КАТУУ ШАМАЛДЫН АЙЫНАН 2 АДАМ КАЗА ТАПТЫ

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

8-июнда болуп өткөн катуу шамал борбор калааны алай-дүлөй кылып, чаӊын асманга сапырып кетти. Ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге жеткен шамалдын кесепетинен бир катар турак үйлөрдүн чатырлары учуп, дарактар кулап унааларды басып калса, «Ала-Тоо» аянтындагы желектин тамтыгы чыгып айрылды. Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 80ге чукул бак кулаган. 10 бак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 12 автоунаа бак астында калган.
Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү жарнамалык такта кулап түшүп, мунун айынан эки автоунаага зыян келтирилгендиктен, жарнактын ээлери кеткен чыгымды төлөп бермей болушту. Ал эми дарак басып калган унаалардын ээлерине жардам каралбагандыгы маалым болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдын кесепетинен келип чыккан Бишкек шаарындагы, Чүй облусундагы жана башка аймактардагы чыгымдарды атайын комиссия эсептеп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, эсептелип бүткөн соӊ турак жайларына залалы тийген жарандарга жана социалдык мекемелерге курулуш каражаттары бөлүнөт. Эӊ кейиштүүсү, катуу шамалдын айынан 2 адам каза болду. Ысык-Ата районунун 74 жаштагы тургунун үйүнүн жанындагы дарак басып калгандыктан, ошол жерде көз жумган. Ал эми Аламүдүн районунда 13 жаштагы өспүрүм кызды дарак басып калып, ал ооруканада эсине келбей каза тапты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
15.06.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх не деген жашоо акыр заман босогобузда туратго,каза болгондордун арты кайрылуу болсун жайы жаннаттан болсун жаш кызга боорум ооруду ажал экенда.
15.06.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайлары жаннаттан болсун,абдан окунучтуу
15.06.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахтын эскертүүсү, кайдагы ата— бабаларыбызда жок гейлер чыгып жатса Кыргызстаныбыздан,Аллахтын каары деп билсек болот.
16.06.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88,Туура Адамдар аябай бузулду. Кудайым ыйман берсин баарына!
15.06.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шамалды да акыр заман дей бергиле Силердей адамдар чымындан пил чыгарып дурботуп салат
17.06.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erniet, эчким акыр заман дебеди, акыр замандын белгиси деп жатышат
15.06.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
16.06.2015. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз Россиянын Камчатка шаарындабыз, бул жакта кышындасы 3метрден ашуун каар жайт шамал пурга абдан каттуу болот. Кыргызстанды ошондой кчштан Кудай сактасын!
16.06.2015. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыштан дегеним )
16.06.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арты кайырлуу болсун.
17.06.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчаткада менда жашайм, бул жактын пургасына конуп деле калдык. Ал эми кыргызстандын курулуштары каттуу жамалга туруштук бергидей салынган эмес.
21.06.2015. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бизге кудайдын бир эскертме бергендей каары тушту окшойт!эсибизге келели момун мусульман бир туугандар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо