ОРОЗОӉУЗДАР КАБЫЛ БОЛСУН!

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Мусулмандар көптөн күткөн орозо айы башталганы турат. Орозодо береке бар, бул айда ашыкча тамактан дене гана эмес, адамдын жан дүйнөсү да тазаланып, азга канагат алып шүгүрчүлүккө үйрөнөт дешет. Орозо айы жалпыбыз үчүн жемиштүү болсун!

ОРОЗО КАРМООГО КИМДЕР МИЛДЕТТҮҮ?
Орозону бойго жеткен, акылы толук, ар бир мусулман кишиси тутуусу милдет.
Жаш балдар жана оорулуу адамдар, кош бойлуу жана бала эмизип жаткан аялдар, жолдо жүргөн адам жана айызы келген же төрөт канын көрүп жаткан аялдар убактылуу каны токтогуча орозо кармашпайт.

ОРОЗО ТУУРАЛУУ ХАДИСТЕР

  • Ар бир ооз ачууда Кудай тозоктон куткарылган адамдарды белгилейт.
  • Алла Таала "Адам баласынын орозодон башка ар бир иши өзү үчүн. Ал эми орозо – Мен үчүн. Анын сыйлыгын Мен берем" деген.
  • Ким Рамазан айында ишеним жана Алладан сыйлык үмүт кылып орозо кармаса, анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет.

ОРОЗО КҮНДӨРҮ ЭМНЕДЕН ТЫЙЫЛУУ КЕРЕК?

  1. Аял эркекти, эркек аялды кумарланып карабоосу керек. Орозо кармаган адам оозун ачканга чейин жубайына да кумарлануу менен караганга болбойт.
  2. Калп айтуу, кимдир бирөөнүн үстүнөн чагымчылык кылуу, ушак айтуу, уруш-талаш жаратууга болбойт. Эгерде орозо тутуп жаткан адамга бирөө катуу айтып уруша турган болсо, «мен орозомун» деп токтотуп, ал маселени кийинкиге калтырганга же жай сүйлөшкөнгө аракет кылганы оӊ. Эгерде орозо кармап туруп жогоруда айтылган жоруктарга жол берсе, анын оозу тамак ичип жибергендей эле ачылып калат.
  3. Ушак угуу же жагымсыз сөздөргө кулак төшөө туура эмес. Тилин да, жан дүйнөсүн да сактап, жалаӊ гана Кудайдын ыраазычылыгын ойлонуп зикир кылуу абзел.
  4. Колду ыплас нерсени кармоодон, бутту туура эмес жакка басуудан, курсакты арам тамак менен толтуруудан сактануу, көӊүлдү ач көздүктөн, жүрөктү акчаны жакшы көрүүдөн сактоо керек.
  5. Кээде орозомун деп ооз ачарда жана саарлыкта адам катуу тоюп алат. Орозодо ачка жүрүүнүн максаты – өзүн ар дайым ачка жүргөндөргө салыштыруу, алардын абалында болуу менен өзүн сыноо, сабырдуулукту сактоо.
  6. Адам ар дайым «менин орозом кабыл болуп жатабы?» деп коркуп турганы оӊ. Орозону кимдир бирөөгө көрүнүү же арыктоо максатында эмес, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн кармаӊыз.

ОРОЗО БАШКА ДИНДЕРДЕ...
Православ христиандарында
– Орозонун христиандарда бир нече түрлөрү бар. Анын максаты – Кудайга жакындоо, күнөөлөрүнүн кечирилишин тилөө, адамдын руху күнөөдөн жана денеси көп тамак ичүүдөн тазалануу болуп эсептелинет. Көбүрөөк кармалганы Рождество майрамынан кийинки орозо. Ал 7-январдан 18-январга чейин кармалат. Бул убакыт ичинде эт, балык, май, сыр, сүт азыктарын, спирт ичимдиктерин пайдаланганга болбойт. Бул күндөрү орозо кармаган адам өзүнүн күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеп жана башкаларды да кечирүү керек.
Католиктерде – Көрүнүктүүсү Иса пайгамбардын төрөлүшүнө карата арналган орозо. Муну 21 жаштан 60 жашка чейинки адамдар кармашы керек. Аптанын шаршемби жана жума күндөрү кармалат. Бул күндөрү эттен баш тартуу жана курсакты чала тойгузуу кажет. Ошондой эле Кудайга жалынып жардам суроо, тилек айтуу менен коштолот.
Иудаизмде – Орозонун түрү көп, алардын бири Йом–Кипур деп аталат. Бизче которгондо «акыр заман» деген түшүнүктү берет.
Бир күн кармалган орозодо тамак ичүүгө, кумарга батууга, жуунууга, жакшы кийимдерин кийүүгө жана тамаша, оюн-зоок кылганга, машина айдаганга тыюу салынат. Көп убакытты Кудайга жалынуу менен өткөрүшөт. Күн чыккандан баштап жылдыз көрүнгөнгө чейин тамак-аштан карманышат.
Буддизм менен индуизмде – Орозо кармачу күндөрдүн системи татаал. Айрымдар аптанын бир күнү дайыма тамак-аштан баш тартышса, айрымдар бир айда бир жолу. Шива, Хануман, Дева деген Кудайларына сыйынуу үчүн ар ким кайсыны тандаса, ошого карап тамак ичишпейт. Мында тамактан толугу менен баш тартылбайт: сүт, айран ичип, жер-жемиш жегенге болот, бирок нан, эт, пияз, сарымсак кошулган даамдар бул күндөрү желбеши керек. Убактысы да ар кандай, көбүнчө таӊ аткандан күн батканга чейин карманышат.


ОРОЗО КАРМОО МЕДИЦИНАДА
Бир жылда бир жолу тамактан баш тартуу организмге зор жардамга келери тууралуу окумуштуулар далилдеп келет. Алардын айтымында, организмге тамак барбай калганда ал өзүнөн өзү тазаланып, иштебей жаткан клеткалар иштеп, жашоо үчүн күрөш башталат. Ар кайсы өлкөнүн окумуштуулары тамактан баш тартуунун пайдасы тууралуу төмөнкүчө ойлорун айтышат:
Германия: Окумуштуулар денедеги шлак, микробдор чыгып адам сергек боло түшөрүн, ачкачылык кылган адамдардын көзү курчуп, мээси жакшы иштерин далилдешкен.
АКШ: Эксперттер ашказандын иштөөсү жакшырып, адамдын түнкүсүн жакшы уктоосуна шарт түзөрүн айтышкан. Кандагы холестериндин өлчөмү да азаят.
Кытай: Бир жылда бир жолу ачкачылык кылуу менен өмүрдү узартып, сулуулукту артырарын белгилешкен.
Украина: Одессадагы медициналык институттун окумуштуулары организмдеги уу заттарды ачкачылык жакшы чыгарарын айтышкан.

КЫРГЫЗСТАНДЫН АЙМАКТАРЫНДАГЫ УБАКЫТТЫН БИШКЕКТЕН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ

Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоӊ-Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин

Чүй облусу Бишкек шаарынын убактысы менен

Кадыр түн 13-июлдан 14-июлга караган түнү
Орозо айт –17 же 18-июль
Курман айт –23-сентябрь

Муфтияттын фатва бөлүмү эскертет! Орозо болжолдуу түрдө 18-июнда башталат деп белгиленүүдө. Айдын чыгышына карата Орозонун башталышы, Кадыр түн, Орозо айт жана Курман айт 1 күнгө ары-бери жылып кетиши мүмкүн.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таӊ аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.

ИӉИРДЕ ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аълайка таваккалту, ва аъла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүӊ үчүн орозо кармадым. Өзүӊө чындап ишендим, өзүӊө таяндым, өзүӊ берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(16)
15.06.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
орозо тутуу баардык мусулманга насип этсин, туткан орозонуздарды Кудайым кабыл кылсын!!!
15.06.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куда кааласа аз калды ошо кунго кудайым озу жеткирсин,Орозо кармоо ар бирибизге насип этсин.
15.06.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык мулсулмандарга орозо кармоо насип кылган болсун,Алла таалам баарыбыздын билип билбей кылган куноолорубузду кечирсин,орзонор кут болсун !!
16.06.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен зарыгып куткон кун бул Орозо майрамы Туттуучу орозонуздарды Аллахым кабыл кыздын
17.06.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо качан башталат? календарга анча тушунбодум
17.06.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mononoke, эртен башталат. Тушунуктуу болуп турат го. Эмнесин тушунукусуз апей?
17.06.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mononoke, багымдат бул намаз. Ошону тушунбой жатасызбы?
17.06.2015. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун сиздерге. Иншалла орозо кармайбыз!
17.06.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен чыдамсыздык менен кутуп жаттым эле,орозо да келип калды.
Туткан орозобузду Аллах кабыл кылсын!
17.06.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун тунку саат 3 то ооз бекитилет да туурабы, Супер Инфо? Сонку кабарларга да так маалымат берип коесуздарбы, сураныч.
17.06.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka, саламатсызбы!
"Соңку кабар" бөлүмүнө кабар чыккан:
http://www.super.kg/kabar/news/115951/
17.06.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каракол он мунот эрте дегени Тонго да тиешелуубу?
18.06.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун. Аллах Талла учун кармаймын
18.06.2015. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун орозо буйурса биринчи куну.
18.06.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым орозо кармаган бир туугандарыбыздын баарына саьыр берсин. АМИН
18.06.2015. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жамааты эл учун такай ушул сыяктуу пайдалуу кенеш маалыматтарды берип турганыныздар учун Аллах сиздерге да ыраазы болсун. Жумушунуздар алга жылып уй-булонуздордо береке болсун. Жалпы суперчилер сиздерге да Рамазан айы маарек болсун!, туткан орозолорубуз кабыл болсун!.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо