Тарых барактарында
Жолборс башка жаныбарлардан сабырдуулугу жана ууга чыкса чоң олжосуз кайтпастыгы менен айырмаланып турат эмеспи. Артка кылчайып тарых барактарына көз чаптырып отуруп, жолборс «бийлик жүргүзгөн» жылдарда чындыгында чоң ийгиликтер жаралгандыгына ынандык. Алсак, бизде борбор шаарыбыздын түптөлүшүнөн баштап андагы кинотеатрлардын, Спорт Ордосунун ачылышы, космоско учкан биринчи кыргызстандык космонавт жана Дүйнө чемпиону аталган спортчуларыбыздын жетишкендиктери да дал ушул жыл менен тыгыз байланыштуу.
1914
Кыргызстанда
Дүйнөдө
-
Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Ири державалар ортосунда 4 жылга созулган дүйнөнү кайра бөлүштүрүүдө аскер күчтөрүнөн тышкары оору жана ачарчылыктан 20 миллиондон ашуун адам каза тапкан.
-
15-июнда көп жылдар бою СССРде КГБнын жетекчиси болгон, кийинчерээк СССРдин
КПБКсынын 1-катчысынын (1982-1984) милдетин аркалаган Юрий Андропов төрөлгөн.
1926
-
1-февралда Кыргыз Автономиялуу облусу Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлгөн.
-
5-апрелде Пишпек шаары Фрунзе деп өзгөртүлгөн.
-
15-сентябрда балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жарык дүйнөгө келген (каза болгон жылы – 1973-жыл).
Дүйнөдө
1938
Кыргызстанда
-
Фрунзеде “Ала-Тоо” кинотеатры ачылган. Ошондой эле темир жол вокзалы иштеп баштаган.
-
1937-жылкы сталиндик репрессиялар 1938-жылы да уланып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган инсандар анын курмандыгына айланышкан. Ошол кездеги кыргыз интеллигенциясынын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Орозбек Абдыкадыров, Төрөкул Айтматов жана башкалар болгон.
Дүйнөдө
-
Учурда дүйнөдө нефтини экспорттоо боюнча алдыңкы орунда турган Сауд Арабиясында биринчи жолу нефть кен байлыгы бар экендиги аныкталган.
-
9-январда италиялык актёр жана ырчы Адриано Челентано, 25-январда орусиялык актёр жана акын Владимир Высоцкий, 8-апрелде БУУнун 7-Генералдык катчысы (1997-2006) ганалык Кофи Аннан жарык дүйнөгө келишкен.
1950
Кыргызстанда
Дүйнөдө
-
7-апрелден тарта Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгилене баштаган.
-
17-июнда америкалык хирург Ричард Лоулер биринчи жолу адамдын бөйрөгүн трансплантациялоо боюнча операция жасаган.
-
8-мартта – СССР бүт дүйнөгө атом бомбасы бар экендигин жар салган.
-
25-июнда Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосунда Корей жарым аралында үстөмдүк кылуу үчүн Корей согушу башталган.
-
Формула-1 боюнча Англияда 1-жолу Дүйнө чемпиондугу өткөрүлгөн.
1962
Кыргызстанда
Дүйнөдө
-
«Планеталардын парады» – Астрономияда Күн системасына кирген объектилердин (планета, комета, астероид ж.б.) асман координаталар системасында бир узактыкта жайгашуусу.
-
Жердин саясий картасында 2 жаңы көз карандысыз мамлекет пайда болгон. Алсак, 1-январда Батыш Самоа жана 31-августта Тринидад жана Тобаго көз карандысыздыгын жарыялаган.
-
15-октябрда Кариб кризиси келип чыккан. Советтик аскерлердин Эркиндик аралы аталган Кубада жайгаштырылышы АКШ–СССР чырын туудуруп, дүйнөнү ядролук согуш коркунучу алдында калтырган. Натыйжада, 13 күндөн кийин СССРдин Кубадан аскердик ракеталарын алып чыгып кетүүсү менен аяктаган.
-
21-июнда орусиялык “Кино” тобунун лидери ырчы Виктор Цой туулган.
-
5-августта америкалык киножылдыз Мэрилин Монро дүйнө салган. Өзүн-өзү өлтүргөн бул айымдын өлүмүнүн сыры ушул күнгө чейин ачылбаган сыр бойдон. “Ал өзүн-өзү өлтүрбөй эле киши колдуу болгон” деген маалыматтар да бар.
1974
Кыргызстанда
-
14-августта Фрунзеде “Айчүрөк” борбордук дүкөнү ачылган.
-
23-октябрда “Манас” аэропортунун учуп-конуучу тилкеси ишке берилген.
-
Фрунзеде көп багыттуу Спорт Ордосу иштеп баштаган. Башында ал Владимир Лениндин атын алып жүрсө, 1993-жылдан бери Кожомкул атында.
Дүйнөдө
-
Дал ушул жылы Жердин калкынын саны 4 миллиардга жеткен.
-
14-декабрда БУУ согуштук аракеттер учурунда аялдарды жана балдарды коргоо боюнча атайын декларация кабыл алган.
-
27-январда норвегиялык легендарлуу лыжачы жана биатлончу, 5 жолку Олимпиада жана 14 жолку Дүйнө чемпиону Уле Эйнар Бьерндален туулган.
-
18-июнда советтик аскер башчы, Советтер Союзунун маршалы Георгий Жуков көз жумган.
1986
Кыргызстанда
Дүйнөдө
-
26-апрелде Украинадагы Чернобыль АЭСинде тарыхта болуп көрбөгөндөй жарылуу болгон.
-
12-февралда СССРде АЗЛКда Москвич үлгүсүндөгү алгачкы 2141 унаасы чыгарылган.
-
19-февралда Орбитага советтик Мир космостук станциясынын алгачкы модулдары алып чыгарылган.
-
22-ноябрда Майк Тайсон Лас-Вегаста Тревор Бербикти жеңип, алгачкы жолу Дүйнө чемпиону аталган.
1998
Кыргызстанда
Дүйнөдө
-
Улуу Британияда өлүм жазасы узак талкуудан кийин алынып салынган.
-
13-майда Индия ядролук куралын сыноодон ийгиликтүү өткөрүп, ядролук куралы бар 9 өлкөнүн (АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Израиль, Франция, Индия, Пакистан, Түндүк Корея) катарына кошулган.
-
15-апрелде Камбоджанын КПсынын 2-Генералдык катчысы, премьер-министр, бийликте турган 3,5 жыл ичинде өз элин геноцидге кабылткан (3 миллион камбоджалыкты кырып жок кылган) Пол Пот (чын аты-жөнү Салот Сар) көз жумган.
-
6-декабрда Венесуэлада президенттик шайлоодо Уго Чавес жеңишке жетишкен. Учурда ал өлкөнүн 52-президенти жана экинчи мөөнөтүн (2013-жылы аяктайт) өтөп жатат.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
-
1758-жылы – Тарыхта биринчи жолу Кыргыз–Кытай кагылышуусу болгон.
-
1770-жылы – Казак ханы Аблай Талас жана чүйлүк кыргыздарга жортуул жасагандыгы маалым.
-
1878-жыл – Учурдагы борборубуз Бишкек шаары негизделген жыл катары каралат. Ошондо уезддик администрация Токмоктон Пишпекке көчүрүлгөн.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg