«АСКЕРГЕ КЕТКЕН УУЛУМДУН КӨК АЛА БОЛГОН СӨӨГҮ КЕЛДИ»

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө аскерге кетип, каза таап келген балдардын ата-энелери коёндой окшош баяндар менен кайрылышат. «Уулум аскерге өз ыктыяры менен кеткен. Аскер кызматы тууралуу түз ойдо экенин жана ал жакта шарттар жакшы экенин айткан. Бир күнү эле аскер комиссариатынан уулумдун асынып калганын айтышты. Бирок соттук-медициналык эксперттер баламдын денесиндеги көк алаларды аныктап беришти...» Мындан ары ата-энелердин акыйкаттык издеп, бирок иштин жабылып калгандыгын, же бир да адам окуяга күнөөлүү болуп табылбаганын айтышат.

«ЭКИ БАШКА ВЕРСИЯНЫ АЙТЫШТЫ»
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов да аскерге кеткен боюнча тирүү кайтпай калды. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына аскердик кызматын өтөөгө бөлүнүп, Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү абагын күзөтүп жаткан. Окуяны маркум аскердин апасы Назира Касмалиева төмөнкүдөй айтып берди:
– Уулум Нурсултан ушул жылдын 8-апрелинде аскерге чакырылып, 6-майда аскердик антын берген. Бишкекке барып, ант берүү аземине катышып келгенбиз. Аскердик антын бергенден туура 1 ай өткөндөн кийин 5-июнда жергиликтүү аскер комиссариатынын кызматкерлери келишип, «эже, сабыр кылыӊыз, уулуӊуз күзөткө биринчи жолу чыккандыктан окко учуп каза тапты» деп угузушту. Алардын айткан сөзү азыркыга чейин кулагыма жаӊырып турат. Эне уулунун өлүмү тууралуу угуп жатканда кандай болорун айтып жеткире албайм. Ал сөздөр менин жүрөгүмө бычак менен тилип жазылгандай сакталып калды. Өлүмүн угузгандан бир аз өткөн соӊ «балаӊарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзөлү, уруксат бергиле» деп Бишкектен телефон чалышты. «Кызмат учурунда окко учса, баламдын сөөгүн бүтүн бойдон жөнөткүлө. Жерге тынч жашыралы, кыйнабайлы, мен макул эмесмин» дедим. Ошондо «балаӊыз күзөт нөөмөтүндө турганда абактын күзөт мунарасына өз куруна асынып калган. Мындай жагдайда союшубуз керек» дешти. Элестеткиле, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, баламды жоготконумду араӊ көтөрүп турсам, анын асынып калганын айтып жатышса. Аскер кызматкерлери жадакалса баланын эмне болуп өлгөнүн да тагыраак түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик? Адам эмес, малды деле чабан жоопкерчилик менен карап, өлсө өлүгүн өзү жеткирип, себебин айтып берет экен. Менин балам малча жокпу?

«ЭМНЕ ҮЧҮН АСКЕРЛЕРГЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСАШПАЙТ?»
– Уулумдун сөөгүн үйгө алып келишти. Аны алып келгендер таптакыр башка бөлүктүн кызматкерлери экен. Менин баламды өмүрү көрүшпөптүр. Тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси же офицерлеринен келеби, көксөөбүздү суута турган жүйөлүү жооп береби деп күткөнбүз. Бирок алардан бирөө да басып келип жооткото турган сөз айтышкан жок. Аскер бөлүгүнүн башчысы менен сүйлөшсөм, окуядан өзүн өзү өлтүргөн деген болжолдуу тыянак чыгарышыптыр. Биз бул ойго каршыбыз. Анткени баламдын сөөгүн алып келгенде эки бөйрөгүнүн тушу көпкөк, ал тургай тамандарынан бери канталап, көгөргөн издер бар болчу. Башында шишиктер, денесине мык сыяктуу ичке учтуу нерсе менен сайгылашыптыр. Нурсултанды өлтүрө сабашкандай. Эксперттердин чечимине каршы экенибизди билдирип, көз карандысыз эксперттерге кайрадан сөөктү сойдурууга сунуш киргиздик. Анализдерди алдык, жыйынтыгын бир аз убакыт өткөн соӊ билдиребиз дешти. Канчалык соттошуп, териштирген күндө да баламды кайтара албайбыз деӊизчи. Бирок аны өлүмгө алып келгендер жазасын алышы керек.
Уулум аскерге кетип жатканда «апа, мен келгенде баарыӊар мени сыймыктануу менен тосуп аласыӊар» деген эле. Ал өз жанын кандай тоскоолдуктар болсо да кыйбайт болчу. Балам аскерден өлгөн балдардын акыркысы болсо кана? Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мөлтүрөгөн жапжаш балдардын күнөөсүз жандары кыйылып жатат. Мен баламды 9 ай курсакта көтөрүп, 18 жыл бою аскерге барганда өлүп калсын деп чоӊойтуптурмунбу? Аскер кызматын өтөгөн жигиттер өлкөнүн күчү, коргоочулары, чеби. Аларга токмок жеп же бирөөлөрдү аёосуз сабап мыкаачы болууга, башын койнуна катып, жалтак болуп же өз жанын кыюуга, адам өлтүрүүгө тарбиялашабы? Эмне үчүн аскер жетекчилиги жоокерлерге жоопкерчилик менен карашпайт? Президент жакында «Аскер кызматкерлерине жакшы көӊүл бургула. Күч түзүмдөрүн бекемдегиле, аларга үй салгыла, кийим-кечесин ырастагыла. Өлкөгө коркунуч туулса төшүн тосуп ошолор чыгат» деди. Аларга эмнеге шарт түзүп, үй салып, айлык берип жатышат? Биздин балдарыбызды аскерге алып, чекесинен өлтүрүп жаткандары үчүнбү?

«ИЛИКТӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Катардагы аскер Н.Б.Карагулов №3-түзөтүү абагында кызмат өтөп жаткан жеринен каза тапкан. Окуя тууралуу иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү адамдар көрсөтмө берип жатышат. Ишти аскер прокуратурасы териштирүүдө. «Жоокер кызмат учурунда асынып алган» деген версия бар. Мунун чын-төгүнү иликтөөнүн жыйынтыгында билинет. Биздин кызмат деле тажрыйбасыз 18 жаштагы жаӊы келген аскерди абактарды кайтарууга бөлүнгөнүн көзөмөлдөшү керек болчу. Мунун себептери дагы жакын арада билинип калат.

«БИР ЭМЕС, ЭКИ ИРЕТ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»
Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунун тергөөчүсү Нурдин Уметалиев иликтөөнүн жүрүшү боюнча буларды айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү биздин кызматка Новопокровкадагы №3-түзөтүү абагындагы окуя тууралуу кабар келип түшкөн. Биз барганда катардагы аскер Нурсултан Карагуловдун сөөгү асылган жеринде эмес, чечилип жерде жаткан абалда болчу. Сөөккө кароо жүргүзүлгөн. Карагуловдун сөөгүнө туугандарынын катышуусунда соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, тиешелүү актылар түзүлүп, иликтөө иштери дароо башталган. Кароолор жүргүзүлгөндөн кийин сөөктү туугандарына өткөрүп бердик. 7-июнда биздин кызматка маркумдун туугандары тарабынан телефон чалуу болуп, экинчи ирет экспертиза дайындообузду суранышты. Биринчи экспертизаны жүргүзгөн адисти алып, Ысык-Көл облустук жана Түп райондук соттук-медицина эксперттерине кошулуп Жети-Өгүзгө бардык. Туугандары ич ара экспертизага катышуучу адамдарын дайындашып маркумду экинчи ирет союшту. Эксперттер туугандары айтып жаткан денедеги көк ала тактар, мык сайылган деген болжолдоолорду аныктап, суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымында, сөөк жерге берилбей, 3 күндөн ашык кармалып калган. Андыктан сөөк бузулуп, маркумдун денесинде тактар, кан уюган бөлүктөр карарып билине баштаган. Ал эми мык сайылган деген жерлерди 1-экспертизаны жүргүзгөн эксперт биологиялык, химиялык экспертиза дайындоо үчүн гистологияга жөнөтүүгө денесинин бардык бөлүгүнөн учтуу нерсе менен оюп бөлүкчөлөрдү алгандыктары менен түшүндүрдү. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары болжол менен 1 айдын ичинде чыгат. Ошол күнү окуя болгон жердеги күзөт нөөмөтүндө турган башка бардык аскерлер жана ЖАМКнын кызматкерлери көрсөтмө берип жатышат. Эгер катардагы жоокердин өлүмүнө күнөөлүүлөр аныкталса, кылмыш иши козголуп, тиешелүү жазаларын алышат.

Өлкөбүздө 2010-жылдан бери аскер кызматын өтөп жаткандардын арасында 64 аскердин өлүмү катталган. 2014-жылы болсо 12 аскер каза болгон. Анын 10у кызмат өтөп жаткан учурда, ал эми экөө кызматтан сырткары учурда каза тапкан. Өзүн өзү өлтүрүү 7, кырсыктап каза болгондор 2, курал колдонуудагы этиятсыздыктан 2 жана ооруп каза болгондордун саны 1.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
15.06.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудай ай не деген заман ачка калсакта балдарга акча менен военный билет сатып бериш керек
15.06.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне учун бийликтегилер карабайт ушундай окуяларды? эмне учун кайдыгер болушат?Эгерда бир министрдин же болбосо бир депутаттын баласы ушундай болсо жоон эле соттошуп элдин арасында дуу дуу соз болуп кетсе керек эле,Супер-Инфонун ар санында бирден аскердик жигиттер курман болгонун окуп жатамын,окунучтуу((( Эмне карапайым калктын баласына боло береби? Эч качан озуну озу асып алган эмес кантип эле болсун алдына максат койуп жургон жигиттерибиз андай жолго оной мн барбайт,бул жон гана курук соз!!!
15.06.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындан кийин Аскердик кызматга жибербей эле койгулачы акча мн болсода алып калгыла эли журт уулунарды,Азыркы заман не болуп бара жатат? Жон эле жырткычтар кобойду, эч болбосо аркы дуйного барышынарды ойлогулачы бул кыска кунумдук убактылуу кызыкчылыгынарды ойлобой.Мындайлар олумуно так жооп береалбайбы каттуу жазалаш керек уйунорду машинанарды сатып болсода сотко бергиле керек болсо,ар бир ата-эне уулун кандай асыл ой тилектер мн жиберет акыры ,а булардын кылган кылыгычы КУДАЙ жазаласын!!!
15.06.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда кресло талашып балпайып олтурган чондор ушундай иштерге эмне учун коз жугурпойт алар эмне учун шайланды эмне учун иштеп жатат??? Акыркы кундору Аскер кызматына баргандардын олуму кобойуп жатат,кантип эле ошончо жакшы журуп аскерге барганда эле озун озу асып алсын?Бул создоруно бул жакта туруп эле мен кыжырым келди,бул соз мн жаш балдарды алдасада ишенбейт,Жазалансын айыптуу!Качанга чейин карапайым калк уул кызынан айрылып чыркырап журот берет? Эмнеге чондордун балдары мындай болбойт???
15.06.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга асынып олду деген версия эн оной жооп болду го
15.06.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да балам чонойсо армияга жонотобуз дечу элем. Эми коркуп калдым жума сайын бирден бала олуп жатабы дейм да.Эмнеси болсо да чондор жакшылап конул бургулачы! Он гулунун бир гулу ачылбай кара жерди кучактап жатышат! А ата-энесичи кан жутуп отурушат! Адамдын да убулы бар да
15.06.2015. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аскердик блокторго ичине сыртына видео наблюдения койуш кк Ким эмне кылганы корунот и оной тавышат
15.06.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул сыяктуу окуяны окуган сайын али 9 га толо элек балама сарсанаа болуп, аскерге жөнөтпөйм деп кайгыра берем. Бирок, баары эле жөнөтпөй койсо аскерге ким барат...Болгону аскер бөлүктөрүнө катуу көзөмөл, тартип орнотуп беришсе болмок:(
15.06.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, туура менда инилерими жонотподум,корктум,бизге окшоп жонотпогондор копда,анан келечегибиз эмне болот,эн артта калган тупой мамлекет болобузда,журо бергиле Кыргыздын дед болумуш эркек сооройлору,биржи биринин гошуну жеп.
15.06.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыз кыргызды олтуруп дегендейда булда болсо,жигиттер кыйындыгынарды корсотуп жатасынарбы?кыйын экенсинер кордук,озунордон кийин барган балага алынар жетет, типо дед болумуш болуп,тукурдум ошондой балдарга,ошон учун ушул кунго чеин мамлекет онукпойт,дагы куноону бийликке шылтайсынар,адам биринчи озун ондош керек,силер ушинтип бири бирини олтуруп жатсанар каяктагы ОНУГУУУУ!бири биринерге поддержка бербейсинерби ?дагыда болсо намыстуу боло калышат москвадагы кыздар таджиктер мн деп кыздарды да с
15.06.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сабап журдунор,уят уят,кучунорду андай нерселер мн далилдебегиле,ал кыйындык эмес,ал ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-16 10:31:13
16.06.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jass00, этика нормаларын сактаңыз! 2 күн БАН!
15.06.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Военный билетти сатып бергиле, балдарынардан айрылбай. Мен даже ал жакта балдарды зордукташат деп уккам. Же дагы башка травма менен келишет. Аны келген балдар кантип айтмак эле, жашырышат. Ал жактан келгендер кобунчо "грубый, нервный" болуп келишет.
17.06.2015. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Memory,Турмодон жаман болуп баштагангоо?
16.06.2015. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озун сакта!!! менинда бир тууган эжем жол кырсыгынан каза тапкан, апам каттуу ооруп калган, эне учун баласын жоготу кандай азап?! апасына Кудайым сабыр ден соолук берсин! баласы жаткан жери жайлуу болсун!
16.06.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даже ушуларды толук иликтенип куноолуулор чыгарыына да эч ишенич жок, кудай сактасын болду!
16.06.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун! кантип бироонун баласын армияга чакыртып тируу алып кетишип кайра соогун беришет бул нерсе биздин чондордун акмакчылыктары ушул кызматта иштегендердин бироо жарымынын баласы олгондо гана ошондо гана карапайым калктын балдарынын ата энесинин куйутун тушунушот эле
бул нерсеге военный часта иштеген кызматкерлердин баары куноолу себеби алар жакшы иш алып бара алышпайт ошондуктан бири бирине зомбулк корсотуп анан калса олтуруп жатышат
16.06.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан билип билбей кылган куноолорун кечирип, бейиштен орун берсин!
16.06.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун Аскерге жаны келген жигиттер коп каза болуп жатат?Себеби жааш, коркоот дейт эч нерсени билбейт, колунан эч нерсе келбейт, дейт дагы ар кандай кылык корсотуп даже олумго жеткирип жатат,кантип эле кызмат кыламын ата-энемдин ишеничин актаймын деп барган жигит озун озу аса берсин чекеден эле? Акыркы учурда элдин ичинде 2 бойрогу иштебеген.р жана башка ички органдары иштебегендерге,канча оорулууларга к/к болуп жатат акыры,ошондойлор пайдаланышыда мумкун оз кызыкчылыгы учун чон сумма берип!
16.06.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буну дедтер эле сабашкан, бизде ушундай жактары жакпайт елки, бир жеринерди кысып кызмат отосонор бир жеринер бир нерсе болуп кетеби, ушул нерсеге жеткирбей эле акырынтарбия берсе болот го ...
16.06.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылда деле бир бала каттуу токмок жеп армиядан келип олум тошогундо жатат 2айдан бери,ички органдарын эзип салышыптыр. Акыркы убакта ушундайлар коп болууда. Чара колдонбой жаап жашырып коюшууда,демек билинбей калат экен деп дагы боло бериши мумкун.
16.06.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жерде иштеген органдар баш болуп озу олгон деген версия колдогону туура эмесс,карга карганын козун чукубайт деген ушу да !!!Былжырагандар,ушул органда иштеген адамдардын баласы олсо анан тушунушмок!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-17 10:39:59
16.06.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билесинерби?
5 жыл ичинде бир да озбек улутундагы жаран армияга кызмат отоого барбаптыр.
Бул факт!
Эмне алардын баары эле кызмат кылууга жарамдуу эмесби?!
16.06.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев айткандай,биз курама элбиз.
Коп улутту,анда эмне алар кызмат отобойт Мекенге?!
Же биз Кыргыздар аларды да коргоого милдеттубузбу!
17.06.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер спорт залга барып даярданып анан баргылачы барсанарда!
17.06.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип аскерге барган балдар олуп жатса кантип аскерге баргысы келсин балдардын. мандайды козомолдобосо жана сабап отургондорго катуу чара корсотпосо,анда мындай дагы коп болот тургандай.
17.06.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Армиясы кандай болсо мамлекети да ошондой
18.06.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaskaa спортсмен жигиттер деле армияга барып олуп келген фактылар бар, алар мурда баргандарга муш кайтара турган болушса, аларды байлап алып туруп анан 6-7 мурункулар болуп тепкилешет экен. Ошондуктан мен деле баламды армияга жонотуштон коркуп журом.Барса жакшы болмок бирок мындай урой учурган окуяларды окуп,коруп кайсы ата-эне баласын олумго жонотот. Эмнеге кыргыз армиясында тартпип жок? Офицерлер баарын жашырышат, тартип сонун дешет, чынында оздору да жаштарга кол которушот экен.
20.06.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондордун,акчасы барлардын балдары аскерге барбайт,карапайым калкка эле кыйын болдуго...
21.06.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен армияга баргандарды сыйлап,урматтачумун. Мекенди коргойт,эл учун курошот деп,ошол учун инимди армияга барышын каалачумун. Уй булодо жалгыз уул болгондуктан апам каршы болгон. Мен бара берсин кызмат отоп келет,чыныгы жигит болот деп айта берчумун,апам болбой каршы болуп туруп алган. Ошондо апама катуу таарынгам. Акыркы кундору ушундай аянычтуу окуяларды окуп,коруп апамдын жасаганы туура экенин тушундум. Азыр озумдо уулум бар. Аны армияга жоноткум келбейт.
21.06.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарга башкалар кол салбай эле озубузду озубуз жок кыла турган болдук го!чет жактагылар кутуп турушат да кыргыздар акыры жок болот не кылабыз аларга согуш ачып дешип
22.06.2015. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзбектер аскерге барбайт, барса аларды соо коюшпайт, кыргыз кыргызга дедовшина кылып өлтүрүп атса, анан да абакта күзөт кылган жигит экен, укканбыз, абактагылар күзөтчү жаш аскерлерди суидцидге чейин жеткиришет деп, бүл жигит да ошондойго туш болгон же киши колдуу болгон.Армияда эркекче тарбиялоонун эки түрү бар:1-устав менен.2-дедовшина. Экөөнүн кыйындыгы бир биринен ашып түшөт.башкача айтканда"кайда барба, мамайдын гөрү" дегендей эле сөз.армия абактын мыйзамы менен жашагандай болуп калды азыр.
08.07.2015. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен уулумду олсом да аскерге жонотпойм, азыр эч кимге ишениш кыйын, ар ким озунун кочугун жабат. Эгер уулумду куч колдонуп алып кетишсе,ошолордун бетин тытып, чачын жуламын.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо