ГАНДБОЛ ЛЕГЕНДАСЫ – ТАЛАНТ ДҮЙШЕБАЕВ

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Кыргыз спортчуларынын дүйнөлүк аренада таанылып, ири жетишкендиктер менен мактана алгандары саналуу гана. Алардын арасынан гандболчу Талант Дүйшебаев өзгөчө сөзгө татыктуу. Ал Олимпиада жана Дүйнө чемпиону, Испания чемпиондугунун 4 жолку жеӊүүчүсү. Ошондой эле XX кылымдын эӊ мыкты гандболчуларынын бири болуп саналат.

Талант тууралуу:

  • Аты-жөнү – Дүйшебаев Талант Мушанбетович
  • Туулган жылы – 1968-жыл, 2-июнь
  • Туулган жери – Фрунзе шаары
  • Улуту – Кыргыз
  • Жетишкендиктери: Барселона-1992 Олимпиада чемпиону, Атланта-1996, Сидней-2000 Олимпиадасында коло медаль ээси, Дүйнө чемпиону (1993-жылы), Чемпиондор Лигасынын ээси (1994-жылы), 4 жолку Испания чемпиону, «Дүйнөнүн эӊ мыкты гандболчусу» (1994-1996-жылдар), «XX кылымдын экинчи мыкты гандболчусу»
  • Учурда – «Виве Кельце» (Польша) гандбол клубунун машыктыруучусу
    Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы


СОВЕТТИК БАЛАЛЫК
Келечектеги гандболчу 1968-жылы Фрунзе шаарында жарыкка келген. Балалыгы Совет доорунун гүлдөп турган учуруна туш келип, спорт менен машыгууга кеӊири мүмкүнчүлүктөр ачылган эле. Талант алгач баскетболго берилип, топтун «акесин» таанытып турар эле.
Ал учурду өзү мындайча эскерет: «Башында баскетболго кызыккам. Биздин спорт мектебибиз Кызыл-Аскерде жайгашкан эле. Ал жакка Аламүдүн-1 кичи районунан барып келүү бир аз татаал болчу. Андыктан өзүмдү жакын жайгашкан спорт мектептеринде сыноону чечтим. Ошентип гандболго келип калгам». Ошондон тарта Талант гандболго баш оту менен сүӊгүп кирет.

УЛУТТУК КУРАМГА КИРҮҮ

Совет мезгилинде бул спорт абдан белгилүү болуп турган. Тажрыйбалуу машыктыруучулар жана ал кездеги белгилүү гандболчулардын мастер-класстары стимул берет эле. Кыргыз спортчусу I лигада Кыргызстандын командасында 2 жыл ойноп, Москвадан чакыруу алат. Ал кезде жаштар арасында улуттук курам менен Дүйнө чемпиону аталган соӊ СССРдин белгилүү ЦСКА клубунун оюнчусуна айланат. Талант 1992-жылы СНГ курама командасы менен (СССР тараган маал) Олимпиадага аттанат. Ал учурда улуттук курамдын негизги оюнчусу катары таанымал эле. Жыйынтыгында мыкты оюн көргөзгөн бул команда Олимпиада оюндарынын алтын медалын тагынышат. Ал эми кыргыз гандболчусу Испания клубдарынан чакыруу алат.

ЕВРОПАДАГЫ КАРЬЕРАСЫ
Дүйнөнүн мыкты гандболчусу катары таанылып калган Талант Дүйшебаев муну Европада да далилдей алган. Ал Испанияда «Тэко Сантандэр», «Сьюдад-Реал», Германияда «Неттельштедт» командаларында өнөрүн тартуулап, өлкө чемпиондугун бир канча ирет жеӊген.
СССР тараган соӊ испан жарандыгын алып, Испания улуттук курамасы менен Атланта-1996 жана Сидней-2000 Олимпиадаларында коло медалга ээ болот. Дүйшебаевдин гандбол талаасындагы карьерасы 2006-жылы аяктап, машыктыруучулук карьерасын баштаган. Ал «Сьюдад-Реал» (Испания) командасын 2005-2011-жылдары, «Атлетикону» (Испания) 2011-2013-жылдары машыктырып, Чемпиондор Лигасын 3 жолу, Испания чемпиондугун 3 ирет багындырган. 2014-жылдан тарта Польшанын «Виве Кельце» командасын машыктырып келет. Учурда бул команда менен Чемпиондор Лигасынын финалына дейре чыгып, «Барселона» менен кездешмекчи.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Талантка «Кайсы өлкөнүн спортчусуз?» деген суроону көп беришет. Өзү да бул суроого так кесе жооп бере албайт. «Кыргызстанда төрөлүп, жаштыгымдын баары ошол жакта өттү. Москвада 6 жыл жашадым. Испанияда жана Германияда да өнөрүмдү тартууладым. Өзүмдү бардык жерде ыӊгайлуу сезе алам. Андыктан бул суроого космополитмин (дүйнө адамы) деп жооп берем»,- деп белгилеп келет.
Талант үй-бүлөлүү. Жубайы Ольга менен 2 баланы тарбиялап келишет. Атасынын жолун жолдогон уулдары 21 жаштагы Алекс менен 17 жаштагы Даниель гандбол боюнча Испания улуттук курамдын оюнчулары.
Атасынын жолун жолдогон Алекс Дүйшебаев "Атлетико" командасынын гандболчусу.

Талант Дүйшебаев аз убакыттын ичинде мыкты машыктыруучулардын катарына кире алды.

Европаны багындырып жүргөн кез.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
08.06.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гандбол деген өзү кандай спорт?
08.06.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
XAH.,кол менен футбол оюну.
08.06.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут менен эмес,кол менен футбол.
09.06.2015. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыкпайт экем
12.06.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
handboll созу айтылып айтылып гандбол болуп калган котормосу туз эле колфутбол кол менен ойногон топ оюну
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо