18)
18.05.2015. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми кызык болдуго. Байкуш Садыр!
18.05.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий десе эми биягы не болот? Дагы бир жума
18.05.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы бала атаны торго суйройт, Жаман бала атаны корго суйройт деген чындык
18.05.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ras ele boluptyr da Iskeni olup kalup...
22.05.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90,ал го өлдү, эми атасы менен апасы эмне болот???
18.05.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага кызык.....
18.05.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына кызык башталды
18.05.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон эле жазса супер инфо, тез эле тугоп калды.
18.05.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камактан чыкканча барын тогуп чачат эми
19.05.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми запасы не болот?
19.05.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми апасы Жылдыз не болот?
19.05.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
автор бироого айтып берип аткандай эле жаза берет го
19.05.2015. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуганда уялып кетип атам
19.05.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшитишпеди дегенсоз кыргызча угушпады болобеле менимче
22.05.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
albina2010,болобеле деген сөз кыргызча эмне болот.Кыргыздын Улуу жазуучулары "эшитишпеди" деген сөздү чыгармаларында колдонуп келишкен.Бул сөз эле эмес башка сөздөр азыр колдонулбай калды. Биз азыр көп сөздөрүбүздү орусча сөздөр менен алмаштырып албадыкпы.Мисалы: сахар,место,огурцы,арбуз, свет деги койчу дагы толтура.Анан да барайлы, кылайлы, болобеле деген кайсы тилден келгени белгисиз сөздөр
24.05.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, Айтпа,мурдакы муундагы ата апалар грамматикалык катага абдан конул бурушуп,оозэки тилди да туура суйлошкон.Азыр андай эмес,соз болсо болду суйлой беребиз.Башталгыч класстын окуучуларынын жазганын корсон боорун ооруйт.
21.05.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы турмого тушуп калса,Акыл апасын олтурбосо болду эми
24.05.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии Эми не болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо