КЫРГЫЗСТАНДЫ ЮМОР МЕНЕН ТААНЫТКАН ЖАН ШЕРИКТЕР

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Бул маектешүүнү көпкө күтүүгө туура келди. Себеби бул түгөйлөрдүн ар бир күнү пландалган. Бирде байланышсаӊ Москвада, бирде Алматыда, кыскасы акыры кезигүүчү күндү күтпөй да калдым. Капыстан телефонума келген коӊгуроо төмөндөгү маекке өмүр берди. «Саламатсызбы? Биз Бишкекке азыр гана келдик, дароо сиздерге берген убаданы аткаралы деп жатабыз» деген Камила Абдил жана анын жолдошу, «Азия Mix» КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен шаардагы жайлуу кофейнялардын биринде маегибизди уланттык.

ЖУБАЙЛАР ТУУРАЛУУ

Кененсаров Элдияр Эламанович
31 жашта.
Кесиби – Банк иштери боюнча адис.
Туулган жери – Ысык-Көл облусу.
Учурда – "Азия Мix" КВН командасынын капитаны.

Абдил Камила Онайбек кызы
33 жашта.
Кесиби – Маркетолог, финансист.
Туулган жери – Казакстан, Актау шаары.
Учурда – "Азия Мix" КВН командасынын директору.

– Ар бир сүйүү романы таанышуудан башталат. Бул нерсе силерде кандай болгон?
Камила:
– Элдияр экөөбүз мындан 7 жыл мурун таанышканбыз. Анда мен АКШда окуп, иштеп жүргөн кезим эле. Бир күнү Кыргызстандын «Чи-Ли» КВН командасы орусиянын СТС телеканалындагы «Улуттар лигасы» («Лига нации») аттуу сынакта ат салышып жатканын көрүп калдым. «Казак-кыргыз бир тууган» деп коюшат го, биздин азиялык жигиттердин орусиялыктардан озуп чыкканын көрүп ушунчалык сыймыктандым. Анан интернет аркылуу команданын баракчасына колдоо сөздөрүмдү жазып жиберсем, Элдияр жооп берип жатпайбы «Рахмат! Кандайсыӊ?» деп. Мага жооп келет деп күткөн эмес элем. Ошентип сөздөн сөз уланып, интернет аркылуу жазыша баштадык. Ал учурда Элдияр жеке ишкердик менен алектенейин деп жүргөн экен, а мен финансистмин да менден кеӊеш сурачу. Жумуштан башка сүйлөшчү темабыз деле жок эле. Себеби Элдияр кечелердин көркүн ачкан шайыр, жаш жигит, а мен окуу, окуу жана окуу деген, АКШдагы ири ишкананын маркетинг боюнча бөлүм башчысы элем. Чынында, ушул жигит менин жолдошум болуп калат деп ойлобогом. Жарым жыл жазышкандан соӊ телефон номеримди сурай баштады. 2 ай назданып айткан жокмун, анан макул эми деп бердим. Ошондон тарта телефондон сүйлөшүп баштадык. Эми телефондук байланышка кеткен акчанын көптүгүн айтпа, 2-3 саат бизге эч нерсе эмес эле. Бирок анда деле дос катары эле сүйлөшчүбүз. Бир да жолу сүйүү тууралуу кеп козгогон жокпуз.

– Кызык, а турмуш куруу чечимин кантип кабыл алып калдыӊар?
К.:
– Таанышкандан тарта эле Элдияр мага «көлгө келип кет, Бишкекке келип кет» деп чакыра берчү. Анан классташ кызым турмушка чыгып, Бишкекке тоюна чакырып калды. Ошентип бир ок менен эки коёнду атып, Элдияр менен жолукмай да болдум. Аэропорттон мени Элдияр тосуп алды. Аны көрөр замат эле колу-бутум титиреп, ортобузда башкача жылуулук пайда болгонун туйдум. Ал деле эки сөзүн кошо албай сүрдөп жатты. Анан ичимден «Кудайга шүгүр, мен да ага жагыптырмын» деп ойлодум.
Элдияр: – Чынында, жолукканда эле мага Камиланын көздөрү көрүндү. Анан узун буттары, дене түзүлүшү көзүмө урунду. Албетте, ары-бери өтүп, ар тараптан байкаштырып көрдүм (күлүп).
К.: – Ошентип мен Бишкекте жүргөн 3 күн ичинде экөөбүз шаар айландык, сейилдедик. 3-күнү Элдияр «мага турмушка чык» деди.
Э.: – 3-күнү дейби? 2-күнү эле айтпадым беле... Мен бир көрүп сүйдүм да баарын түшүндүм. Анан колдон чыгарып жибербейин, бир күн болсо да үнөмдөп калайын дедим. Камила тарбиялуу, билимдүү кыз да, жообун дароо айткан жок, «ойлонуп көрөйүн» деген бойдон кетип калды. Ошентип бир ай ойлонбодубу. Анан телефондон «сен алгач аксакалдар менен ата-энемдин астына келип, улуулардын батасын алып, анан мени үйүмдөн алып кетесиӊ» деди.
К.: – Ошондогу кызык окуя эсиме түшүп кетти. Кайын журтум айтып аябай күлүшкөн. Биз жаӊы үйлөнүп Ысык-Көлгө келгенде, Элдияр экөөбүз машинанын арткы отургучунда элек, астында айдоочу аялы менен болчу. Шоопур байкенин жубайы тырмактарын өстүрүп, көзүн капкара кылып боёп алыптыр. Кызыгы, элдин баары Америкада окуган, билимдүү, супсулуу келин күтүп отурушкан да. Унаа токтору менен тиги айдоочунун аялы түшүп, керилип-чоюлуп жатпайбы. Күтүп жаткан туугандардын баарынын ээси ооп калыптыр да, (күлүп) «ушул беле Элдияр жактырган кыз» дешип. Ошентип экөөбүз салт боюнча баш коштук, а расмий түрдө жумуштан кийин Бакыт үйүнө барып, каттоодон өтүп, нике күбөлүгүн алып келгенбиз. Азыркы жаштар тимеле укмуш чоӊ той өткөрсөк дешет. Той бере албайт экен деп көп тагдырлар талкаланып жатканы мен үчүн аябай кейиштүү...

– Жаӊы келин болгондогу күндөр эсиӊиздеби?
К.:
– Казактар келинди алгачкы 3 күн «конак» дешип жумуш жасатышпайт да. А мени абысындарым бир сынагылары келди окшойт, дароо эле пияз аарчытып коюшту. Мен болсо кенебей ишке кириштим. Пияз ушунчалык ачуу экен, ашканадагылардын баары бырылдап-шырылдап, көзүнөн жаш куюлуп чыдабай калышты. А мен эч нерсе болгон жокмун. Баары эле «кантип көзүӊ ачышкан жок?» деп таӊ калышат. Мен болсо «казактын кыздары ушундай чыдамкай болушат» деп койдум. Кайдан, көзүмө линза кийчүмүн да. Ал эч нерсени өткөрбөйт экен. Ушул сырымды абысындарыма айткан эмесмин, эми окуп билишет го (күлүп).

– Шаардын жашоосуна көнүп калган кыз айылда депрессияга кабылган жокпу?
– Жок, мен айылда эле өскөн кызмын. Аракетимдин артынан ири шаарларда жашадым десем болот. А бирок сүйүктүүм жанымда болсо, Африкада дагы жашай берем. Бул менин тандоом, экөөбүз үй-бүлөбүз, кандай шартта, кайсыл жерде өмүр сүрөбүз – маанилүү эмес. Жаӊы Бишкекке көчүп келгенибизде ушунчалык кыйналган күндөрүбүз болгон. Тыйындарыбызды чогултуп, батирден батир которуп жүргөнбүз. Бирок биз бардык кыйынчылыкка чогуу туруштук бердик.

– Элдияр мырза, айтсаӊыз, эгерде жубайыӊыз «мен билимдүүмүн, баарын билем, АКШга кетем» деп чыкса, эмне кылмаксыз?
Э.:
– Мен дал ушул нерсе болбошун түшүнгөн соӊ баш кошуу сунушун киргизгем. Камиланын акылдуу аял болоруна көзүм жеткен.
К.: – Көпчүлүк келиндер өзүм билемдикке салышат, бирок эркек киши дайыма өзүн кожоюн сезиши керек да. Түгөйүм деп тандаган соӊ мен Элдиярдын ою менен болушум керек.

– Мүнөзүӊөр окшошпу?
К.:
– Экөөбүз такыр эки башка адамбыз. Көз караштарыбыз, ой жүгүртүүбүз дал келбейт, бирок ага карабай чогуубуз.
Э.: – Айырмачылыктарыбыз толтура. Мисалы, үйлөнгөн соӊ Камила «балалуу бололу» деп баштады, мен дароо эле «мен төрөбөйм, өзүӊ төрөй бер» дедим. Анан аргасыздан өзү төрөп алды (күлүп).
К.: – Ушундай маанайы жарык, тамашакөй адамды кантип сүйбөй коёсуӊ анан (күлүп).

– Иш графигиӊиздер аябай тыгыз экен. Эс алууга убакыт табылабы?
Э.:
– Биз аябай саякаттаганды жакшы көрөбүз, колдон келишинче саякаттайбыз.
К.: – Бир эле жолу Италияга барганбыз го. Анда дагы кокустан эле жумушубуздан бошоп калбадыкпы.
Э.: – Мурун кызым Эмилия жалгыз болгондо эс алуу оӊой болчу, азыр эки бала менен эс алуу чындыгында кыйыныраак. Кичүү уулубуз Элер 8 айлык болду.
К.: – Азыр баарыбыз чогуу жүрсөк ошого да кубанабыз. Ошондуктан учурда Элдияр Алматыда казак телеканалдарынын бирине сериалга сценарий жазып жаткандыктан балдарым менен батирде болсо да жанында бололу деп Алматыда жашап жатабыз.

– Турмуш курганыӊарга 6 жыл болуп калыптыр, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка болгон көз карашыӊар кандай?
К.:
– Менимче көп нерсе аялзатынын колунда. Кыздарга жаштайынан бул нерсени түшүндүрүп өстүрүү керек. Мисалы, Элдияр КВНден бир кезде алыстап кеткен. Анан сыналгыдан КВНди көрүп калса, башкача болуп кетерин байкачумун. Ошондо мен «кечигип калып өкүнгөндөн көрө аракеттен, а балким ийгилик жылмаяр» дедим.
Эгер аялзаты жолдошун колдоп, туура жол көрсөтүп, анын бутка туруусуна түрткү болсо, зордук-зомбулук азаят беле деген ойдомун. Бардык маселени акырын сүйлөшүп чечүүгө болот, болгону өз убагында туура чечим кабыл алуу зарыл.

Эки жаштын үйлөнүү тою саналуу гана адамдардын курчоосунда өткөн.

Камила айымды кыргызстандыктар уюлдук операторлордун биринин жарнамасынан улам жакшы таанышат.

Быйыл Элдияр сахнадагы образын 180 градуска өзгөрттү. Мурунку КВН оюндарындагы акыл үйрөткөн маданият министри Элдияр эми шайыр жигит. Өзгөрүүлөр командага ийгилик алып келип, "Азия Мix" чейрек финалдан жарым финалга жогорку упай менен өттү.

Камила: "Оюнчуларга костюм табуу, күйөрмандарды чогултуу, кыскасы, сахна артындагы ызы-чуунун баары менин моюнумда. Албетте, Москвадагы жардамчыларыбызга да миӊ мертебе ыраазыбыз".

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  24 
Комментарийлер(38)
15.06.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Элдияр, Камила бактылуу болгула. Балдарынардын урмат-сыйын коргуло. Камила чындыгында акылдуу айым экен. Суйлогон созунон, куйоосу айткандай козунон корунуп турат турбайбы. Супер инфонун бул санындагы эн мыкты маек, эн мыкты жаш уй-було деп айтса болот. Суктанарлык.
15.06.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камила ле маекти куруп кюптур...
15.06.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдияр Камила бактылуу болгула
балдарынарга ден соолук озунорго ийгилик!!
15.06.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камила эже просто красотка,а Элдияр байкеша супер)))Желаю вам счастья!!!
15.06.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуздар
15.06.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маек
15.06.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
видео качан жуктойсуздор?
15.06.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
magic1721, саламатсызбы!
Тилекке каршы, маектин видеоверсиясы жок.
15.06.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бай кандай бактылуу жандар, ишинерге ийгилик!
15.06.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! ИЙГИЛИК.
15.06.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпериден бир жыл алдын суранган елем, маек алып бергилечи деп, сулушка есинде болсо керек, (СУПЕР МАЕК болуптур)
15.06.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азия Микс чындыгында жакшы оюн корсотуп жатат,сыймыктанасын коруп
16.06.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз Силер менен сыймыктанабыз! Азаматсынар! Бактылуу болгула! Коз тийбесин!!!
16.06.2015. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камила кайсы тилде суйлоду орусча суйлосо керек кыргызча билет бекен кызык болуп жатат аябай кандай сонун силердей тугойлор кобойо берсин коз тийбесин ту ту
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-16 10:26:22
16.06.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zhanylai90, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
16.06.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда ушулардай бактылуу болсом дейм
16.06.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаль что видео нету!!!!
16.06.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун пара,бакыт каалайм!
16.06.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
О!нун рекламасынын коркун ачкан сулуу кыз жубайы экен да. Бактылуу болгула!сонун тугойлор!
16.06.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылу болгула.
16.06.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
видеосу жогу окунучтуу самая звездная и идеальная пара бактылуу болушсун
16.06.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жактыда сонун пара,бактылуу болгула!
16.06.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек супер инфо Идирис Айтибаев деген тилинен чан чыкан акынданда интервью алгылачы плиииз, Аалы Туткучевден да.
16.06.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирин бири тушунгон бактылуу уй було! Бактылуу болгула!
Бактыгул Бадыеваны да маеке чакыргылачы уй булосу менен.
17.06.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аалы Туткучевди менда кутуп журом чыкса деп. Бадыеваныда кутом супер инфо
17.06.2015. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperishka87, antiwithin14, orhidea83, саламатсыздарбы!
Сунуштарга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
17.06.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сунушту тиешелуу болумго жеткизгениниздерге рахмат ,кутобуз.
19.06.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Классная пара, жена умница сначала няньку потом лялку родила. Завидую вам белой завистью. Берегите любовь всю жизнь. Побольше бы таких счастливых,талантливых,весёлых и разумных пар. Будьте счастливы!
19.06.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эльдиярдын манкаланып мурдуна салып суйлогону жакпайт. а так жубайы красавица
19.06.2015. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
20.06.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар бактылуу болушсун
20.06.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо