ДЕПУТАТ ЖАН ДҮЙНӨМДҮ ТОӉДУРУП КЕТТИ

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

«Ал күндөр шаӊ эле, шаӊ эле, шаӊ эле.
Агарган таӊ эле, таӊ эле, таӊ эле...»
Бул ыр азыркы депутат экөө­бүздүн сүйгөн ырыбыз эле. Ал гитара чертип, көзүн жу­муп алып ырдаганда, коё бергим келбей, моюну­нан кыса-кыса кучактап алчумун.
Анда биздин партия шайлоого аттанган. Аттанганда да башкача дымак менен кадам таштады. Жадакалса элде да эӊ көп добуш алып, алдыга суурулуп чыгат деген ишеним күч болчу. Элдин көз карашын, бизге ишенимин байкаган партиянын жетекчилиги, андан өтүп биз укмуш катуу иштедик.
– Айка, кандай дейсиӊ, бүгүн кечки тамакка чогуу барбайлыбы?- деп Бактияр деген кесиптешим бир убакта жаныма келип калыптыр.
– Жок, бара албайм, байкемдин баласын бала бакчадан алышым керек дедим да, шарт бурулуп кеттим.
Бактиярды түрдүү идеялар­ды жараткан, фантазиясы күч­түү деп айтууга болбойт. Бирок бе­рилген тапшырманы аӊтар-теӊтер кылып, эч нерсеге карабай аткарган кашкөй эле. Ал үчүн жетекчиликтен жол көр­сөтүлгөнү жетиштүү. Кыскасын айтканда, партиянын ишенген жаштарынын бири. Ошентсе да ага эркек катары көӊүл деле бурбаптырмын. Акыркы күндөрү менден көзүн албай далымды тешип жиберчүдөй карап жатканы кыжырымды келтирди.
– Бактияр байке, эмнеге эле мени кечке карап жатасыз, башка кылчу ишиӊиз жокпу?
– Бар, жумуш бүткөн соӊ сени үйүӊө узатам.
– Убара болбоӊуз, мени жигитим жеткирет.
– А мен убара деле болбойм, сага кошуна жашайм.
Мына ушундай сүйлөшүүдөн кийин жумуштан чыгып чын эле мени ээрчип алды. Машинасы деле бар, бирок ага түшкөн жок. Көӊүл кош ар кайсыны сүйлөшүп бара жаттык. Коштошуп үйгө кирдим. Чынын айтсам, ал жөнүндө бир да жолу ойлонгон жокмун. Кызыктын баары эртеси эртеӊ менен башталды. Шаша-буша жумушка бара жатсам
подъездде Бактияр турат. Чочуп кеттим.
– Эмне болду сизге, ушул жерге түнөдүӊүзбү?
– Ооба, сен үчүн баарына даярмын деп айттым го.
– Коюӊузчу тамашаӊызды, калп эле э, менин кошунам сиздин таанышыӊыз го дейм.
– Капырай, кандай ишенбеген немесиӊ, ишенбесеӊ баарынын эшигин такылдатып сурап чык, бул үйдө сенден башка таанышым жок.
Жүзүнө карасам чын эле подъездде түнөгөндөй, чачы уйпаланган, кийимдери бырыш. Ошол күнү Бактияр кечке чарчап, уйкусу келип жаман болуп жүрдү. Ушул кылык-жо­ругу менин жү­рө­гүм­дү туйлатып кой­ду. Мен болсо аны улам карап «ий, байкуш, чын эле сүйүп калган го» деп ар бир кыймылын көзүмдүн карегинен өткөрө баштадым. Ат тезегин кургатпай гүлүн, белек-бечкегин кө­­төрүп үйгө келет. Подъездимде бир эмес, эки түнөдү. Кыздар жигиттердин мындай кылык-жоругуна туруштук бере албайт экенбиз. Арбалдым да калдым, көргөндө эмес, атын эстегенде да бир башкача сезим жан дүйнөмдү аралап кетет. Ортобузда жакын мамиле болбогону менен бара-бара мен аны дүйнөдөгү эӊ жакын адамымдай көрүп калдым. Сүйүү деген ушундай ыйык сезим экен. Оюмду да, боюмду да бийлеп алды.
Мен эркектердин ырайымсыз таш боор, ашынган алдамчы болорун өз көзүм менен көрүп, жүрөгүм менен өткөрдүм. Сө­зүмдү меникиндей тагдыр башына келгендер гана түшүнүшү мүмкүн. Бактияр экөөбүздүн сүйүүбүз асман тиреген чокуларда сабалап турду да, бир заматта талп этип жерге кулады. Кандайча дейсизби, мына мындайча.
Көптөн күткөн шайлоо да өттү. Партиябыз баарыбыз күткөндөй көп мандат алган жок, бирок менин жигитим депутат болду. Сүйүнгөнүмдү айт­паӊыз. Асманда эле учуп калдым. Ал экөө­бүз эми бая­гыдай бир имаратта иштебейбиз, Бактияр депутат да, Ак үйдө отурат. Бир жолукканыбызда анын мага мамилеси бир аз салкындагансып калыптыр. «Жаӊы кызматы түйшөлтүп жатат го, кантип эле депутат болору менен сүйүүсү өчүп калсын?» деп ойлоном. Кайра «ушундай ой кантип келди, уялбайсыӊбы?!» деп өзүм өзүмдү жемелеп коём. Анан мага берген кучак-кучак гүлдөрүн, темирди да эритчү ысык сөздөрүн, подъездимди жатак кылган түндөрүн эстеп кыялга батам.
Депутат болгонуна 3-4 ай гана болсо керек. Эртеӊ менен жумушка барсам, элдин баары мени аягандай карай беришти. Аны деле элес алган жокмун. Бир убакта кесиптешим телефондон:
– Бактияр, куш боо бек болсун! Той качан? Баарыбызды тойго чакырганды унутпа,- деп калды. Аӊгыча менин маӊ­да­йымда отурган кыз «салам айтып кой» деп кыйкырды. Көз алдымда түзүлгөн картина кадимки менин Бактиярыма байланыштуу болуп жаткандай сезилди. Бирок элестете албадым, балким башкадыр дедим. Дароо көчөгө чуркап чыктым. Эшиктин алдында биздин партияда иштеп жүргөн байке чылым чегип турган экен.
– Байке, Бактияр үйлөндүбү?- деп сурай салдым.
– Ооба, мен экөөӊдү үйлөн­гөн экен десе, чунак кыз, сен бул жерде белеӊ?- деп таӊ калып мени карады. Дароо терс бурулдум да, чуркап жөнөдүм. Кай жакка, эмне максатта чуркап бара жатканымды көзөмөл кылганга шайым келбеди. Көзүмө көчөдөгү адамдардын баары жексур, ырайы суук, алдамчы көрүндү. Менин азыркы абалыма Бактияр гана эмес, бүт адамдар күнөөлүүдөй туюлду. Оозума бир гана «жок, андай эмес» деген гана сөз келди. Ушул эки сөздү жадыбалдай айта бердим. Бирөө жарымдын мени көрүшүн, мен бирөөнү көрүүнү да каалаган жокмун. Ошентип оозума наар албай батиримде соолуп жаттым. Сүйүү, депрессия дегенди ошондо түшүндүм. Оюма бир гана өлүм келип туруп алды. «Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт» дегендей, өлүп калсам менин бул кебетемди эч ким көрбөсүн деп ойлодум.
Бир айдан кийин курбум мени издеп үйгө келди. Болуп өткөн окуяны жумушума издеп барып угуптур. Депутатка телефон чалса, ал «кечирип койгула, ушундай болуп калды» дегенден башкага жарабаптыр. Мага чалып да койгон жок. Бир ай төшөктөн турбай жатканым, суудан башка наар албаганым мени ого бетер алсыздантты. Курбумдун жасап берген ысык тамагы мага кадимкидей дем берди. Өлүп калам го деген оюм ишке деле ашкан жок.
Көрсө, убакыт баарын дарылайт экен. Курбумдан башка эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, күндөрдүн түнгө алмашышы менен акырындан өзүмө келе баштадым. Аман болсун депутат дегенден башка эч нерсе дей албадым. Адамдын көӊүлү менен ойноп, жан дүйнөсүн тоӊдуруп кете бериш ал үчүн кумурска өлтүргөндөн да оӊой экенин тү­шүнгөндө эркектердин баарынан коркуп кетем. Азыр ал депутаттын эки баласы бар. Теледен үнүн укканда дароо өчүрүп салам. Турмушумда ушул депутаттай эч кимди жек көргөн эмесмин.

Кыял Кемелова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(35)
08.06.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Так бактияр деген депутатты табвш керек
08.06.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Titi,мага да ушул ой келди тапканда айтып койчу ким экенин любопытная варвара болуп кеттим
08.06.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Жаш депутаттарды санагыла. Чоңдордун кыздарына үйлөнгөндөр - биринчи шектүүлөр))))
08.06.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иий журогум ооруп кетти
08.06.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ata meken partiasyndagy jaw deputat emespi 2 balaluu joomart degen
13.06.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynyshka, Ал адамын андай жактары такыр байкалбайт го?!.
08.06.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 балалуу депутат ким экен, ошол депутат го деп ойлойм.
08.06.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура эмес кылыптыр кудай бар устубуздо бир кун болбосо бир кун ошол депутат сорой корот коргулукту чынбы достор
08.06.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өкүнүчтүү
08.06.2015. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
A3A, (аватар)суротун ыйлак баланыкы эмеспи? (катуу тийсе кечиресин)
08.06.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мумкун чондун кызына уйлонуп анан депутат болгондур....
08.06.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2010-жылы шайлоодо Ата-Мекенчи Жоомарт Сапарбаев менен бир штабда иштегем. Андай служебный романды укпаптырмын. Анан дагы Жоомарт 2009-жылы куздо эле уйлонгон, шайлоого чейин эле кыздуу болуп калган. Значит ал башка депутат.
Polat түзөттү 2015-06-08 12:33:43
08.06.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ишенбедим
08.06.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким болду экен ээ интересно????
08.06.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сказка
08.06.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ойдон чыгарылган жакшы жомок экен))
08.06.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай жомогу жок эле жазылганго. мунун эмнеси жомок???
08.06.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким болду экен?
08.06.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык магада. Бактыбек Калмаматов эмеспи анткен менен шайлоодон кийин үйлөндуго?
08.06.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты жонун толук эле жаза берсе болмок экен.Адамдын сезими менен ойногон депутат сооройдун
14.06.2015. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka-11-14,анын атын жазышпайт,жазган күндө да биз эмне кылмакпыз. Аялы менен ажыраш да тиги кызга кайра бар демекпизби? Деги кызыкпыз
08.06.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жон гана фантазия буга мынча кейийсинер жок жерден бироону жаман корсотуп уй булосу менен чатакташтырасынар, коркомдоп жазганда бироо чыгармачылыгы менен!
08.06.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13, мен да кошулам,
08.06.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздык намыссыныз барбы бар болсо эле депуттаттанда жакшы жигитке жубай болос ошондо депутат ойлонот.
08.06.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба да сказка бул. журналисттердин иши да ушундай сазкаларды сочинять этуу кызыксынар ай. Ким экен деп излеп алышыптыр... боорду эзишип
08.06.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Как раз менин гана тагдырыма окшош экен. Менин да атым Айка,куйоом Бахтияр. Мени менен жаны таанышкан учурубузда подьезден кутуп алчу жумушума алып барып,алып келчу... Ошентип 5 ай чуркаган анан суйлошууго макул болгон элем. Азыр кудайга шугур бактылуубуз бир баланын ата-энесибиз. Ушундай окшош тагдырлар бар экен да ээ,бирок башкага уйлонгону жаман иш болуптур
09.06.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, кайсы депутат болду экен?
09.06.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тушунбодум, бул кыз депутаттын ысымын жашырып Бахтияр деп айттыбы жее кандай куудулдар айтмакчы сразу атамын 120 койлорунун ичинен КАДЫРОВ Бахтияр Сабиржанович - КСДП депутаттык фракциясы торт баласы бар деген депутатты таба алдым, бактыбеек анадай мындайлар бар экен кайсынысы билбедим бирок.

10.06.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атын озгортуп койду да. Бактыяр эмес, кыздын да аты Айка эмес. 2 балалуу депутат болгондон кийин уйлонгон кишилерди изилдеп корсонор болот
11.06.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой эмнеси фантазия . Мындай окуялар болуп эле жатпайбы?!
13.06.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))ким болсо да олуп кетпейби, депутаттар алдаганды эле билсе керек депутат болгуча.
13.06.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызык,бири ырчыга арбалса бири депутатка,кыздар ай кыздар ай кулак м.н эле суйуп калабыз да кулагы жок эле журо бербейлиби за-то меньше проблем тем лутше да
15.06.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
15.07.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа
29.07.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык балдар( эркек) козумо жалганчы корунуп баштады ушуну окугандан кийин ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо