№656 29-май-4-июнь, 2015-ж
Депрессияны «кылымдын дарты» деп атап коюшат. Учурда чоӊ-кичине дебей бул сөздү колдонбогон адам жок калды окшойт. Узак депрессиянын алдын албаса суицидге да жеткирет. Кызыгы, окумуштуулар бул дарттын да оӊ таасирлери бар экенин айтып чыгышты.
ЭМНЕДЕН УЛАМ...
Депрессия – жан дүйнөнүн дартка чалдыгышы. Аны денеге кандайдыр бир вирус кирип алгандай элестетсе болот. Айрымдар табиятынан пессимист келип, болбогон нерселерден улам стресс боло берсе, кээ бирлерде ар түрдүү факторлордон (ажырашуу, жумуштан ажыроо, иши жүрүшпөө, жакын адамын жоготуу жана башка) улам депрессия келип чыгат.
КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Психологдордун айтымында, сезондук депрессиядан чыгуу оӊой, ал эми узакка созулган депрессия адамдын ден
соолугуна гана зыян кылбай, айрым учурда өмүр менен кош айтышууга алып келет. Андыктан депрессиядан чыгууга аракет кылыӊыз.
1-эреже. Башыӊыздан оор кырдаал өттү. Болор иш болду. Бирок окуяга эч ким күнөөлүү эмес, бирөөлөрдү же өзүӊүздү жектеп, жегенди токтотуӊуз!
2-эреже. Өзүӊүздү ошол сизди кыйнаган абалга алып барып, эмоция менен баарын эстеӊиз, кыйкыргыӊыз келсе кыйкырып, ыйлагыӊыз келсе ыйлап алыӊыз да, ошол абалды жүрөктөн чыгарып салсаӊыз жеӊилдеп каласыз.
3-эреже. Өзүӊүздү бир нерсе менен алаксытканыӊыз оӊ, хоббиӊиз менен алек болуӊуз. Сизди сындаган, абалыӊызды түшүнбөгөн адамдардан алыс болуӊуз.
4-эреже. Денеӊизге физикалык жүк көбүрөөк үйүӊүз, бир нерсе менен алек болгондо сизди кыйнаган ойлор аз болсо да алыстап, кечинде уйкуӊуз тынч болот.
5-эреже. Мончого баруу керек, анткени денедеги жаман энергиядан арыла түшөсүз. Чач кестирип, массаж алыӊыз, дүкөн аралап өз стилиӊизди издегенге аракет кылыӊыз, жашооӊуздун жаӊы барагын ачыӊыз. Бул өз баалуулуктарыӊызды калыпка келтирип, жашооӊузду жаӊы тепкичке көтөргөнгө жардам берет.
6-эреже. Депрессияны басуу үчүн түнкү клубдарга барып, баш аламан мамиле түзүп, алкоголдук ичимдиктерди ичкенден качыӊыз! Эсиӊизде болсун, абалыӊыз мындан эч жакшы болбойт, кайра сизди түпкүргө түртөт.
ДЕПРЕССИЯНЫН ОӉ ЖАКТАРЫ
Нидерландылык психологдор депрессиянын да оӊ жактары бар экенин айтышат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
6
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Аялым жакпай калды.
Арыктан суу ташытып.
Аягым баспай калды.