№655 22-май-28-май, 2015-ж
Узун кирпиктүү болууну ким каалабасын?! Айымдар кирпик үчүн көп курмандыкка барышат, айрымдар жасалма кирпик да чаптап ашыкча чыгым болушат. Бирок табигый кирпикти өстүрүү алда канча пайдалуу жана чөнтөккө да зыяны тийбейт. Үй шартында кирпикти кантип өстүрүү керек экенин билип алыӊыз.
Уктаар алдында макияжды жакшылап тазалап, анан кирпикти майлап турууну адат кылсаӊыз, узун кирпиктүү боло аласыз. Бул үчүн зайтун, кастор, уйгак майлары жардамга келет. Майды бир аз жылытып, пайдаланбай калган кирпик боёгучтун кутусуна куюп алыӊыз да, кирпигиӊизге тушь койгон сыяктуу эле сүйкөӊүз.
кошулбаган вазелин сатып алуу керек. Вазелинди жатарда сүйкөп жатсаӊыз, кирпик коюу жана түбү бекем болуп өсөт.
кирпикти пайдалуу витаминдерге сугарып эле тим болбостон көздүн эс алуусун да шарттайт.
менен акырындап жеӊил массаж жасаӊыз. Бул көздүн айланасындагы кан айланууну жакшыртып, кирпиктин өсүүсүнө жардам берет.
Дарылап жатканда кирпик ийгичти колдонбоӊуз. Ал кирпикти сындырып же башка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Орточо көлөмдөгү 1 лимондун кабыгын майдалап туурап, ага 1 аш кашык зайтун майын кошуп чылап коюӊуз. Бир жума муздаткычта кармап, кийин кирпикке сүйкөп турсаӊыз да эӊ сонун натыйжа бермекчи.
Кирпикти өстүрүп алып аны кайра сапатсыз кирпик боёгуч менен жабыркатып албаӊыз. Кирпик боёгучту 4-5 айда бир алмаштырып туруу талапка ылайык. Курамында эфир майы жана витаминдер бар тушь сатып алууга аракет кылыӊыз.
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
12
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Кадимки дарыканадан алсаңыз болот )