Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП, БАШЫН ЖАРЫП КАЧЫП КЕТКЕН

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

«Коомдук транспорттон жакшынакай жигит менен тааныштым. Телефон номерлерибизди алышканбыз. Бүгүн телефон чалып, ролик тепкенге чакырды» деген Жылдыз (жабырлануучунун аты өзгөртүлдү) курбусу менен болгон ушундай маектен кийин көп өтпөй эле зордукчунун курмандыгы болгон. 28-май күнү Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө «Ататүрк» сейил багынан эс алуучулар телефон чалып, бадалдын арасынан башынан оор жаракат алып канжалап, эс-учун билбей бир кыз жаткандыгын билдиришкен.

«РОЛИК ТЕБҮҮЧҮ АЯНТТАРДЫН БААРЫН КЫДЫРЫП ЧЫКТЫК»
Окуя тууралуу зордукчуну колго түшүргөн Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери АЗАТ ЖАКЫПОВ айтып берди:
– 28-майда сейил бактан коңгуроо келип түшөрү менен ыкчам топ окуя болгон жерге бардык. Биз барган маалда жабырлануучуну «Тез жардам» кызматы алып кеткени жатыптыр. Бирде эсине келип, кайра эсин жоготуп жатып, Дима деген ысымды атоого жетишти.
Кыздын башы оор нерсе менен ургандан улам жарылып, баш мээси ачылып калыптыр. Бетин таанып болбойт. Жабырлануучунун аты-жөнүн тактап, туугандарын, окуган жерин жана курбуларын аныктадык. Бир курбусу анын жакын арада эле бир жигит менен таанышып, анын чакыруусу менен ролик тепкени шаардагы аянттардын бирине барганын айтты.
Бизде Дима деген ысымдан башка бир да илинчек жок болчу. Бишкектеги ролик тебүү кызматын көрсөткөн бардык жайлардын даректерин алып, кыдыра баштадык. Колубузда жабырлануучунун сүрөтү бар болчу. Ири соода борборлорунун биринде ролик тебүүчү аянтты иштеткендер сүрөттөгү кыздын узун бойлуу жигит менен келип, ролик тээп кеткендигин айтышты. Ыкчам топ окуя катталгандан 5 саат өткөндөн кийин кылмышка шектүүнү өзү иштеген соода борборлордун биринен колго түшүрдүк. Ал соода борборлордун биринде коопсуздук кызматкери болуп иштеп, Кызыл-Аскердеги Месароша көчөсүндө батирде жашап жүргөн. Ыкчам топ шектүүнү колго түшүрүү аракетин көрүп жатсак, соода борбордон кесиптештери чогулуп келип, аны бошотууга аракет жасашты. Кызматтык куралыбыз менен эскертүү иретинде асманга атып, шектүүнү унаага салууга үлгүрдүк. Кылмышка шектүү Абдумуталип Мамажанов 1995-жылы туулган Ош облусунун тургуну экени аныкталды.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ЭСИН ЖОГОТКОНДО ӨЛДҮ ДЕП КЕТИП КАЛГАН»
Ал жабырлануучуну «Ататүрк» сейил багындагы ээн жерге алып барып зордуктап, каршылык көрсөткөн кызга зомбулук кылган. Бул кылыгы үчүн аны сотко берерин айтканда, кызды чоң таш менен башын жарып, эсин жоготкондо өлдү деп ойлоп кетип калган. Кыздын ошол учурдагы абалын, алган жаракаттарын көрсөңөр, кантип аман калган деп таң калышыңар мүмкүн.
Абдумуталип Мамажанов кызды өлтүрдүм деп ойлоп, анын колундагы «Нокиа» үлгүсүндөгү кымбат баалуу телефонун наушниги менен жана чөнтөгүндө болгон 20 сомун алып кетип калган. Жабырлануучунун уюлдук телефонун колго түшкөнгө чейин колдонуп жүргөндүгү анык болду. Кылмышка шектүү кылган кылмышын толугу менен моюнуна алды. Учурда ал СИЗОдо камакта. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 104 (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү), 28-197 (киши өлтүрүүгө аракет кылуу), 129 (зордуктоо) жана 168-беренелери (каракчылык) менен кылмыш иши козголду.

«БЕЙТАПТЫН ТУУГАНДАРЫНА АНЫ САКТАП КАЛАБЫЗ ДЕП СӨЗ БЕРЕ АЛГАН ЭМЕСПИЗ»
Жабырлануучу «Тез жардам» кызматы менен келип түшкөн Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиев кыздын башын тигип, жасаган операциясы тууралуу айтып берди. Жабырлануучунун жаракат алгандагы сүрөттөрүн көрүп, керемет менен тирүү калган дегенге биз да ишенип, таң калдык.
– 28-майда бейтап «Тез жардам» менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. 30-майда биздин бөлүмгө которулду. Анын баш мээсин ачып, мээнин абалын, инфекция кирип кеткен жокпу, зыян тарткан бөлүктөр жокпу деп текшерүү жүргүздүк. Баш сөөктү бириктирип, башын тиккенден кийин сол жак бетинде алакандай жерге эт жетпей калды, башка жери жайында. Бетиндеги эт менен тери жетпей калган жер акырындык менен бүтөт. Жакшысы башка бейтаптардыкындай болуп ириңдеп, сары суу толбой жарааты жакшы айыкты. Кыздын абалы өтө оор болуп келгендиктен, анын туугандарына сактап кала алабыз деп сөз бере алган эмеспиз. Бирок 22 күндөн соң баары жай-жайына келип, 22-июнда үйүнө чыгууга уруксат бердик. Анын биздеги оору тарыхы жазылган китепчесин бүгүн соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери келип алып кетишти. Биз өзүбүзгө тиешелүү милдеттерибизди аткардык. Бейтап Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окуйт экен. Дареги боюнча медициналык көзөмөл жүргүзүп туруу үчүн жашаган жерин сураганыбызда, окуу жайдын жатаканасында жашаарын айтты. Бирок ата-энеси жатаканадан алып кетебиз, батирге чыгабыз деп билдиришти. Дареги дайын болсо 2 айдан кийин кайталап кароо жүргүзүүгө алабыз.
Жабырлануучу 22 жашта. Кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери иликтөө иштери үчүн ага суроолорду берүүгө барган учурда абдан коркуп, кылмышкерди коё бербегиле деп суранганын айтышты. Жогорудагы окуядан кийин бейтааныш адамдар менен жакындан билбей туруп, мамиле курууда абайлагыла деп эскерте кетмекчибиз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(54)
29.06.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын жашы 20 да болсо,кыз озунон кичуу бала менен эмне жолугуп журот,улутту да кыргыз эмес((жаратканым баардык момун мусулмандарына ыйман.ынсап бере кор.
29.06.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ajara.,балким ал кызга Оз жашын. Айткан эмес кайдан билесин
29.06.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КХХ ХХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-29 12:10:05
29.06.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djon, jazeera,
Силерге эскертүү!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
ayman9309, lolalola,
Провокацияга жол берилбейт!
29.06.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер саяк, aruuke9603, tairbek.,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 20 күндөн банга!
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-01 17:52:28
29.06.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин оюмча кыз деле өз жазасын алды деп ойлойм,өзүнөн кичүү балага жолугууга чыгып не кылат...улуту да башка экен...женил ойлуу кыз экен.Кыздарыбызга,жалпы эле элибизге ыйман берсин Аллахым.
29.06.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Beka1986,оз жазасын алды??? Ушундай жаза алгыдай ал кыз эмне кылыптыр. Ойлонуп суйлогулочу,ойлонуп.
01.07.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka1986,bir nersenin choo jaiyn tushunboi ele ozunorcho ele vyvod chygara ele beresiner degi oshol uchun kyrgyzbyz da ozubuzdun bashybyzdagy toonu kirbou biroonun bashyndagy choptu korgon
10.08.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka1986,Ойлонуп сулөңүз! Тигил баланын кылымышкер экени чекесинде жазылып туруптурбу! Көп сындаган өз башынан башканын катаал тагдырын тартканда эле тушүнчү эле! Кызыл тилден чыккан сөзгө дагы жоопкерчилик көтөрөөр убакыт келет!
29.06.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек болуп кыз жандай албай кал кудай жазанды берсин иттин баласы!! Озбек болбосо деле ош жакта ушундай ат коп го. Ошончолук эле керек Болсо озун саткан кыздар чач тан коп акмак десе бир кыздын убалына калбай ошолорго барбайбы
29.06.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул озбек бала экен жашоон эми башталат балакай сени темир тор кутуп турат чиркин
10.08.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edil.kg,Өзбекпи, кыргызбы айрымасы кандай? Бул көрүнүш кыргыз коомунда болуп жатат! Актанбай эле коёлу кыргыз эмес деп! Жаштарга кыргыздын атат бабасынан келе жаткан баалуулуктарын мамлекеттик деңгээлде үйрөтүш керек! Кыргызстандын түштүгүндө ушунукундай аттар кыргыздырда деле болот! Калп эле башка улутка өз коомубуздун маселесин түртүп кереги жок!Кандай улут болбосун биздин жаран, биздин коомдун тарбиясынын орусча айтканда результаты! Деградация болуп жатабыз! Коомду тарбияалашыбыз керек!
30.06.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ролик теппей ол
30.06.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurchik05, rasul-kg,
Эскертүү! Провокацияга жол жок!
30.06.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийинки жашоосун ойлобоптурбу
30.06.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо
30.06.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жана интернетте бар го,"бир адамды олтургон адамды камап эч ким пайда таппайт,олтурдунбу?демек бир органын жок каласын болуш керек,албетте бу менен олтуруу фактылар азабайт,бирок,бойрок,боор жана башка органдарга "очередь" азаят,бироонун жанын алып,башка бироого озундун жанынды бересин" дегенди колдонуш керек го дейм,а то качан суперди барактабайлы ар санында "зортукталып,олтурулуп"деген макала чыгат...
30.06.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой бай кантсе да тилде соок жок деген чын да!жон эле билип билбей суйлой бересинерби не?кыз сыйлабас макулук дейт!
30.06.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчиден бала өзбекке окшобой эле турат. Аты- жөнүнө келсек, Мамажанов деген фамилия да, Абдумиталип деген ат да биз тарапта (Ош) көп кездешет.
Экинчиден, кыздын көрөөр күнү бар экен, аман калганына шүгүр. Орган кызматкерлери ак иштеп берсе, жигит сөрөй темир тор артында татыктуу жазасын алат, зордукчулдүгу үчүн.
30.06.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз эле болуп турат
30.06.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы
01.07.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп баскан аяк бок басат дейт. Биздин копчулук кыздарыбыздын жургон турганы бузук.Бир коргон киши менен эле басып кете берсе, башын жармак тургай башын кесип кетпейби.
01.07.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштык мастык дегени ушул чыгаар байкуш кыз таза айыгып кетсе ээкен.
01.07.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervochka, erikkazka,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт!
30 күндөн БАНга!
01.07.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 jylga kamap salyw kerek.balany/anyn da karyndawy ejesi bar go akyry
Медиа-портал
02.07.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай кылмышкерди омур бою эркинен ажыратыш керек ошол да аздык кылат.
02.07.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо Кудай сактасын шумдукту эле адамдар кобойду.Коркпой деле калган окшойт адам олтургондон.Айыгып кетсин.
02.07.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эле бала го кыз менен жаткысы келсе уйлонуп алып кундо жатпайбы аялы менен кок мээ десе уялбай дагы телефон мененн20 сомду алганын кара ата энеси кайда журот болду экен баланын??кыз аман эсен сакайып кетсин бирок бир таанышкан жигит менен неге жолукту экен??мындайларды эл алдында гана жазалаш керек болду антпесе кундон кунго кобойуп жатат го кочого чыгуудан деле коркобуз
02.07.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Andailardy kamash kerek je ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-03 17:18:34
03.07.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kursan58,
Эскертүү! Провокацияга жол берилбейт!
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-03 17:19:04
03.07.2015. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Узбек эмес эле кыппа кыргыз эле,эмне кыргыз жигиттерибиз эле суттон ак болуп жатабы акыркы мезгилде кыргыз жигитеринен коркосун.Кыргыздын эркектеринде намыс деген нерсени акчага,2секундтук кумарга алмаштырып ийгенсинер.Россияда канча кыздарыбыз кор болууда озубуздун кыргыздардын колунан.Озубузду озубуз ушинтип кордоп журсок Юлдузга окшогондор кыргызды тенине албагандар кобойот,ынтымака келип эркектер акылынарды топтоп албасак акыры жаман болобуз.
03.07.2015. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Korunuktuu jerlerde ishtegenderge ene tilinen synak alip anan ishke koyush kerek eken,eeeh....!!!
03.07.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жыл жаза алдыкен?
04.07.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Женил ойлуулук,кумарын эшектерче кандырмак болгон айбан
06.07.2015. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балаа барбы кызга анан! Неге барат! Сабагын окубайбы? Кыз эмне ак бекен? Кыз да деле куноо бар!
Медиа-портал
10.08.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда кээ бир эркектерибиз башы менен ойлонбой "бир жери" менен эле ойлонуп калышканбы! Бул дагы болсо коомдун деградация болуп жатканы жөнүндө маалым берет!
SUPER.KG видео
15.01.2016. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ кыркызча еле суйлосон
Модератор admin_media түзөттү 2016-01-15 10:33:14
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо