Тынай Алыбаев, «Инсан» тобунун ырчысы: «УУЛУМ БАШКАГА ҮЙЛӨНГӨНҮМДҮ ТҮШҮНҮҮ МЕНЕН КАБЫЛ АЛДЫ»

№654 15-май-21-май, 2015-ж

«Жашоомдо жетпесем да Тынайды экрандан жакшылап карап алайынчы» деген тааныш кыздарды билем. Күйөрман кыздарынын жүрөк оорусуна айланган Тынай Алыбаевди кенен дидарлашууга чакырдык. «Казакстанга барып күнгө күйүп калдым» деген ырчы ачылып-чачылып басып өткөн жолу, чыгармачылыгы туурасында айтып берди.

– Тынай мырза, чалсам клип тартып жүрөм дедиӊиз, чыгармачылыкта эргүү келип турган кез окшойт?
– Ооба, быйыл «Инсан» тобунун 25 жылдыгы эмеспи, ошого мурунку курамдагы балдар Эркин Мээрканов, Нурлан Бейшекеев, Канат Жумашев болуп баарыбыз кайрадан бириктик. Учурда «Бактылуумун» аттуу жаӊы ырыбызга клип тартып жатабыз. Буга чейин топтогу жигиттер радио, телевидениеге чогуу чыкпаганыбыз менен, дайыма бири-бирибизди колдоп, жамандык-жакшылыкта бирге болчубуз. Болгону ар бирибиз ар тараптуу тажрыйба топтодук. Баары бир 4 адамдын 4 түрдүү көз карашы, ою, идеясы бар да, топто иштөө, менимче, кызыктуураак. Бирок мен жеке ырчы катары дагы ишимди уланта берем. Күзүндө ушул мааракени белгилеп концерт берсекпи деп турабыз.
– Топ мурдагыдай атактуу эмес, эл кандай келет болду экен деген чочулоо болсо керек?
– Чыгармачылыкта ар бир кадамыӊды кооптонуу менен таштайсыӊ. Ыр жаздырсаӊ да эл кандай кабыл алат деп ойлойсуӊ. Анын сыӊарындай, албетте, чочулоо бар. Бирок биздин чыныгы угармандарыбыз келип берет деп ишенем, алар азбы-көппү маанилүү эмес.
– Жумушуӊузду колдоп жаныӊызда жүргөн жубайыӊыз тууралуу айтып берсеӊиз.
– Келинчегимдин аты Нурдана. Бир нече жыл мурун концерттен кийин болгон кечеде таанышканбыз. Чыгармачыл адам, кесиби балерина. Убагында «Ак марал» бий ансамблинде эмгектенчү, азыр балакайларга бийден сабак берет. Кудайга шүгүр, жеке жашоом жайында, өз нугу менен бара жатат.
– Ата-эненин ажырашуусун балдар аябай оор кабыл алышат . Башка бүлө курганыӊызды уулуӊуз кандай кабыл алды?
– Уулум Жантай апасы менен, бирок аны таштап кеткен жокмун да. Ал менин жакшы көрөрүмдү билет. Экөөбүз жолугушабыз, ага мээримимди төгөм, убактымды бөлөм. Ал азыр сегиз жашта, ак-караны ажыратып калды. Ошондуктан ал менин жашоомдогу жаӊылыктарды түшүнүү менен кабыл алат.
– Балалык сезими, сабактагы жетишкендиктери сыяктуу маселелерин эркек балдар көбүнчө атасына айтышат го. Бул жаатта уулуӊуз сиз менен сырдашабы?
– Балам оор басырыктуу, көп сүйлөбөйт. Мектепте көйгөйү болсо дагы көп айтпайт.
Кээде тамашалап «кыздар менен кандайсыӊ?» деп сурап калам. Анан уялып «ну, папа» деп коёт. Эӊ негизгиси жакшы окуйт, аракети жакшы. Болгону бала бакчадан баштап орус тилдүү тайпада болуп, азыр да орус класста окугандыгынан кыргыз тилинен аксап калды. Ошону менен күрөшүп жатабыз. «Патриот болушуӊ керек, эне тилиӊде сүйлөй албасаӊ уят» деп айтам. Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз. Сүйүндүргөнү, азыр аз болсо да кыргызча сүйлөп калды.
– Эми сиздин мүнөзүӊүзгө келип токтолсок. Кыялыӊыз катаал деп уктум эле...
(Күлүп) Мен антип ойлобойм. Өзүмдү өзүм чынында сүрөттөй албайм. Бирок аябай чыдамкаймын. Айтып коюшат го, чыдамкайдын каарынан корк деп. Ушул сөз мен тууралуу, жиним келсе эч нерсеге карабайм, тарс жарылам да, бат эле өзүмө келип калам.
– Өзүӊүз кийин уялып калгандай кылыктарды жасадыӊыз беле?
– Бир окуя айтып берейин, бирок бул жиним келгенде эмес, жай учурда эле болгон. Гастролдоп жүргөнбүз, автобус менен кезектеги шаарга баратканбыз. Жолдо алмурут жедик, бир маалда алмуруттун бүчөгүн ойлонбой эле терезеден ыргытсам, ошол кичинекей нерсе катуу келаткан унаанын терезесине тийип, жарака кетип калыптыр. Машинанын айдоочусу көгөрүп бир нече чакырым артыбыздан жүрүп, кууп жетти. Анан кесиптештеримдин алдында уят кылып урушканы эсимде. Эки бетим кызарып, жерге кирип кетейин эле дегем. Ушул кылыгымды унута албайм, эстеген сайын уялам.
– Ичимдикке болгон мамилеӊиз кандай?
– Эл катары эле майрамдарда, досторум менен эс алууга чыкканда ичип коём. Бирок андай эс алууга чейин бардык маанилүү жумуштарымды сөзсүз бүтүрөм. Себеби
жоопкерчиликсиздикти жаман көрөм.
– Эс алуунун дагы кандай түрлөрүн жактырасыз?
– Балык уулоо өзүнчө бир ырахат. Кышында лыжа тээп эс алам, сүйүктүүм менен жаратылыш коюнуна чыгабыз.
– Сүйүктүүӊүз демекчи, шаардын ызы-чуусунда жашооӊуздарда романтикага орун барбы?
– Албетте. Экөөбүз теӊ романтикага жакын адамбыз. Эсимде, бир жолу үйгө кире калсам столдун үстү өзгөчө жасалган, эки бокалга шампан куюлган, шамдар күйүп турат. Кубандырганы, жубайым мага мындай сюрприздерди жөнөкөй эле күндөрү да тартуулап турат. Мен дагы анын көӊүлүн алам. Мисалы, «жүрү, тоого чыгып күндүн батканын көрүп келебиз» деп. Биз атайын пландап мына бул күнү ушундай сюрприз жасайбыз, же ресторанга барып романтикалуу кеч өткөрөбүз дебейбиз. Романтика аял менен күйөөнүн ортосунда сөзсүз түрдө болуусу керек деп ойлойм.
– Сиз аялзатынын кандай кылыгын эч качан кечирбейсиз?
– Айымдардын көзгө чөп салганын кечирбейм. Бул нерсе менин акылыма сыйбаган, түшүнө албаган нерсе.
– Демек, оозуӊуз күйгөн тура...
– Өкүнүчтүү, бирок мындай нерсе башымдан өткөн.
– Үй-бүлөлүк маселелерде кандайсыз? Мисалы, үйдө кимдин кирешеси көп болуусу керек?
– Чындыгында, олуттуу маселени мырза чечкенин туура деп билем. Көп майдалана бербейм. Ошол эле тамакка келсек деле. Тамак тандоо деген жок. А акча табууга келсек, эгерде аял киши иштейм, кыйратам деп турса мен эмнеге анын жолун торошум керек. Балким, анын жакшы максаттары бардыр. Аял киши үйдө отуруп, төрөп, бала багышы керек деген илгерки жапайы түшүнүктөр менен жашап жаткан жокпуз да.
– Сиздин «ата болуу бактысын 10 жыл күттүм» деген кебиӊиз бар. Ушунча жыл күтүп жүрүп бала жытын искеген соӊ дагы да балдарым көп болсо экен десеӊиз керек?
– Ооба. Балдарыбыз жашообуздун маӊызы экенин түшүндүм. Уулдуу болдум, Кудайга шүгүр, кыздуу да болгум келет. Айтып коюшат го, кыз бала күйүмдүү болот деп.
– Бул жашоодо эмнени кыялданасыз жана тилейсиз?
– Балалыгымдан досторубуз менен «А` Cтудио» тобунун ырларын угуп чоӊойдук. Ал учурда Батырхан Шукенов биз үчүн Кудай эле. Аны жанынан көрүүнү эӊсеп, концертине бир жолу болсо да баруу балалыгымдагы эӊ чоӊ кыялым болчу. Ал орундалды. Жадакалса Батырхан «Тынай, силердин топ концертиме келип катышсаӊар жакшы болмок» деп чалган да деӊгээлге жеттик. Демек, кыялдар орундала турганын билдим. Убакыттын өтүшү менен жашоодо ата-энеӊдин өмүрүнүн узактыгы аябай маанилүү экенин түшүндүм. Канчалык жаш баланын кыялындай туюлбасын, бирок азыр бир гана нерсени – ата-энемдин өмүрү узун болсо экен деп тиленем. Себеби ата-энебиз тирүү кезде биз дайыма жаш бала бойдон калат экенбиз.
– Маегиӊизге рахмат.

Учурда Тынай мырза экинчи балалуу болуу алдында турат.

“Жубайым экөөбүз чогуу эс алганды аябай жакшы көрөбүз. Албетте, уулумду да чогуу алып алабыз”.


"Инсан" тобундагы жигиттерди бириктирген бул - достук жана ынтымак.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Эркекти ийгиликке жеткизип жаткан - аял" дейт Тынай Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(41)
Медиа-портал
17.05.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
красивый гооо
Медиа-портал
17.05.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур. Коп ийгиликтер болсун.
Медиа-портал
17.05.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
инсан тобу чыгармачылык ийгилик!супер инфо сураныч айнура кабатай нтс кызынанда интервью алсныздар.
Медиа-портал
20.05.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82, саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
18.05.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланыз тунт болсо демек психологиясын олтургонсуз. кайсы бала болсо да апасы менен атасы чогуу ынтымак жашашын каалайт эмеспи,
18.05.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
agarai, баласынын жанында жургонсуп жазыпсын да. Же коруп койдунбу олтургонун
18.05.2015. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага абдан коз караштары жакты, жакшы адам экен, жубайым абдан суйкумду жана сулуу экен. Бактылуу болушсун.
18.05.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдарга болгон коз карашы жакшы экен!
18.05.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы кантет
18.05.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инсан тобу мен да силердин ырларынар менег ооруп калгам,кичинемден бери силердин ырынарды угуп журом,бирок сиз Кудай эле деп жазыпсызго ал туура эмес,куздогу концертинерге мен да барып ырдайм буйруса,,
18.05.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы бир сонун экен, кантпей эле )
18.05.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да, эки адамдын ажырашуусу созсуз балага терс таасир берет психикасына анан да отверженный болуп чоноет. ортодо балага эле убал
18.05.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek Atabekovko okshosh eken ee?
18.05.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында ушул ырчы менен ооруганмын)))
18.05.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
newman,
Эскертүү! Такталбаган маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
18.05.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик бактылуу болунуздар!
18.05.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ортодону балдарга эле убал((
19.05.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы томпошка окшойт э
Медиа-портал
19.05.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик каалайм кыргыз маданичтына салым кошкон инсандардан болсун"Инсан тобу" !
19.05.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа молодец эркек экен, туура суйлоптур аялды сыйлабаса уйдон кут качат да.
SUPER.KG видео
19.05.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо биздин алоологон жаштык, Инсан тобу, Тынай Алыбаев менен эске тушот. Абдан катуу суйуп, уйлонгонун угуп ыйлаган учур болгон. Азыр дагы эле келбеттуу, адамдык сапаты бийик экен! жашасын "Инсан" тобу!
20.05.2015. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашагым келет жаашаагыым деген ыры аябай сонун даа...уну жакшы ,
20.05.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сыйлачумун мурда. Эми .... Билбейм . Бул аялы супсулуу го деп ойлогом , хе хе))))
20.05.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик, концерттине баруу буйрусунчу. Баргым келет концерттине.
21.05.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтып атат го чоп салганды кечире албайм деп не кылсын зато баласын ойнотуп эле журот го...
22.05.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит Калыков экоо окшош экен.
22.05.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жубайы экинчи суротто кантип тушкон кокуй, ункурлорго чейин ачылып. ))) Аял киши кичине наздуу болсочу.
22.05.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kg.lady эже, ал баласы шортикчен, аялы шымчан эле назданып отурат))
22.05.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagyndym эми байкадым.))) Кечиресинер, иттик менден кетти!))
22.05.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур бир жакшына эле суроттор экенго.
22.05.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйлөнүп алсаң балаң түшүнүү менен кабыл алса албаса окшош да.Сен анын апасын таштадың.Жакшы жаша эми азыркың менен досум.
22.05.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin jawtik kezdin gruppasi "Insan" tobu. Algachki suyuum kardaaay, algachki suyuum kandaaay dep sonun sozuwchu...
23.05.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
С.Садыралиевдин ыры эсиме тушуп кетти 13 жашар
23.05.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex,kanday gana keremet jansun,keremet.Attin birok saga jetuu kayda.Ar dayum den-soolukta bol!Uy bulooluk bakut,4ugarma4uluk iygilik kaalaym!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо