Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АТАМА ЧАЛЫП БИЗДИ ЭМНЕ ТАШТАП КЕТТИӉ ДЕП УРУШАТ ЭЛЕМ»

№655 22-май-28-май, 2015-ж

6 жаштагы Алишер Эсеналиев (таенесинин суранычы менен баланын аты-жөнү өзгөртүлдү) 3 жаштагы карындашы менен таене, таятасынын колунда. Апасы Орусияда иштейт. Ал эми атасы ошол жакта жүрүп, башка үй-бүлө куруп алган экен. Турмуш тиричилик деп чет жакада жүргөн мигрант мекендештерибиздин саны өтө эле арбын. Ар биринин өз мекенинде аз дегенде 1-2ден зарыгып күткөн балдары бар. Алардын бирин чагылдырып, учурдагы мигранттардын балдары ата-энесин кантип күтөт назарыӊыздарга сунабыз.

- Алишер, канча жаштасыӊ?
- 6 жаштамын.
- Досторуӊ барбы, кимдер менен ойнойсуӊ?
- Айкыз анан карындашым үчөөбүз ойнойбуз. Мен жаз келгенден бери Айкызга көп гүлдөрдү терип берем. Ал мен терип барган гүлдөрдөн тамак жасайт. Мен үй жасайм, анткени мен атасымын да. А Айкыз болсо апасы, карындашым болсо кызыбыз болот.
- Бир үй-бүлө болуп ойнойт турбайсыӊарбы. А сенин апаӊ менен атаӊ кайда?
- Апам Орусияда иштеп жүрөт. Атам болсо... (ред.ушул жерден бала мукактанып, көздөрү жылтырай түшүп таенесин карап калды. Таенеси мени карап башын чайкап койгонунан бул темага кайрылбоо керек экенин түшүндүм.) Апам бизге үй алабыз деп иштеп жүрөт. Эми келсе карындашым үчөөбүз жашаганга үй алабыз.
- Келечекте ким болсом дейсиӊ?
- Милиция болом.
- Милиция кызматкерлери эмне кылат, билесиңби?
- Ууруларды кармайт, камайт. Мен да ошентем. Тентек кылган кишилерди кармап келет да. Анан мугалим болуп, балдарга жазганды үйрөтөм.
- Телевизор көрөсүӊбү?
- Ооба, бизде DVD жок бирок. Телевизордон күтүп Маша жана Аюу, Том менен Жеррини көрөм. Анан Келинди көрөм. Мен Жагдиштей болбойм, ал байкуш Анандини ыйлата берет.
- Апаӊды сагынганда эмне кыласыӊ?
- Таенеме «апама телефон чалып бериӊизчи» дейм. Телефондон сүйлөшүп турабыз. «Келе бериӊизчи, таятамдын үйүндө деле жашап турабыз» дейм, бирок үй алыш керек да, апам үй алабыз деп жүрбөйбү. Кээде ыйлайм, таенем «ыйлаба, апаӊ кар жааганда келет» дейт, кээде «дарбыз бышканда келет» дейт, бирок апам келе элек.

«АЛИШЕР АКЫЛДУУ ЖАНА СЕЗИМТАЛ БАЛА»
Мындан ары Алишердин таенеси Турумкан апа менен маекти уладык.
- Кызым менен күйөө балам үйлөнгөн соӊ, күйөө балам Орусияга иштеп кеткен. Алишер төрөлгөн соӊ келип, баласын көрүп көпкө жүрдү. Андан кийин кайра кетти. 2011-жылы экинчи кызы төрөлгөндө да келип, баланын документтерин тууралайм деп аракет кылып жүрүп аягына чыкпай эле кайра кеткен. Кызы бизге катталып калды. Анан калса ал төрөлгөндө эле жүрөк кемтиги менен төрөлдү. Кийин күйөө баламдын башка үй-бүлө куруп алганын уктук. Ошондо кызым күйөөсүнөн түӊүлдү окшойт, эки баласын бизге таштап, ал да Орусияга кетти. Иши деле жакшы болбой жатат. Акыркы жолу Ноорузда 4000 рубль салган. Ошондон бери эптей албай жатат окшойт. Кантип үй алат, билбейм. «Ала албайсыӊ го, келип биздикинде тура берсеӊчи» десем, «2 балам менен кантип батам?» деп эле болбойт. Кызын болсо жыл сайын дарылатып же текшерүүдөн өткөрүп туруш керек болчу. 2 жылдан бери доктурга алып барууга шартым жок, Кудай сактасын деп эле жүрөбүз. Алишер болсо атасын сурап, жанымды койбойт. «Телефонун таап берчи, чалып, кел дейт элем. Сүйлөшсө бизди эмнеге таштап кетесиӊ деп урушат элем» деп зээнди кейитет. Кызым сүйлөшкөндө Алишердин атасы жөнүндөгү оюн айтсам, «атаӊ өлүп калган» деп үмүтүн үзүп салгыла, ал келбейт» деди. Балага бул нерсени айтуу кандай оор экенин түшүнүп жатсаӊыздар керек. Акылдуу, сезимтал, бир нерсе десеӊ эле көзү жашылданып, боорду оорутат. Аман болсо эми апасы деле келер, жаштын тилегин берет дейт. Ушулардын бир тилеги орундалып, турмушу оӊолсо экен.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(49)
25.05.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
OSHTUK_, саламатсызбы!
Макалада ката жок.
25.05.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Күчүгүм десе, аман болсон сенин көчөңдө да той болот.
25.05.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ылайым тилегине жет, жакш ыбилим алып, милиция же мугалим бол, жакшы кундорун коп деле алыс эмес буюрса
25.05.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ ошого окшогон эркектин барынан жогу
26.05.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Serenada,Alisherdin atasyna okwogon erkekterdi ewe poiskat nado. Kyzdar waitan emespizbi? ui bulonu jeke ele atasy buzgan emes. dagy bir jolu aitam jany ui bulo kurganyna 1.5 jyl ele boldu
25.05.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алтын бала экен!кудайым омур жашынды узун кылсын,тилегине жет!атан анга тушсун!
26.05.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Apsi,Atasy jolugaiyn dese jolukturbai jatkan ozdoru kunolu.... jardamyn alyp alyp uwintken bolmok bele? Atasy apasyna booru oorup ozun kelgende jolugam dep jurgon,bul apasynyn kaaloosu. barganda jolugasyn dep koigon apasy. uwu ubakytka chein kolunan kelgen jardamyn berip jurdu.
31.05.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirona,эмне жардам бергенин "милдет" кылып айтып жатасын? Албетте жардам берет, жардам бермек тургай озу багыш керек уй-булону эркек болгондон кийин! А эмне учун жолуктурбай жатышат атасына?
25.05.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткан Аллах колдосун сени.Тилегине жетип апанды карындашынды сыйлаган акылдуу жигит бол!
25.05.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата-энеге болгон кусалык кандай жаман, кучугум десе аман эсен чоное бер акылдуу балдардан болуп
25.05.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
окуп ыйлап да алдым. Бактылуу балалык каалайм!
25.05.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай окуя биздин азыркы коомдо толтура,айрым эркектердин уй-було алдындагы жоопкерчиликти сезбегени, ушул балдардын убалы.Аларга да Кудай бардыр, бир жерден тиешесин бере турган. Бул тагдырга жазылган сыноо,ал эми келечекте Алишер эн жакшы ата болот деп ишенем.
25.05.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээхх, россия деп.... уй,тиричилик деп журуп бизнес да инимди жоготуп алдык.
25.05.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх бул болбогон бир кагаз
Канча болсо да баары аз
Чарчап чарчап иштейсин
Жайбы Кузбу кышпы жаз

Эх бул болбогон Москва
Азгырдынго баарын тартып акчага
Эртелептен Колдо калак шыпыргы
Шыпырттынго аял эркек баарыга
26.05.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirona, саламатсызбы!
Макалада жазылгандай, таенесинин суранычы менен баланын аты-жөнү өзгөртүлгөн. Ал эми байланыш маалыматын тилекке каршы, бере албайбыз.
26.05.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_superstan, суротун чыгаргандан кийин аты жонун озгортушкону неси
26.05.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Anda aityp koigulachy bul makalany emne maksat m.n chygaryshty? Atasy alyp ketsin deppi? je jardam bersin deppi? Apasy m.n kop jolu suiloshtuk,chonoisun dep jolukturbai jurot. Atasy 1 ai murun apasy m.n suiloshup baldardy baryp koroin dese men kyrgyzstanga barganda korosun dep makul bolboi koigon. ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-27 10:47:49
27.05.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirona, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз.
29.05.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mirona,Тема айтып турат го.Мигранттардын балдары кандай кун коруудо,кусалык,кутуу тууралуу мисалга бир уй булоону алып жазылыптыр.Эч кандай жардам же алып кетсин дегенди коргон жокмун.Туура тушунунуз.Мындай жашоого Москвада кубо болуп атабыз толтура.
26.05.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен кайынсиңдимдин баласын көрүп аябай таң калган элем. Ал уулун 4 айлык кезинде кайын журтуна таштап баса бериптир. Арадан 8 жыл өткөндө кайненеси алып келди. Бир көргөн апасынын жанынан чыкпай отурду. Анын баскан-турганын, сүйлөгөнүн көрүп таң калдым, 50дөгү кишидей. "Көрсө менин апам жаш турбайбы, кемпирдин баласы эмес турбаймынбы" дейт. Кеийим алып берсе "мен да жакшынакай кийинип барат турбаймынбы" дейт күзгүгө каранып...
Балдар толук үй-бүлөдө гана бактылуу боло алышат
26.05.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балага аябай боорум ачыды карындашынын абалын ойлоп андан бетер койидим, бирок менин тан калганым апасы кантип чыдап журот болду экен оорулуу кызын таштап, иши болбой атса келе бербейби убакыт откорбой? Анан Алишер толоргондо атасы келип журуп кайра кетсе анан кызы торолгондо дагы келди дейт анда кызы каятан журуп боюнда болуп калат бала менен кыздын ортосунда уч жыл айырма болуп ататго атасы кетсе кандай болду быягы...
26.05.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AFRODITA-89,Ошо кетээриге жакын туурлап койдуда кайра келгиче торолуп калды...
27.05.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
aydarken, al 100% belgiluu emes kimdin kyzy ekeni
26.05.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, Oi kyz ajyrawkandan kyiyn torolup jatpaiby... tuura Moskvada ishtegen birok ui bulo kurgan emes. mamileleri kelishpei ajyrawkan. Alisherdin atasy jany ui bulonu 1.5 jyl boldu kurgany.
27.05.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mirona,сен куйоо жактан болосунбу
27.05.2015. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оксуп оксуп ыйлап алдым...эххх!Аллахым оз мээримине алсын силерди.Акыл-эстуу болуп чонойгула,омурлуу болгула ылайым.
27.05.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev2004, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
27.05.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы мезгилде ушул койгой коомубуздагы эн башкы маселе десем жанылышпайм!!! Алишерге окшогон балдар,кыздарыбыз толтура! Мына журок ооруткан маселе,биздин келечегибиз болгон балдардын ата-эне мээримине зар болуп жашоосу...Алардын жаш толгон мундуу коздорун карап,журогу тилинип отурган байкуш чон ата,чон эне,таята,таянелер...
27.05.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алишер айдын он беши карангы болсо он беши жарык болот балам кудайым силерге дагы жарык гунун ачат сабыр кыл карындашына АЛЛАХТАН шыфаа тилейм
27.05.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек болсо балдарына жардам бермек ХХХХХ ХХХХХ ХХХХХ эркектер толтура бечера балдарга еле кыйын кудайым жардам берсин апасына балдарына.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-05-27 17:05:04
27.05.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kanybek.G, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү!
28.05.2015. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер ошондой акмактардын суротун таап шыбап салбайсыныздарбы биринчи бетке , эл таанысын звездаларын (кидалшик псевдо папаларды)
28.05.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу жардам берсин ушул уй булого
28.05.2015. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eehh boordu achutkan baikush bala.toktono albai uilap da aldim,jurogum jaman oorudu baikush balaga.Alisher Allahum jardam bersin senin ui bulono jakshi tilekterin bar eken tilegine jet kuchugum
28.05.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коздон жаш акты го ...Алишер бактылуу апана куйумдуу бп чоной.
28.05.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйумдуу бактылуу бол Алишер
29.05.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип ортодогу балдарга эле кыйын((((((
29.05.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен башыман ылдый алтын куям десе да кетпейт элем балдарымды таштап.Баланы тородунбу тарбиялаш керек ага кийим ,уйдон да энеси жанында болгону маанилуу.Бала осот ,чоноет,кандай тарбия корсо ошого жараша калыптанат,буга эненин ролу чон.Кийин ал уй алабы албайбы кудай билет ,кул жеймин дейт куйрукту кудай билет буйрукту.А баласын эн сонун мезгили артта калат кайрылбай.Сураныч Россиялап кетпесенер деле бул жактан швеяда,же пол жууп 3жумушта акча тапсан болот.Каралбай канча наристелер байкелерине ,т
29.05.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таекелерине зордукталып атат,кандай гана окунучтуу.Каралбай бейбаш болуп жургону андан коп.
30.05.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак балдарын ойлобойбу идиот!!!ушу Россия Турция деп журуп семьялар коп бузулуп батат....
30.05.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх Кетен келин кай жерде жакшы атка кончу эле лична мен да турмуштан ажырашкам азыр 5 жашар балам бар баланы эптеп багалсан атасынан айрыш керек бага албайсынбы атасына бериш керек мага торт жыл болду ажырашканыма 4жылда кыргызстандан квартира алдым москвада 2 квартира снимать этип жашайм баламды жайкы каникулга кыргызстанга жоноттум .баардык жетишкендериме Апамдар и балам да жардам берди баламды кыш жай жетелеп жумушка барчумун азыр момосун жеп олтурам москвада оюнга кафеге алаксыбашкерек
13.07.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezim00, - эскертүү!
Жеке айтышууларга жол жок!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо