Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИТАЛИЯ ФУТБОЛУНУН КҮЗГҮСҮ – «ЮВЕНТУС»

№655 22-май-28-май, 2015-ж

Быйылкы УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына «Ювентус» жана «Барселона» чыгып, 6-июнда жеӊүүчү аныкталмакчы. «Барселона» башынан эле фаворит аталып келсе, «Ювентустун» финалга чыгышы күтүүсүз болду.
Бул саныбызда Европаны дүрбөлөӊгө салып, Италия футболунун күзгүсү болуп турган туриндик «Ювентус» клубу жөнүндө маалымат беребиз.

«ЮВЕНТУС»
Каймана аты
– “Кары синьора”, “зебралар”
Негизделген жылы – 1897-жыл, 1-ноябрь
Стадиону – «Ювентус Стэдиум», 41 миң орундуу
Президенти – Андреа Аньелли
Машыктыруучусу – Массимилиано Аллегри
Капитаны – Жанлуиджи Буффон
Жетишкендиктери:
Италия чемпиондугу (А сериясы) – 31
Италия кубогу – 9
Италия Суперкубогу – 6
Чемпиондор Лигасы – 2
УЕФА кубогу – 3
Европа Суперкубогу – 2


ЖАРАЛУУ
1897-жыл... Ноябрдын биринчи күнү... Турин шаарынын «Д’Адзельо» лицейинин бир канча студенттери кыларга иши жок, кызуу талкуу жүргүзүп жатышкан эле. Спортко кызыккан боз уландар футболдук клуб түзүүнү ойлоп жатышкан. Ал кезде футбол жаӊыдан дүйнөгө белгилүү боло баштаган.
Клубду негиздеген студенттердин бири Энрико Канфари ал кезди минтип эскерет: «Футболдук клуб түзүү биздин кыялыбыз болчу. Башында 15ке жакын бала чогулган. Эӊ улуусу 17 жашта, калгандары 15ке чыга элек балдар. Мына ушинтип «Ювентустун» тарыхы башталган». Буга улай ылайыктуу имарат табышып, аны штаб-кеӊсе кылып ачышат. «Клуб түптөө эмес, ага аталыш ыйгаруу алда канча татаал болду. Бири демократ болсо, бири латын тилин жактырчу эмес. Талаш-тартыштын жыйынтыгында «Ювентус» деген ысымга токтолгонбуз».

МЫКТЫЛАРГА КОШУЛУУ
Жаӊыдан түзүлгөн клуб алгачкы расмий оюндарын XX кылымдын башында өткөрө баштайт. Алар бара-бара Италия чемпиондугуна да катышууга белсенишет. Турин шаарында белгилүү боло баштаган бул футболдук клуб 1926-жылы алгачкы чемпиондукту багынтат.
XX кылымдын ортосунан тарта «Ювентус» өлкөнүн дөө-шаа клубдары, мисалга алсак, «Милан», «Интер» сыяктуу командалар менен бирге негизги клубдардын бирине айланат. Бул кезде Дино Дзофф, Гаэтано Ширеа, Марко Тарделли деген сыяктуу оюнчулар мыкты оюн көргөзүп келишкен.
«Юве» 1985-жылы Чемпиондор Кубогунун финалында «Ливерпуль» менен кез келет. Бул оюнда фанаттар ортосунда ызы-чуу чыгып, 40ка жакын «синьора» күйөрмандарынын өлүмү менен аяктайт. Аталган оюнда «Ювентус» жарым коргоочусу Мишель Платини менен айырмаланып, Европадагы эӊ мыкты клуб аталышат. Мындан соӊ муундардын алмашуусунан улам, 10 жыл ичинде эч кандай ийгилик жарата алышпайт.

ЧЕМПИОН НААМЫН КАЙРА БАГЫНДЫРУУ
1994-жылы «Ювентуска» башкы машыктыруучу болуп Марчелло Липпи дайындалат. Ал өзү менен ийгилик формуласын кошо алып келген деп айтылат. Себеби «кары синьора» кайрадан Европада чаӊ сала баштайт. Өлкө чемпиондугун мындай кой, Чемпиондор Лигасына 4 жыл ичинде 3 жолу финалга чыгат. Биринчисинде «Аяксты» утса, калганында утулууга дуушар болот. Бул убактарда Зинедин Зидан, Филиппо Индзаги, Алессандро Дель Пьеро жана Эдгар Давидс негизги оюнчулар эле.
2006-жылы Италияда болуп көрбөгөндөй жаӊжал чыгат. Буга себеп – ал кездеги «Ювенин» башчысы Лучано Моджанын коррупцияга аралашкандыгы. Жыйынтыгында соттун чечими менен «кары синьора» 2005-2006-жылдардагы чемпиондук наамдардан куру жалак калып, клуб В сериясына (экинчи дивизион) айдалат. Бул өз кезегинде футболчуларга эмес, күйөрмандарга катуу сокку болуп, ким клуб үчүн күйөрүн айгинелейт. Клубдун лидерлери болгон Жиджи Буффон, Алессандро Дель Пьеро сыяктуу футболчулар командасын таштабай, аны кайра бир жылдан соӊ А сериясына чыгарышат.

БЕТТЕШҮҮ КЕЗЕГИ «БАРСЕЛОНАГА» ЖЕТТИ
«Ювентусту» кайрадан күчтүүлөр арасына кошкон адам – бул анын мурунку футболчусу Антонио Конте саналат. Ал 2011-жылы башкы машыктыруучу болуп келген соӊ клубду дароо чемпиондукка алып келет. Жалпы үч жолу катары менен Италиянын мыкты командасы кылат. Ал 2014-жылы улуттук курамдын башкы машыктыруучусу аталгандан тарта, командага Массимилиано Аллегри дайындалат. Андан көпчүлүк күмөн санаса да, ал быйылкы жылы Италия чемпиондугу менен бирге УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына дейре чыгара алды.
Быйылкы сезон аталган клуб үчүн өзгөчө болууда. «Ювентус» оюн талаасында көзгө толумдуу футбол көрсөтүү менен жигердүү жыйынтык алып келүүдө. Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Андреа Пирло, Жиджи Буффон, Карлос Тевес башында турган футболчулар Клопптун «Боруссиясын», тырышчаак «Монакону» жеӊип чыгышты. Ошондой эле учурдагы Дүйнөнүн мыкты футболчусу Криштиану Роналдунун «Реалын» токтотушту. Эми кезек Лео Мессинин «Барселонасы»...

Кыcкача:

  • «Ювентус» легендарлуу ак-кара түстөгү формасын 1903-жылдан тарта кийип баштаган. Ал кезде Англиянын «Ноттс Каунти» деген командасынын формасын көрүп, ага окшоштурулуп жасалган.
  • «Ювентус» сөзүн латын тилинен которгондо «жаштык» дегенди билдирет.
  • Италияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо (2012-жылы) өлкөдөгү эӊ популярдуу клуб «Ювентус» деп табылган. Ал эми дүйнө жүзүндө 130 миллиондон ашуун күйөрманы бар деген жыйынтык берген.
  • «Ювентус» оюнчуларынан «Алтын топту» (Европа мыкты футболчусу) Омар Сивори, Мишель Платини, Роберто Баджо жана Павел Недвед алышкан.
  • Клубдун эӊ кымбат баага сатып алган футболчусу: Жанлуиджи Буффон «Парма» 54,2 миллион евро (2001-жылы). Эӊ кымбат баага саткан футболчусу: Зинедин Зидан мадриддик «Реалга» 75 миллион евро (2001-жылы).
Чемпиондор Лигасы. Жарым финал. "Реал" – "Ювентус". Альваро Мората соккусу менен "падышалык" клубду тизе бүктүрүүдө.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
25.05.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барсаны жениш кыйынго, быйылкы барса 2010- жылдагы барсадай.
25.05.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 tysy kunu saat kan4ada bolot
25.05.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bogotik,
бишкеке сааты боюнча саат 00-45 де
25.05.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Месси, Неймар, Суарес үчилтикти эчким токтото албай жатышат. Ювентустун токтото алаарына ишеним аз. 6-сында жакшы оюун корсотсо болду
25.05.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эх бизди токтоткондой барсаны да токтотсо экен
25.05.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldar96, Реалды токтотсо бизге кошулбайсызбы.? Эмнеси болсо да жакыныраакбыз го
25.05.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ювеге ийгилик а Барсага Жениш каалайбыз!!!
25.05.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
paradise1191,
барсанын кубок которгонун коргондон коро ювентустун которгонун коргонум жакшыраак
26.05.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldar96,Ийгилик
26.05.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берлин. 6-июнь. ЧЛсынын финалында Италиянын жана Испаниянын быйылкы чемпиондорунун беттеши. Эки аргентиналык 10-номурлардын тиреши жана эски тааныштар Суарес менен Кельининин жолугушуусу.
26.05.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барса чемпион болот бюрса көрөсүңөрго укмуш оюн көргөзөт барса.
27.05.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ювентуска ийгилик!!!
29.05.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uefamif, А барсага жениш каалайбыз )))
28.05.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барса алга и дайым алдыда.
Мессиге айттып койгом мени уят кылбай гол киргиз деп.)))
29.05.2015. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
forza Italia, forza Juventus
30.05.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реалдын фанаттары туз жалагила.
30.05.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ювентуз чемпион
30.05.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса бул сезондо кучтуу. Бардык чемпиондорду женди. Сити, Псж, Бавария, эми кезек Италиянын чемпиону Ювентуста. Барса чемпион, кудай буюрса
31.05.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Barca utatgo deym... keche ele 'copa del rey' di uttu
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо