№654 15-май-21-май, 2015-ж
Футбол боюнча артисттердин арасында өтчү Дүйнөлүк чемпиондукта Кыргызстандын атынан Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Ырыскелди Осмонкулов, ырчы Тынай Алыбаев, музыкант Адил Чекилов, бийчи Атай Өмүрзаков, ар кыл талант ээси Турат Касымбеков жана башкалар катышканы турат. Иш-чарага Англия, Бразилия, Германия, Израиль, Италия, Нидерланды, Орусия, Словакия, Словения, Түркия, Беларусь, Эстония, Япония мамлекеттеринин эстрада жана кино айдыӊындагы белгилүү жылдыздардан куралган 16 команда катышат.
5-14-июнь күндөрү орун алчу бул футболдук-музыкалык фестиваль Орусиянын Москва шаарында «Жакшылык желегинин алдында!» аттуу бүткүл орусиялык кайрымдуулук акциясынын алкагында өтүп, чогултулган каражат оор дартка кабылган балдардын дарылоосуна жумшалат.
Артисттердин арасында Дүйнөлүк чемпиондукту уюштуруу идеясын колдошкон ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер жана УЕФАнын президенти Мишель Платини бул салтанатка катышаары күтүлүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |