Жеңиш Майрамбек уулу: «КЕЗЕКТЕГИ ТАСМАБЫЗ «БОМБА» БОЛОТ»

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Бул аптанын каарманы Жеңиш. Бул ысым сизге эч нерсе тууралуу кабар бербей элеби? «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Бир тууганчик» тасмасындагы арыкчырай, бою узун, дайыма жасаган жумушу оңунан чыкпай, түрдүү окуяларга кабылып жүргөн жүдөмүш жигитчи? Эми эстедиңизби? Ооба, бул тамашоучу, эми актёр жана сценарий жазуучу деген да атка конуп келе жаткан Жеңиш Майрамбек уулу. Бул жигит менен мурун такыр маектешип көргөн эмесмин, андыктан чыдамсыздык менен күтүп жаттым. Экөөбүз макулдашкан күнү Жеңиш мырза такыр чалууларга жооп бербей, жоголуп кетсе болобу. Эмне болду экен десем, көрсө тамашакөй жигит катуу чарчагандыктан чалууларды укпай уктап калган экен.

– Жеңиш, менден актриса кыздардын номерин сурап чалганыңа караганда дагы тасма тартуунун алдында турасыңарбы?
– Ооба, дагы жаңы тасма тартып, көрүүчүлөрдүн жүзүнөн жылмаюу көргүбүз келип жатат. Буюрса, күз айларында эмгегибизге эл күбө боло алат деп жатабыз. Мурун «Моника Беллуччидеги» жигиттер тарап, Бакыт экөөбүз эле калганбыз. Эми баарыбыз бирге жаңы тасмага кириштик. Ой да «бомба» болот го.

– Сыр эмес болсо айтсаң, бул жолу да «лох» баланын образын жаратасыңбы?
(Күлүп) Менин жараткан образым адамдарга аябай кызык го. Чыныгы жашоодо андай адам жок да. Эгер чын эле ошондой адамды жолуктурсак «и-и, кичине жетишпейт го» деп аны акылы кем кишидей кабыл алмакпыз. А экран аркылуу бул тамашалуу көрүнөт, адамдарга жагат, күлкү тартуулайт дегендей. Сиз таптыңыз десем болот. Бирок бул жолу милиция кызматкеринин образын жаратам.

– Өзүңөр сценарий жазып, өзүңөр тартылып кирешенин жакшы булагын таап алдыңар өңдөнөт...
– Сценарийди жазып жатып оюңда бир актёрду элестетип жазасың да? Сценарийди окуп элестетип алып күлүп отуруп эле өзүм тартылгым келип кетет (күлүп). Бирок кыйратып киреше таап жатабыз деп айтууга али эрте. Себеби биз бир тасманын үстүнөн аябай эмгектенебиз. Жасап жаткан жумушубуз «конфетка» болмоюнча эл сынына койбойбуз. Эгерде бизге кезектеги тасмаңар аябай кирешени көп алып келет, бирок элдин купулуна анча толбойт же кирешеси аз, бирок элге аябай жагат, экөөнүн бирөөнү тандагыла десе, албетте, элге жаксын, кирешеси экинчи орунда демекпиз. Элестете аласызбы, залда «Бир тууганчик» тасмасын көрүп отурган адамдар ичип жаткан суусун төгүп алгыча күлүп жатышты. Аны көргөн сайын адамдарга позитив тартуулаганыбызга кубанабыз. Коомубузда ансыз деле негатив, капалуу көз караштар көп да. А кинозалдан адамдар күлүп, жакшы маанайда чыкканын көрүп ушунчалык ырахат алам. Негизгиси киреше эмес, күлкү жаратуу. Биздин негизги миссия – адамдарга көңүлдүү маанай, позитив тартуулоо. Ал үчүн мен «лохтун» образын жаратканга деле кайылмын.

– Сени биринчи жолу көргөн адамдар көбүнчө кандай суроо менен кайрылышат?
– Көпчүлүк «жашоодо да ошондойсуңбу?» деп сурашат. Бирок жашоодо өтө токтоомун. Жакын адамдардын гана тегерегинде ачылып, тамашакөй жигитке айланам. Жумушумда, досторум менен жүргөндө мага тамаша жетиштүү да. Мээмдин баары тамашага толгон, ошондуктан күнүмдүк жашоодо башкаларга күлкүлүү нерселер мага жөнөкөй эле туюла берет. Мурун юмористтер жашоодо аябай токтоо болушат десе, эмнеге деп ойлочумун. Эми өзүм да ошого кабылдым. Кээде тааныштарым телефонунан бир видеону көрсөтүп, жанымды койбой «карасаң, карасаң, сонун да тим эле» дешет, анан мен аларды карап күлгөн жеринде көңүлү калбасын деп кошулуп каткырып коём.

– Мындан 3 жыл мурун «сүйлөшкөн кызым бар, аты Нурайым» деп маек берип, бирок былтыр эки ажырым жолго түштүк дедиң эле. Жакында бир кечеден кайрадан жетелешип жүргөнүңөрдү көрүп калдым...
– Ооба. Ортодо бир аз тыныгуу болду. Сүйлөшкөнүбүзгө 6 жыл болуп калды. Жашоодо ар кандай кырдаалдар болот экен. Негизгиси ар бир абалдан туура тыянак чыгаруу зарыл. Мага ушул кыз керек экенин түшүндүм.

– Кайра табышып жатсаңар, үйлөнүү тууралуу кеп козголот экен да?
– Бул нерсе оюбузда бар, бирок мен азырынча бутума туруп, алдыга койгон максаттарымды орундатып алуум керек деп ойлойм. Сүйлөшкөн кызым аны түшүнөт, мени колдойт.
Нурайым барга каниет кылган адам. Анан да ушунчалык жөнөкөй, мени арбаган эң негизги сапаты да ушул. Кайсы жерде, кандай абалда болбосун дайыма жөнөкөйлүгүн сактап калат. Экөөбүздүн мамилебиз убакыт менен текшерилген. Ал мени катардагы жөнөкөй жигит кезимде сүйгөн.

– Сенин оюң боюнча идеалдуу үй-бүлө кандай болушу керек?
– Мен айымдар үйдө отуруш керек дегенге каршымын. Алардын да максаттары, ой-тилектери бар. Буюрса, эртең менен жубайым экөөбүз чогуу жумушка жөнөп, бирок ага чейин келинчегим эрте туруп тамагымды даярдап, ата-энеме ысык чайын берип койсо. Анан түшкү тамактануу болгон кезде жолугуп тамактанып, келечекке пландарды түзүп... Кайра кечинде үйгө келсең жубайың эбак келип тамак-ашы даяр сени күтүп алса...

– Демек, баары бир сенден эрте келиши керек экен да?
– Ой, болбой эле аялдардын укугуна шек келтирип алдым окшойт, ээ (күлүп)? Жакшы эле аракет жасап жаткам.

– Анда кыялдарың орундалсын дейин. Бажы кызматкери болом деген кебиңдин орундалчу убактысы келе элекпи?.
– Ии, андай да оюм бар болчу. Бир жолу кеңседе иштеп көрдүм. Берилген тапшырманы түшкө чейин эле бүтүрүп коём. Анан жигиттер «жүрү, даярданабыз, жакында Сочидеги күлкү фестивалына барабыз» деп азгыра башташат. Жумушумду бүтүп коюп жетекчиден сурансам, «эмне сага айлыкты жөн эле төлөп жатабызбы, отур» дейт. Ошентип төрт дубалдын ортосунда отура берип сыгылып кеттим. Кыскасы, алдымда Сочидеги 2 жумалык фестивалга баруу же жумушта калуу деген тандоо турду. Сочиге барсам жашоом өзгөрүлчүдөй фестивалды тандап алдым. Көрсө, эч нерсе деле болбойт экен, мүйүз деле чыккан жок. Бирок жумуштан кеткениме өкүнгөн жокмун. Мага кеңседе иштеген жарашпайт да, жакпайт да экен. Азыркы жумушумдан шашылып кетким келбейт, тажабай ырахат алып иштейм.

– Анда иштериңе ийгилик.
– Рахмат.

"Сүйүктүүмдүн каарманы" тасмасын тартып жаткан кез. Бул жерде КВНчи Асхат Табалдиевге окшошкум келип жаткан учур.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


Жеңиш Майрамбек уулу: "Романтикадан алысмын"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(33)
Медиа-портал
27.06.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Жениш!ушундай жонокойлугундон жазба,ийгилик!
Медиа-портал
27.06.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сонун жигит, ийгилик!!!
Жонокой адам болгон кандай жакшы, молодец, алга!
Медиа-портал
27.06.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналистка куло бербесен
Медиа-портал
27.06.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
27.06.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты соз жок актерлугу мыкты.
SUPER.KG видео
27.06.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алып баруучу кыз жакпады. Романтикасы ха ха го. Жениш онорун оркундой берсин ийгилик!
SUPER.KG видео
27.06.2015. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып баруучу кыз жакпады,суроолору оорунсуз.Ал эми Женишке болсо ийгилик!Дагы бир кабарчы кыз бар эле,Айзаттан башка.Аябай сонун алып барат эле,Супер инфо,ал кыз кайда кетти?Жооп берип койгулачы?
Медиа-портал
28.06.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео совсем башка ал эми гезит бетине чыккын интервью су такыр башКача го
Медиа-портал
29.06.2015. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
SUPER.KG видео
29.06.2015. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы талант.
29.06.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жашоомду жонокой деп журсом кээ бир адамдардын мечтасы тура! Туштонуу маалында дагы жолдошун келип чогуу тамактанып кайре кечинде уйго да чогуу кеткенге эмне жетсин! Жакшы коргон адамынжанында болсо тел. менен суйлошкун да келгин келбей калат экен! Желаю Бакыт Таалай Максат ой жалан балдардын атын жазып алгамго :)
29.06.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябая позитивдуу бала хехе! ийгилик сага.
29.06.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат жигит экенсиз... онорунуз оркундой берсин
29.06.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жениш байке кореяга келгенде жолугуп суротко тушуп суйлошконбуз. Абдан жонокой экен.Менменсинуу сапаты жок экен
29.06.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжамал ийгилик сага,Женишге да.
29.06.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартылган тасмаларын көрө элек жатып бир нерсе деш кыйын экен.Кандай болгон кырдаалда да ийгилик каалап кетем.
Медиа-портал
29.06.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ASO, nem, Aipri, nusichka, mela, Mechtatelnisa, Tolgonai571,
Саламатсыздарбы! Порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр болот.
29.06.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланын озу турушу кулкулуу да.Шуриктеги коркок кишинин образын коро берем ушу балада.:)
29.06.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы
29.06.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнес тасма--бирок ал бомба тасманар тарыхта калабы? ушуга ойлонуп жооп таап алгыла.А так талантын бар.
29.06.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууууууууууу мен жактырган суйгон тамашоууучугооо, иштерине чоооооооооооон чоооооооон ийгилик. Сени жакшы кором!!!!!!!!
29.06.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул баланы аябай сыйлаймын Бакытка Караганда талантуу, жонокой, Ар бир созун орду менен суйлойт
Медиа-портал
30.06.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр! Эрежеге туура келбеген билдирүүлөр өчүрүлдү.
30.06.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо да ушундай болсо "ТамаШоуго" деле бара албаса керек эле. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-30 14:53:35
30.06.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир да киносу "конфетка "эмес,кыргызча эле "момпосуйдун" уровени.
01.07.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигит тамашаны катыратда, Жеңиш менен Самат тартылган кинолор сөзсүз квзыктуу болотда
Медиа-портал
02.07.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик гана каалайбыз.
04.07.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу кыз кайда кетти чачы узуун кыз бар элего админ
04.07.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинолору качан чыгаткен интернеттен?
Медиа-портал
08.07.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу кыз козго аябай тааныш корунупатат. Жандуу, жакшы маек болуптур.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо