АЛА КАЧЫП ҮЙЛӨНБӨГҮЛӨЧҮ, ЖИГИТТЕР!

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

Караӊгы түн. Жалгыздык жанга батты. Күндүз го бир нерселерге алак­сый­сыӊ. Түн ичинде ойлор кубалашып, биринин артынан бири куюлуп токтобойт. Токтотконго кудурет да жетпейт. Тамчылар кубалашып тереземди чертти. Тамчыдай сезим сен деп баракка тамды.
Тамчы жаш... Тамчы сезим... Анан дайрадай сагыныч... Сагындым сени. Оттуу көздөрүӊдү сагындым. Жиндидей болгон кыял-жоругуӊду сагындым. Окшош күндөрдөн, жумуштагы кыжы-кужудан тажадым, эӊ башкысы, сенсиз жашоодон тажадым. Күчтүү колдоруӊ кайда жетелесе ошо жакка жетеленип, экөөбүздүн тагдырга бет алгым келет. Билем, ал жол сүйүү гана эмес, таманыбызды жооруткан таштак жол болот. А балким, биз күтпөгөн ой-чуӊкуру, бурулуштары бар чыгар. Мен баарына даярмын. Сен гана келсеӊ болду... Батыраак келчи... Суранам сенден...

ххх

Ала качып кетишти. Сенин апаӊ салчу жоолукту башка аял салды. Сага арнайм деп жүргөн аруу денемди бөлөк адам каалаганындай уйпалады. Жүрөгүмө жат, таптакыр бөлөк адам... Сезимим сенек болуп, денем музга айланып катып калды. Бирок көөдөнүмдөгү муштумдай жүрөк гана булкунуп, өзүнүкүн издеп, өзүнүкүн талап кылып жаналекетке түшүп жатты. Кызык, ал мен жөнүндө укту бекен? Укса кандай абалда калды экен? Ыйлагандыр, ээ? Өксүп экөөбүздү ажыраткан тагдырга наалат айткандыр. Анан соолугуп мени унутууга бел байлагандыр...
А менчи? Мен унута алар бекем... Байкушум ай, эмне кылайын, экөө­бүз­дүн ыйык тилегибиз, бийик максаттарыбыз алардын таман алдында тебеленип калбадыбы...

ххх

Канчалык ойлонсом да кү­йөөм­дүн ойлорун түшүнө албадым. Ушунчалык караӊ­гы­лык­тын айынан же сезимдин сенекти­ги­ненби? «Элдей болуп эле көнүп кетет, минтип ала качып үйлөнгөндөр толтура да, сүйүп эле жашап ке­тет» деп ойлоду. Мен шорума кө­рү­нүп анте албадым, кө­зүм­дүн кареги менен теӊ айланып турса да көкүрөгүмдү мыжыккан ыза коё бербей койду. Сүйгөнүмө эмес, башка адамдын аялы болуп калганыма баш ийгим келбеди. Жылмайып жылуу сүйлөй албадым, күйөө эмес, бейтааныш адамдай да жылуулук бере албадым. Ошондон улам ал байкуш да өзүнөн өзү чүнчүп, басынып кыйналды. Эми алды жагыбыз туӊгуюк, алдыга бирге басалы десек болчудай эмес, артка кайтканга намыс жол бербейт.

ххх

Көрдүм сүйүктүүмдү. Арыктап, жүдөп калган экен. Жүрөгүм тыз дей түштү. Эч нерсе деп сүйлөй албай туруп калдык. Бет алдымдан чыкканынан басып кете албай туруп калдым. Сагынганымды, сүйөрүмдү айтып, ааламды жаӊырта бакырып алгым келди. Анте албадым. Көөдөндөн туулбай жатып өлүп калган сөздөрдү көзүм айтып жатты. Сен да менден бир нерсени күткөндөй болдуӊ. Бирок акым бар беле ошо сөздөрдү айтканга? Араӊ баш ийкеше аргасыз ажыраштык. Сенден алыстап бара жаттым. Бүттү! Бир аз бүлбүлдөп кү­йүп жаткан үмүт оту жалп өчтү. Сен жашап жаткан кооз дүйнөм бүлүндү. Дилимде дилгир каккан сен жөнүндөгү жомогум бүттү. Бирок дагы деле көӊүл түтпөй сен жакты карап кылчактап жаттым. Адатыӊча аркамдан келип кучактап, көз жашымды сүртөбү дедим окшойт. «Баарын башынан баштайлы, мен баары бир сенсиз жашай албайм» деп айтышыӊды күттүм. Бирок сен ордуӊдан жылган жоксуӊ. Өзүӊдү кандай күч менен кармап турганыӊды сездим. Рахмат сага, сен артымдан келгениӊде баш тарта албайт элем, ал үчүн ичимдеги наристени да курмандыкка чалат белем. Мени коё бергениӊ менен бир адамды сактап калганыӊды билдиӊ бекен?
Бул тагдырга ким кү­нөөлүү, менби же сенби? Жок, буга биздин жапайы салт күнөөлүү, ошон­дуктан эч качан ала качып үйлөнбөгүлөчү, жигиттер!

Асел
Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(62)
01.06.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булда болсо Алла тааламдын сизге болгон жазыгыдыр балким бул тагдыр бирок кантседа наристени ойлоп турмуш болуп улаганын туура го деп эсептейм ошол наристе сен куткон бакытты тарттуулайттыр жарык дуйного келгенде
01.06.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Анекдот.Бир франсуздун баласы интернеттен кыз алып качу боюнча макаланы окуп алып тан калып атасынан сурап жатат.Ата-ата билесинби Кыргызстанда болочок аялынын кандай экенин билбей эле,ала качып уйлончу экен.Кандай гана жапайычылык.Ошого тыю салыптыр десе.Анда атасы ээ балам дуйнодо эч ким билбейт келечекте болочок аялынын кандай болорун деп жооп берип.Аялы тарапты бир карап акырын угузбай ай кобра-кобра деп шыбырап койот имиш.
02.06.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жашоо омур турмуш бул адам учун сыноо деп берилет бирок ар бир танда озго адамдын койнунда ойгонуу эн кыйын нерсе!тагдырыбыз окшош экен
02.06.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Макул жапайычылык кылат дейсинер балдарды анда атанарда жапйы экенда бул салт каныбызда бар мурункулар 90% ала качышкан ошолор биздин аталар апалар бактылуу болушуп биз торолуп жатпайбызбы ушул кыздарга тан калыш керек ала качканда рас конулу жокпу олтурбаш керек рас олтуруп макулдугуну бердинби минтип арманым атын башындай деп комчулука жарыяа кылбай жаша суйлошуп суйушуп турмуш курсан алах бакылуулукту бербесе бекер ак никелуу адамдын койнунда жатып башка бироону ойлобо ошну жазган пешенене
02.06.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mers8, салт, салт, салт! Туура, илгеркилер ала качышкан, бирок ала качуунун дагы оз себеби болгон. Кыздын ата-энеси макул болбой, а кыз макул болсо анда бала ала качты болуп уйлонуп алышкан! Анан ачуу базар барып, кыздын ата-энесин кондурушкон. А азыр болсо кок мээлерче жашынакай кыз корсо ала качып кетишет зордоп! Соттош керек андай акмактарды!
02.06.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
mers8, отурбай койсо туз сээп, борсок чачып, кемпири жата калып, "каргап коем", "каргыш тиет" деп каяктагы создорду айтышып кызды коркутуп. Сенин эле карындашынды ала качышсынчы жанын чыгып кете жаздайт! Менин карындашымды ала качышкан такыр тааныбаган балдар алыс жакка! Болбой аркасынан барып сууруп келгенбиз. Ал уй-булонун атасы ичет экен, уйу эптемей, карангылык! Бул кесирлик эмес! Кандай денгээлдеги адамдар ушундай "салтты" колдонорун айтып жатам!
03.06.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mers8, менин атам ала качып уйлонгон апама бирок атам коп айтып калат ал кезде кыздардын жана адамдардын тушунугу башка болчу азыр 180 градуска озгорду деп. Ойлонсон андан бери 30 жыл отуптур. 50 жылда эл жаны 100 жылда жер жаны деген соз бар . Биздин ата энелердин убагы менен азыркы убакты такыр салыштырба.
02.06.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла жок окунучтуу сабыр сабыр жана сабыр демекчимин.
02.06.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ала качуу-салт дегендерге кулкум келет. Кайдагы салт?! Салт эмес бул, аялдын укуктарын тебелоо!
02.06.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ала качу салт болсо анда кыргыздардын куда тушу, кыз узатуу дегендери эмне. Калп эле ала качкандар актаныш учун "салт" деп алышкан да.
02.06.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kayaktagi salt..?! Bizdin saltibizda ala kachuu jok al jon gana korkoktordun kuchsuzdordun kylgan kylygy! Saltibiz jakshina ele bizdin ata eneden kolunu surap juuchu tushup alishkan ilgerten beri ele.
Anan ilgerkiler 90% alakachip uylonushkon degen taptakir janilish.Tetirisinche ilgerkiler 90 payizi kaada salti mnn juuchu tushup turmush kurushkan.
02.06.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай,мен ала качып уйлонгом. Кудайдын кулагы суйунсун,биз буйруса эн бактылуу жубайларданбыз. Жашоо пенденин оюндагыдай эч качан болбойт да. Беш жыл Ромео и Жулиета болгондор деле,бир жылда суйуусу соолуп,уй - булоосу быркырап кетип жатпайбы.
02.06.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо ушундай кызыктардан кобурак чыгаргылачы
02.06.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Al kachyy alsyz adamdyn ishi, eger kyzdy jaktyrsa anyn konylyn tabyp, suyloshyp ele ata enesinin da makuldygyn alup kuda tyshup alsa bolot go. Ala kachyy bul madaniyatsyzdyk zombylyka kiret. Eger bolochok jubayun seni suyboso konulu jok bolso kantip jashaysyn??? Anyn da jashoosyn ozynyn da jashoon byzylyshy mumkun. En jakshysy kuda tyshup je soyko salyp algan jakshy
03.06.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кыз романтик экен.Алам дегенин алган.Колунда билет барбы отур поездге, поезд кеткенден кийин- билетим бар эле.. дебей. Орустардын бир принципи жагат " сделай что должен и будь что будет"
03.06.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
killer5,ай ким билет, кээде 10 билетиң болсо да, ошо поездге отуралбай калган учур да болот. Сыртынан кеңеш айтыш оңой. Чындыгынды сүйбөгөн адам менен чогуу жатмак түгүл,жанында отургуң да келбейт эмеспи.
03.06.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да ушундай тагдырга туш болгонмун.Бирок" балам бар жашашым керек"деп озунду зордоп жашоо туура эмес экен. Балдарымды карап гана озумду алаксытам, бактылуу сезем, а куйоом мен учун жокко эсе.
03.06.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastanbik, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Билдирүүңүз өчүрүлдү.
03.06.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ала качкандан кудай сактасын! Ар бир пендени Аллахым оз суйгон жарына жеткирсин!
03.06.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдиндир башынан откон окуя,кимгедир кызыктуу чыгармадыр...
03.06.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайга шугур азыр Ала качууга каршы мыйзам чыгарылып кыздарыбыз эркин журуп калды.Бирок дагын деле арабызда кездешет окшойтгоо.Динибизде кыз ыраазы болмоюнча нике кабыл болбойт дешет никелеп атканда да кээде кыздын ордуна женелери же болбосо башкасы жооп берипкойсо ал нике жооп берип койгон кишиге байланып калат дейилген. Турмушунарга балта чапкынар келбесе озунор каалабаган инсан менен жашоодон убагында баш тарканынар он Кыздар ала качып барганда кемпир жатып алса аттап кете бергиле коркпостон
03.06.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эшиктин астына жатып алган кемпирдин созунон коркуп оз омурунорду супсак откорбогуло. Ал кемпирди аттап кетуудон да коркпогула бул динде айтылган андан кийин бактысыз болуп калат деген жон гана кызды коркутуучу куру соз силер ал кемпирге эмес Аллахка ишенгиле андан бактылуу болууну тилесек ал ар бирибизди бактылуу кылуучу. Негизи суйуп суйушуп турмуш курганга не жетсин. Ошол алып качып уйлонгондор кийин балдарына "Мен апанарды булкуп жулкуп мал уурдагандай уурдап келгем " деп айталаар бекен
03.06.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayka1994, туура айтысың. Өзү деле кыздуу болсо, ал кыз бойго жеткенде бирөө чыркыратып сүйрөп алып кетсе кандай болот эле. Бул жапайычылык, эч качан салт болгон эмес
03.06.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ушундай окуяга күбө болгом. 90-жылдардын аягында эже-сиңди үч кыз менен таанышып калдым. Ошолордун ортончусун макулдугу жок алып кетишкен экен, ал кыздын сүйлөшүп жүргөн жигити бар экен. Кийин бир балалуу болгон кезде,ошол жигитине жолугуп калган экен, "экөөбүз тең аябай ыйладык" деген эле. Алган күйөөсү жакшы жердин баласы, билимдүү, келишимдүү бала болч, бирок орусча "сердцу не прикажешь",деген сыңары күйөөсүнө кээде жини келсе,кээде таптакыр кайдигер эле. Азыр кайда болду эк
04.06.2015. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ала качса ал аны жакшы корбосо эмнеге калат? тушунбойм анан минтип башка адамдын келинчеги болуп туруп экинчисин ойлоп журсо кантет бул.
14.06.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feride-1991,бирөөгө антип айтуу оңой юолгону менен, жашоодо бир топ эле кыйын болсо керек. Кээ бирөөнү эне-атасы "отуруп кал, бизди уят кылбай",дейт, же дагы бир шарттар түрткү болот. Ошондуктан, биз ал бактысыз кыздарды сынабай эле койсок
04.06.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам баласы башынан отмойунчо билбейт экен. Кудай арбир пенденин пешенесине ар турду бакыт жазат экен. Мени жолдошум алакачып эле кеткен, жашообуз болбойтко деп ойлочумун 1 жыл коналбай журдум кыйналып. Жолдошум козумду карап журуп кондуруп алды озуно. Азыр жолдошум жок жашоону элестете албайм. Кудайга шугур балдарыбыз бар жашап жатабыз. Классташ кыздарым бар суйушуп уйлонгон кебироо жашап деле кете алышкан жок. Ар адамдын багынан болот адам баласы баарына конот.
04.06.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
койгулачы ой талаша бербей, суймоктон олуп-тирилип жеткенде деле турмуш корсотуп коет кандай болоруун андан кийинки жашоосу, курсагын ток, акчан болсо суйуу болот да, ачка, эчтекен жок жудоп журсон кором сени суйом сени суйом деп аркандан ээрчип жалдырап жургонун. мээнди жеп кана акча тап акча бол деп олтурмак
04.06.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG Жигиттер.
Алагачып алагачып.
Анараны алыш керек.
Баса калып баса калып.
Машинага салыш керек.
Женелерим жарышып.
Жоолуктарын салышып.
Башын тартып салдырбай.
Журогу от каны ысып.
Дос балдары шок болот.
Кетип калса жок болот.
Анда бала ох болот.
Кыргызымдын жигиттери.

Дуркуротуп дуркуротуп.
Куда жактан кууп келет.
Дунгуротуп дунгуротуп.
Шумкар сындуу уруп келет.
Тосуп чыгат аталар.
Койгула деп апалар.
Ал анткени алардын.
Баласында ката бар.
Женелерин тоготпой.
Кошогого жолотпой.
Акыл эсин камчылап.
Алып кетем деп талпынат.
Суранышат жалпылап.
Кыргызымдын жигиттери.

Учту мына, учту мына.
Кашка тишпи, же азуубу.
Сокту мына, сокту мына.
Куда боксёр сыяктуубу.
Кармап алды жакадан.
Калпак ыргып атадан.
Ана тепти, тепти, тепти.
Кызын алып кетти кетти.
Кошунага кеп болот.
Туугандарга жек болот.
Кызыл гулун соолбосун.
Кыдыр болуп жолдошун.
Кыраан Манас колдосун.
КG ЖИГИТТЕРИ.
Автор: Эгембердиев Алтынбек.
Altynbekk5 түзөттү 2015-06-04 12:21:22
04.06.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала качып уйлонгон эркек, эркек эмес!
04.06.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ала качуну башкача тушунуп алабыз, мисалы кебирде ушундай шарт болуп кыз озу макулдугун берип алып кет дейт себеби той кылып алганы болбой калышы мумкун, эко бактылуу болсо той кийин деле боло беретда. Илгери ала качып дейсинер себеби ал убакта шарт ошондой болуп калганда.
05.06.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка тушконду коз корот
06.06.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага жаккан кызды эмес, сени жактырган кызды ала качкыла. Вот ошондо сонун болот.
07.06.2015. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Танып билип журуп бири бирин жакшы коруп анан алып качат бизде
28.06.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири-бирине конул коюп,анан ата-энеси бербейм деп когоруп олтуруп алса кыз жигиттин айласы калбай калып качып кетишсе бул АЛА КАЧУУ эмес ЭКОО БИРГЕЛЕШИП КАЧУУ деп аталат.Азыр оооо буба жуталар деле ала качып уйлонушкон деген созду жамынып канча-канча айдай кыздардын бактысын,омурун кыйып жатасынар.АЛА КАЧУУ чыныгы эркекмин деген адамдын иши эмес озуно ишенбеген адамдын иши.Озуно ишенген адам эч убакта мындай мыкаачылыкка барбайт.
04.11.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билеринерби, анда кыздын жигити кандай абалда калат?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо