ЧЕК АРАДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАРАН КАЗА ТАПТЫ

№654 15-май-21-май, 2015-ж

12-майда кыргыз-өзбек чек арасында өзбек чек арачылары бир кыргыз жаранын өлтүрүп, экинчисин Өзбекстан тарапка алып кетишкени кабарланды. Окуя Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Согмент айылынын жанындагы Какырдын тегерегинде катталган. 
Маалыматка ылайык, үч кыргыз жараны Өзбекстандын карамагындагы Сох району аркылуу кыргыз мамлекетине мөмө-жемиш алып өтүп жатканда өзбек чек арачылары аларга ок чыгарышкан. Окуя болгон күндүн эртеси өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан 1993-жылкы Мансур Махмуджан уулунун сөөгү жана кармалган 1991-жылкы Шумкар Махмуджан уулу кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.
Вице-премьер Абдырахман Маматалиевдин айтымында, өлтүрүлгөн кыргыз жараны өзбек-кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өткөн. «Мыйзамдуу түрдө өткөрүү пункттары аркылуу чек арадан өтүүнүн ордуна алар уруксат берилбеген жолдон өтүүгө аракет кылышкан. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жарандарын токтотууга аракет кылганда алар угушкан эмес, ошол үчүн өзбек тарап ок чыгарган. Азыркы тапта эки мамлекеттин чек ара кызматкерлери тарабынан бул окуяга байланыштуу тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат»,- деди Маматалиев.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
19.05.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра биз куноолубуз биздин чондоп коркок озбектер бузуп эле журот эч ким атпай нетбей эле журотго. Мынча креслону суйосунор
19.05.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар олуп атса озбектин созун суйлойт да тооба. эмне бул ошол олгон адамдын жанында бекн эле. жаныны эле кашайтышат да булар.
25.05.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kursantvs, улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо