№656 29-май-4-июнь, 2015-ж
Быйыл «Евровидение» сынагынын 60-ирет өткөрүлүп жатышы. Сынактын шарты боюнча юбилейлик салтанат сынактын былтыркы жеӊүүчүсү, «сакалчан аял» Кончита Вурсттун мекени Австрияда болуп өттү. Анда быйылкы сынактын кызыктуу көз ирмемдерин окурмандарга жеткизели.
Алып баруучулар: Элис Тумлер, Мирьям Вайксельбраун, Арабелла Кисбауэр. Австриялык улуттук каналдын демилгеси жана сунушу менен бул жылы сынакты алып барууга айымдар тандалды. Алып баруучулук тизгинди 3 айым колго алып, салтанатты англис, француз жана немис тилинде алып барышты. Ал эми төртүнчүсү мурунку сынактын жеӊүүчүсү Кончита Вурст катышуучулар менен жашыл бөлмөдө (атайын сынактын катышуучулары отурган) баарлашып жатты.
САХНА
Бул жылы сахнанын жасалгасы көздүн формасын элестетип турду. Жасалга белгилүү дизайнер Флориан Видеромго таандык. Белгилей кетсек, ал аталган сынактын Баку жана Дюссельдорфтогу өткөндөгүсүндө да сахнаны жасалгалаган. Бул ирет салтанат лазердик шоуго бай болду десек жаӊылышпайбыз. Сахнанын көлөмүнө келсек, туурасы 44 метр, узундугу 22 метр, ал эми бийиктиги 14 метр болуп тургузулган.
БЫЙЫЛ БИРИНЧИ ЖОЛУ
Ошентип келерки сынак баш байге ээсинин мекени Швециянын Стокгольм шаарында өтө турганы айкын болду.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эркек ал эми билип атасызбы?