28 ПАНФИЛОВЧУНУН ЭРДИГИНЕН КҮМӨН САНАГАНДАР ЧЫКТЫ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

28 панфиловчунун эрдиги ушул убакка дейре даңазаланып келет. Кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоковдун ошол панфиловчулардын арасында эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун Баатыры болгону эле канча сыймык. Бирок жакында Москвада өткөн Орус басма сөзүнүн дүйнөлүк конгрессинде Орусиянын мамлекеттик архивинин директору Сергей Мироненко «28 панфиловчунун эрдигин кайра-кайра кайталап даңазалай берүүнү токтотуу керек, ал ойдон чыгарылган уламыш болчу» деп чыкты. Маалыматтарга караганда, панфиловчулардын бири Иван Добробабин майданда курман болду делип, ага Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Бирок ал тирүү бойдон 1947-жылы камакка алынган. Мына ушундан улам иликтөө иштери башталып, Добробабиндин 1941-жылы душмандардын туткунуна түшкөнүн, андан качып, 1942-жылы немис баскынчыларга жардамдашууга өтүп кеткенин аныктап чыккан. 1948-жылы СССРдин башкы аскердик прокуратурасы  28 панфиловчунун эрдиги болгон эмес, ал «Красная звезда» гезитинин кабарчысынын ойдон чыгарылган окуясы экени аныкталды деп чечим чыгарылганын Мироненко айтып түшүндүрдү.
Генерал Иван Панфиловдун небереси Казакстандагы Коргоо кеңешинин аскердик-согуштук музейинин жетекчиси Айгүл Байкадамова чындыкка жетүү үчүн Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын адистери менен биргелешкен комиссия түзүп, тарыхты тактап чыгууга чакырды. 
Аталган маселе боюнча Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин кеңешине кайрылганыбызда, окуя боюнча пикирин жакынкы күндөрү билдиришерин айтып өтүштү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(8)
22.06.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага кызык. "Бир кумалак, бир карын майды чиритет" дегендей, болуптур. Орустар тиги Чынгыз хандын тактикасына отконбу!? бир жоокер учун 10 жоокердин башын алып...?
22.06.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пфф накта кайнап турган убакта жашырып азыр ачканга мынча эмне болду?
22.06.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болбогон кеп, Панфиловчулар кыргыз болгону үчүн ушундай сөздөрдү айтып жатышат, Орустар экинчи дүйнөлүк согушта өздөрүн гана баатыр кылып көргөзгүсү келет. Орустардын согуш жөнүндөгү кинолорунан деле байкасаңар болот.
23.06.2015. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кыларга иштери жок мындан 70жыл мурун болгон окуяны эми баяндап атышабы
23.06.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус оюна келгенин кылат деген ушу.Талаштан тактык жаралат демекчи,талашып тартышып корушсунчу.Мумкун комускодо калган башка кыргыз баатырларыбыз чыга келээр)))
23.06.2015. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонбайдын эрдигин Александр Матросов деп кино чыгарып көрсөтүп жүрүшпөйбү ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-23 11:35:53
23.06.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 10 күн банга!
24.06.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баатырлар оздорунун омурлорун биз учун ж-н келечек деп жаан берген,эээн туура ошол орустар мурунтан согуш баштай элек мезгилден баштап ойлогон ойуна жетет.Орустар оздорунун баатырларын атап койгону жакшы,ойубуз эмес тилибиз кыска болуп бири-бирибиздин этибизди жебей тынып калабыз.Жаман карасак эле 1916-ж чооку чабып туурат.Баатырлардан кол жусакта,МАНАС атабызга кол тийдирбейли.Озубуздо канча деген баатырлардын аттарын бекитип жатташат кыйындарыбыз очередьке койуп.Озунуу баатыр деген намга койуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо