Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИНТЕРНЕТТЕГИ АТАКТУУЛУК КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛЕТ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

Күн өткөн сайын интернет жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, жадакалса киреше тапчу булакка да айланууда. Дегеним акыркы учурда социалдык тармактагы досторуңуздун арасынан кээ бирлери дүкөн, косметика, тамактануучу жайларды, түрдүү бренддеги кийимдерди, чөнтөк телефондор тууралуу постторду илип, өз баракчасына жүктөп калышканын байкап жатасызбы? Аларды көрүп ошол дүкөнгө баш багып, косметиканы колдонуп көргүң келет. Бул тымызын жарнама өзүнчө кесипке айланган. Анын ээлерин “бренд-амбассадор” деп аташат.
Бренд-амбассадор – бул интернет айдыңында кайсы бир бренддин буюмун мактап, ал тууралуу адамдарда жакшы пикир пайда болушуна түрткү болгон адам.

ЭС АЛГАНЫ ҮЧҮН АКЧА АЛГАН РИАННОН
Австралиялык Рианнон Тейлордун жумушуна кызыкпаган адам жок. Анын жумушу – дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы беш жылдыздуу мейманканаларда эс алуу жана эс алганы үчүн акча алуу. Бул нерсе акылга сыйбастай туюлуп жатабы? Анын себеби мында, Рианнон австралиялык журналист. Анын интернет айдыңындагы өзгөчө ракурста тартылган сүрөттөрүнө, жеке блогуна жазган түрдүү ойлоруна кызыккан колдонуучулар арбын. Кийинчерээк журналист тамактанган жайга, эс алган жерлерге анын артынан интернеттеги достору дагы барары билинген. Анын интернетке ар бир жазган посту, жүктөгөн сүрөтү көпчүлүккө өзгөчө таасир калтырат. Мындан улам аны дүйнөнүн түркүн мейманканалары өздөрүнө чакыра башташкан. Анын жумушу чакырган жайга барып каалагандай эс алуу. Эс алганы үчүн акы алуу...
Рианнон эс алган жеринде сүрөткө түшүп, инстаграмга жана өзүнүн “Мени менен бир төшөктө” (“В постели со мной”) аталыштагы блогуна жүктөйт. Жогоруда айтылгандай эле анын блогун окуган адамдар ал жеген тамакты, жашаган мейманкананы издеп барышат тура. Караңызчы, интернеттеги атактуулуктун пайдасы кандай чоң.

ИНТЕРНЕТТЕ КАНЧА ДОСУҢ БОЛСО, ОШОНЧО АКЧА ТӨЛӨШӨТ
Дагы бир укмуштуудай жумуштун ээси казакстандык бренд-амбассадор Алишер Ерликбаев. Бул мырза казакстандыктардын жарнамага болгон мамилесин башка нукка бурду. Казакстандын №1-бренд-амбассадору аталган Алишер түрдүү ишканалар менен түзүлгөн келишимдин негизинде алар чыгарган продукцияны жарнамалайт. Эгерде Алишер чет жерге чыкчу болсо, келишим түзүлгөн аба каттам компаниясына кайрылат. Алар Алишерге чыптама даярдап беришет. Жыйынтыгында Ерликбаевдин блогун окуган адамдар же социалдык тармактагы достору анын кайсы бир авиакомпаниянын билетин кармап аэропортто түшкөн сүрөтүн көрүшөт. Аны менен катар Алишер келишим түзгөн туристтик компанияга дагы барчу жеринен мейманкана сүйлөшүп берүүнү талап кылат, чемодан чыгаруучу ишканага “Мен үй-бүлөм менен саякатка чыкканы жатам. Мага балдарымдын кийими батчу чемодан керек” дейт. Ага мындан сырткары кошумча акча да төлөнөт. Мисал катары алсак, Анын Италияга болгон сапарында чыптама менен камсыз кылган компания, ага чемодан белекке берген ишкана, беш жылдыздуу мейманканага жайгаштырган туристтик компания сонун жарнамага ээ болушат. Мунун баары олуттуу иш алып барган ири ишканаларга эмнеге керек дейсизби? Бул Алишердин интернет айдыңында кадыр-барктуу колдонуучу болгондугунан гана.
Анан да бул мырза “Мен алгач бир нерсени жарнамалоодон мурун өзүм текшерип көрөм. Эгерде кийим болсо кийип, телефон болсо колдонуп дегендей. Жакпаса ал бренд менен келишим түзбөйм” дейт. Анын айтымында, учурда келишим түзүп иштеп жаткан LG дүйнөлүк брендинин техникасынын дээрлик баарын анын үйүнөн табууга болот. Муну менен ал өзү сапаттуу жарнама жасап жаткандыгын далилдей аларын айтат. Ал жарнаманын мындай түрүн казак элине ачып берген соң, анын жолун көпчүлүк атактуулар туурап башташкан. Аларга досторунун санына карай акча төлөнөт экен. Мисалы, 5000 досу болсо, 5000 теңге дегендей.

 

КЫРГЫЗСТАНДА...
Сиз дагы жогорудагы инсандардай оңой акча табууга кызыгып калдыңызбы? Муну кантип ишке ашырса болот деп сиз ойлонгуча, биз мындай ишти үйрөнүп келе жаткан кыргыз атактууларын кепке тарталы. Азырынча Кыргызстанда бул жаатта анчейин күчтүү иш жүргүзүлө элек. Көбүнчөсү ырчы айымдардын кайсы бир сулуулук салонду же кийим сатчу дүкөндү мактап жазып калганын байкайбыз.

Чолпонай, ырчы: "ӨЗҮМ КОЛДОНГОН СОҢ ГАНА ЖАРНАМАЛАЙМ"
– Ооба, ырчылар арасында бул нерсе өнүгүп келе жатат. Мисалы, инстаграмдагы баракчама жазылган адамдардын саны көп болгондуктан кайсы бир косметиканы же сулуулук салонун жарнамалап берүүмдү көп эле суранышат. Бирок алгач жарнама кыла турган салонго барып алардын тейлөөсүн өзүм колдонуп көрөм, чач жасалга же макияж жасатам. Алардын көрсөткөн кызматы купулума толсо гана жарнамалоого макул болом. Кээ бир адамдар өздөрү колдонбогон нерселерди деле жарнамалай беришет. Мен андай кадамга бара албайм. Учурда кореялык компания жана бир сулуулук салону менен иш алып барып, кошумча киреше таап жатам.

Неля, ырчы: "ЖАРНАМА БОЮНЧА СУНУШТАР КӨП ЭЛЕ ТҮШӨТ"
– Инстаграмдан, деги эле интернеттен тиги же бул буюмду жарнамалап берүү боюнча сунуштар тез-тез түшөт. Бирок кандай келишим болот, буюмдун сапаты кандай бул тууралуу Урмат сүйлөшөт. Белгилүү болгондой, мен бижутерияны жарнамалап келем. Ал бартердик негизде жүргүзүлгөн болчу. Жарнама кылып бергеним үчүн алар мен устат болгон бир долбоордо модель кыздарды бижутерия менен камсыз кылышкан. Азыр ишибиз токтотулган. Бирок ага карабай бижутерия сатылган дүкөндүн кардары бойдон калдым. Мага бир топ арзандатуулар болот. Бул мен үчүн ыңгайлуу. 

 

 Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(17)
22.06.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммммм жакшы
22.06.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен билгенден Санжар Калматай эн мыкты маалымат болушуучу катары баалайм! Ал тараткан кабарлар жеткиликтуу!
bosmos777 түзөттү 2015-06-22 13:19:19
22.06.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул статьяны окуп,оюма дароо эле "Орел и решка" келди,алардын кызматын мен ушундай деп ойлочумун...
22.06.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
men da Sanjar Kalmataidy koldoim.al kyzyktuu maalymattardy taratat.chet jerde jurgon jerdeshter baary jakshy bilishet,men da 7 jyldan beri maalymat alam.
23.06.2015. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Санжар Кылматай жонундо маалымат бери коюнуздарчы супер инфо,сураныч
27.06.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messidinho,туура сөз, андан тышкары Супер Инфонун Толик сынчысы жөнүндө жазгылачы
23.06.2015. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Санжар Калматай мыкты эн азы 20мин достору бар соц сеттерде.....
24.06.2015. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм жакшы нерсе экен, мага бир атактуу керек экен.
24.06.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
санжар калматайга [moderated] толосо керек
25.06.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшыго))))Санжар Калматай укмуш чынында.Ал ким экен ээ?
26.06.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rasul_Rahmanaliev,Sanjar Kalmatai mn aiuldaw akem kowunabyz...Ow oblusunun Karakulja raionunun Kalmatai degen aiulunan bolot...aiulubuzdun aty Kalmatai..
26.06.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90,рахмат!а жеке баракка телефон номурун калтыра аласызбы?
27.06.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul_Rahmanaliev,odnoklassnikten ele izdep korsonor chygat ozynon syrasanar ee tel nomerin...mende jok ele...
28.06.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90,
27.06.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдана деген кыргыз кызы бар экен инстаграмда,230 мин фолловерин кулкулуу видео фотосу менен кызыктырган. Ошол кыз жарнамалоо менен эми алектенсе керек.
27.06.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санжар Калматай өзү суперге кирет. Эң жаңы жаңылыктарды ошонун блогунан көрөбүз.
23.09.2015. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санжар Калматай Кара-Кулжанын Калматай айылынан болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо