Түмөнбай Колдошов, обончу: «МАГА СЫН АЙТКАН АТТУУ-БАШТУУЛАРДАЙ ДИПЛОМДУУ МУЗЫКАНТ ЭМЕСМИН»

№655 22-май-28-май, 2015-ж

Акыркы кезде «Сагындыӊбы, мен да сагындым» деген саптары бар «Элегия», ошондой эле «Сиз жөнүндө», «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ырлар элдин жүрөгүнөн орун алууда. Дал ушул чыгармалардын обондорун жараткан көп кырдуу талант ээси Түмөнбайды биз мына ошол кайрыктары аркылуу тааныдык окшойт.

ОБОНЧУ ЖӨНҮНДӨ

  • 1986-жылы Ала-Бука районунун Көк-Таш айылында туулган.
  • Ош мамлекеттик педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
  • Филология илимдеринин кандидаты.
  • Обончу, аткаруучу. 40тан ашуун обон чыгарган.
  • Илимий методика жана көркөм адабият боюнча 6 китептин автору.
  • Учурда Ош мамлекеттик университетинин Рыспай Абдыкадыров атындагы маданий эстетикалык борборунун директору жана ушул эле окуу жайда кыргыз адабияты сабагынын окутуучусу.

– Түмөнбай, жаш болгонуӊа карабай атыӊ да, обондоруӊ да салмактуу, жөн жерден эле обончу болуп калбасаӊ керек?
– Ооба, негизи мен 7 бир тууганмын, 3 кыз, төрт уулбуз. Апам 3 кыздан кийин агам Узакбайды төрөгөн экен. Ошондо атам «мен да жалгыз, уулум да жалгыз» деп ыйлап жүргөндө мен жарык дүйнөгө келгем. Атам «Ала-Тоо» журналынан Түмөнбай Байзаковдун «Кыргыз жери» деген ырын окуп аябай таасирлениптир. «Менин уулум да кыргыз жерин даӊктаган, белгилүү инсан болсун!» деп ушул ысымды ыйгарган экен.
Эми мен Байзаковдун деӊгээлине жетемби же жетпейминби, бирок акын боло албадым. Обончулукта өзүмдү сынап жүрөм. Биз үй-бүлөбүз менен жакшы ырдап, ырга жакынбыз. Бирок элге таанылганы мен элемин. Кичинекейимде атам экөөбүз Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдордун ырларын укчубуз. Ошол ырлар менен чоӊойгондуктан, сиз айткандай, салмактуу болуп калыптанып калсам керек.
– Жараткан обондоруӊду сатасыӊбы, айрымдар буйрутма менен музыка жазышат экен.
– Ушул кезге чейин бир да обонумду сата элекмин. Буга чейин сурагандардын баарына бекер эле бергем. Болгону аткаруучуларга «обонун бузбай, анан авторун айтып ырдагыла» деп талап коём. Мындай же тигиндей обон жазып бер деп кайрылгандар да бар. Тилекке каршы, жакшы текст тапмайынча менде эргүү жок. Өзүмө жаккан ырды тапканда гана ырахаттана обон жазам. Ошондуктан кайрылгандарга «мен жараткан обондорду карагыла, ылайыктуусу болсо, ырдай бергиле. Алдын ала буйрутма албайм» деп коём. Мен укмуш деп санаган обон айрым ырчылар үчүн түккө да татыбай калышы мүмкүн. Обондун бактысын атактуубу, жаӊы чыгып келе жаткан ырчыбы, ырдын ичине кирип ырдабаса жүрөккө жетиши күмөн. Ошондуктан атактуулардан кийинки атактуулар да бар экени талашсыз.
– Элге таанылып калдыӊ, жакшы жактары бар бекен?
– Жакшы, жаман жактары бирдей. Чыгармачыл чөйрө жаӊы баш багып келе жаткан кишини өзүнө сиӊириши өтө оор. Сөзсүз ушак-айыӊ, жакшы-жаман сөздөр тегеректеп жүрөт. Атактуулук элден алыстатып салат экен. Интрига деген нерсе бар тура. Илгери мен публикага чыкпай, обон жаратып эле жүрө берем дечүмүн. Айрым аткаруучулар ырдын обону меники экенин айтпай ырдашканда, укугум тебеленип жаткандай болду. Анан аккордеонумду көтөрүп, өзүм ырдап чыктым.
– Жараткан обондоруӊа сын айткандар да жок эместир?
– Адамдын жүзү ысык болот тура, мага келип түз айтпаса да, мен жок жерде аттуу-баштуу эле адамдар сын айтып жүрүшөт экен. Мен аларчылап дипломдуу музыкант эмесмин, Кудай берген талант менен музыка жазып жатам. Кайрыктарым көкүрөгүмдөн чыккан чыныгы обондор. Аны көркөмдөп, жасалгалаган жерим жок. Ошондой эле менин ишенген чыныгы сынчым деп атамды айтам. Биздин Көк-Таш айылыбызда 150 кишилик маданият үйү бар. Мындан 3 жыл мурун «элден бата алайын, айылыма концерт коюп барам» десем, атам колдоорун айткан. Анан концерт башталарда ачуусу келип калыптыр. «Сен өзүӊдү обончу катары сезип концерт коюп жатасыӊ. Ким айтты сени обончу деп? Ырларыӊды ким угат? Эл келбей койсо, менин кан басымым көтөрүлөт» деп атам концертиме келбей койгон. Андан кийин Ошто «Сагындыӊбы, мен да сагындым» деген аталышта концерт бердим, ага да келбей койду. Ата да кантсе да, эл келбей калса баласынын эл алдында томсоруп, бозоруп турганын көргүсү келбей, чочулады окшойт. Былтыр, быйыл концертиме катышып ыраазы болду. Жараткан обонумду алгач атама угузам, «жарайт!» десе ырдайм, болбосо жок.
– Кел, сүйүү темасында сүйлөшөлү. Чыгармачыл адам сүйүп турушу керек дейт...
– Мектепте, окуу жайда деле менин сүйүүм купуя бойдон калып калчу. Анткени тартынчаактыгымдан көп сүйүүмдөн куру калдым. Бирок сүйүү айтылганда күчү кетип калат экен.
– Демек, күчү кетип калат деп жубайыӊа да «сүйөм» деп айта элекмин дечи?
(Күлүп) Сүйүү – бул баш кошконго чейинки эле процесс. Үйлөнгөндөн кийин үй-бүлөнү сүйүү эмес, жубайлар ортосундагы бири-бирине болгон ишеним сактайт деп ойлойм. Миӊ жалындап сүйсөӊ да ортодо ишеним болбосо, ал кызганычка айланып, кызганычтан уруш чыгып, курган үй-бүлөӊ урап калышы мүмкүн. Ошондуктан жубайымды таап, тааныштырган жакындарымдын сөзүнө ишенип, бир эле жолу көрүп, ага баш кошууну чечкем. Ошентип келинчегим менен экинчи жолу тоюбузда көрүштүк. Учурда Ырысбай, Ынакбай деген уулдарыбызды тарбиялап жатабыз.
– Жакшы, алдыдагы пландарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Илимпоз катары илимимди өркүндөтсөм деген оюм бар. Филология илимдеринин кандидаты болгонума карабай, мени эл обончу катары тааныйт. Ошондуктан бүгүнкү күнү сөзү, обонун өздөрү жазып, ырдап чыккан, жеӊил-желпи музыкага өзгөртүү киргизишим керек. Кадимки Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай, Жолболду, Токондон бери келе жаткан салмактуу музыканын улантуучусумун. Азыр кулактын ыры көбөйүп кетти. Угармандын табитин бузуп алганбыз. Асмандан келе жаткан тамчы «менин селге тиешем жок» деп ойлойт экен. Ошонун сыӊары ар бир ырчынын кыргыз музыкасына салымы, тиешеси бар.

"Менин ырдаганымды атам сындайт, апам колдойт".

"Келинчегим Гүлназ, кесиби мугалим. Учурда балдар менен үйдө".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Обондорумду сурагандарга берүүнү токтотом" дейт Түмөнбай Колдошов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(45)
Медиа-портал
24.05.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концертинизге чыгармачылыгынызга ийгилик.
SUPER.KG видео
24.05.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ishinizge iigilik.Talantynyz tashkyndai bersin!
Медиа-портал
24.05.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тумонбайдын ырларын, озу Гана жакшы аткарат.
Медиа-портал
24.05.2015. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул ырды самара аткарганда билдим самара жакшы жеткиликтуу аткарган ону дагы сулуу болгондуктан аябай жарашып калган ону дагы чон рольду ойнойт
25.05.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сизден дагы кооп жакшы ырларды кутобуз ийгилик.
25.05.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз. Маанилуу,мазмундуу ырдайт. Менин жердешим.
25.05.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тумонду Ошто окуп жургондо тааныдым, озу жонокой, токтоо муноз бала экен эле. Ырларын ошондо эле угуп ото маанилуу ырдайт экен деп койдум эле.. Ийгилик Тумонбай.
25.05.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларын уккундан тажабаймын,журогумо жетет.Дагыда жакшы, жаны чыгармаларды кутуп калабыз.
Медиа-портал
25.05.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek boluptur, iygilik, koncertinizge el tolo kelsin!
25.05.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!
25.05.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чоон эле киши экен десем жапжаш турбайбы))
25.05.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
fanatka19,
Ооба да, менин агайымгоо ото жонокой адам. Чыгармачылык ийгиилик!
25.05.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи артыкчылыгы обондоруна маанилүү жакшы текстерди тандай билет. Ийгилик, талантың ташкындай берсин!
26.05.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түмөн агайдын ырлары м.н ооруп жүрөм))
26.05.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик онорунуз оркундой берсин. Сизди сыйлап Замир*Майраш
Медиа-портал
26.05.2015. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун агай го,биз сиз менен сыймыктанабыз чыгармачылык ийгилик!!!
26.05.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик чын эле жапжаш турбайбы. Улуу корунот эле. Озун салабаттуу алып журот экен. Жакшы кайрыктарды кутобуз
Медиа-портал
26.05.2015. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тумонбай иним Бишкекте боло турган концертин ийгиликтуу отушуно чын журоктон тилектешпиз. Аллаа-таалам озу колдосун иштерине, омуруно береке берсин!!!
26.05.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
86 деп адашып жазган жокпу, 76 болуп журбосун
26.05.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага ушул ырчы абдан жагат, талантынызга таазим
Медиа-портал
26.05.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйно таанымы кен экени билинип турат азамат жанда озу
Медиа-портал
26.05.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле 86-жылкы. Жаш болгонуна карабай,өчпөс обондорду жаратып жатканы адамды кубантат. Абдан жөнөкөй, талантуу Түмөнбай аке чыгармачылык, ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
26.05.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын ташкындай берсин талантына таазим
27.05.2015. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. сонун обондорду жарата бериниз. ийгилик.
27.05.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайбыз,азаматсын!!!
27.05.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да ырлары жагат.Ыймандуу,тартиптуу адам окшойт озу да.Тилектериниз ишке ашсын!
Медиа-портал
28.05.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртенки концертинизди жакшы откоруп алыныз! Чыгармачылыгынызга ийгилик!
Максатка соз жок, как всегда супер!
28.05.2015. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик бардык ырларын элге синимдуу, уккулуктуу. Биз сен менен сыймыктанабыз. Классташын Гулсанам
28.05.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ОшМунун главный корпусундагы 201-аудиторияда эргуу менен сабак отчубуз, анткени умут телестудиясында Т. Колдошов созолто аккордеон тартып ырдап турар эле. Эх кандай сонун эсте каларлык кундор.
28.05.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тумонбай агайдын ырларынын мааниси анан аткаруучулук чебекчилиги ага кошуп уну да топ келишкен ырчы.
SUPER.KG видео
30.05.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кесиби филолог болгонунабы ырларынын тексти абдан терен,маанилуу. Обондору да уккулуктуу,женил-желпи эмес.Азаматсын,иштерине ийгилик!"Сиз жонундо"деген ыры аябай жагат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо