Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛЖИГИТ ЖАШТАРДЫН МООКУМУН КАНДЫРДЫ

№654 15-май-21-май, 2015-ж

Өткөн орду – Улуттук филармония
Өткөн күнү – 10-май
Башталышы – 19:30 (1саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Билет баасы – 500 сом
Мыкты номер – Гүлжигит Калыков менен Баястандын «Эр жигит» деген ыры

Гүлжигит Калыков продюсеринен кеткенден бери биринчи жолу жеке концертин берип жатканын угуп, баргым келди. Сынаганы эмес, баягы «Жамгыр төктүсүн» угуу үчүн. Чынында, Гүлжигит концертине мыкты даярданыптыр, анысы сахнанын жасалгасынан эле байкалып турду. Сахнанын чоӊ экранындагы көз жоосун алган сүрөттөр ырчынын ар бир аткарган чыгармасына түркүн түс берип, сахнаны көркүнө чыгарып жатты. Билетте жазылгандай эле концерт жандуу үн, бийчилер, түрдүү аспаптарда ойногон музыканттар менен коштолуп турду.
Адашпасам, Гүлжигиттин ар бир ырына бий коюлуптур. Ырчы өзү да кошулуп бийлеп, концерттик формаларын кээде сахнадан да алмаштырганга жетишип жатты. Мен сахнага жакын отуруп алгангабы, Гүлжигиттин ырдап жатканы кулагымдын тарсылдагына чейин жетип, жанымда турган аппаратуранын ачуу үнү кулагыма кирип кеткендей эле сезилди. «Гүлжигит, микрофонду бир аз алысыраак кармап ырдачы, балам» деп айта албай эле отурдум. Залда отургандарды карасам, дээрлик көбү жаш кыздар, ал эми жашы улуулар саналуу экен.
Кыскасы, ырчы бул концертте жаштардын моокумун кандырды. Конок катары Жийдеш Идирисова, Токтобек Асаналиев, Бегиш, Баястан, Назгүл Токтакунова, Арсен, Самара Каримова жана башка ырчылар келишти. Токтобек Асаналиев колуна комузун кармап, нукура кыргызча башына топу кийип, чапан жамынып чыкканда эле ичимден «азыр залды жарат» дедим. Анткени Токо залга чыгары менен эл кол чаап баштаган, ырдай элек жатып кол чапканына караганда кийими жакса керек деп ойлогом, бирок ырдаганда андан эки эсе катуу кол чабылды.
Концерттин алып баруучулары Кубат Кубанычбеков менен Максат Тынаев кечени суз алып барышты. Себеби андан мурун бир концертке барып, «No name» командасындагы Мурат менен Кадырдын алып барганына тан бердим эле. Көрсө, алып баруучу деле шаӊ-күлкү кошуп, кечени жакшы жакка бура алат экен. Бул концертте Кубат менен Максат аракет кылып эле жатышты, бирок мамлекеттик расмий иш-чараны алып барып жаткансып олуттуу сүйлөп туруп алышты. Жалпысынан Гүлжигиттин концертинин даярдыгына, өзгөчөлүгүнө, өзүнүн аракетине «жакшы» деген баа берем.

Толик сынчы


Гүлжигит Калыков концертинде элди клипке тартты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(40)
Медиа-портал
13.05.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нарын элинин кулуну, сыймыгы! Жигиттин гулу!Гулжигит, сендей жылдыз Кыргызстанда сен гана экенинди унутпа! Алмашкыс талантсын! Алдыга гана умтул! Биз сени ар дайым колдойбуз!
Медиа-портал
13.05.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
уюштуруу иштери мыкты аткарылыптыр, залды карап көзүм тойбоду. Азамат!
Медиа-портал
13.05.2015. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты аткаруучу анан мыкты жигиттей корунот, дагы да изденуу керек уну жоктор толтура журот го сахнада жылдыз болушуп, ийгилик, бакыт каалайм.
Медиа-портал
13.05.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец!красавчик!Ырчы Мырзалардын арасынан эн мыктысы!
SUPER.KG видео
13.05.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жандуу ун эн сонун супер инфо толугу менен кошуп койунуздарчы
Медиа-портал
13.05.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
красавчик качественный чыныгы ырчы))) респект!
Медиа-портал
13.05.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баардык жагынан топ келишкен жигит.Ун десе уну бар,жакшынакай келбети бар.Стили абдан жагат.Кычырап кийинип озун алып жургонду билет.Азаматсын эл козундо болгондон кийин Гулжигиттей болуп журуш керек.Келечекте Керим Тураповдой ырчыны элестетем.
SUPER.KG видео
13.05.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концертке 3деген баа берем анткени Концертти баштаганда эле орусча ыр ырдаганы жаккан жок жана кыргызча ырларды да оусча акцент менен ырдайт экен.Менин кенешим концертти кыргызча а патриоттук ырлар мн баштаса мындан кийин.
Медиа-портал
14.05.2015. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyn, Guljigit! Ununo bereke! Janduu ukkanda dene boium durkurop ketti"murajki po telu"degendei. Koz tiybesin! Baktyluu bol, jigittin gulu! Eptep jazdyryp alyp ele yrdagan chala yrchylar seni korup uyalsyn!
SUPER.KG видео
14.05.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец,алтын уну бар.жандуу ырдаганы жакты ишине ийгилик.
SUPER.KG видео
14.05.2015. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коздору балбылдаган бир жакшына жигит да...сонунсонун болуптур концерт...аябай жакты,супер инфо оператор ким эле жакшы тартпаптыр да,залды эле анан сахнанын артынан тартып журо бериптир.эрнест умоталиевдин да эмгеги чон экен да ээ,ушул баланын жасаган иштери да жакшы болуп жатат да озу анча чыкпаганы менен.жалпылоо:эн сонун!!!
SUPER.KG видео
14.05.2015. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо айттым адаттагы оператор эмес деп,азамат бакиров беле...ошол жакшы тартат.
Медиа-портал
14.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит молодец. Эка тоже молодец.
SUPER.KG видео
14.05.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат,өсө бер!
SUPER.KG видео
15.05.2015. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Гулжигит онорун оркундой берсин. ырчылардын эн мыктысынын мыктысысын ишине ийгилик
18.05.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакында Жалалда болот.
18.05.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ чыгып, бүгүн концерт койчулардан эмес, үнү жоктордон эмес..
Азамат! Өркүндөй бер!
18.05.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик каалайм!
18.05.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да Ошто болгон концертине бардым. Таланттуу жигит экенине ынандым. жандуу ун,жонокойлук,стиль,аракети бар ЫРЧЫ! Концерт мага жакты.
18.05.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун бала иий, жагат да...
18.05.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Talanttuuuuu jigit!!!
SUPER.KG видео
19.05.2015. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эл кошулуп ырдап же залдан сураганда ырдабай ырчыны уят кылат орустар же башка эл болсо кайырмасын өздөрү эле ырдап салат
19.05.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кансерт жогорку деңгелде сонун өтүптүр . гүлжыгыт азаматсың ! сены кытайдакы боордошторда абдан жакшы көрөт
кытайдакы кансерт да абдан жакшы өткөн . досум ийгылык каалайым !!!
19.05.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалалга келсе барабыз,соонун бала мага да жагат
19.05.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Гүлжигит!Евразия жылдызы болгон кезде абдан жаш эле,бирок ошондо эле кийингени,, өзүн сахнада алып жүргөнү,харизмасы ташыккан ырчылардай болчу.Бул Гүлжигиттин аракетчилдиги, анан албетте таланты.Көөп кетпей,Евразия жылдызы болдум деп, дердейип калбай,эмгектенип, жандуу үн менен ырдап келе жатат. Ата-энеси гана эмес бүт кыргыз эли сыймыктанат сени менен Гүлжигит балам.Аман бол,талантың ташкындай берсин-деп сенин күйөрман апаң, дагы кошумча: акцентти бир аз тууралаш керек
22.05.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы бала ))) Азамат Азамат
22.05.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптурго.
23.05.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Guljigit!meninda uibulomo jagasyn:)
Kubanych Chelitirov(saryshka)chon jigit boluptur
Медиа-портал
03.07.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat onorun orkundoi bersin
Медиа-портал
27.08.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле жакшы болуптур акчам жок бара албай калдым дааааа.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо