Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБАСЫ ЫСЫК, ЭЛИ МЕЙМАНДОС МАЛАЙЗИЯ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин чакыруусу менен 6-июндан 14-июнга чейин кыргыз журналисттери жана маданият өкүлдөрү бул өлкөнүн маданияты, каада-салты, туризм тармагы менен жакындан таанышып кайттык. Бир нече ири улуттардын башын бириктирип, тынчтыкта, биримдикте, өнүгүүнүн үстүндө келе жаткан Малайзия өлкөсүнө болгон сапар жакшы маанай, пайдалуу маалыматтар менен коштолду.


Малайзиялыктардын шаардын сыймыгы болгон жайлары менен тааныштык.

Лангкави аралында болуп, туристтерди тарткан жапайы табияты, жаныбарлары менен тааныштык. Самат: "Таш бака менен селфи. Мен сулуумунбу же сенби?"

Ырчылар Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Калыков, Асел Кадырбекова, тамашоучулар Эмил Эсеналиев жана Самат Эркинбеков Малайзиядагы мекендештерге ыр майрам тартуулашты.


ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ...

Малайзиянын ММКлары менен тажрыйба алмашуу максатында өлкөдөгү алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болгон «Media prima» корпорациясына баш бактык. Корпорацияда маалымат таратуунун толук топтому чогултулган 4 телеканал, 3 гезит, интернет-портал, 3 радио жана жарнамалык агенттик иштейт. Корпорациянын жетекчилиги иш процесси кандай жүрөрү, кандай жабдуулар менен иш алып барышары тууралуу жана ишкана жөнүндө кенен маалымат берди. Белгилей кетчү нерсе, бул корпорация кино, сериалдарды да тартышат.

Андан кийинки сапарыбыз ушундай эле ММКлардын сап башында турган «The Star» медиа-холдингине болду. Бул ишканада 4 радио, 2 телеканал, балдарга, айымдарга, билим берүүгө арналган журналдар чыгат. Ал эми корпорациянын атын алып жүргөн гезитке токтолсок, «The Star» 44 жылдан бери жарыкка чыгат. Эң алгач 10 000 нуска менен жарык көрсө, азыркы учурда күнүнө 300 000 нуска менен чыгат. Учурдагы малайзиялыктардын 100үнүн бири бул гезитти окуса, 5,5 миллион калктуу Кыргызстанда»Супер-Инфо» гезитин 55 адамдын бири окуйт. Бул көрсөткүч менде сыймыктанууну жаратты.

САПАРДАН ЖЫЛМАЙТУУЧУ ИРМЕМДЕР
Делегация менен малайзиялыктардын каада-салты менен таанышуу учурунан.
Гүлнур Сатылганова: – Официантка столдогу бошогон тарелканы алып кет деп англисче кантип айтсам болот?
Кылычбек Султанов: – "Экскьюз ми" деп столду көрсөтсөңүз эле тазалап кетишет.
Гүлнур эже: – «Экскьюз ми?..»- деп официантка кайрылды эле, ал бош тарелканы алып кайра кетмекчи болгондо, жанындагы дагы бир бош тарелканы көрсөтүп "Тоже, экскьюз ми..."

"ЭҢ МААНИЛҮҮ ДЕП ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРДҮК"
Эл аралык туризмди өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары ИСХАК ИСМАИЛ:
– Биз алгач өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө туризмдин ролу кандай экенин изилдеп чыктык. Ошого жараша эң маанилүү деп тейлөө тармагын өнүктүрдүк. Азыркы учурда тейлөө тармагында Малайзия дүйнө жүзү боюнча 13-орунда турат. Албетте, туризм өнүгүшү үчүн өлкөдө ыңгайлуулуктар түзүлүшү керек. Бул үчүн спорт, шоппинг, эс алуучу жайлар жана башка тармактарды өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Эске сала кетчү нерсе, КМШ өлкөлөрүнүн жарандары 30 күндөн 90 күнгө чейин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 90 күнгө чейин бул өлкөдө эркин жүрүшөт.

 

 

 

«ЧЕТ ЖЕРДЕН ИНВЕСТОР ТАРТУУ ҮЧҮН ӨЛКӨДӨ СТАБИЛДҮҮЛҮК БОЛУШУ КЕРЕК»
Сапарыбыздын аягында Малайзиядагы Кыргызстандын элчилигинин босогосун аттап, элчи КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ журналисттерди кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди:

– Кылычбек Камчыевич, Малайзиядагы кыргыз жарандары тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
– Малайзияда болжол менен 1000дей кыргыз жараны бар, алардын ичинен 200дөйү каттоого турса, көпчүлүгү келишпейт. Анткени каттоого туруу милдеттүү түрдө эмес, өз каалоосуна жараша жүргүзүлөт. Бирок кандайдыр бир чукул кырдаалдарда өзүлөрүнүн эле кызыкчылыгы үчүн каттоого туруп койсо ашыкча болбойт.

– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Мен өзүмө бир нече милдеттерди коюп алдым. Биринчиси – кыргыз диаспорасынын башын бириктирүү.
Дагы бир аракет эки өлкөнүн ишкерлерин байланыштыруу үчүн түз авиакаттам түзүү. Бул жердин ишкерлерине, маалымат каражаттарына, бийлик өкүлдөрүнө биздин жердин артыкчылыктарын айтып, аларды кызыктырууга аракет кылып жатабыз. Кызыгуу болбосо эч кимди мажбурлап алып бара албайсың да.
Кийинки аракет Кыргызстанды таанытууда эки жактын маалымат каражаттарын тартуу, байланыш түзүү. Малайзияны маалымат менен камсыздап турган эки ири компанияга бардыңыздар, ишмердүүлүгү менен тааныштыңыздар. Мен келгенден бери ушул маалымат булактарынан кичинеден болсо да Кыргызстан тууралуу маалыматтар чыга баштады. Сиздер келип байланыш түздүңүздөр, эми маалымат алмашып турсаңыздар, бул кыргыз мамлекетин Малайзияга тааныштырууга өбөлгө болот. Андан сырткары кыргыз мамлекетин жарнама кылуу максатында бул жердин маданият өкүлдөрүн, журналисттерди Кыргызстанга алып барып келүү ойлорубуз бар.

– Кыргызстанга ири көлөмдө инвестиция тартуу, экономикалык байланышты чыңдоо үчүн эмне керек?
– Баарыбыз эле билебиз, чет жерден инвестиция тартуу үчүн өлкөдө стабилдүүлүк анан мыйзамдуулук болушу кажет. Бизде бир жаңылыш ой калыптанып калган, инвесторлор биздин байлыгыбызды алып кетет деген. Буга эл күнөөлүү деп айта албайм, чиновниктер күнөөлүү. 90-жылдардан бери бийликке, чиновниктерге болгон ишеним азайды. 25 жылдан бери кризис болуп келе жатат. 90-жылдардын башында Малайзия менен салыштырганда бирдей эле деңгээлде болчубуз. Бул аралыкта Малайзия алдыга өнүксө, биз тескерисинче артка кетип жаттык. Бийликтеги адилетсиздиктен улам 2 жолу бийлик күч менен алмашты. Өлкөдө стабилдүүлүк орносо, адилеттүү бийлик элди башкарса эле инвесторлор келет.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


Кыргыз делегациясынын Малайзияга болгон сапарынан видеорепортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
Медиа-портал
20.06.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sonun, men dagy bul olkogo baruunu maksat kylyp koidum in sha Allah. Maksat jakshy reportaj jasaptyr, Azamatsyn! En sonun.
Медиа-портал
20.06.2015. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигиттин уну сонун!
Медиа-портал
20.06.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Табияты анча деле кооз эмес экен. Имараттары кана кооз.
Медиа-портал
20.06.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит качка берип атканго гейнерден жеп красавчик досум мускулдары чыгып калыптыр
SUPER.KG видео
20.06.2015. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Суунун устундо кетип баратканда Аселди да ырдатыш керек болчу да ай атта ошондо кармалмак да...
SUPER.KG видео
20.06.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы барып келипсинер, молодцы. Кыргызстандын малайзиядагы элчилигине рахмат.
Медиа-портал
20.06.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
асель айым озунчо эле назданатко..жасалмаланып!!!!!!гульнур эжеке менен гулжигит молодцы..актан менен акылайга соз жок молодцы!!!!!!!!журналист максат ашыкча эле КРды жаман жагын айтып жолдорун салыштырып ийгени жакпады..мин балакет кедей мамлекет болсок да...чет жака барганда жакшы жагын кобуроок чыгарып айтыш керек эле.....
Медиа-портал
21.06.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ALSU2010,achuu chyndyk. Baary koronup turat go. Kyrgyzstan onukso eken ee kudai.
Медиа-портал
21.06.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат болгонун болгондой эле айтты, чын эле Кыргызстандын жолдоруна салыштырып корсонор. ушул видеону коруп чондор дагы жолдорду ондоп, олкону мыкты денгээлде онуктурсо экен. Баары жакшы эс алып келишиптир, Асел же шорта же..... кийгени билинбей калыптыр кыргыздын намысын кетирбей узун эле кийсе болмок.
Медиа-портал
21.06.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аселди да ырдап кой дешпептир да,Гулнур эже менен Гулжигиттен кийин.Тим эле укмаксан болуп селфиге тушуп ,башка жактарды видеого тартып отурат го.Ал эмнеге барды баса???
Медиа-портал
21.06.2015. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
noeli, Asel meni yrdatpagyla dep daiyndap koigon okwoit da))). Guljigit yrdap jatkanda kana anda Asel da yrdait go dep kutup jattym ele Asel sotkasyn karap jatsa ozunun yrlarynyn sozun jattap jatat eken depmin )))
Медиа-портал
21.06.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы барышып келиптир кимдин кимдин заманы ырчылардын заманы болду го чиркин.Биз да ырчы эле болуп калсакчы аа.Кимди ырдатышты алар да билет,кой убакытты кетирбей деген го.Мен да азыр Аселге берсе кайсы ырды ырдайт экеен деп кутуп озумчо бул жакта кыйналып алгам го.Ырдатпаганына мен да кыйла суйундум уууф деп ...
Медиа-портал
21.06.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат чындыкты чагылдырды го деп ойлоп жатам, бул жер желтый пресса эмес да кобуртуп жабыртып салгыдай,Гульнур эже и Гульжигит сонун ырдаптыр,чыныгы талант деп ушуларды айтса болот. А Асельди мен ырчы деп эсептебейм. Жон эле убара болуп ырдап журот.
Медиа-портал
22.06.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
HAPPY.GIRL, озунуз жашоодо эмне укмуштарды кылып жатасыз,Асельди сындагандай?ошончо сынга сынбай сахнага чыгуу озунчо эрдик.
Медиа-портал
22.06.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulmi,Мен ырдай албайм унум жок, ошол учун озум суйгон кесибим программист болуп эмгектенем.Аселдин уну жок экенин мен эле эмесс форумчулардын 100 пайызы айтып жатышат.Мен айтпасам сен айтпасан убакыт тастыктап коет Асельдин уну,таланты жок экенин.Эрдик деп эле колдон келбеген нерсеге башынды турто берген сизге пайдасыз.Уну болсо сиз жактырган Асельдин Гульнур айым мн Гульжигит мырза ырдагандай ырдаса болмок да. Асельге боорун ооруса вокалдан сабак ал деп кенеш бер,мага жооп жазбай!!!!
Медиа-портал
23.06.2015. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
HAPPY.GIRLАсельдин унуно анча эмнеге сарсанаа болдунуз.Экообуздун акчабызга ырдап жатты беле?
Медиа-портал
23.06.2015. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
gulmi,Мен сарсанаа болгон жокмун.сенин акчан кетип жаткандай таламын талашып жатасын го!
Медиа-портал
22.06.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да кошулам,эмнеге Гульнур эже и Гульжигит ырдайт да,Асел ырдабайт.Озун озу суротко,видеого тартып эле убара го.Андан коро башка ырчыны алсанар болмок.
SUPER.KG видео
22.06.2015. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылычбек султанов го Алла ыраазы болсун ой тилек тени ишке ашарына аллахым куч кубатов берсин
SUPER.KG видео
22.06.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аселди ырдатыш керек эледаа
Медиа-портал
22.06.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
Медиа-портал
22.06.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулнур эженин голосу абдан жагат жакшы ырдайт Гулжигитти эми тааный баштадым мурун жакшы деле билбечуумун азыр кыргызстанда жаш ырчылар айябай коп болгондуктан корсо айябай таланттуу уну жакшы жигит экен жакшы эс алып келишиптир.Максаттын соз байлыгы кенен кыйын журналист мага абдан жагат ийгилик баарына
22.06.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аселди ырдатпаганы жакшы эле болуптур, ал оз уну менен ырдай албайт да, дайыма фонограммада журот го, ырдатса уят эле болмок уну чыкпай.Нурлан Насип Сайкал менен Малайзияга барса мен кемминби деп атаандашып эле барды го.Ото эле озун ашыкча "суйгон" ырчы кыз,анан ашыкча боёнгону жакпайт. Асель азыраак бойонуп,андан коро унун ондоп,жандуу ырдаса жакшы болмок. Сын айтканым учун кечирим сурайм, бирок сынды туура кабыл алат деп ойлойм.
SUPER.KG видео
25.06.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиий Автандил аябай семириптирго.))) Азаматсын окуп жургондо эле кыйын эле.
SUPER.KG видео
25.06.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды ошондо Малайзиядагы кыргыз окулчулугу каржыладыбы?
Медиа-портал
25.06.2015. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар видеону коруп озум баргандай эле болдум..максат жакшы эле айтыптыр Чубак ажы айткандай качанга чейин бири бирибизди сен жакшы мен жакшы деп журушубуз керек болгонун болгондой эле айткан жакшы жасалмаланбай..Азаматсын Максат
Медиа-портал
25.06.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар сонун барып келишиптир. Элчиге рахмат, ушундай иш чараларды уюштурганына. Бизге дагы, сизге дагы баарына буюрсун ушул онуккон мамлекетке барып эс алып келууну.
Медиа-портал
30.06.2015. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асельдин уну чыкпай калмак да ал жерден ырчы болгондон кийин ырдаш керек да
23.09.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
элчи эн туура жооп бериптир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо