№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
"Малышка Би", "Беги за ней", "Внутривенно" деген өӊдүү ырлары менен кыргыз шоу-дүйнөсүнө аралашып, аты таанылган Нурбек Савитахунов акыркы убакта күйөрмандарына караанын көрсөтпөй кетти. Анын жөндүү себеби бар. Келинчеги актриса, модель Альбина Бейшембиева экөө Москва шаарында жашап, иштеп жатышкан эле. Альбина да таланттуу кыздарыбыздын бири, эсиӊизде болсо «Сүйө бил», «Мурас сыры» тасмаларында роль жаратып актриса катары эл оозуна алынган. Бири-бирине куп жарашкан таланттуу түгөйлөр уулдуу болуп, уулуна Артур деген ысым ыйгарышты. Альбина: «Баары жакшы, чоӊоюп калдык. Мен азыр балам менен үйдөмүн. Артурду Нурбек өзү эле төрөп алгандай, тим эле атасына куюп койгондой окшош»,- дейт. Эки жашка бешик бооӊор бек болуп, уулуӊар чыгаандардын бири болсун дейбиз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/show/29075