Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ҮЧ БАЛАМДЫ ТАШТАП СЕЛСАЯК БОЛУП КЕТТИМ»

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

«Мен киммин? Мен бир байкуш көчө кезген,
Ырдасам ырларым жүрөктү эзген...»
Каарманымдын окуясын угуп отуруп ушул саптар эсиме түштү. «Мен селсаякмын» деген 35 жаштагы Азат (белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) өз окуясын баяндап отурду.

«СҮЙҮКТҮҮМ ИШЕНИЧИМДИ АКТАБАДЫ»
– Кыздар, абийириӊер менен турмушка чыккыла! Эркектер сүйүп калдым деп жоопкерчиликти өз моюнуна алып, үйлөнүп алышат. Бирок ага кийлигише турган ата-эне, урук-тууган деген болот. Азыр менин турмушум талкаланган. Азыркынын сөзү менен айтканда бомжмун, селсаякмын. Менин мындай акыбалга түшүшүмө бир базардан өткөн кызды сүйүп, ага баш кошконум жана салттан баш тарта албай ата-энемдин кийлигишүүсү менен ажырашуум себеп болду.
Мектепти жакшы аяктадым. Биздин учурда алыскы райондордон борборго келип окуган адамдар чанда гана болчу. Өз күчүм менен Ишеналы Арабаев атындагы университетке тапшырып, филология факультетине өттүм.
Шаардын жашоосу... Урунуп-беринип жүрүп, Бишкектин ызы-чуулуу, тынымсыз кыймыл жүрүп турган жашоосуна көнүп кеттим. Дос, тели-теӊтуш күттүм, сүйүү таптым. Болочоктогу келинчегим Назираны алгач эркек балдардын курчоосунда көргөм. Баскан-турганы көп нерсени көргөндөй, билгендей туюлчу. Акыры максатыма жетип, аны жандап жүрүп өзүмдүк кылып алууга шарт түзүлдү. Окуу жай аркылуу таанышып чөйрөбүз бир болгондуктан айланамдагы адамдардын көбү Назираны таанышчу.
Негедир ал менин баш кошуу тууралуу сунушума дароо макулдугун берди. Шаан-шөкөт менен үйгө алып келдим. Той болот, тойдун эртеси да болот демекчи, сүйүктүүм нике түнүндө ишеничимди актаган жок. Анын көп эркек менен жүргөнүн билчүмүн, бирок сүйүүм үчүн бардыгына кайыл болуп, өз каалоом менен үйлөнгөм. Шейшебибизди сыйрып алып, сүйүнчүлөйлү деп турган жеӊелерим томсоруп эле кала беришти. Айыл жери болсо, салтты бекем кармаган урук-туугандар апамды баш көтөртүп бастырбай коюшту окшойт. Апам караманча эле көшөрүп, «Айчүрөк алгансыбай кетир бул шуркуяӊды! Мен сага чекесинен чертип мектепти жаӊы бүткөн кызды алып берем. Эл караган бетибизди жер караттыӊ» деп туруп алды.

«ТУУГАНДАРЫМДАН ЧЫГЫП КАЛДЫМ»
– Мындай кысымга темирдей эле туруштук бердим. Ортодо күнөөсүз эки бала жаралды. Балалуу болгондон кийин ата-энем неберелери үчүн келинин жайына коюшабы дегем. Бирок ал оюмду да таш капты. Акыры анын көлдөгөн көз жашына чыдабай, урук-тууган, ата-энеден кол үзүп, аялымды, балдарымды алып Бишкекке баса бердим.
Өзүм күрөш менен машыгып, мелдештерге катышчумун. 70 килограммдан ашык салмактагы категорияда күрөшүп бир топ ийгиликтерге жетишкем. Борбор калаага келип, жумуш таап иштеп калдым. Акча чогулттум. Барак тибиндеги үйдөн 2 бөлмөлүү батирлүү болдум.
Ошентип жашоо кечирип жүрдүк. Эркек болгондон кийин туулган жерди самайт экенсиӊ. Туугандарым менен байланышып, алардын жамандык-жакшылыгына катышып турууга белсендим. Чакырса-чакырбаса деле бара берчүмүн. Мындайда баркыӊ кетип, сага ит келдиби, киши келдиби деп мамиле кылышса, ого бетер жер карап жаман болот экенсиӊ. Айылдан келген күнү унчукпаган аялыма чыр салчумун. Назирага болгон сүйүүм көӊүл калууга, ал эми көӊүл калуу кайдигерликке айланып бара жатты. Эмне кылмакчымын? Арак менен достошо баштадым. Андан жутуп алсам эле көйгөйлөрдү убактылуу унута түшөм.

«БИР КӨЙНӨГҮМДҮ АЛЫП, ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТТИМ»
– Үчүнчү балабыз уул төрөлдү. Кубанычыбыз коюнубузга батпай, тели-теӊтуш чакырып дасторкон жайдык. Коноктор келип бир аз арак ичке киргенден кийин өйдө-ылдый сөздөр сүйлөнө баштады. Баягы менин жүрөктөгү жарамды тырмап, арасынан бирөө Назира менен мага чейинки болгон мамилесин далилдеп бере салбаспы. Ансыз деле акыркы күндөрү келинчегим экөөбүз балдар үчүн эле жашап калганбыз. Чыйралган мамилебиз ушул жерге келгенде «чырт» үзүлдү. Аялымды колундагы жаш балдары менен көчөгө кубалап чыга албайт болчумун.
«Эркек болгондон кийин бир көйнөгүӊдү ийиниӊе асып, үйдөн чыгып кеткениӊ жакшы» деп атам көп айтчу. Ошенттим. Жалгыз досум – арак болду. Шаардын четиндеги арзаныраак батирлердин бирине чыгып иштеп, ичкенин ичип, калганын балдарыма деп жардам берип турдум. Кудайга шүгүр, анда жакшы тапчумун. Бизди атам «уурулук кылба, бирөөнү алдаба» деп тарбиялаган. Мен жалаӊ гана маӊдай тер менен иштеп тапкан акчама тиричилик кылчумун. Бирок турмуш өз толкунуна каалагандай калчап, ар түрдүү ала салдырат тура.

«МЕН АРАКЕЧМИН, ИЧМЕЙИНЧЕ ТУРА АЛБАЙМ»
– Мен иштебеген иш калган жок, жадакалса чөнтөкчү да болдум. Азыр болсо тапкан-тергенимдин баарына ичем, кечинде базарлардын айланасында бир түнгө берилчү арзан батирлерге кирип жатып алам дагы, эртеӊ менен кайра аракка акча издеп жөнөйм. Күн жылыганда көчөдө деле калып калам. Бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кеткенден кийин кайра чыгыш ушунчалык оор экенин айтып түшүндүрө албайм.
Азыр мен ичмейинче тура албайм. Мени ушул абалга болбогон бир куру намыс, кайсы бир деӊгээлде зыянын тийгизген салт, анан жубайымдын жаш чагындагы жаӊылыштыгы алып келди. Учурда 35 жаштамын. Улуу кызым мектепке барып калды. Ата-энем, бир туугандарым Назирага келип, «Балабызды тентитип жибердиӊ, тагдырын талкалаган сенсиӊ, бир адамды жашоо огунан тайдырып, бактысын байладыӊ» деп опузалап кетишиптир. Муну мен келинчегиме шоро сатып отурган жеринен жолугуп уктум. Ага да боорум ооруйт. Болбогон жерден бир үй-бүлө, бир тагдыр талкаланды.
Бул арманымды ичиме сактап жүрө бербей, жок дегенде бир адамга болсо да сабак болсун деп келип айтып отурам. Бир жолу ишканаӊарга келгем, бирок анда кебетем өтө начар болчу, кире албай кеткем. Бүгүн эртеӊ менен атайын жуунуп, сакалымды алып даярданып келдим.
Каарманымдын баянын бир сааттан ашык угуп отурдум. Экөөбүз отурган бөлмө ичимдик ичкен адамдын демине толуп, баш айланып чыкты. Мындан улам Азаттын канча ден соолугун жинди суу алып жатканын баамдоого болот.
Окурман, өзүӊүз жагдайды таразалап, керектүүсүн өзүӊүзгө алып, керексизин кемчилик катары кайталабаганга жадыӊызга түйүп аласыз деген ойдобуз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(54)
15.06.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой наамыстуу жигит болсонор кызынарга уйлоноордон алдын уялбай эле алып барып гнекологко текшертип алгыла, болбосо ачылган абийирин кайра ачпай коргоп алгыла. Бир кезде кетирген катасы учун омур бою жер карап жашаганга мажбур кылбагыла. Негизинен бир базардан откон кызга уйлонуп жашап кетуу кыйын маселе
15.06.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын салттары коп жаш уй булолорго зыянын тийгизуудо.Мисалы менин да башынан откон ушул салттын айынан канене кайнатам ата Энем мн каттпшпай калды.бизди салттын айынан канчалаган тоскоолдуктарды жаратып ажыратмай болушту.азыркы кунго чейин салттан жабыркап келе биз.тууган урук мн мамилени тартакыр узулгон.бирок балдарыбыз бар жашап атабыз
15.06.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек болгондон кийин,эрктуу болуш керек. Али да кеч эмес!Аракеч болуп,селсаяктык кылгандан маселе чечилбейт. Ал эми апасы,тууган-уруктары туура эмес кылышкан экен. Албетте ар бир эне баласына жакшылык тилейт,бирок "артык кылам деп,тыртык кылып алган" туура эмес...Ортодо эми баласын тируунун олугуно айлантып алгандары окунучтуу...
15.06.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Намыс,куру намыс ал эми балдарындын намысы намыс эмеспи?Атан ким кочодо калган бир бомуж,алкаш.Ошонтип журуп олуп калсан,кимдин баласы,кочодо калган алкаштын баласы.Омур бойу балдарындын бетине чиркоо болуп,намысын тебелейсин.Бей куноо наристелердин эмне куноосу бар,сен аларды сыздатып таштап кеткендей.Аялымдын намысы жок дейсин,сенин намысын барбы?Сенде намыс ар болсо наристелер тороло электе таштабай белен.Уч бей куноо наристе жетим калып отурат.Эсин барда этегинди жап деген.Аялынды коргоп ал
15.06.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сан сага канчалык сооп болот эле.Аялын да сени куштап алмак.Омур бойу сага раазы болмок,балдарын жалдырап жетим калмак эмес.Дагы эле кеч эмес.Кайт аркана намысын чындап бар босо.Эгер сен эрктуу болгонунда,сага аялына эч кимдин тили отмок эмес.уй булонду коргоп алыш сенин милдетин эле.Эн жаман балан алкаш деген созго ата эненди жер каратпай,алкаштын балдары дегизип балдарынды томсортпой,эсин болсо кайт уйно,балдарына,алган жарына. Базардан откон кызга эмес,алкаш деген созго терик.

15.06.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо канча жолу буттан тайып жыгылсанда,кайта туруудан чарчаба
15.06.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчиден кыздын абиирин жаап жашап сооп иш кылыптырсын Бирок 3 баланды таштап кетип сообунду жууп салыпсын сага тилерим кудайым тууражолуна салсын
15.06.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо адашпаган Ким?жыгылбаган Ким?баарын билип коруп туруп анан уйлонупсун,баары айып тиги досунда ,сенин уч балалуу болуп жакшыле жашапатканында эмне айтып мактанат ал сага дос эмес экен,сын суйуу баарын женет,тууган уругундан ажыраганын аз келгенсип Эми бала-чакандан да ажырабай тез кайтып уйуно бар ,кулуп жайнап балдарын тосуп алат,Алла Таала айтат экен мен ушунча пенделеримдин куноолорун кечиремин а эмне учун пенделерим бирин-бири кечиришпейт деп,Сен кечиримдуу болуп уйуно кайт!!!
15.06.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чубак ажы айткандай озун деле таза болбосон керек, аялына чейин канчасын коргонсунда балдарынын бактысын ойло.
15.06.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздыктын кесепети да тангору. Бир кыздыктын айынан канча тагдыр бузулат.
15.06.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу окуяго.... бирок сынбаш керек болчу минтип.
16.06.2015. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз эмес экен деп эле ажыраша берсе,ар бир учунчу уй-булоо бузулуп кетмек.Сен го билипсин,билбей жашап жургондор канча.Эмне апана ошол кыздык намыс мынча зарыл керек болду экен.Уч небересинен да келининин кыздык намысы артык бекен апана,а сага арак артык бекен.Ойлоп корбодунбу апан аялынды ошол учун гана эмес,балким башка нерселери жакпаса да намысына шылтап жургондур.Куру намыс Энен ,куру намыс,эрки бош сени тарбиялаптыр да.Балдардын кусуру урат го...
16.06.2015. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энесинин карангылыгы,эми карачы же баладан жок,же келинден жок же небереден жок. Каарыганча уулунун жашоосун ойлоп оздору убара. Эми жапжаш болуп туруп аракеч болуп,уй-булоосун алып ата-энесинен кечирим сурап анан жашашса туура болот го дейм. Ата-эне баары бир кечирсе керек...
16.06.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз эместигин уч балауу болгондо билптирби,конулу жок экен балдардын убалына калып торотпой эле койбойбу.
16.06.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жаш эле бойдок балдар озунон чон келиндерге уйлонуп жатпайбы. Даже балдары менен алышат.анда алар вообще эле Адам эмес экенда
16.06.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз эмес болсо эмне болуптур?!!! Азыр андайлар толтура! Чыдай албасан эмнеге уйлоносун?! Эмнеге баарын жашырбадын нике тунундо! Жок дегенде мени менен болгон деп айтпайт белен!Эми баарын аялына, ата-энесине шылтоолоп отурат! Баарына озун гана куноолусун!
16.06.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу бош адам турбайбы. Кыз менен келин картошкодон коп. Бир нормальный бироо менен мамиле куруп алса болмок да.
19.06.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кыздар кыздар эмнеге ошол торт эли жеринерди сактай албайсынар
16.06.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким озу тандайт да туура жолду, аялынды алдынбы жаша бир жеринди кысп, билбей алып алсан бир жон!
17.06.2015. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул просто аңгеме достор,ачууланбагыла.Бирок турмушта мындай тагдырлар коп кездешет.Ошол тагдыр,ошол турмушту автор озунун оюу менен ачып бериптир.
17.06.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka1986,Рахмат. Бирок макаланын прототиби бар, демек чындык. Ал макала жарыяланган соң редакцияга келип, ичимдикти таштаарын, айылга барып, ата-энесинен өтүнүп, жер үлүшүн сатып, автоунаа аларын айтып кетти. Балдарына жардам берээрин, бирок келинчегине кайтып барбасын билдирди.
17.06.2015. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси да акылы тайкы экен,3 неберелуу болсо да шугурчулук кылбаптыр.окунучтуу (( байкуш келин, куноосуз балдар.
17.06.2015. 06:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары Алладан пенденин колунан эч нерсе келбейт! Бирок турмуш деген узун жол да, аны өзү каалап ушул жолду тандагандан кийин чыдаш керек. Аллах сүйгөн пендесине башына оорчулукту салат дейт, бирок, ошого жараша күч да, эрк да берет да. Бирок азыр деле кеч эмес. Аракка чөмүлүп албай, алдыга карай аракет кылсаңыз баары жакшы болот деген ойдомун Ин шаа Алла!
17.06.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир убакта байлык менден төгүлгөн
кургур байлык түбөлүктөй көрүнгөн.
мен киммин?Мен киммин?Мен бир байкуш көчө кезген ырдасам ырларым жүрөктү езген те адам зат сен кайдыгер караба!!!жашоо татал бирок жашайм жашап келгем жашоо татал бирок жашайм жашай берем
17.06.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын каада-салты копчулук уй-булоону бузуп жатат, деген комментарийлерди окуп алып тан калдым. Ошол каада-салтыбызды бекем сактагандыгы учун Ата-бабаларыбыз кыргыз деген улутубузду жоготбой, ушул кунго чейин сактап келишкен. Албетте салтты бузуп, туура эмес иш кылсан азабын тартасын. Уйлоном деп алдап жатып коюп качып кеткен жигиттер куноолу эмес, жоок никеге чейин болбойт деп, бекем тура албай жатып берген кыздар куноолу эмес,салтты унуткан,тарбия бербеген, жалпы коомубуз куноолу.
18.06.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жүрөгү таза киши экен неси болсо да
18.06.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Репутация! Кыздын репутациясын эч бир акчага сатып ала албайсын!
19.06.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыздар бир жеринерди кыскыла!
20.06.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин тагдыры ар башка. Анын жашоосун жашап корбогондон кийин сын тагуунун кереги жок. Болгону Кудай туура жолго салсын деп тилейли.
20.06.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рая эже айтмакчы дагы деле кеч эмес, артынызга кайтыныз. Уй-булону таштап ичимдике алдырганыныз эн жаман. Эрктуу болунуз. Жашоодо алсыз болсон коп нерседен уткурасын, ал эми эрктуу болсон жашоо коп нерседен уткурат. Тообо кылып намаз окунуз, жараткандан ыйман, хидаят туз жол суранып тилек кылыныз ЧЫН ДИЛИНИЗДЕН.
21.06.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлектик окшойсун ата-энен кыздыка асылып алганына караганда...канчалары абиири менен алып деле бактылуу боло албай келишет го!бакытылуу болуу кыздыкта эмес,бактылуу болуу башында!Акылдуу адам-эч кимге,эч нерсеге,эч качан башын ийип сынып бербейт!жана аллааны унутбоо менен!
21.06.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир базардан откон деген неси?мен тушунгон жокмун
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо