БАЛДАРЫҢЫЗ ЖАЙКЫ КАНИКУЛДУ КАЙДАН ӨТКӨРӨТ?

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

Жайкы каникул балдар үчүн уникалдуу мезгил. Бул учур балдарга эс алып, күч топтоп, жаңы досторду күтүп, көптөгөн кызыктуу нерселерди билүүгө шарт түзөт. Биздин атактуулар балдарынын жайкы эс алуусуна кандай шарт түзүп берет, кеп учугу ошондо болсун.

Анжелика, ырчы: “КЫЗДАРЫМ АЙЫЛГА БАРЫШАТ”
– Кыздарым Айыма менен Элиманы жайында зериктирбегенге аракет кылам. Мисалы, бий ийримине жаздырып коём. Таенеси шаардын четинде тургандыктан, ал 10-15 күнгө алып кетет. Андан соң айылга, Таласка чоң энесиникине барышат. Ал жакта туугандардын балдары да жайкы каникулга барышкандыктан, алар менен ойноп-күлүп эс алып кайтышат. Анан биз менен Ысык-Көлгө барышат.

 

 

 

 

 

Аскат Сулайманов, актёр: “3-4 КҮН ЧУРУЛДАП КУЛАК-МЭЭНИ ЖЕШЕТ”
– Жыл сайын улуу балдарым көлгө лагерге барышат. Быйыл улуу баламды салып жаткан үйүбүзгө кол кабыш кыл деп эч жакка жиберген жокпуз. Арсен, Арлен деген уулдарым салтты улап, эс алууга жөнөшөт. Эки кызым Ысык-Көлдөгү тайларыныкына барып, 2 айга чукул жайлоодо болушат. Лагерге барганы аябай жакшы. Өзү теңдүү балдар менен мамиле куруп, ой жүгүртүүсү өзгөрөт. 12 күн болсо да ата-энесинен өзүнчө жашап, өз алдынчалыкка үйрөнүшөт. Балдарым лагерден келгенден кийин тартиптүү болуп, кийимдерин ар кайсы жакка ыргытпай жыйнап калышат. Анан 3-4 күн чурулдап кулак-мээни жеп, кызыктуу окуяларын айтып бүтүшпөйт.

 

 

 

 

Залина Касымова, кыл кыякчы: “БАЛДАРЫМА БЭЭНИН СҮТҮН ИЧИРЕМ”
– Кызым Акзыйнат 5 жарымда, уулум Аскар 1 жарым жашта. Буюрса, тайларым турган Кочкордогу жайлоого баралы деп жатабыз. Бээнин сүтүн ичип, иммунитетти көтөрбөсө, балдар кышы бою ооруп чыгышат. Негизи жыл сайын барып турчубуз. Былтыр балам жаңы төрөлүп барбай калганбыз. Ошого болсо керек, улуусу башка жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк ооруду. Жайлоо балага жакшы таасир берет. Таза аба менен дем алып, мал-жандык менен таанышып, чуркап ойноп энергия топтошот.

 

 

 

 

 

Салтанат Саматова, алып баруучу: “ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ ҮЙҮБҮЗГӨ БАРАБЫЗ”
– Менин уулум Бакыт 6-классты бүтүрдү, кызым төрт жашта. Уулум өзү телевизор көргөндү, компьютерде ойногонду, китеп окуганды жактырат. Спортко кызыкпайт. Бир сөз менен айтканда, активдүү бала эмес. Бирок сууда сүзгөндү мыкты өздөштүрүп алган. Кызым да сууну жакшы көрөт. Ысык-Көлдө чакан үйүбүз бар. Жайында дайыма ошол жерде эс алабыз. Баланы эс алдырып туруу кажет. Жок дегенде тоого, сейил багына алып барып көңүлүн ачуу шарт. Телевизор тиктеттирип отургузуп койгон болбойт.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(7)
22.06.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым балдарыбызга омур ден-соолук ыйман ынсап мээримдуулук берсе экен деп тилеп олтурам
22.06.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кудайым ата-эненин
баарына бала берсин
24.06.2015. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аскат мырзанын ббееешш баласы баркен да а ))). баарына жагымдуу эс алуу!!!
26.06.2015. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жайы менен козу бакчумун. анан Бишкекке 10 кунго жонотушот эле. эс алганым ошол.
26.06.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы эс алгыла! а мен кичкий кезимде балапан кайтарчымын 40-50дой эртеден кечке жумушка кеткендей эле кетчимин бир жолу туура эмес санап алып ыйлаганым эсимде))))
26.06.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aizek02,сиздин жазганынызга боорум эзилгиче кулуп алдым. Кичине кезде андай нерселер болуп турат.
Мен эсалганды деле билбепмин.
19.07.2015. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эртен 26- май дегенде Ысык колго апакай болуп жоноп калчумум. Эртен 31- август дегенде капкара болуп куйуп калганча эс алып келчумун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо