Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурлан Насип, «Супер ырчы мырза» наамынын үч жолку ээси: «ЭЖЕЙИМ КӨЛӨЧҮН ЧЕЧИП АЛЫП ТЕПКИЛЕГЕН»

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

«А менин бала бойдон калгым келет» деп ыр саптарында ырдалгандай, кимдин гана балалыкка, жылаӊайлак айылдын чаӊдуу жолуна чуркап жетип баргысы келбейт? Эх, бала кездеги бейкапар күндөр ата-энеӊдин алдында гана эркелеп өтчү эмес беле. А Нурлан Насип балалыгын эстегенде кандай сезимде болор экен?

«ЭЛДИН БААРЫ ООЗУӉДА МОМПОСУЙ БАРБЫ ДЕП СУРАШЧУ»
– Балалыгым Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында өттү. Кичинекейимде көргөн кишинин баары менден «оозуӊда момпосуй барбы?» деп сурай беришчү, себеби тултуйган бала элем. Эки бетим кыпкызыл болуп, эки кулагым делдейип турчу (күлүп). Кийин эле арыктап кетпедимби.ө
Тогузунчу класска чейин айылымдагы Курама уулу Турусбек атындагы орто мектепте окугам. Мектеп үйүбүзгө жакын жайгашкандыктан, азыр чыгам деп отуруп жапжакын жерге күнүгө кечигип барчумун. Улан деген досум бар болчу. Экөөбүз бир күндө төрөлүп, аталарыбыз аябай майрамдашыптыр. Анан экөөбүздүн ысымдарыбызды уйкаштырып Улан жана Нурлан деп коюшкан экен. Анын ата-энеси мугалим, менин апам да мугалим болгондуктан аларды уят кылбайлы деп тырышып окудук. 1-класстан 5-класска чейин класском да болгом.
Ыр чөйрөсү арбай электе айылдагы молдокелердин бири болуп да кеткем. Мектепке баргандын ордуна мечитке барчумун. Ошентип сабакты көп калтыра баштагам. Бир күнү эжей «Насипбек уулу Нурлан кана?» десе, азан чакырып жаткан үнүм мечиттен угулуптур (күлүп). Эртеси сабакка келсем ошол эжей «же дин жолун танда, же сабакты танда!» деп урушкан.
Эсимде, 7-8-класс болуп калганыбызда эже-агайларга каяша айтуу мода болуп кеткен. Бир күнү классташ балам бир эжейибиз менен айтыша кетип, аны сөгүп салбаспы. Мугалимдин мынчалык жини чукул экенин билген эмеспиз, баарыбызды чогулушка салды. Апам мени куткарып алат го деп ойлогом, бирок ал дагы «и-и, ырас болот, келтек жесин!» деп жатпайбы. Анан тиги эжейибиз бизди көлөчүн чечип алып маасычан аябай тепкилеген. Мындай келтекти далай жедик го.

«АЛГАЧКЫ ЖОЛУГУШУУГА ЭШЕК МИНИП, АТАМДЫН КУРТКАСЫН КИЙИП БАРГАМ»
– Бир күнү Самарбек деген досума «мага бир кыз таап берчи» десем, Сезим деген тууганы бар экен, ошону менен тааныштырмай болду. Ал күнү айылыбызда концерт болмок. Аны менен концерттен жолуктурмай болду. Барсам тиги досум «мен айткан кыз артыӊда турат» дегенинен көзүмдүн кыйыгы менен карасам татынакай кыз жылмайып туруптур. Ошол учурда «китлап» кесмесине окшош, тармал чубалган жиптери бар шапке мода болчу. Кыз ошондой шапке кийип алыптыр, ал сыя шапкеси дале эсимде. Эл тараганда тиги кызды таппай калдык. Анан Самарбек экөөбүз үйгө барып, мен атамдын чоӊ курткасын кийип, эшегимди минип алып Сезимдин үйүнө барганбыз.
Ошол маалда ичим ысып, жүрөгүм дүкүлдөп бир башкача болгом. Көрсө, ал таптаза балалык сезим тура. Ал кыздын жүзүн деле даана көрө албадым, колун кармап учурашкан деле жокпуз, «кандайсыӊ?» деген сөз оозубуздан араӊ чыккан. Экөөбүздүн теӊ бетибиз албырып, мостойуп тура бергенбиз.
Бир жолу Сезим окуган класс менен чогуу сүрөткө да түшкөнбүз. Ал кезде сүрөттөрдү плёнкадан чыгарчу эмес белек, кашайып сүрөтчү аны күйгүзүп алыптыр. Ошентип Сезимдин классы менен чогуу түшкөн сүрөтүбүз да чыкпай калган.
Кийин классыбызга шаардык кыз келди. Ага балдардын баары ашык болдук. Классташтар бири-бирибизге «повод» бербей, баарыбыз күндө кечинде анын үйүнүн алдынан жолугуп калчубуз. Ал кыздын айылдык кыздардыкына окшобогон кийимдери көзгө укмуш көрүнчү.
Бой жетип калганда үч кошуна кыз менен бир учурда сүйлөштүм. Кечинде сыртка чыгып ышкырам, кайсы кыз үйүнөн биринчи чыкса, ошонусуна барчумун. Бир күнү экөө теӊ чыгып алыптыр, аны байкабай эле бирин кучактап отурсам, жаныбыздан өткөн машинанын жарыгынан экинчи кызым көрүп калып жатпайбы. Эртеси ага барсам таарынып чыкпай койгон(күлүп).

«АТАМДЫН ДОСУНА ШОЛОКТОП ЫЙЛАГАМ»
– Сабакты окубай койгонумдун айынан атамдан катуу таяк жегем. Анын «оку, сабагыӊды кара!» деп айтканына кулак салбадым окшойт, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө ыргыта койгон. Анан түн ортосунда сыртка чыгарып салган. Эгерде менин ордумда азыркы балдар болсо, ата-энесин коркутуп бир жактарга кетип калышмак. Мени качан киргизер болду экен деп эшиктин алдында таӊ атканча тургам. Жарык киргенде үйгө аяш атам келип калды, «бул жерде эмне турасыӊ?» деп үйгө жетелеп киргенде эреркеп кеттим окшойт, ага арманымды төгүп, жоошуткан сайын токтоно албай шолоктоп ыйлагам.
9-класстан кийин шаарга окуйм деп келе бердим. Ал кезде үйүбүздө акча тартыш учур болчу. Бюджетке өтсөм окуйм деп келгем, Кудай жалгап Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайга өтүп кеттим.

"Балалыгымда түшкөн сүрөттөрүм саналуу гана. Алардын бири ушул, 1-сентябрда түшкөм".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Нурлан Насип: "Бир убакта үч кыз менен сүйлөшкөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(76)
09.06.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нуку брат токтогулда ДКда чогу иштегенбиз
09.06.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии менин суйуктуу ырчым.Аябай жагат ырлары.Суйкумдуу жигит.
09.06.2015. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлугундон жазба,азаматсын!Ырларын аябай жагат унуно да соз жок.Чыгармачылыгына ийгилик.
09.06.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун күлкүлүү маек болуптур, азаматсын, талантынды баалайбыз,ийгиликтер дайым сени коштосун
09.06.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koke, сунуш эсибизде. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 5 күн БАН!
SUPER.KG видео
10.06.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек бала болсом да аябай жагат ушул бала. Ырлары Бийыл анча иштебей жатат бирок.
10.06.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир учурда 3 кыз менен суйлошком деп мактанып, кесир суйлобош керек го...!!! Кыздар эмне оюнчук болуп калыптырбы??? Ар бир кыргыз кызы бул кыргыз жигиттердин намысы жана ыйманынан кабар берет...!!!
ROZI түзөттү 2015-06-10 11:19:30
10.06.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кезде баары болот да, анчалык териккидей озгочолукту деле байкабадым.
10.06.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бою кыскалыгы жакпайт
10.06.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
SUPER.KG видео
11.06.2015. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай мактаныптыр го Кечке эле ушул чыга береби Бактыгул Айгеримдердео алсанар интевю
11.06.2015. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат, жакшы коментарий бериптир болгонун-болгондой кылып.Азыркы балдар болсо олом деп коркутуп киришет го, антип урушуп койсо.
11.06.2015. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан садыралев жонундо да маалымат берип койсонуздар жакшы болмок.
11.06.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzel_, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
11.06.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KGЭльмурат деген да ырчыбыз бар эмес беле,супер инфо ошол жигиттен да интервью алыныздарчы сураныч.Бул маекке келсек аябай кызыктуу болуптур.Нурландын да ырлары аябай уккулуктуу,Алга!
11.06.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Sezim.A, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот. Рахмат!
SUPER.KG видео
11.06.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми анда мектепте окууп жургон кези эледа, сразу эле беттен аласынар
11.06.2015. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темасынан улам суроо жаралды...
Нурлан эми азыркы муун да, анан мугалимдер азыр деле мектепке көлөч кийип барышат бекен...
Мурда деле маасы-көлөч кийгенин көргөн эмесмин, кызык го... Аябай таң калып жатам...
14.06.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри,Айыл жери болсо,эжекейи улгайган неме окшойт...анан колоч кийсе кийгендир да..??эмнеге ар суйлогонунон эле кынтык издей бересинер??
SUPER.KG видео
11.06.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман ыржандаптырго
11.06.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
спанчбобко жаман окшойтта :)
11.06.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы коромго))
11.06.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим Расул кызынан кабар жок болуп кетти го жолдошу ырдап чыгышына каршы окшойт го??? Суппер инфо кабар алып берсениздер алдын ала чоон рахмат
11.06.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijamal1989, Мен аны ажырашып кетиптир деп уктум... Не дай Аллах. Жалган болсун да.
FAIR түзөттү 2015-06-11 19:09:57
SUPER.KG видео
12.06.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунордун башынардагы тоону корбой биронун башындагы чопту коргондор жакпаса конулунорго тура келбесе эч Ким силерди зордоп коргуло деген жок ! Эл адамы болгондон кийин каалагандай маек курат ар бир адамдын жаш кезинде балалык катачылыктары болот, эч ким суттой ак эмес! нурлан чыгармачылыгына ийгилик!!!
12.06.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле оозунда момпосую бар окшойт
12.06.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мугалимдердин кийимине да көңүл буруш керек экен, тиешелүү тармактар...
13.06.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сооонун маек болуптур. Ийгилик!!!
13.06.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жамааты сиздерден сураныч Идирис Айтибаев деген ото таасирдуу суйлогон акын , директор бар экен ошондон да бир интервью алгылачы сураныч.Алдын ала ырахмат.
14.06.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вообще ырлары дагы озу дагы соонун бала! ! Ийгилик сизге ар дайым жылмайсын, маегинизди окуп алып бир жылмайып кулуп алдым.
14.06.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кичинекейинде да азыр да окшош экен )))
14.06.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун позитивдуу маек болуптур бирок ХХХ ХХХ ХХХ а то 5+
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-15 12:52:32
15.06.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayka1994, сын-пикирлер үчүн тиешелүү даректер бар. Ошол даректерге кайрылыңыз!
SUPER.KG видео
16.06.2015. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сенин аябай жакшы кором сенин ырларынды калтырбай угуп турам сага ишине ийгилик
SUPER.KG видео
16.06.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо комментарийлер кыйкырат го
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо