Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СКАЙДОМ» ТУРАК ЖАЙ КОМПЛЕКСИ –ТЫНЧ ЖАНА КООПСУЗ ЖАШОО КЕПИЛДИГИ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

«Bi Build» курулуш компаниясы шаардын ызы-чуусунан алыс, ошол эле учурда шаардын борборуна жакын жана тоонун таза абасы менен дем алууга мүмкүн болгон жаңы жашоо стилине эшигин ачат. «Скайдом» турак жай комплекси комфорт жана сергек жашоо жыргалы үчүн көптөгөн социалдык объекттери бар шаарча катары долбоорлонгон. «Скайдом» бакчасы имараттын пейзажы менен бир концепцияда жашылдандырылып, сиздин үй-бүлөңүз жана жакындарыңыз үчүн жагымдуу эс-алуу жайы болмокчу.
Комплексте жайгашкан маркет, дарыкана, чач тарач, СПА салон жана кинотеатр үйүңүздөн алыс кетпей күнүмдүк керектөөлөрүңүздү канааттандырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жеке коопсуздук кызматы суткасына 24 саат бою сиздин жана үй-бүлөңүздүн тынч жашоосуна кепилдик берет. Балдар – биздин келечегибиз! Турак жайдын долбоорун иштеп чыгууда балдар ойноп, эс алуусу үчүн аянтча да эске алынган. Ошондой эле комплекстин аймагында орнотулган видеокөзөмөл аянтчада ойноп жаткан балаңызды үйдөн чыкпай туруп көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Сиз жана балдарыңыз суу процедуралары менен жыл бою ырахат алуусу үчүн комплекстин аймагында жабык бассейн да бар. Фитнес салону, тренажёрдук зал, теннис корту, баскетбол жана волейбол аянтчалары үйдөн алыс кетпей спорт менен машыгууга жана эс алууга шарт түзөт.
Курулуштун архитектурасы жогорку жер титирөөгө чыдамдуулук талаптарына жооп берет. Турак жай европа стандартындагы сапаттуу жана заманбап курулуш технологиялары жана заманбап дизайн менен курулган: жылууланган дубал, алюминийден жасалган үн өткөрбөөчү терезе, борбордук канализация, газификация, жылуулук, подъезддерде жана аянттарда автоматташтырылган жарык берүү системи, жайлуу, коопсуз лифттер, жер астындагы жана сырттагы кенен автопарк. Свет өчүп калса 30 секундда автоматтык түрдө генератор ишке кирет да, ал тепкич менен аянтчаларга жарык берүүгө, лифттин жана муздаткычтын иштөөсүнө жеткидей электр кубаттуулугу менен камсыз кылып турат.

«Скайдом» турак жай комплекси Бишкек ш., Жунусалиев к.,
(Ажыбек баатыр к.,Орджоникидзе к.,)
Сатуу бөлүмү: Бишкек ш., Бөкөнбаев к.,166.0312 31 90 58, 0773 49 72 00, 0550 01 97 97


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(2)
23.06.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш экен го, баардыгы жаныӊда, алыс барбай эле койсоӊ болот. Жумушуӊ да үйүӊө жакын болсо вообще эле шаардын ызы-чуусунан кутулат экенсин да.
25.06.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшысы жакшы экен, баалары канчадан болду экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо