№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж
Белгилүү дизайнер Айпери Обозова жараткан улуттук кийимдерди той мааракелерден кыздар сыймыктанып кийип жүргөнүн көрүп эле жүрөбүз. Албетте, «талантың болсо ташты да жарасың» дегендей, дизайнер айым мекенибиздин кымча бел сулууларынан тышкары, казак сулууларын да кийинте баштаптыр. Алгач Казакстандын атактуу «Кешью» тобунун кыздарына, ырчы айымы Камшат Жолдыбаевага көйнөк тигип берген болсо, эми Айпери Астана шаарында жеке дүкөнүн ачыптыр. Мекендешибиздин жетишкендигине кантип кубанбай коёбуз?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |