Тата Улан: “ТҮНДҮ СЕНИ МЕНЕН ӨТКӨРҮҮГӨ ДАЯРМЫН”

№373 25-31-декабрь, 2009-ж.

Тамаша тор

Жүзүн жашырып жүргөн Тата Уланды Жаңы жылдын алдында “Тамаша ­торубузга” түшүрдүк. Максатыбыз анын карындаштарына болгон мамилесин билүү эле.

Сиз менен Жаңы жыл тоскум келет деп аны сүйгөн күйөрман болуп телефон чалып, назик үн менен ырчы жигиттин башын бир топ эле айланттык. Улан чындап табиятынан кыздарга жумшак мамиле кылабы же биздин жылуу-жумшак сөздөрүбүзгө арбалдыбы, айтор, биздин сунушка макул болду.
– Алло, Улан байке, кандайсыз?
– Жакшы, а ким бул?
– Менин атым – Сауле. Улан байке, мен сизди жакшы көрөм.
– Рахмат, Сауле.
– Мага рахмат эмес, сиз керексиз. Улан байке, “Жаңы жылды жакшы көргөн адамың менен тоссоң, кирип келген жылда аны менен бирге болосуң” деген ырымды уктуңуз беле? Ошол үчүн мен сиз менен тосоюн дегем...
– Мен сизди тааныбай туруп кантип Жаңы жылды чогуу тосом, чоң кыз?
– Ай, Улан байке, таанышабыз да. Эч кам санабаңыз, мени көргөндө жигиттер жипсиз байланат. Башкача айтканда, татынакаймын. Сиз да сүйүп калышыңыз мүмкүн.
– Жок, мен Жаңы жылды ким менен тосорумду пландап койгом. Эртерээк айтпайт белең...
– Макул анда, планыңыздагы адам менен тосо бериңиз да, он экиден кийин мага келиңиз.
– Мен айылдан тосоюн деп жатпадым беле? Кел, ага чейин эле жолугуп көрөлү.
– Анда бүгүн үйдө эч ким жок, кечинде келе калбайсызбы?
– Кой, үйдөн уят го, “Эркиндик” сейил багына кел, жолугуп сүйлөшөлү, анан калганын көрө жатарбыз.
– Улан байке, айтыңызчы, кандай тамакты жактырасыз? Мен жасап турайын.
– Мен тамак тандабайм.
– Анда кандай өңдү жактырасыз, ошол өңдөгү ич кийимчен тосуп алайын.
– Мага ак анан кара өңдөр жагат. Биринчи сейил бактан жолугалы, анан үйгө барбайлыбы, макулбу?
– Улан байке-ее, болуңузчу, мен чыдабай баратам.
– Сауле, мен барбаймын деген жокмун го, алгач сени көргүм келип жатпайбы.
– Сиз кыз эмес жигитсиз го, коркпой эле келе бериңизчи, мен тиштеп албаймын.
– Мен сен айткан дарекке жакын эле жердемин. Студияда ыр жаздырып жатам. Келип мени алып кетпейсиңби?
– Макул, анан бир түн мени менен болосузбу? Түнүңүздү мага арнайсызбы? Сөз бериңиз.
– Сөз берем, бүгүн түндү сени менен өткөрөм.
– Бет кабыңызды чечип келесизби?
– Сен каалагандай Тата Улан болуп берсем болдубу?
– Вау, анда карагаттай көзүңүзгө сүзүлө карап, бети-башыңызды калтырбай тиштегилеп, өпкүлөп жыргаймын, ээ?..
– Ооба, бол эми, канча мүнөттө келип каласың?
– 15 мүнөттө келип калам.

15 мүнөттөн кийин

– Улан байке, мен келип калдым...
– “Кент” деген кафенин жанында туруп турсаң, азыр барам.
– Улан байке, кечиресиз, сиз “Супер-Инфонун” “Тамаша торуна” түштүңүз...
– Ой, кайфты бузасыңар да. Мен дискти берейин деп көтөрүп бара жатпадым беле, муну эми эмне кылам, карындаш?..
– Редакцияга келгенде таштап кетерсиз. Бирок мага бир түнүңүздү арнап койдуңуз, ээ?
– Ха-ха-ха... Негизи, суперчилер, силер суперсиңер!

Астра Айдарова
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
29.12.2009. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatada da bar karyndaw aga jaman kaalabayt.daroo ele makul bolup koyuptursun da.azamatsyn Tata.Saga kaalarim e4 ka4an sol jakka baspa.
29.12.2009. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek! a emne kylysh kerek ele?
30.12.2009. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой Шарманда десе. мен сенен буну куткон эмесмин. супер-инфо,жайлаган турбайбы, Тата Улан, ким экени билинип калбадыбы эми .))))
30.12.2009. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tata oilogongo suilogonuno karaganda karyndashyman uluu eledep ...anan makul bolgon bolush kerek ato al karyndashtaryna jamandyk kaalamak emes chyn ..tamasha kunajyn kozun suzboso buka jibin uzboit tuuraby ...
31.12.2009. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karindashina kaalabaym degen nerseni ozun bashtayin dep kalgan ekensin go... Kashiktap toptogon abroyundu chakalap togup salipsin...
01.01.2010. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне кылат эркек болгондон кийин эркек болуш керек
02.01.2010. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз ошентип турса, бала тормозит этсе да болбой калатта. Азаматсын Улан!
04.01.2010. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле туура эмес кылыптыр ырдаганы башка кылганы башка..
04.01.2010. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы Татаулан андай экенин билбептирмин
04.01.2010. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мендей болгон карындаштарын ойлоп да койбойт экен
04.01.2010. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkektik bolso karwisindagi kiz da biroonun kizi,ejesi,karindawi.ozundu anin orduna koyup kor.Biroo karindawina owondoy mamile jasasa 100% olturup ele koyson kerek...
05.01.2010. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата молодчик .....кунаажын козун сузбосо бука секирбейт...а так эркек чакырган жерден калбаш керек ....особенно уну татынакай жап жаш козудай болон кыздар болсо ....АЗАМАТСЫН ТАТА УЛИК....
06.01.2010. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улан уят эле болгон экен да! Ушундан кийин "Карындашты" ырдабайле койсун!
13.01.2010. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тата уландын создоруно караганда кыздын созу уятыраак го!
14.01.2010. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде баары эле айдан ачык болуп, билинип жатпайбы! Болбогон нерсеге эле сатылып кетиптирсиз го...
Эркекбиз да.. :)))
29.01.2010. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок Тата Уландын коздору эле айтып турбайбы абдан ишенчээк келет.Жон эле алдап коюн менин да колумдан келет.
11.05.2010. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле кыз козун сузуп жиберсе,Улан жибин узуп жиберген го,эми кыз балдар ушундай деп койсо эле,жигиттер жибинерди бекемирээк байласанар!!!Улан сизге ийгилик,сиз озгочосуз,сиздин ырларыныз аябай оргиналдуу,сиз просто superсиз!!!Гулбурак.
09.08.2011. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кантип уялбай "карындаш"деген ырын ырдайт?
02.09.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааа сиз да эркексиз да эээээээ шансты кое бергиниз келбеген го
26.09.2011. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо