КУЙРУГУН ЖАЗАЛАГАН ТҮЛКҮ

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

(Кыргыз эл жомогу)

Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калышат. Алар тайгандарын агытып түлкүгө коё беришет. Түлкү буту-бутуна тийбей чуркап баратып бир ийинге кире качат. Тайгандар ал ийиндин сыртында күтүп туруп калышат.
Ийиндин түп жагына жетип, бир аз эс алган соң түлкү:
– Көзүм, көзүм, сен эмнени көрдүң?- деп көзүнөн сурайт. Анда көзү:
– Мен болгон окуянын бардыгын көрүп турдум. Тайгандардын жакындап келе жатканын, ушул жерде ийин бар экенин көрсөттүм,- дейт.
Андан соң түлкү:
– Кулагым, кулагым, сен эмнени уктуң?- деп сураса, анысы:
– Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп сага алардын дабышын билгиздим,- деп жооп берет.
Андан кийин түлкү:
– Буттарым, буттарым, силер эмне кылдыңар?- деп сураса, буттары:
– Биз күчүбүздүн жетишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей сени ушул ийинге алып келдик,- деп жооп беришет. Алардын жоопторуна маашырланган түлкү:
– Куйругум, куйругум, сен эмне кылдың?- деп сураса:
– Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды таба албай, сенин арткы буттарыңа жашынып калдым,- дейт.
Ошондо түлкү ачуусу келип:
– Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан турбайсыңбы! Иттер кармап алсын деген арам ойдо экенсиң да! Мен сени иттерге салып берип акеңди гана таанытайын!- деп ачууланып куйругун ийиндин сыртына булактатып чыгарып, боортоктоп жатып калат. Ийиндин оозунда аңдып турган иттер сүйүнгөн бойдон түлкүнү куйруктан тиштеп, талап киришти.
Ошентип куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү иттердин талоосуна калыптыр.

Сүйүн Кулматова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
29.07.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп буттум
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо