Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАКСИСТТЕРДИН БИРИН 180 СОМ, ЭКИНЧИСИН 500 СОМ ҮЧҮН ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛДЫ

№655 22-май-28-май, 2015-ж

Көр тирликтин айынан көпчүлүктү ташып акча тапкан таксисттерге кардарлары кол салган окуялар акыркы жылдары байма-бай катталууда. Буга мисал, жакында эле Ош шаарынан таксисттердин бирин 500 сом, экинчисин 180 сом үчүн өлтүргөндөр кармалышты.

ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Үстүбүздөгү жылдын 9-май күнү саат 21:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл аймагындагы Кара-Көл жайлоосунда бир адамды өлтүрүп кетишкендиги тууралуу маалымат Кара-Суу РИИБине келип түшкөн. Окуя болгон жерге барышкан укук коргоо кызматкерлери анын белгисиз адамдар тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында маркумдун өздүгү такталып, ал Ош шаарында такси айдап күн көргөн 1952-жылы туулган Ибрахимжан Алимов экендиги маалым болгон. Туугандарынын айтымында, маркум 7-май күнү адаттагыдай кардарларын ташуу үчүн үйүнөн чыгып, ошол боюнча кайтып келген эмес. Бул кылмыш иши боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында 11-май күнү Ош шаарынан кылмышка шектүү катары 1990-жылкы К.Ташболотов, 1991-жылкы Э.Момунов жана 1991-жылкы Д.Козубаев аттуу Араван районунун 3 тургуну кармалган.

«АРКАН МЕНЕН МУУНТУП ӨЛТҮРДҮК»
Тергөө учурунда кылмышка шектүүлөр кылган иштерин толугу менен моюндарына алышып, төмөнкүдөй көрсөтмө беришкен:
– 7-май күнү кечке маал саат 17:00 чамасында үчөөбүз Ош шаарындагы «Ареопаг» аялдамасынын жанынан Дэу Матиз үлгүсүндөгү таксини токтотуп, шаардын четиндеги дачаларга жеткирип коюшун сурандык. Папан айылы жакка жеткен соӊ үчөөлөп моюнуна аркан салып муунтуп өлтүрдүк. Андан соӊ анын чөнтөгүнөн 500 сом жана уюлдук телефонун алып, өзүн болсо ошол жерге таштап, машинасын айдап кайра Ошко келдик да, Кулатов кичи районундагы мектептин жанына токтотуп коюп кетип калганбыз.

«180 СОМДУН 100 СОМУНА СЫРА ИЧТИК»
«Кыӊыр иш кырк жылда билинет» демекчи, тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын дагы бир таксисттин өлүмүнө тиешеси бар экендиги жана ал кылмыш учурунда жанында башка бир досу болгондугу аныкталган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-январь күнү Ош шаарындагы Ош-Араван каналынан киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринде маркум Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын тургуну, 1970-жылы туулган Кубанычбек Ысмайылов аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал Ош шаарында такси айдап жан багары белгилүү болгон. Маркумдун унаасы эртеси күнү 13-январда Ош шаарындагы Кулатов кичи районунан табылган.
Кылмышка шектүүлөр окуяны төкпөй-чачпай айтып беришкен соӊ 12-май күнү Кубанычбек Ысмайыловдун өлүмүнө шектүү делинген алардын төртүнчү шериги Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн. Ал дагы Араван районунун 1991-жылы туулган А.О. аттуу тургуну болуп чыккан. Сурак учурунда Кубанычбек Ысмайыловду өлтүрүүгө катышканын моюнуна алып, төмөндөгүчө көрсөтмө берген:
«Ошол күнү суук болчу. Жамгыр жаап, баарыбыз үшүп калганбыз. Акча керек болуп, Хонда Фит айдаган таксистти жалдап, Алмалык айылына бардык. Ошол жерден кол салдык. Мен унаанын курун кесип, аны менен таксистти муунткам. Мындан улам ал эсин жоготуп жатып калды. Таксисттин колун кур менен таӊып, каналга ыргыталы деп жатканда эсине келе түштү. Анан мен тепкенде каналга тоголонуп түшүп кеткен. Чөнтөгүндө болгону 180 сому жана телефону бар экен. Биз ылай болгон унааны жууп, Кулатов кичи районуна келдик. Ал жактан 180 сомдун 100 сомуна сыра ичтик, 80 сому менен үчөөбүз Араванга кетип калдык. Эгер акча тапсам Орусияга кетмекмин».

«ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА»
Бул боюнча Ош ШИИББинин жана Ош ОИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаевага кайрылдык:
– Жогорудагы 2 таксисттин өлүмүнө шектелип кармалган Араван районунун тургундары кылган кылмыштарын толугу менен моюндарына алышты. Учурда алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Кара-Суу райондук соту тарабынан 2 ай тергөө абагына камалышты. Тергөө иштери азыркы тапта уланууда.
Аз гана акча үчүн бир эмес, эки үй-бүлөнүн уясын бузган кылмышкерлерди темир тор күтүүдө. Бейкүнөө ажал тапкан Ибрахимжан Алимовдун артында 2 уул, 3 кызы, ал эми Кубанычбек Ысмайыловдун 3 уулу атасыз калды...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
25.05.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Башы жок акмак ошончо акчаны иштеп таба албагандан кийин эркек башынды кантип Которуп журдун экен уят 180сом 500сом учун ата энендин башын жер каратып
25.05.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуш жоктон кылмыш кобойуп атат.
25.05.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жумуш таппаса эле адам өлтүрүш керекпи?Бир кылмышкер бир жыл курсак тойгузуш үчүн канча адам өлүшү керек анда?
25.05.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Акыры кармалыптыр да акмактар.
Буларга катуу жаза колдонуш
керек.Кийинкилерине да сабак
болшу керек.Катуу закон чыгара
алышпаса элге бериш керек да
ташпаранга алып же колдорун
кыркып салса ошондо билишет.
27.05.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Parish,Эн туура жазгансын бирок эч качан андай болбой калды го анткени биз кыргыздар ичибиз тар эч качан онукпойбуз бири бирибизди коро албайбыз мен ошого ото кейиймин!бул чындык
25.05.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмактар эки уй булоонун балдарын жетим калтырышыптыр каргыш тийгирлер жазаанарды берсин
25.05.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
олум жазасын киргизиш керек.Эми эки байкуштун уйбулоосун ким багат??Аттуга кетириш керек.Булар алты- жети жылда эле чыгып алышат да дагы кылмыш кылышат.
25.05.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне адамдар мыкачы болуп баратат.
25.05.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман эмне болуп баратат,кудайым озу сактасын.
25.05.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
олум жазасы жоктуктан мыкачылык зордуктоо кобойуудо. олум жазасын киргизиш керек адам олтургучтор жана педофилдер учун
25.05.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы экен кылмыш иши козгодууу деп отура бергиле.олум жаза сын киргизгиле болбосо кылмышкерди соттоп отурбайле туугандары на чалып бергиле .так ошонтип эле алдында олтурсун
25.05.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ Педофил маньяк кылмышкердин баарын ошентип жазалабаса Кыргызстанда ар бир учунчу адам кылмышкер болуп чыгат
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-25 18:18:42
25.05.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
25.05.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга олум жазасын бериш керекерек
25.05.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жазанын эн оор турун бериш керек бул акмактарга
25.05.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жазанын эн оор турун бериш керек бул акмактарга
26.05.2015. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карачы кандай женил Гана эн оор кылмыш жасашканын. Оо жараткан баарына ушуга окшогон адам кейпиндеги айбандарга озун акыл бере Кор. 180 сом учун Адам омурун кыюууга кантип колдору барды. Демек булар коп жолу ушундай болгондой.
26.05.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кол жоорутуп,бел оорутпай тапкан акчалары курусун! Кылган куноолорун моюндары менен тартышсын!
26.05.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги муунткан сурот да кандайдыр бир денгээлде кылмыштуулукка ундоп турат . Ошентиш керек деген ой жаралат .
26.05.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акылы жок айбандар.Андан көрө аз гана акчаны сурап эле албайбы.Адам өлтүрүү ушунчалык оңой болуп калдыбы.аялы,балдары кантишет эми ээх арман дүнүйө
26.05.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жакта кылмыш кылып башка мамлекетке изин жашыргандар канча ...
26.05.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип жооп берет акыретте
27.05.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Заман эч нерсе болгон жок. Адамдан пеийл кетип баратат. Адамдын омуру, жаны 180-500 сомго бааланып жатса анда келечегибиз кандай болот...?
27.05.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кучко толуп турган жаштарыбыз ушул оор кылмыштарды жасап жатса, жумуш жок деген соз бул арамза адамдын созу башты иштетип иштесе болот, Россияда журушпойбу иштешип, просто булар тарбиясыз, кок мээ, кан кор адамдар.
28.05.2015. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай адамдарды жер кантип которуп журот.
28.05.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ынсап берсин баарыбызга ыйманы,тарбиясы жоктор. болбогон акча учун ушул ишке барышып, балдары жетим калыптыр убалы урат шашпагыла.
28.05.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне адам олтуруш онойбу э?
Олутуруп жатканымды элестетип даже коркуп кетип жатам,а булар кантип коркподу экен?
29.05.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Киши олтургон кылмышкерлерди,педофилдерди,зордукчуларды элдин козунчо ит аткандай атып салышса кичине сестенип мындай кылмышка барышпайт эле.
29.05.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ. ХХХ ХХХ ХХХ.ошолордун да куноосу коп.жумуш жок,акча жок деген шылтоо кылат.аз акчага шугур кылып биз иштеп эле журбойбузбу.шугурчулук дегенди билбеген ХХХ.180 сомду жакшы соз менен сурасан деле берчу кишилер копго.ата эне деген балдарды кайда жургонун кайдан акча тапканын,эмне иш менен алек ьолгонун сурап туруш керекго.таксист байкуштар боорум ооруду.жайы жанатта болсу!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-29 11:57:17
29.05.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
29.05.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lale82, сайттын эрежелерин сактоону сунуштайм!
29.05.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сактасын мындай жаман нерселерден мен да таксистсмин анча мынча Ош шаарында.
29.05.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таксистте канча акча болот коп болсо 500сом алда бир кундук пешене тери менен тапкан акчасы да акчам жок кочодо калдым десен анча мынчасы бекер эле таштап коет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо