ИЙ, БЕТИМ...

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Жылдызбек Абдраимов, куудул: «ЛИФТТИ ТӨЛӨП КАЛБАЙЛЫ ДЕП КАЧЫП ЖӨНӨДҮК»
– «Жоролор» куудулдар тобу менен «Кеӊеш» тобу 4 жыл мурун Казакстандын Караганда шаарына концерт коюп барып калдык. Концерттен кийин коноктогон кишилер бизди мейманканага жеткирип коюшту. Бөлмөлөрүбүз бешинчи кабатта болчу, жөө чыккандан эринип «Жоролордун» төрт жигити, Мүзүр байке, Гүлмира жеӊе болуп алтообуз теӊ кирип алдык. Мен кнопканы басып жиберсем, лифт өчүп, камалып калдык. Дем жетпей, чекебизден тер чыпылдап ага баштады. Түн ортосу, эч ким жок, элестеткиле 2 сааттай отурдук. Бир убакта Гүлмира жеӊе ыйлай баштады. Анда Эсенбек «үйдө мештин ичинде 10 000 сомум бар эле, аялыма айтып койбой, ал эмдигиче ыргытып ийди го же өрттөп ийди» деп капа болуп жатпайбы. Аны көрүп баарыбыздын боорубуз эзилди. Биз лифтте камалып калганыбызга кайгырып жатсак, Эсенбек акчасын ойлоп кайгырып отурат. Анан Кудай жалгап бир казак лифтти сыртынан талкалап ачып жиберди. Чыккандан кийин бөлмөбүзгө барып эс алгандын ордуна дароо жолго чыктык. Лифтти сындырып салып, төлөмөр болуп калбайлы деп качып жөнөдүк да.

Бегимай Карабаева, ырчы: «ЧОӉ ТУФЛИНИН БАШЫНА БАЙПАК ТЫГЫП КИЙДИМ»
– Бул жакында эле болгон окуя. Гастролдоп Кара-Суу жергесинде жүргөнбүз. Туфлимди мурунку барган жерде унутуп калыптырмын. Сахнага чыкканга башка туфли издеп баштадым. Менин бутумдун өлчөмү 35 эле. Бардык кыздардын бут кийимин кийип чыктым, эч кимдики туура келбей койду. Айла жок 38-өлчөмдөгү туфлинин башына байпак тыгып кийип алып эптеп сахнанын ортосуна жеттим да ордумдан жылбай ырдадым.

Байыш Момунов, ырчы: «ДОСУМ ЧЫӉГЫЗ МЫРЗАЕВДИН ЭСТЕЛИГИНИН ЖАНЫНДА ТУРАМ ДЕП...»
– Бир жолу бир досум Бишкекке келиптир. Мага телефон чалып «мен аянтта турам, мени алып кетчи» дейт. «Кайсы жерде турасыӊ?» десем, «Чыӊгыз Мырзаевдин эстелигинин жанында турам» дейт. Телефонумдун трубкасын койгондон кийин «Чыӊгыз Мырзаевге эстелик коюлду беле, мен укпай калдымбы, каякка коюлду эле?» деп ойлонуп жибердим. Көрсө, Чыӊгыз Айтматовду айтам деп Мырзаев деп салыптыр. Кайра телефон чалып «Чыӊгыз Айтматовдун эстелигин айтып жатасыӊбы?» десем, «ооба» деп каткырат. Анан боорум эзилгиче күлдүм. Жолукканыбызда да көпкө каткырдык.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы: «МАИ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН ӨЧҮМДҮ АЛГАМ»
– Анда бойдок кез. Иштерим ийгиликтүү болуп, урунарга тоо, урушарга жоо таппай келе жаткам. Ал күнү досторум менен бир аз сыра ичип майрамдап койгон элем. Рулдамын да, бир убакта кызыл күйүп жол чыракка токтоп калдык. Карасам жаныма МАИ кызматкерлери да токтоп калышыптыр. Аларга тийишким келип машинанын терезесин ачып учурашып, «байкелер, жол чырактан өткөндөн кийин он мүнөткө токтоп коёсуздарбы?» дедим. Алар мени түшүнүп-түшүнбөй токтоп калышты. Мен да сыр билгизбей машинадан түшүп барып, ар нерсени сүйлөп тура бердим. Өӊдөрүнөн бул ким деп түшүнбөй тургандарын көрүп, ого бетер мени буга чейин кандай эзишсе дал ошондой көп сүйлөп туруп алдым. Он мүнөттөн кийин бирөөсү «байке, кете берсек болобу?» дейт, мен дагы «Ак жол, жигиттер!» деп МАИчилерден өчүмдү алып алгам.

Дайыр Исмадияров, ырчы: «МАШИНАМДЫ УНУТУП ҮЙГӨ КЕЛЕ БЕРИПТИРМИН»
– Студент кезде күнүгө сабакка коомдук унаа менен барат элем. Бир күнү көптөн берки кыялыма жетип, машина сатып алдым. Кыйын киши болуп университетке айдап барып, окуу жайдын алдына токтотуп сабакка кирип кеттим. Сабакта отуруп машинамды унутуп, кечинде адатымча маршруттук такси менен үйгө кетип калыптырмын. Үйгө келсем үйдөгүлөр «кана машинаӊ?» дешет. Машинамды ошондо эстедим, анан түн ичинде университетке барып машинамды айдап келгем.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
15.06.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ха хаха Дайыр кызык болуптур баарынанда
18.06.2015. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperishka87,
Машынаны унуткудай ал эмне телефон беле?
Сүйлөйт десе эле сүйлөй беришет да((((((
15.06.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тарс эткендин баары тамаша!

Кыргыз, Өзбек, Орус үчөөнү бир миллонер кармап алыптыр.
Анан үчөөнү шашпай отургусуп алып, үчөөңө бир миллондон берсем эмне кыласыңар дептир.
Орус баштаптыр минтип:
Мен деген пиво кана ачмакмын.
Шашлык, крешки, сыр закускасы менен.
Маңдайына чоң экран коймокмун. Футбол Кыргызстан vs Австраля.
Кыскасы буттан турмакмын дептир.
Өзбек акебиз баштартыр минтип:
Мен самса кана ачмакмын, Самса канамдын аты Эсенбайдын эски самсасы болмок.
Сексени пияз, сегизи эт.
Кызыктырып жегизет.
Баасы 80 сом десең.
Өлүп кетишет го дегизет.
Дегендей кылмакмын дептир.
Кыргыз сүйлөбөй турат дейт.
Миллонер, ой сен эмине унчукпайсың?
Кыргыз: мен карызыма бермекмин.
Миллонер: калганынчы?
Кыргыз: калганын күтө туратта дептир)))))
15.06.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Altynbekk5,мллон,мллоннер деген созунон башка кулкулуу эч нерсе жок экен анекдотунда.
15.06.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni.,сен тушунбой калыпсын...
15.06.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха ха хааа Дайыр
15.06.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акбар пиво ичип алып МАИлерди эзгенине тан калдым да, за рулем киши оозунан пиво жыттанат да да анан эмне Акбардын эзгенине эзилип тура бердиби дейм да. андайда баса калбайбы штраф деп.
15.06.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баарынын кулкулуу окуялары сонун экен айрыкча Дайырдыкына оло кулкум келди кызык экен
15.06.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дайыр жыргаттынго киши кулдуруп)))
15.06.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акбар эми окуп алышып кайра сизге эзилбесин))
15.06.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Блин Чынгыз Мырзаев деп кой,ВООБЩЕ ХА-ХА. мешти ичине акча катканы дагы кызык экен))))))))
15.06.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ха-ха -хааа го Айрыкча Дайырдын айтканы менен Бегимайдын айткандары )))
15.06.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр мн Акбар байкелер маанайды которду го...)))
15.06.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акбар Таластан болбойбу случайно? Кантип эле эзилип туруп калсын ХХХ ырчы болсон эмне кайра ХХХ чыгармак. Анан айтаарым ичип алып рульга олтурбаш керек. Олтурсан аны жарыя кылба мактанып.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-15 18:32:40
15.06.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз! Эскертүү!
19.06.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semakg,Нарындан эле болот)))
16.06.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалганды да эби менен суйлойт да машинасын унутуп, окшошпой калды
16.06.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Друзья а вы поверили что Дайыр машинесин унутуп калганына? Не может быть,элестеткиле биринчи куну айдап барса анан кантип унутуп калмак эле... Жаны машинелуу болгондо уйго киргин келбей машинеде 3-4 кун жашап каласын го.... Смешно.. очень смешно )))
16.06.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
HAPPY.GIRL,бывает.менде да болгон андай
16.06.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azura,Да ладно,мен машинелуу болгондо жанынан чыкпай эле калгам.
16.06.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха ха ошондой болдунар беле.
17.06.2015. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akbarga kulkum kelbei ele jinim keldi
17.06.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынгыз Мырзаевдин эстелигин элестетип алып эзилгенче кулдумго костюм шым кийип колуна микрафону мн,Администраторумдан бекинип алып кулдум жумушта болчумун угупалбасале болду
18.06.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акбар ашаа чаап калпты айтыптыр гаи не жиндиби озундагы жытты билбегидей сыра ичип алса калптыда чеги менен айтыш керек озуну ер ойлосон бироону шер ойло деген бар гаилер жытты ичкен адамды 10 метрден ыргыта тааныйт
18.06.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Realduu bolsonor kudai saktasin birok jok degende 1 jolu ichip alip aidabagan erkek jok boluw kerek. Akbardi korup buga tenelbeili degen go tigi GAIchiler
19.06.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз Мырзаевдин эстелигине боорум эзилип калды, жоролор да ха-ха болуптур.
19.06.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кандай окуялар боло берет. Биздин бир агайыбыз эртен менен машинасын универдин алдына токтотуп, 2, 3 сааттан кийин колоко болсун деп универдин арт жагына алып барып коюп унутуп калыптыр. Чыгып эле машинасын ордунан таппай копко издеген экен
20.06.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге айтса да жакпайт. Эч ким калп чынын териштир деген жок. Кулкулуу окуясын айтты. Фантастика эмес реально эле го баары. Кулуп алгыла андан коро)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо