MEGACOM ЭСКЕРТЕТ: МОБИЛДИК ШЫЛУУНДАРДАН АБАЙЛАӉЫЗ!

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

«Сактансаӊ сактаймын» демекчи, MegaCom компаниясы мобилдик алдамчылыктын өтө кеӊири жайылып жаткандыгы тууралуу эскертет. Шылуундар байланыш операторлорунун абоненттеринин эсебинен мыйзамсыз жол менен каражат табуунун жаӊы жолдорун издеп келишет. Тилекке каршы, алдамчылардын торуна түшкөн ишенчээк адамдардын саны азайбай эле, көбөйүүдө.

Адатта шылуундар абоненттердин ишеничине кирип, утуш оюндары жана акциялар, чет өлкөлөрдөн почта аркылуу келген буюмдар үчүн жана башка ар түрдүү себептер менен акча каражаттарын которууну талап кылышат. Жакын адамдарыӊыз кабылган капилет жагдайлар, кырсыктар тууралуу маалымдашып, сизди ишендирүү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.

MegaCom тастыктайт:
Компания уюлдук тармагын, кызматтарын, жаӊы тарифтерин тестирлөөнү өз алдынча жүргүзүп келет. MegaCom абоненттерине мобилдик телефонуӊуздун клавиатурасынан кайсы бир буйрууларды терүү менен тестирлөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылбайт. Уюлдук оператор, шектүү жагдайларда токтоосуз түрдө укук коргоо органдарына кайрылууну жана сак болууну суранат. Толугураак маалымат менен сайттын «Абоненттин коопсуздугу» бөлүмүнөн таанышсаӊыз болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо