Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЛ КИШИ ӨЗҮНҮН ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН ЭЛЕ ЖАШАП КЕЛГЕН, ЖАШАП ЖАТАТ. БИЗДИН МАМИЛЕНИ ӨЗҮ ТОКТОТКОН»

№655 22-май-28-май, 2015-ж

Эстрада жылдызы Гүлнур Сатылганова уккулуктуу үнүнүн күчү менен сахнадагы популярдуулугун кармап келсе, шаӊкылдаган күлкүсү бөлмөнү бөтөнчө шаӊга бөлөйт. Дайыма жаштардын курчоосунда жүргөнүнүн таасириби же жашоосунда бурулуш болдубу, акыркы убакта өтө жашарып кетти. Анан да жеке жашоосу чүмбөтүн ачып, коомчулуктун талкуусуна алынды. Биз ырчынын ары кызыктуу, ары тынымы жок, ар дайым күйөрмандарынын көӊүл борборунда болгон жашоосу туурасында сүйлөштүк.

– Амансызбы, Гүлнур эже? Акыркы учурда «такыр эле колум бошобой жатат» деп калдыӊыз, эмне менен алпурушуп жүрөсүз?
– Ошко беш күндүк концерт берем деп болгон убактымды, күчүмдү ошол жакка жумшап тыным ала элекмин. Мен Ошко тойлорго барганым менен, жеке концертимди сегиз жылдан бери бере элек экем. Ал жакка мыкты бийчилер, сахнада жандуу ойногон музыканттар курамын түзгөн чоӊ коллектив менен барам. «Миӊ уккандан бир көргөн артык» деген ураандын алдында мени сагынган, көргүсү келген күйөрмандарымды концерттен күтөм.
– «Уулум Кытайдан келди» деп жаттыӊыз эле, чыгармачылыгыӊызга киришип, кээде кол кабыш кылышабы?
– Уулум чыгармачылыгыма көп деле кийлигишпейт. Бишкекте бир жарым ай каникулда жүрүп кетти, эми жайында келет. Окуу жай эл аралык болгондуктан билим алуу англис тилинде жүргүзүлөт. Түрк лицейин бүткөн, англисче мыкты билет. Учурда кытай тилин үйрөнүүдө. Арнас лицейди бүткөндөн кийин 3-4 мамлекеттин окуу жайларына тапшырып, баарына өтүп кеткен эле.
Мен Түркияда же бул жерде окушун каалагам, бирок укпай койду. Бала чоӊойгондо өзүнүкүн бербей калат тура. Кичинекейинде бронхит болуп ооруган, дарыгерлер «океанга жакын жерде жашаса, деӊиз абасы жакшы жардам берет» дешкен. Балам азыр Кытайдын Далянь деген туристтик шаарында, деӊизге жакын жерде окуйт, ал жакты деле тандаганы жакшы болду деп калдым.
– Кытайда окуган баласы бар ата-энелердин «көп акча кетет экен» деп кыйналып жатышкандарын уккам, сиз кыйналган жоксузбу?
– Мага деле кыйын. Ар бир ата-эне балам билимдүү болсун деп тапкан-ташыганын уул-кызына чаптайт эмеспи. Ырдап тапкан акчамдын баарын ай сайын уулумдун тамак-ашына жөнөтөм, жылына 10 миӊ доллар окуу акысын төлөйм. Баламдан башка эмнем бар? Жумшай турган бизнесим болбосо же байлык топтоп жатпасам.
– Уул баланы атага жардамчы, кызды энеге курбу дешет, кызым болсо деп өкүнгөн учуруӊуз болду беле?
– Албетте, өкүнөм. Жок дегенде 3-4 балалуу болом деп кыялданчумун. Негизи Кудай адамга 3-4 жол берет, ошонун бирөөсүн өзүбүз тандап алат экенбиз. Ошондон улам адам тагдырын өзү курат дегенге ишенем. Балким, мен жашоомдо чыгармачылыкты биринчи орунга койгондурмун. Мүмкүн, көп бала-чакалуу болуп жашай турган адамды жолуктурган жокмун. Бул эми тагдыр да.
– Сиз менен биринчи баарлашкан адам өктөм сүйлөгөнүӊүздөн улам орой деши мүмкүн, ошондон улам да жигиттер сизге сүйлөгөнгө батына алышпаса керек?
– Койчу, ошондой ороймунбу? Андай деле эмесмин го. Балким, атым чыгып калгандыктан сүрдөшөттүр, кээ бирөөлөр мени «теӊсинбегендей, бой көтөргөндөй көрүнөсүӊ» деп калышат. Тескерисинче мени менен иштешкендер мага тартылат, кеӊеш сурашат. Мени менен мамиле кургусу келишет, себеби алар мүнөзүмдү жакшы билип калышкан.
Адамда көптүн ичинен суурулуп чыгыш үчүн мүнөз болуш керек. Мен бала кезден эле бир туугандарыма караганда тыӊ окшойм. Аларды башкарып алчумун, улуу бир туугандарым дагы улуусунбай, кеп-кеӊеш сурап кайрылышчу.
Адам таптакыр эле жоош болуп оюн айта албаса, ошол боюнча эле өтүп кетет. Эгер мен максат койсом, сөзсүз жетем, тоскоолдуктарды жеӊем. Жашоодо бир нерсени
байкап жүрөм. Ар бир нерсенин убактысы болот экен. Аны күтпөй эртеле бир нерсени баштап ага жетем деп тырмыша бергенимден майнап чыкпайт.
– Акыркы учурда жашарганыӊыз байкалат, сыры эмнеде? Балким, жашооӊузда өзгөрүү болгондур?
– Жок, ай, өзгөрүү деле болгон жок. Дайыма бир калыпта жүрө албайм, өзгөрүп турганды жактырам. Эксперимент деп чачымды кырктым, бир аз арыктадым. Кайрадан машыгуучу залга бара баштадым. Мурда барып жүрүп таштап койгон элем. Окумуштуулар «бардык оорунун дарысы – спорт» деп айткандай, спорт менен машыксаӊ дениӊ сак болот. Биз, адамдар, өтө жалкообуз, кыймылдабай отуруп алып эле тамак жей беребиз. Мен машыктыруучунун көзөмөлүндө гана чуркайм, гантель көтөрөм, пресс жасайм. Мурун эртеӊ менен кеч турсам, азыр эрте туруп калдым. Ошонун таасири менен учурда сергек, жеӊил жүрөм. Жаш көрүнүшүмө ушул нерселер себеп болсо керек.
– Интернеттеги баракчаӊызга илген сүрөттөрүӊүздөн улам дайыма жаштардын айланасында экениӊизди көрөбүз. Алар менен баарлашуу сизге эмнеси менен кызыктуу?
– Чыгармачылыкта жүргөн жаштар мени жакшы көрүшөт, сыйлашат. Көбү менин ырларымды угуп чоӊойгондор, туулган күндөрүнө, тойлоруна чакырып турушат. Мен да чакырган жерден калбай барам. Барбай койсоӊ таарынып калышы ыктымал. Эс алганы тоого, киного чогуу барып калабыз. Чын эле өзүм курактуулар менен башынан эле чогуу жүрбөйм.
– Сырыӊызды жашырбай айткан, өзүӊүз ишенген курбуӊуз барбы?
– Мени менен дос болом, катташам деген тааныштарым толтура. «Кел, экөөбүз катташалы» деп 1-2 жолу чай ичишкенде эле достук уланып кетпейт. Жылдызыбыз, мүнөзүбүз, көз карашыбыз келишсе анан катташабыз да. Адамдын кандай экенин бир сүйлөшкөндө эле баамдап калдым. «Көрө-көрө көсөм болот» дегендей, жыл өткөн сайын психолог болуп калат экенсиӊ. Мурун досторум көп болчу, азыр иргелип отуруп 2-3 эле курбум калды.
– Каалаӊыз, каалабаӊыз, мурунку башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев менен болгон мамилеӊиз туурасындагы макала коомчулуктун талкуусуна алынып кетти, буга кандай реакция кылдыӊыз?
– Биринчиден, эки адамдын ортосунда болгон жеке мамиле коомчулукка чыкпашы керек эле. Кандай болгон күндө да ал экөөбүздүн гана ортобузда болгон мамиле да. Демек, ал макала атайын мени каралоо үчүн буйрутма менен жаздырылган. Аны ким жаздырганы түшүнүктүү...
Мени аябай жамандаган бул макала чыкканда элге ыраазы болдум. Жүз пайыз мени колдоп, таламымды талашып, коргоп келишти. Ошондо элдин кызы экениме, артымда мени колдоп турган элим бар экенине сыймыктандым. Ооба, бир да жооп жазган жокмун, себеби ал жерде жазылгандын токсон пайызы калп. Жооп жазып, алардын деӊгээлине түшкүм келген жок. Эмне үчүн жеке турмушумдагы бирөө менен болгон мамилени коомчулук менен талкуулашым керек? Баарына Кудай күбө.
– Сизди ал кишини колдонуп, анан оор учурда таштап кетти деп жазышты...
«Таштап кетти, пайдаланды» деген сөздөр суу кечпейт. Мен ал кишини таштап кеткидей официалдуу жубайы белем? Ал өзүнүн үй-бүлөсү, бала-чакасы менен эле жашап келген, жашап жатат. Биздин мамилени өзү токтоткон. Биз дос мамиледе калгандан кийин ал макаланын коомчулукка чыгышына жол берилишине таӊ калдым. Менден душман издегени туура эмес болуп калды.
– Маегиӊизге рахмат!

"Мен уулумдун Түркияда же бул жерде окушун каалаган элем, бирок укпай койду. Бала чоӊойгондо өзүнүкүн бербей калат тура".

"Чын эле айланамдагылар жаштар. Өзүм курактуулар менен башынан эле чогуу жүрбөйм."

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(80)
26.05.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элмурза аялга мамиле жасоо жагынан опытный деп укканым бар. Кеминде эле 3-4 женушкасы бар дешет го. Гулнур эжени да жолунан тосуп опыттарын колдонуп асылып туруп алса керек. Ырчы экспрокурорду эмес, ал киши Гулнур эженин атагын пайдаланып кетти окшойт.
26.05.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zarbaliktik, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! 2 күн БАН!
26.05.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет кербен журо берет Гулнур алга талантын ташкындай берсин!
26.05.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушта болот жакшы жаманы,ушак созу,коро албастыгы, кайгы-муну,ошон учун турмуш кызыктуу....талантынызга таазим эжеке.
26.05.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы адамдын артынан ушак ээрчийт.Коро албастар суйлой берет кудайга жаксаныз болду ак болуп.Ким эмне десе ошо десин.Ийгилик сизге!
27.05.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes eje da syilaim,baalaim aman bolunuz
27.05.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже бизге ырчы андан жакшы ырларды кутушубуз керек.Ал эми жеке жашоосун озу билет да ким менен журот.Жалгыз бой аял уйбулосу жок болгон сон журот да бул дагы.Адамдарга жакпайт журсо журду дешет ,журбосо дагы айтышат .Ырчы катары баалайм.
16.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озунун каалоосу менен жашоого укуктуу. Бирок уй булолуу адам менен жургондон кийин ал адамынын аты жонун жарыялаганы туура эмес. Анын бала чакасынын, аялынын ахвалын ойлоп койбойбу?
27.05.2015. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик.
27.05.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мен бир нерсеге таң калып жатам, эл адамдары, атактууларыбыз ачык эле айтып калышкан турбайбы, ээ... Үй-бүлөлүү адам менен мамиле куруп, аны жалпы журтка жарыя кылуу кадимки эле көрүнүш болуп калган турбайбы... Өткөндө Асел Турдалиева "баарынан тажаганда сүйүктүүмдүн жанына кетип калам" деди эле, бул эжебиз "биздин мамилени өзү токтоткон" деп...
27.05.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сүйсүн, сүйүктүү болсун, бирок аны, жеке жашоосун шардана кылуунун кажети жок, айрыкча бул эжелердин мисалында. Эгер мыйзамдуу күйөөсү болсо бир жөн, анан үй-бүлөлүү адамдар менен мамилесин эч тартынбастан, уялбастан жарыя кылуусун мен түшүнө албайм.
27.05.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнур эжеге сооз жок
28.05.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактысыз,байкуш адамдар ушинтип уялбай тартынбай бирөөнүн бактысына кол салышат. Жөн гана пайдаланууну көздөгөн учурда да ал адамдын аялы,балдары эле кыйналды го. Убал-сооп деген бар да.
28.05.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат. Таланттуу,сулуу и акылдуу аял. Асман деген ырынын мааниси сонун.
28.05.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулнур эжеге ийгилик каалайм. Гулнур эже тууралуу жакшы ой-пикир калтыргандарга, минусту басып жаткан адамга айтаарым: менин дагы комментарийиме минусту басышты унутпа))
28.05.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Кумирим эн сонун инсан эмне болсо да дайыма бирдей мамиле жасайт.
28.05.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да жагат Гулнур эже.Уну уккулуктуу.Бирок чындап эле жаштардын арасында жургону кызык да.Же озун ошолордой сезгиси келеби билбейм.
30.05.2015. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тушунбой калдым ошондо ойношуну ачык эле айтып салдыбы? "мен не офисиалдуу жубайы белем" -деп?
01.06.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Seitbek.93,))))
30.05.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бироонун жеке жашоосун талкуулагандан коро пенде оз жашоосун жондоп жашап алса,туура айтат эже бул мамиле эки адамдын ортосундагы жеке маселе,ага кийлигишкенге эч кимдин акысы жок талантынызга таазим
30.05.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо күлгөнү эле соонун да шаңкылдап))
30.05.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыздын жакшылыгын корун ылайым!!!
30.05.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйбулолуу бироого кызыккандан коро турмушка чыгып албайбы. Кочодо толтура бойдок эркек журот. Анын бийлиги менен кадыр баркына кызыкканыбы же башка жонокой эркектерди тоготпогонубу? Гулнур эжени ырчы катары сыйлайм, талантына таазим
30.05.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйбулолуу бироого кызыккандан коро турмушка чыгып албайбы. Кочодо толтура бойдок эркек журот. Анын бийлиги менен кадыр баркына кызыкканыбы же башка жонокой эркектерди тоготпогонубу? Гулнур эжени ырчы катары сыйлайм, талантына таазим
30.05.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озу токтотту,жашап аткан жашап атат,экообуздун мамилебиз,-деп жон эле ичтим-жедим дегендей эле суйлоп коюптур го.Эжекемен кичине конулум кайта тушту, дааа.
30.05.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыздарга сабак, куйоонорду сыйлагыла,эч качан ажырашбагыла.Себеби бардык адамдар тугойу менен болсо кандай жакшы, ушуга окшогон создор болбойт.Эл оозунда элек жок.
31.05.2015. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biroolordun uy bulosuno jeke jawoosuna kiyligiwuu jakwi emes. Kaalas obama kaalasa putin menen mamile kurat adamdar. Al emi kunookorluk kilgan bolso Kudaydin astinda jakwilap joop beret
31.05.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт качан айтып койгулачы сураныч
31.05.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда жаап жашырмай жок болуп баары ачык айтылып калган тура, эхх, эмнеси болсо да ыймандуу бололу!
01.06.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керек болсо элмырза айылына алып барып келининер болот деп таныштырган концерт берген кийин ал кызматтан тушкондо таштап кетип калган пайдаланып таштап кеткени чын чычалабай эле койсо болот
02.06.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжени сыйлайм ырлары аябай жагат. Бирок ойношу бар экенин билбепмин
06.06.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактааа канча коменет...бироонун жеке жашоосун талкууга алып эмне кыласынар. ..Золотой голос чыгармачылыгын баалаймын.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо