Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

10 ЖАШТАГЫ МАНАСЧЫ ҮМӨТ ДӨӨЛӨТОВГО «МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ» ТӨШ БЕЛГИСИ ТАПШЫРЫЛДЫ

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

3 жашынан баштап манас айтып келе жаткан Үмөт Дөөлөтов 10 жашында «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Былтыр Үмөт 220 мамлекеттин катышуусунда Бакуда өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаш таланттардын өнөрүн өркүндөтүү боюнча өткөн конференциянын алкагында жарыяланган сынакта манас айтып 1-орунду алып кайткан.
Ошондой эле Москвада президенттердин катышуусунда өткөн иш-чарага кыргыздын маданиятын көрсөтүү максатында өлкөбүздүн президенти Алмазбек Атамбаев менен барып, иш-чараны манас айтып ачып берген. Буга чейин Кыргызстанда 10 жаштагы бала мындай сыйлык алган эмес. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов мындай деп билдирди:
– Өзүӊүздөр билгендей чыгаан, уникалдуу манасчы Үмөт Дөөлөтов кыргыздын маданиятына чоӊ салымын кошуп келет. "Манас" үчилтигин ЮНЕСКОго киргизүүдө Манас кыргыз элиники экенин, кыргыздарда жаш баладан тартып карыяларга чейин манас айтарынын бир далили болуп келе жатат. Мына ушундай эмгектерин баалап, бул жеткинчекке «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин берүүнү туура таптык.
Ал эми Үмөттүн атасы Болот: «Апасы экөөбүз баламдын ийгиликтерине кубанып жатабыз. Манас айта баштагандан бери эле көптөгөн сыйлык, дипломдорго ээ болуп келе жатат. Роза Отунбаева президент болуп турганда ал кишинин да назарына түшкөн. Экс-президент бизди колдоп, Бишкекке чакыртып "1 бөлмө болсо да батир бергиле" деп тапшырма берген эле. Бирок үй эмес, Ысык-Көлдөн жер бөлүп беришти»,- деп билдирди.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
15.06.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтсын Умот, келечегин кен болсун, омурлуу бол балам!
15.06.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечегин кен болсун! Кыргыз жоголбойт ушундай уулдар турганда!
15.06.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул баланын Манас айтканын коруп аябай тан калгам отто кыййын айтат экен кайта кайта коруп ар кимге да коюп берчуумун сыймыктанып, баракелде азамат демекчимин!
15.06.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат, бул чон жетишкедик
16.06.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Умот!Саякбай атабыздан кийинки тарыхта калчу чон манасчылырдан болушуна тилектешмин.
16.06.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала жонундо маалымат берсенер го супер? Интервью алып, кантип айтып калды болду экен кыйын айтат эмне кереги бар.
16.06.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, саламатсызбы!
Кийинки санда аракет кылабыз.
16.06.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул баланы коргондо Саякбай Каралаевди эле кичирейтип койгондой элестетип коргом, жакшы талантын ташкындай берсин!
16.06.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы коптогон ийгилик жылмайсын.
16.06.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан сени жаман коз, суук создон сактасын! Гулдоп осо беришине чын дилибизден тилектешпиз.
17.06.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"3 жашынан баштап манас айтып келе жаткан..."
манас деген сөз ушундай жазылабы? Эмнеге ал кичине тамга менен жазылган?
18.06.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar.,оюңар туура, Манас- адамдын энчилүү аты, "Манас" - чыгарманын аты. Бирок, ошол учурда эле бул сөз өнөр катары да айтылып калган. Ыр- ырчы, бий- бийчи, манас айтуу- манасчы дегендей. Бул жерде ошол өнөр катары айтылып атат.
18.06.2015. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий кучугу десе онорун оркундой берсин аракетин жакшы козум. Манас Атанын арбагы колдосун сени Амиин
18.06.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат кырыздын кыраан жигиттеринен болгун
19.06.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосунанда киргизип койбопсунарда.
21.06.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Умот аябай соонун айтат экен коруп тан калдым.азаматсын кыргыздын атын чыгара турган бала экен
23.06.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы: курманбек айтып, кожожаш айтып, жаныш-байыш айтып, карагул ботом айтып, эр төштүк айтып, семетей айтып, сейтек айтып, эр табылды айтып ж.б. деп.
Кандай экен? Ушинтип жазуу жөнүндө кайсы эрежеде жазылыптыр?
Ajar. түзөттү 2015-06-23 23:27:35
23.06.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эгер "Манастын окуяларын айтып", "Манастын баянын айтып" десе, башка кеп, каарман же жашап өткөн инсан тууралуу сөз болуп жатканы түшүнүктүү.
Ajar. түзөттү 2015-06-23 23:56:48
24.06.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajar.,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо