АПА, ЖЕӉЕМДИ УРУШПАЧЫ...

№655 22-май-28-май, 2015-ж

– Апа, мен жакында бирөөнүн босогосун аттап, келин болом да.
– Кагылайын, өзгө үйдө жүзүӊ жарык болсун. Бактылуу бологой,- деп апам башымдан сылап койду.
А бирок жаным жай албай, тынчсызданганымды койбойм. Менин апам асыл жан, аны эч бир адамга жамандыгы жок, акылдуу айым деп билчү элем. Азыр деле ал оюмдан кайтпайм. Болгону кээде анын адилетсиз кылыгына айласыздан тилимди тиштеп тим болом.
Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Менден улуу агам бар, аты Медет. Байкемди үйлөнөт дегенде, төбөм көккө жетип аябай кубангам.
Агам да үйлөндү. Ага өзүнө окшогон токтоо, чырайлуу кыз жубай болду. Мына ошондо кызыктын баары башталды. Баягы акыл калчап иш кылган акылман апам жок. Күндөн күнгө өзгөрүп эле барат. Байкуш жеӊемдин кылган ишинен кыйкым таап, качан болсо арызданганы арызданган. «Же үйдү таза кармабайт. Кыйратып тамак жасаса бир жөн. Ушул бучук мурундун кайсы жерин жактырды уулум? Башын айлантып эле тийип алды. Ушундай болорун башында эле сезгем...» деп куру доомат артканын койбойт. Жеӊем эмне кылсын, байкемдин көӊүлү деп бир ооз сөз кайтарсачы. Баарын унчукпай жеӊет.
Бир жолу кошуна эже менен короодо сүйлөшүп отурган апам болушунча жеӊемди жамандап жатат.
– Колунан эч нерсе келбейт. Сулууланып эле отурса болду. Апасы эч нерсени үйрөтпөптүр да. Кудагый сыртынан эпчил эле аял көрүндү эле. Эми эмнесин айтасыӊ, кошуна,
адаштым да, адаштым.
Муну угуп апама ачуум келип кетти. «Апа, болдуӊуз» десем, кайра мага атырылып кирди.
– И-и, эмне, сага апаӊдан да ошол агаӊды ээрчип келген неме кымбат боло калдыбы? Эми силерди дагы мага каршы кылып жатабы ал жарыбас, ыя?
– Коюӊузчу эми, жеӊем угуп калса эмне болот?
– Уксун! Тажадым ага үйрөтө берип. Таарынса кетип тынат.
Эч качан апамдын мындай кайнене болорун ойлогон эмес экенмин. Мени таӊ калтырганы, байкем жумуштан келгенде жеӊемди «кагылайын кызым» деп калганычы. Өзүмдү тууган энеме ушунчалык жиним келет деп он уктасам түшүмө кирбептир. Эки ортодо же апамдын оозун тыя албай, же жеӊемдин тарабын талаша албай кыйналып кетчү болдум. Байкем мунун баарын билсечи.
Бир айдан кийин мен дагы турмуш жолуна аттанганы турам. Буга чейин турмушка чыксам, жолдошум менен жыргап эле жашап кетчүдөй туюлчу. Апамдын жеӊеме жасаган мамилесин көрүп ичимден сызып баштадым. Мага кайненем кандай мамиле жасайт болду экен? Ал дагы апамдай күн көрсөтпөй койсочу? Алтындай апам бирөөнүн перзентинин баркына жетпей, кагып-силкип жатса, мага башкалар кандай мамиле жасамак эле? Канча жолу апама «бул дагы бирөөнүн бапестеп баккан баласы, урушканыӊызды коюӊузчу» деп сурандым. Кулак салуунун ордуна кайра мени кагып койчу.
Бул жолу да жеӊемдин жасаган тамагына наалып, дагы уруш чыгарды. Ушул акыркы чеги болду окшойт.
– Апа, обу жоктуктун дагы чеги болот. Калп эле жеӊеме асыла бербеӊизчи!
– Сен унчукпай отур!
– Качанга чейин байкушка күн көрсөтпөй канын иче бересиз? Эртеӊ мен да бирөөгө келин болом, мени ойлодуӊузбу? Мага ушундай мамиле жасашса эмне кылам?- дегенде гана апамдын жаагы басылды. Ошол күндөн кийин үйдө жеӊемдин жасаган жумушунан улам уруш чыгара элек. Бирок мен турмушка чыгып кетсем, жеӊем кайсы күндү көрөт?

Жыпара, Ош шаары.
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(76)
26.05.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин апам болсо келиндерине суйлөмөк тургай катуу дагы айтпайт.уйлөгқндөн кийин эле 5күндөн бөлүп салат.келинге жаман көрүнгөнчө колумда кучум бар өзум эле жасаймын.кылып жургөн жумушум кыла беремин деп.апам 8келин алды бириндагы 5кундөн ашык кармабады.акыркы байкем калды.уйлөнө элек.аны дагы бөлөм деп олтурат уйлөгөндөн кийин эле.
27.05.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мен дагы кийин балдарымды болуп салам дей берем. Кудайга шугур алты санын аман болуп турса эки кишиге тамак жазай албай эмне болуптурмун..
26.05.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мммм менин кайненем артыман шыбаганды жакшы корот а так озумо эч нерсе дебейт. А мага баары бир жаман десен сага бироо жакшысын бербейт да, ошон учун менин да кайненем жакшы. Бирок ото жамандарына кудайым озу нысап берсин.
26.05.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар ким оз ордун билсе, озуно каалаган жакшылыкты башка бироого да кааласа эч кандай кайненелик, келиндик деген нерсе болбойт!
27.05.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
кызыктай кыз экен, апасын ушунча жамандаса,эртен кайненесин кантет болду экен))))
29.05.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
myshka406, бул апасын жамандагандык эмес!болгону жашоодогу корунуш азамат апасын келечектеги кайненесине салыштырып ой жугурто билиптир мындай нерсе ар бир кыз баланын башына келет,а сен тушунбой калсан керек кайра кунт койуп окуп анан талдоо жургузуп корсон.
27.05.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнене кайненелигин кылат кааласан каалабасанда.менинда кайненем жакшы дейин козумчо кызым айланайын деп олтурат, бирок аркамдан суйлойт экен болушунча
27.05.2015. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайнене жаман деп ак эткенден так этесинер
.Жаштар жаштыкты туболук пешенерге байлап бербейт,бугун суймончук уулунардын суйкумдуу апасысынар.Эртеге силер да келининердин желмогуз кайненеси болосунар.Келме кезек дейт аттин бугун сен муштапир бир байбичени жаман коруп,суйлобой коркутуп,карабай болунуп кетсен эртеге сенин кунун кандай болот ошоягын ойлон.Силер айткандай кайнене желмогуз эмес.Силерди аппак койнок кийгизип,аппак лимузинде чайпалтып,босогодон ак жоолугун белендеп,ардактап тозуп алган.
27.05.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балама куйумдуу жар,неберелериме татыктууапа болсо экен деп тилеген,ак батасын берген кайненен болот.Келинге соз айтса бол айтар,турмуштан коргон,эченди билген эне балдарым жакшы болсун деп айтар...
Кечиримдуу болуп,алган жарындын апасын сыйласан бейиш эненин таманында дейт.Сага да аллахым мээрбан келин берет...
Бугун келин,эртеге апа,бурсугуну кайнене болушунду унутпа...
27.05.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин да кайненем анчалык мен куткондой эмес.келин деген ким?бул назик, жапжаш , эч жамандык жасайм деп ойлобогон адам.ал деген бироонун уйуно барып, жалынып було болуп атпайбы.ошого жардам беруунун ордуна копчулук кайнене сатып алгандай мамиле кылат.
мен кыргыздын келиндерине таазим кылам.себеби уйдун кызматы,ар кимдин артынан уйдун кызматкериндей тазалап,жууганы,андан сырткары балалуу болуп, кийин куйоосун эрчитип иштеп эркектей акча тапканы анан жада калса кайнене,кайнатанын жоруктарын
31.05.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulsin,ылайым келиндердин баары сен жазгандай болсо кана!Менин келиним балама жумуштан келээрде тамак жасап күтүп албайт.Үч балалуу болду,ошол балдарга да жакшылап тамак жасап бере албады,балдары колбаса,таттууларды жешет, а келиним сүйлөсө тилинен чаң чыгып, мага акыл айтканычы!Балдарга мындай тамак жасап бербейсиңби десем ии демиш болот.Бөлөк жашашат, ошон үчүн көзүм көрбөгөндөн кийин, тынч жүрөбүз.Балдарын аяйм
27.05.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
которуу дегендей.каерде кордунон башка улуттун аялдары эркеги жок туруп чет жакта иштегендерин.мисалы озбектер,тажиктер, турк аялдары эркеги бар болсо чанда гана иштейт.биздин келиндерчи.боорум ооруйт.
28.05.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulsin,туркторду билбедим,озбек менен тажиктин аялдары толуп жатпайбы Орусияда
27.05.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиздин апанызга жетти окшойт эми сиздин бактынызды ойлонуп жатса керек ынсап берсин аллахым
28.05.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аркадан сүйлөгөн адам жакпайт, бетке айтсын. Кайненем мени аркамдан жамандаптыр "акчасын бербейт, түдүм-сүдүм..." депчи. Анан айттым, "мени жамандаганда эле ал жакшы келинин ме деп берип койбойт. менин акчамды коюп уулуңуздун иштеп тапканын алып алыңыз" дедим. Анткени уулу тапканын эле ичип, көңүл ачып жүрө берчү. Менин айлыгым болсо тамак-аш, майда-чүйдө эле болуп түгөнчү. Бир жолу берип көрдүм, катып коюңуз деп. 3 күндөн кийин дарыларга акча керек болуп сурасам, карызыма төлөдүм дейт мына
28.05.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индиялык "Келин" деген сериал корсотулуп жатпайбы КТРКда, ошону коруп алып эле бир жомокту жазып койуптур, аны айабай талкуулап алышат баары
29.05.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vbrb,:-))))))))))
28.05.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин да кайнененем абдан жакшы садага болоюн кагылып кетейин деп суйлошот,биринси барганда женеме кошулуп кичине жамандап койгонума окуном байкуш апамда колунан келгенин жасаганда анда не куноо болду мындан бул жагына ойлонуп бироого кошулбай апамдай коруп келем))
28.05.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагын ананди болуп кеткен гго!!

28.05.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энесин коруп кызын ал дечу эле элибизде.
28.05.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 5,кундон кийин болунгом,бирок менин кайненем имени мн эмес даже неверелери мн иши жок,нольвниманияболсо да жинин кскелет
31.05.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass,айланайын, сен кайсы тилде жазгансың? Бөлүнөм деп бөлөк жашап кетсеңер керек.Биз жаш кезде кайненеге милдет кылбай эле өзүбүз бакчубуз.Азыр кээ бир жаштар кайненсине бала төрөгөнүн милдет кылабы деп ойлоп кетесиң, мен неберелериме канча нерселерди алып берем,бала бакча жагынан да жардам берем. Келиним иштеген жок,мен иштеп жүрөм,пенсиянын аздыгынан,ошентип жардам берип атсам, сизге бизден жардам керекпи деп сурап коюша элек. Бирок,иштеп,үй-бүлөөсүнө тың карагандар деле көп,мен ошолорго бакыт тилейм
28.05.2015. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо менин апам(озумдун)эки келин алды.Рая эже айткандай Ак койнокту жайкалтып кийиндирип,лимузиндерди тизип,келгенде алтынга болоп.Ак жоолугун салып эле кутуп алган.Эми келген келин да мээнетин акташ керек да.Уулу жакшы ошол суйуктуу уулду торогон апа кандайча жаман болуп калсын.Женелерим мурда эч нерсе билбейт эле.Азыр апам уйротуп Оо токулган ат болуп калышты.
29.05.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
менин кайын энем кудайга шугур. Бирок кайын агам бар ажырашкан,биз менен чогуу турат 2 жылдан бери. Иштебейт,эртели кеч уйдо. Менин кыймылымдын баарына сын менен карайт. Мага кайын агам кайын эне,жанымды кашайтып.
31.05.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
reina90,ошол кайнагаңа тилдүүрөк, колунан эчнерсе келбеген аял таап берип бөлүп салгыла, ошол аял "окутсун акесин"
01.06.2015. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
reina90,менде да кудум сендей))) менде кайнагамдын айалы бар болсо да мага кайнене))) кайненем айабай алтын айал.жаман балдарым менен эле урушпай талашпай жашасанар болду деп тим койот..биздин да аларды сыйлап барктай турган маал келет ошондо эчтекеге зарыктырбай багабыз кайненелерибизди...кайненелер аман болушсун...
29.05.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайын энемдин мага бирда катуу созун укпагам.жолдошум менен урушуп кетем десем.кайненем келип кызым эч жака кетирбейм сени.сен кетсен менда кетем дегенде калып калгам
31.05.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS,Сен жакшы келин болсоң керек,ошон үчүн кайненең сендей келинден ажырагысы келген жок, үй-бүлөөлүк бакыт каалайм,кайненең силердин төрүңөрдүн көркү болуп жүрө берсин
29.05.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин кайненем алтын .бирок кайын синдилер куйдурот
29.05.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ар ким озунун абалына жараша талкуулайт.АЛлах бири-бирибиз мн сынайт экен.эч кимге которо алгыс сыноо бербейт экен.ооба кепке оной,жашаганда оор... жараткан ээбиз барыбыздын жардамчыбыз болсун!
29.05.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sultanim,ооба туура айтас бул сыноо болгону оз апаларыбыз деле уруп урушатго буларда жакшы болсун деп айтатда.
29.05.2015. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул кайтар дуйнода менин да кайненен ойбой недеген шумдук жоруктарды жасады уруп тепкенге чейин бардыго чиркин калганын айтбайын баламдын башын айлантып эле тийдин кет деп кубалагандарычы уу эстесем ушуп кетем айла жок жолдошум учун чыдадым азыр шугур.кудай сактасын азыр ошо кезди эстесем бир топ эле кыйнала берем баары артта калды аа чынында бул биз учун сабак мисалы мен кайнене болсом келиними кызымдай кором козумдун карегиндей сактайм деп ниет кылам анткени мендей кор болушун калабайм. аа чынында оз апаларыбыз деле урушат кээде урат дегендей ага чыдайбызда кайнененин ай мындай дегенин чон. маселе кылып алабыз.
30.05.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи эле көп кайынэне, келиндерди карасаң,ажаан келинге жоош кайынэне, мастен кайынэнеге жакшы келин туш болот.Ошон үчүн бири кем дүйнө.Бирок азыркы кезде кайынэнени уккан келиндер аз. Кайынэнелер келин болуп калышкан.
09.07.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chtc,мага жоош кайнене туш келсе бөпөлөтүп багат элем, аттиң өзүм деле жоошмун мага ажаан кайнене туш келип калды...
30.05.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайненеге аралашып кетиш келиндин озунон. Ичи койнуна кирип, конулун таап, кулуп жайнап оз ишин так аткарса кимге гана жакбасын. Анан бышбаган гомочтой болуп былтыйып, кабагын салып, ишин чалагайын кылса кимге жагат. Оз апандай болбойт дегенге кошулбайм кандай келин болуш озунорнун колунарда деп ойлойм!
31.05.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кайненелерда бар,жамандарда бар,жакшыга жакшыдай,бакыларга бакшыдай мамиле жасаш керек азыр.
31.05.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайын эне,кайын ата убактылуу эле нерсе.чыдайлы кыздар!..))) за то биздин суйгон жигиттерди жарык дуйного алып келгенге себепкер,ак сутун,адал эмгегин жумшаган адамдар.
31.05.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanim,убактылуу нерсе деп буюмга теңегениңби? Өзүң да бир кезде кайнене болосуң, ошондо сени "убактылуу нерсе, бир аз чыдасам кутулам" деп келиниң айтса жакшыбы?
31.05.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири кайненесин, бири келинин жамандашат го. Аллахын келинге да, кайненеге да ынсап берсин.
31.05.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jipar.i нерсе дегенде буюмга тенеп эле туруп алганына эмне дейин..мейли балким ХХХ ХХХ ХХХ.бул жерде мен досторго сабыр кылайлы деген мааниде стимул берип атам.кантейин туура эмес тушунсон бул сенин айланага чаптырган коз карашындан.ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-01 11:12:48
01.06.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultanim, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
03.06.2015. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апам мага караганда азыр келининин козун карайт.Мен уйдо жашап жургондо уцдон озунчо болунуп кеткиче такыр жакшы соз укпадым апаман ээн окунучтуусу.коноктор келсе да мени жамандап уруша берчу, жаман создорду айтчу мага.кошуна, таанышынын кызын айтып менден ойдо тоолук короор эле.азыр кудайга шугур менде баары жакшы, жакшы жерге турмушка чыктым.азыр мага жалынып жалбара берет, убагында баркынды билбей жон эле урушчу экем деп.а мага азыр эч кимдин суйуусу кереги жоктой сезилет.
31.07.2018. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Memory,
24.06.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.эч качан келин оз кызындай болбойт,кайнене оз апасындай боло албайт.

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо