КЫЗГАНЫЧ КЫЛМЫШКА ЖЕТКИРДИ

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Кызганыч. Бул тууралуу канчалаган сөздөр айтылып, канчалаган китептер жазылып, канчалаган тасмалар тартылбады. Мунун айынан канчалаган үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып, андай үйдөгү жашоо тирүүлөй тозокко айланып, канчалаган үй-бүлө урап, ал тургай өлүм менен аяктаган кайгылуу окуялар да кездешпеди?.. Жакында Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон окуя да буга далил. 10 күн артынан аӊдып, күйөөсү өзүнөн 9 жаш улуу келин менен жүргөнүн билген аялы өч алуу үчүн күндөшүнө кол салган.

КҮЙӨӨСҮНҮН ОЙНОШУНА БЫЧАК САЙЫП...
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой окуя төмөнкүчө болгон. Алик менен Айперинин (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөндөрү өзгөртүлдү) үйлөнгөнүнө 3 жылдын жүзү болгон. Тилекке каршы, бул убакыттын ичинде экөө балалуу боло алышкан эмес.
Акыркы күндөрү Алик өзгөрүп, кээде үйгө түнөбөй да калган. Ансыз да шекшинүү жүрөгүн өйүп жүргөндө, коӊшу келин «сенин күйөөӊдүн башка бирөө менен жүргөнүн көргөндөр бар экен» деп айтып калат. Айпери 10 күндөй күйөөсүнүн артынан аӊдып, көзүнө чөп салып жүргөнүн билет.
3 күн үйүнө келбей жүрүп 7-апрель күнү кечинде келген Алик келинчегинин «кайда жүрдүӊ, кайда барасыӊ?» деген суроолоруна жооп бербей, кийимин алмаштырып үйдөн чыгып кетет. Айпери ачуусу менен ашканадагы бычакты колуна кармап, анын артынан чыгат. Сыртка чыгып үйдөн анча алыс эмес жерде күйөөсүнүн автоунаасы турганын көрүп басып барат. Барса, унаанын айдоочулук ордунда күйөөсү, жанында бейтааныш келин отурат. Ачуусун кармай албай калган Айпери колундагы аш бычак менен күйөөсүнүн унаасында отурган Фариданын моюнуна 1, курсагына 2 ирет бычак сайганга үлгүрөт. Алик Фариданы ооруканага алып келет. Дарыгерлер бычактан алган жарааттар менен келген оорулууну көрүп, милиция бөлүмүнө билдиришет да, көп өтпөй кылмышка шектүү кармалат.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН КҮЙӨӨСҮ ЖАБЫРЛАНУУЧУГА ҮЙЛӨНҮП АЛГАН»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмышка шектелип Б.А аттуу 1995-жылы туулган Кара-Суу шаарынын Заводская көчөсүнүн тургуну кармалды. Анын үстүнөн Кара-Суу
ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал күйөөсүнүн артынан 10 күн аӊдып жүргөн. Акыры жолдошу менен жабырлануучуну бирге кармап алган да, жабырлануучуга бычак сайган.
1986-жылы туулган жабырлануучу 20 күн ооруканада жатып дарыланган. Кылмышка айыпталып жаткан келиндин күйөөсү жабырлануучу ооруканада жатканда ага каралашып турган жана ал ооруканадан чыккандан кийин экөө үйлөнүп алышкан. Кылмышка шектелип кармалган келин бул кылмышка кызганычтын айынан барганын түшүндүрүп, кылганына өкүнүп жатат. Ал тергөө изоляторуна киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Кызганычтын айынан кылмышка барып, башка бирөөнүн эле эмес, өзүнүн да келечегине кара так түшүрөрүн каарманыбыз убагында сезди бекен?!
Ал эми аны кызганычка түртүп, андан соӊ абакка түшүшүнө себепкер болгон күйөөсүнүн кылыгына жол болсун! Андыктан аял, эркек дебей сезимдер алдында алсыздык кылып, баш аламан мамиле түзүүдөн этият болушса дейт элек.

Теманы улай
Гезитибизге буга чейин чыккан чуулгандуу кылмыш иштеринин кээ бирлерине сот чыгарган өкүмдү окурмандарга тааныштыра кетүүнү эп көрдүк.

ӨЗ КЫЗЫН УУРДАГАН АЯЛ ШАРТТУУ ТҮРДӨ КЕСИЛДИ
Үстүбүздөгү жылдын 11-март күнү Ысык-Көл облусунда детектив кинодогудай кылмыш катталган. Анда Жети-Өгүз районунун 35 жаштагы Айзат Рыскулова аттуу тургуну кайын сиӊдисинин 7 жаштагы кызын уурдап, туугандарынан акча талап кылууну көздөгөн. Кылмышы билинип калбашы үчүн ал кайын сиӊдисинин кызы менен кошо өзүнүн да 8 жаштагы кызын уурдап, экөөнү айыл четиндеги эски сарайга алып барып, колдору менен ооздорун скотчтоп муздак бөлмөгө камап койгон. Бир сутка өткөн соӊ кыздар эптеп бошонуп чыгып, жолдон бир малчыга жолугуп калышкан. Ал кыздарды үйүнө жеткирип барган. Кийин белгилүү болгондой, Айзат Рыскулова өзү эркекче кийинип, көз айнек тагынып жана жасалма мурут чаптап туугандарынын автоунаасын сурап алып, ал унаа менен кыздарды уурдап кеткен. Андан соӊ ал кыздарды бошотуу үчүн 10 миӊ доллар жана 300 миӊ сом талап кылган. Кармалган соӊ ал бул жолго карызы көбөйүп, аны төлөө үчүн барганын айткан. Анын үстүнөн Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 123-берене (адам уурдоо) жана 329-берене (атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлүп берилген.
19-майда Каракол шаардык сотунун чечими менен Айзат Рыскулова 2 жылга шарттуу түрдө кесилген. Сот айыпталуучунун балдардын ден соолугуна залал келтирген эмес жана жаш балдары бар деген жүйөөлүү себептерин эске алган.

СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНДАРГА ӨКҮМ ЧЫКТЫ
Ош облусунун Өзгөн районунда секелек кыз таятасынын агасы жана анын 2 уулу тарабынан зордукталганы билинген. Ал кыз 10 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып, аны апасы туугандарынын колуна таштап, Казакстанга иш издеп кеткен. Тайлары тарабынан көп кордук көргөн кыз мектепте да жарытылуу билим алган эмес. Кийин гана анын буга чейин зордукталганы билинип, өткөн жылдын декабрь айында атасы укук коргоо органдарына кайрылган. Ошондо гана ал кыздын таятасынын агасы, 65 жаштагы Раимжан Айдаркулов, анын 32 жана 28 жаштардагы 2 уулу кармалып, зордукташкандыгын моюндарына алып көрсөтмө беришкен. Бул факт боюнча Өзгөн РИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш-жаза кодексинин 129 (зордуктоо), 111 (кыйноо) жана 161-беренелеринин (жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Бул кылмыш боюнча 10-апрелде Өзгөн райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапты. Соттун өкүмү менен 1949-жылы туулган Раимжан Айдаркулов 20 жылга, ал эми анын уулу Мирлан Раимжан уулу 10 жылга эркинен ажыратылды. Экөө күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза мөөнөтүн өтөмөкчү. Белгилей кетчү жагдай, мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, Мирлан Раимжан уулуна белгиленген жаза мөөнөтү үчтөн бирине, Раимжан Айдаркуловго белгиленген жаза мөөнөтү бештен бирине кыскарган. Ал эми Руслан Айдаркуловдун акыл-эси жайында эместиги аныкталып, ал психиатриялык ооруканага мажбурлоо иретинде дарыланууга жөнөтүлдү.

ЗОРДУКЧУ СОТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАЗА АЛЫШТЫ
Өткөн жылдын 30-декабрында Талас облусунда 3 сот кызматкери Калия Арабекова аттуу айымды зордуктаган деп шектелген. Калия Арабекованын айтымында, Талас облустук сотунун судьясынын жардамчысы Алтынбек Алыбаев, Кара-Буура райондук сотунун сот аткаруучусу Мукаш Кененсариев, Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу Илгиз Карымбаев аттуу жарандар мурунку күйөөсүнөн алимент өндүрүп беребиз деп алдап, Алтынбек Алыбаевдин үйүнө алып барып күч колдонуп зордуктап салышкан. Ал тургай жабырлануучунун оозуна заара да ушатышкан. Бул окуядан кийин Калия Арабекова «мени зордуктап коюшту» деп сот кызматкерлеринин үстүнөн прокуратурага арыз жазган. Бирок коркутуп-үркүтүүлөрдү башынан өткөргөн жабырлануучу тосмо арыз жазып бергенге аргасыз болгон. Ал эми тергөө органдары бул ишти жабууга аракет кылышкан. Андан соӊ ал кайрадан президентке, Башкы прокуратурага кайрылып, акыйкаттык издей баштаган. Бул окуя коомчулукка жайылып кеткен соӊ гана кылмыш иши кайрадан жанданган.
Бул ишти караган Сокулук райондук соту үчөөнү теӊ күнөөлүү деп таап, ар бирине 8 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакта жаза өтөө чечимин чыгарды.
Маалыматтар Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошевадан алынды.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(45)
08.06.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кыргыздар ушунчалык булганып кеттикпи? Оозуна эметип,ит да кылбайт бул кылыкты. А тиги кызганыч козун кор кылган келинди тушунуу керек,коё берсин уй камагына. Ал эмес,эри куноолуу,ажырашып анан албайбы башканы,мыскылдабай. Эр бермек жан бермектир,торобосо бул иш анын эркинде эмес,Кудайдын каалоосу.
08.06.2015. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jetinur90,туура! мумкун аялда эмес куйоосудо айып балалуу болбошуна себеп!
10.06.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jetinur90, Куйоосун кармап алган убакта деле озун кармаш керек болчу. Бычактап салбай ар бир адам баласы кечиримдуу болчуш керек сабырдуу болуш керек куйоосу ойноп кеткенге озу себепкер болот кандай жол менен болбосун куйоосун башкага барганга жол бербеш керек.
08.06.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абакка дин кызматкерлерин жиберип,аларга таалим отуп турса(балким бардыр)сонун болмок.ал жактан арга жок угушат.адам болуп,бушайман блп чыгышмак.жонокойдо ансайын ичи жекке толуп чыгат го...деген ойдомун.
09.06.2015. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Sultanim,абакта отургандардын 90% 5-маальокуп калышат экен ошол жакка тушкондо,бирок баарибир озгорушпойт экен,суйлогондору Алла дешет,бирок баарибир адам озгорбойт экен
08.06.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобооо кудай сактааа эки бутту айбандар деген ушул даа

08.06.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмнеге жаза моонотун кыскартат! Кокустуктан кылмыш кылгандар бар го, ошолордун жазасын кыскартса болот. А бул ангилердикин колдон келишинче кучотуш керек!
08.06.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят эле
08.06.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчан болсо калтанда , каалаганча талтанда болуп калган азыркы заманда ! Кысып кана журуш керек Азыркы заманда кыспасан сен олтурот!
09.06.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мынавы эркек сорой кылмышка жол ачып бериптирда акмак десе ортодо аялы турмого олтуруп кыйын болду дагы уйлонуп алыптыр кыйраткансып...(
09.06.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Как сакалдар ушундай иш кылып жатса жаштар Джон журмок беле
09.06.2015. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызга боорум ооруду ошол куйоосун кызганып не кылат анысы эми бактылуу бул бечара камакта тобооо уй камагына чыгарылсын а тиги куйоо соройго кудай бар
09.06.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар эмне болуп баратышат
09.06.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаза мооноту кыскартылды??? Эмнеге??? Анан эл тынчып унутулуп калганда акча берип койсо такыр эле чыгарып койгула башка ат менен паспорт берип. Балдарды кордогондорду кыйнап,1 мучосун кесип салыш керек. Кантип алсыз, жаны гана жашоону таанып келе жаткан наристелерди кордошот.
09.06.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо,2 жашар баланы кордогон байкеси, женеси эмне болду? Эмнеге алар жонундо маалымат жок? Соттолуштубу? Канча жылга???
09.06.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Memory, саламатсызбы!
"Соңку кабар" бөлүмүнөн окуй аласыз:
http://www.super.kg/kabar/news/114015/
10.06.2015. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ар бирибиз аллахтын пендесибиз бул иштин баарын аллах озу таразалайт жана албетте жазасын берет.
10.06.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ким кандай билбейм. Мен тиги учоону ХХХ ХХХ бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-10 13:07:09
10.06.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EdikoKG, провокация жаратпаңыз. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
10.06.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакалын менен ХХХ ХХХ.Сакалы ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-10 13:07:41
10.06.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meka77, этика нормаларын сактаңыз.
10.06.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сотто иштегендердин кылганы ушул болсо,башкасы кайда барат...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-10 14:19:00
10.06.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карасуудагы окуя боюнча: Биз өзүбүз эптеп - септеп жазып алган мыйзам боюнча эмес, чыныгы мыйзам - Алллах тарабынан коюлган мыйзам боюнча: ак никелүү аялы туруп, башка бирөө менен ойноштук (зынаа) кылган эркекти жана ал эркек менен ойноштук кылган аялды дагы эл алдында таш бараңга алынып, же асылып өлтүрүлүшү керек!
10.06.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
келинге еле кыйын болуптур байкуш чынында куйосу менен анын ойношунда кылыгын эске алып ага ачык абакка чыгарса жакшы болмок ойлонсо болмок ошо мн жуогон келин турмушу болсо куйосуно эми соз экен аялына жакшылап тушундуруп анан уйлонбойбу ал камалып атса аны маскарлагансып ага уйлонгону тура эмесго окуп алып келинге боорум ооруду эми бактылуу болот бекен ошо келинди чанып азыркы алган аялы мн кудай жаза берсин куйосунода алган аялынада бул кайтар дунуйо дейт кайтат бир кун озуно ошондо атин кылат кылган кылыгына .
11.06.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sot kizmatkerleri ozu zorduktap jurso,tayata tayekeler zorduktap jurso kimge ishenish kerek.Joop: ozundon bashka ech kimge!
11.06.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тентимиш куйоосун деп оз тагдырын талкалоонун эмне кереги бар эле,жапжаш кыз
11.06.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен мамлекет жаш балдарды зордуктагандарга олум жазасын киргизбей жатат? Жакында биздин айылда бир 1978-жылы туулган Шоко аттуу кишинин 3-класстын кызын 6-класска чейин зордуктап жургону белгилуу болду. Азыр ал карматпай качып журот
12.06.2015. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш келинге боорум ооруп жатат ото жаш екен чыдап кудайдан тиленип жакшына журсо куйоосу перзентуу болушаар беле,ошончо конулу жок болсо жакшына ата-енесине жеткирип коюп берки ХХХ ала бербейби
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-12 10:12:32
12.06.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
milashka90, коомдук адепке туура келбеген сөздөргө тыюу салынган. Билдирүүңүз түзөтүлдү! Эскертүү!
12.06.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Holerik10, провокация жарата турчу билдирүүлөргө тыюу салынган. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
12.06.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаза моонотун кыскартпаш керек болчу,кундон-кунго ушундай зоокурлор кобойгондуктон Кыргызстан онуго албай жатат!
13.06.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор....кандай гана ыймансыз немелер
13.06.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу учун турмого отуруп керек беле, урдум деп басып кетсе болмок! Оно зордукчуларга аз берилиптир, эми ушундайда соттор пейилин кенен койсо кайра эл алдында жузу жарык болот эле го, же башка куноолорун жаап кетишет эле...
14.06.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жыныстарын кыркып салышкеректа алардын акмактар ошондойда ишке барышабы а.
14.06.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaman
14.06.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баш манканын баары куйосу менен куйосунун ойношунда. Аялда куно жок. Ойнош оттон ысык таштап кетсе туалеттен сасык. Биронун коз жашынын устунон эч ким бакыт кура албайт! А тиги куйосунун жазасын кудай берсин!
29.07.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонуп алган эркек туура кылбаптыр эми уйлонуп алыптыр экинчисине макул,ошонусуна кайра тосмо арыз жаздырып биринчи келинчегин боштондука чыгарып койсо болмок жашабаса да орто жолдо биринчисине кыйын болду. ал эми балалуу болу бул Кудайдан.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо