Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨӉҮЛДӨШТҮН АРМАНЫ

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Мен киммин? Мендей аялдар миллион, балким, андан да көптүр. Азыр эч кимге даттанып же арманымды айтып бырылдап ыйлагым келбейт. Мени кимдер эмне деп гана сөгүшпөдү?.. «Бирөөнүн жылуу уясын бузган акмак, шуркуя», «байлыкка гана кызыккан неме ал, жакшылык көрбөсүн» деп каргашты. Укпаган сө­зүм калбады. Жашырбайм, чындыгында мен ба­шында байлыкты көздөгөм. Эмнеге элде болгон үй, машина менде болбошу керек? Керек болсо мендей кыргыздын сулуулары аз. Жашмын, сулуумун, таланттуумун, акылдуумун, амбиция баштан ашат дегендей. Эл көзүндө жүргөн мырзанын колтугунда ар дайым шаӊ күлкүдө жүрүүгө эмнеге болбосун?
Калый байке эл алдында жүр­­гөн адам эле. Акчасы, кызма­ты, бизнеси, келбети, акылы, кыскасын айтканда баары бар. Биз бир кечеде жолугушуп калдык да, мамилебиз башталып кетти. Кумар, жаштык, адреналин...
Менде каалаган нерсенин баары болду, бирок ошол бардыгына жеткен учурда баары башталды. Бардык нерсенин аягы болушу керек. Биздин романдын да өзүм ойлогон сценарийи бар болчу. Бирок тагдырда күтүүсүздүктөр болот тура. Мамилебиз 5 жылга созулду. Мурун мен аны оӊой эле алмаштырып кетем деп ойлосом, эми ага көнүп, күтүп баштадым. Эӊ жаманы – мен аны жакшы көрүп калган элем. Аны көпкө чейин моюнума алгым келбей жүрдү. Кийин Калый байкенин жумушу жакшы жүрүшпөй, кабагы салыӊкы боло баштады. Келсе келет, келбесе жок. Көзүмдү чачыратып күтөм, «мен үйдө болгон кезде таптакыр чалба, СМС гана жаз» деген. 50дөй билдирүү жаздым. Ошондо да көпкө күттүрүп келди. Кел­генде атасын күткөн баладай чуркап чыгып, ада­тымча моюнуна асыла баштадым, ал кыжырдана башын буруп кетти.
– Бүгүн чарчап турам, үйдө аялым барда кабарлашпа дебедим беле...
– Сагындым...
– Эми сен сагынган сайын менин үйүмдө чыр болушу керекпи?
Кабагын сала бир аз сүй­лө­шү­мүш болуп отурду да, кеткенге камына баштады.
– Эмне болду?
– Эч нерсе, кеттим үйгө...
– Жаӊы жыл эмеспи, жок дегенде...
– Жаӊы жылды үй-бүлөм менен тосушум керек,- деди ал корс.
Селт дей түштүм, анткени ал эч качан мага орой сүйлөгөн эмес эле. Көзүмдөн жаш кулап баратса да, куру жылмайып «макул» дедим. Ал эшикти тарс жапты да, чыгып кетти.
Кыздар, силерге айтарым, эч качан бирөөнүн көӊүлдөшү болбогула. Анткени ал эркек сен ооруп калган кезде эч качан башыӊдан сылап жаныӊда отурбайт. Маселеӊди айтсаӊ, акчасын ыргытып «ушул акча менен өзүӊ чечип койчу» дейт. Андан жакшы сөз күтүп жатканыӊ менен иши жок. Ал сен капа болгондо көзүӊдүн жашын аарчыбайт. Калп эле угумуш болгону менен анын ою, жаны, дили башка жакта. Аялында, балдарында, эӊ жок дегенде жумушунда.
Сен ал үчүн көӊүл ачуу, жаштыгын эскерүү үчүн келе турган утурумдук бекетсиӊ. Кыйналганда арманын угуп, көз жашын аарчый турган кол жоолуксуӊ. Анын чыныгы жашоосу башка жакта, а сен жөн гана...
Аны сезгенде жаныӊ кыйналат, жан далбастап анын жашоосундагы адамдардан оолак­тат­кыӊ келет. Жадакалса телефонунун бетиндеги периште кызынан кызганасыӊ. Кызынын сүрөтүн тиктеп, эзилип турганын көргөндө ай ааламды бузуп бакыргыӊ келет. Кадимки аялдардай албууттанып буюм-теримдин баарын ыргытып, чачыӊды жулгуӊ келет. Бирок анте албайсыӊ. Анткени андай кылууга сенин укугуӊ чектелүү. Баарынан жаманы – майрамдар. Себеби анын мындай күндөрү сага таптакыр убактысы жок, жок дегенде эч ким жок жерге барып СМС жаза койгонго убактысы жок.
А сен бечара андан үмүт үзүп, көчөгө чыгып көӊүл ачып кете ал­бай­сыӊ. Бошсуӊ, бирок ки­шен­дел­ген адамдайсыӊ. Эр­кин­сиӊ, бирок туткунсуӊ.
Менин ушундай жашоодо жа­шап жатканыма бир топ убакыт болду. Мамилени эчен жолу үзүп салып басып кетким келди. Мен дагы башка аялдарга окшоп бала сүйүп, күйөөмдүн жумуштан келишин күтүп, бакыт даамын таткым келет. 25 жашымда жолуккан элем, эми жашым 30га келип калды. Мен курактуулардын керек болсо 5 баласы бар. А мен жалгызмын, менде баары бар, сыртымдан көрүп суктангандар толтура, а балким, аягандар андан да көп­түр. Менин бул жашоомдун акы­ры азырынча көрүнө элек...
Балким, кимдир бирөө мага кеӊеш берер.

Айдана


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(68)
16.06.2015. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aidanaga onoi emes albette!!!el mn bolushkon eken yras,birok biroonun oiun ugup any kyla albaisyn,jurogundu uk!
16.06.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайгырбаныз Айдана сиз чыныгы бакытка татыктуусуз деп ойлойм баардык адамдар жанылышат бактылуу болунуз
16.06.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30Жаш эчнерсе эмес.баарына жетипсин.Калыйды пашел деп.нормально куйоо караштыр.хотя азыр норм куйоо да жок
19.06.2015. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnaz.GS, туура айтасынар азыр жакшы куйоо баары эле Калыйдай деп койсок болот
16.06.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба бул жон гана чыгарма болуш керек. Эми колу,акыл-эси менен жазагандан кийин мойнун менен тарт деген создон башка эч нерсе айта албайбыз. Кудайым кыздарга ыйман берсе экен!Жашоодо ушундай озун сыйлабаган кыздар болбосо экен дегенден башка эмне айта алабыз!
Siuz түзөттү 2015-06-16 21:30:31
16.06.2015. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ААА сен мага номеринди жазып койсон мен уйуно барып кеп кенеш айтам!
17.06.2015. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнеге байлыкты коздоп жашап калышкан балдарда кыздарда ! байлык акча бийлик колдун кири келет кетет бакыт кетсе кайра келбейт! пенде жашоодо адашат деген ушул бирок бугулбойжаныдан жашоо баштасан болотко????? бироонун уй булоосун бузган болбойт ! куноо !!!!!!!!! ар бир адамга ынсап ыйман берсин ! баардыгы алдыда баары жакшы болот капаланба сенда суйуктуу жар мээримду эне болосун
17.06.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун кылган иш оз башыга муш!
Эмнеге ушул жаман жолго тушоордон алдын ойлонбодунуз,баш каякта эле?Азыр деле кеч эмес мамилени узунуз.
эртен сулуулугунуз кеткенде байкениз да кошо кетет.
андыктан арканды узун таштап,ойлонуп корунуз.
Жаны жашоо баштап,таза жолго тушунуз!
17.06.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сен эч качан Калыйдан тороп алайын деп ойлобо. Сен жашоонду озгортом десен,2рекет намаз уйронуп тункусун туруп тахажут окуп Аллахтан кечирим сурап ыйлап, менин багымды ач жараткан, жакшы, мени суйуп сыйлаган жигитке жолуктур, десен Кудайым албетте берет. Орозо келатат Ошол кезде дуба жакшы кабыл болот. Менин да башымдан андай иш откон. Бирок азыр баары жакшы,суйукту куйом, эки соонун кызым бар. Аллахка Шугур айтам!
17.06.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
убакыттын отушу менен сен да аны сагынбай каласын ал сени кайра издеп калышы мумкун
17.06.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
силердей гонулдоштордун козун чукуш керек канчалаган ак никеде жашап жаткан аялдардын коз жашына себебчи болосунар
17.06.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бироонун ак никесин бузганын учун жазаны аласын созсуз,алып да жатасын. бироонун коз жашынан бакыт эч качан куралбайт...
18.06.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырас гана болуптур! Үй-бүлөлүү мырза менен мамиле түзөрдөн мурун ойлонуш керек болчу. Ошол аялдын ордуна өзүңдү коюп көрүш керек эле. Негизи кыргыздар сөздү туптуура, таамай айтат да, "ойнош оттон ысык, боктон сасык", "эркекке ишенгенче, эки босогоңо ишен" деп. Ошентсе да Айдана, азаматсың тагдырыңды ачык айтып! Сенин окуяң, сенин кеңешиң канча бир шуркуяларга сабак болот деп ишенем.
18.06.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерек омурлук тугойунузду табыныз бул эн туура жол.
18.06.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны унутунуз да сизди сыйлаган, тушуно билген тенинизди таап, баарын башкадан баштаныз дейт элем
18.06.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда пошел деп эрге тийип ал депсинер,ал эр менен жашай албайт эми,бул аял уйронуп калганда оной жашоого,ойношуна кылыктанып машина,уй,кымбат белектерди алып,а турмуш деген таптакыр башкача чындыгында,эрге чыдабайт эми бул,эрдин нанын жеш учун темирден тиш керек деп бекер айтылбайт.
18.06.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок чынын айтсам кимде куноо билбейм мени да бир эже илип башымды айландырган 2 жыл москвада мен анда 25 болчумун ал 34 эле бирок ар бир адамдын баласы бактылуу болосун и бакытка курошуу керек
19.06.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай сулуу билимдуу акыл эси ордунда бирок айбанаттай жашоосу бар.онолуш керек ойлонуш керек али кеч эмес.
19.06.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеке кандайсыз ... сиздин тагдырыныз меникине окшоп кетет экен... мумкун болсо жолугуп суйлошолу... мага озумдун баракчама номеринизди жазып калтырынызчы.кутом.
21.06.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mailashka,уялбай кантип жаздын менин тагдырыма окшоп кететкен деп кандай уй булолуу адам менен журосунор ортодо Силерге окшогондордун айынан уй було бузулуп жаш куноосу жок балдар жетим калтат
19.06.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжеке кандайсыз ... сиздин тагдырыныз меникине окшоп кетет экен... мумкун болсо жолугуп суйлошолу... мага озумдун баракчама номеринизди жазып калтырынызчы.кутом.
19.06.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой ойлосон тен ойло, тен ойлосон да кеен ойло демекчи, кыздар келечеги жок мамилени билип туруп озунор атайын кадам шилтейсинерда, келечегинерге балта чабуудан коркпойсунарда ошол учун ушундай турмуштун сыноолоруна сынып олтурасынарда.
19.06.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз Сайкалдын баштап кеткен жолу бар, Курманжандын таштап кеткен жолу бар,ушул улуу энелердей боло албай,азыр кыздар кандай катты шорунар!
21.06.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a.kubanychbekov,баракелде
19.06.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча эмгек Канчасында мээнет менен капкан акчасын эркектер ушундай кыздарга жумшайт тура оо Жаратканым кыргыздын кыздарына ыйман бер анан Сиздин жолдошторубузду мындай жолдон алып была кор
20.06.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарына озун куноолуусун чон кыз ,, ар бир адамдын бактылуу болуусу озунун колунда женил ойлуу кыз экенсинда
20.06.2015. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сени эч куноолобоймун, бул да болсо тагдырдын сыноосу.
21.06.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойнош оттон ысык боктон сасык демекчи.Бул жалган дуйнодо адашкан кыз-келиндер коп. Менин эн эле жаман коргонум бироонун очогун бузган адам. Ушинтип адашкан кыз-келиндер жакшылап бир ойлонушса жакшы болмок,ат айланып казыгын табат деп. Сизге айтаар кенешим; убакыт озу дарылайт,озунузду озунуз ойлобосонуз сизди башка эч ким ойлобойт. Туура,суйуу жакшы нерсе,бирок сизди суйгон андан да артык нерсе. Ошондуктан откон ишке окунуп артка карап кыйнала бербей,алга сабырдуулук,кучтуулук менен кадам коё баштаныз. Убакыт учкан куш,эртен эле коз ачып жумганча картайып бала тороодон алыс болуп каласыз. Азыркы жашынызда жок дегенде экини тороп алганга жетишиниз. Каткыргандын карды ток,кайгыргандан пайда жок деген созду унутпаныз.
21.06.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми да тийсенер болот 40ка чыкканча 5балалуу болуп дегендей албетте кудайым денсоолук берсин
25.06.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озундун жашоон Озуно сабак болсун. 30 чыгып эчкимин жок.
03.07.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин менен жашаныз. Баары оз ордуна келет. Намаз окуп Аллахтан сураныз багымды ач деп. Кудай деген куру калбайт.
09.05.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zalkarbek1988, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
31.07.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага смс жаз жобун айтам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо